Cойкулукка мажбурланган 16 жашар кыз: “БӨЛМӨГӨ КАМАП КОЮП, ЭРКЕКТЕРГЕ САЛЫП БЕРИШТИ”



Өлкөнүн президенти 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялады. Жаңы жылдын алгачкы айы аягына чыгып-чыкпай, 16 жашар кыз туткундалып, кордолуп, сойкулукка мажбурланганы тууралуу маалымат тарады. Дал ошол жабырлануучу Атыр (аты өзгөртүлдү) улгайган эле эркектин алдында кордолуп жатканын эстеп, эчкире ыйлап башынан өткөнүн баяндап алдымда отурду.

“АЙЫЛДА КАРТОШКА ТЕРИП ИШТЕЙБИЗ”

– Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде жашайбыз. Мектепте окуган сиңдим жана апам болуп айылдагы бала бакчанын бир бурчундагы бош бөлмөдө турабыз. Акыркы мезгилде "жаңы бала бакча курулат, үйдү бошотуп, башка жакка көчкүлө" деп айтып келишет. Бирок биздин бара турган жерибиз жок. Ал эми атам тууралуу маалыматым жок. Башым оорулуу болгондуктан мектепти 9-класска чейин окуп, андан ары уланткан эмесмин. Башымда суу бар дешти, аны алганга да болбойт экен. Апам экөөбүз айылдагы дыйкандардын талаа иштерине жардам берип акча табабыз.

Быйыл күздө экөөбүз картошка терүүгө жалданып иштедик. Ошол жактан Асема деген кыз менен таанышып калгам. Ал менин телефон номеримди алган. Бир күнү талаадан картошка терип бүткөндөн кийин мени Караколго чакырды. “Бирөөнүн туулган күнү экен, дискотекага барып келебиз”  деди. Мага кызык болду. Караколго барганда мени тосуп алды. Экөөбүз жолуккан жерде бир аз тургандан кийин Асемага бирөөлөр телефон чалып калышты. Ал мени “ушундай туруп турчу”  деп коюп телефон менен сүйлөшүп ары басып кетти. Көпкө күттүм, ал келген жок. Бир маалда кара машина келип жаныма токтоп, 2 эркек киши колумду толгоп салып кетишти. Унаада мени салган эки баладан башка айдоочу, анан бейтааныш аял бар экен. Ал эми Асеманы ошол боюнча көргөн жокмун. Каршылык көрсөткөнүмө карабай мени уруп-сабап, белгисиз жакка алып жөнөштү. Кийин билсем, Бишкекке келиптирбиз. Мени бир үйгө алып киришти. Жер үй экен, киргенде бир нече бөлмө жана мени менен кошо келген аялдын өзүнчө бөлмөсү бар экен. Аялдын аты Мээрим.

“БӨЛМӨЛӨР СУУК, КҮНҮГӨ 1 ЭЛЕ МААЛ ТАМАК БЕРЕТ”

Атырдын айтымында, ушул окуядан кийин ал үчүн тозок күндөр башталган. Алып келген 2 баланын бири кол салып, Атырды ошол жерден эле зордуктап койгон. Өспүрүм кызды алып келген жер “Ош базарынын” айланасындагы сойкукана болгон. Бул жерди иштеткен кожоюну, улгайып эле калган киши да келип уруп-согуп зордуктап кетти дейт Атыр.

– Аптанын соңу болуп калганда Каным деген аял келип, Мээримден акча алып кетчү. Ал бизди кардарларга салып берип иштеткен жердин кожойкеси. Күйөөсү улуу эле киши. Ал мени уруп-тепкилеп, башка койгулап, жалынганыма болбой зордуктап кетти (каарманым ушул жерден ыйлап жиберди).

Мени бир бөлмөгө камап коюп чыгарышчу эмес. Алар мага “сен бул жактан кетпейсиң, келген кардарларды тейлейсиң. 3 телефон уурдагансың, ошолордун акчасын төлөшүң керек, 15 миң сом карызсың. Келген кардарларга жашым 19да дегиниң”  деп, эркектерге салып беришти.

Үйдүн ичи суук, үшүчүбүз. Кечкисин бир гана маал тамак берет. Түнү менен уйку дегенди көрчү эмеспиз. Уктайлы деп көз ирмесек эле кыйкырып кайра тургузушат. Ал жакта 10дон ашык кыз иштечү. Өз каалоосу менен эле иштеп акча тапкандар. Алар мага караганда эркинирээк, күндүзү жумуштары менен эшикке чыгып келишчү. Бөлмөдө мени менен чогуу орус улутундагы 1 кыз да камалып жатчу. Аны да сабашчу, кээде аны менен жалгыз калгандан коркчумун. Эмне кылып жатканын билбей, өзү менен өзү сүйлөшүп калган кыз болчу. Ур-тепкиден башымдын оорусу күчөдү. Келген кардарларга мени уурдап келип иштетип жатышканын айтып жардам сурасам айрымдары Мээримге айтып барышчу. Ал келип эки-үч кыз болуп сабашчу. Коркконумдан кийинки учурда бул жакка кантип келип калганымды айтпай калдым.

Бир күнү 2 жаш жигит келип, бир кыздын сүрөтүн көрсөтүп “тааныйсыңбы?”  дешти. Мен аны көрбөгөнүмдү айттым. Алар менин эмне болуп бул жакка келип калганымды сурашты. Коркуп толук айткан жокмун. Бирөө телефонун берип “апаңа чалып ал”  деди. Апама чалып, бирок сарсанаа болбосун деп эч нерсе айткан жокмун. Болгону үнүмдү угузуп, “мен жакшы элемин”  деп санаасын тындырайын дедим.

Ал балдар мага тийген жок, кетишти. Эшикке чыкканда апама чалып “кызыңыз мажбурланып ушундай бир жерде жатат”  дептир. Апам эжеме чалып, анан ал келип мени сойкуканадан чыгарып кетти.

“БАШЫНДА ТУРГАНДАР КАМАЛМАЙЫНЧА ТЫНБАЙМ”

Атыр сойкуканада күн санагын деле билбей калган. Болжолу 2 аптадай ошол жакта болгон. Анын айтымында, баш-аягы 4 эркек аны кордогон. Ал эми бул азаптан куткарып чыккан Атырдын таежеси милициянын шалаакылыгы тууралуу пикирин айтты. Ал аты-жөнүн жашырып коюуну өтүндү.

– Бул окуя 2019-жылдын 12-ноябрында эле болгон. 21-ноябрда мен Бишкектеги Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1 үйгө барып сиңдимди бошотуп аларым менен Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине арыз жазгам. Мага кагаздарга кол койдуруп алышкан. Арасында окуяны коомчулукка таратпоо тууралуу макулдашууга кол коюп коюптурмун. Ошонун негизинде тергөөчү менин оозумду басып окуя тууралуу айттырбай жатты. Ошого карабай ал ишти алдыга жылдырган жок. Ишке тийиштиги бар бир да адам кармалган жок. Акыры укуктук клиниканын жактоочулары окуя тууралуу журналисттерге кабарлаптыр. Коомчулукта резонанс жаралгандан кийин гана, 2 айдан соң “сиңдимди сабаган” деп 3 кызды алып барып камашты. Ал эми сойкукананы иштетет делген Каным аттуу аялды жана анын сиңдимди зордуктаган күйөөсүн кармаша элек. Мен ошол башында турган адамдар кармалмайынча аракетимди токтотпойм.

Бул иштер боюнча тергөөчү жакшы иштебей жатканда Ленин РИИБинин башчысына кирип ишти тездетишин өтүнөйүн дедим. Бирок мени киргизбей коюшту. Бөрк ал десе баш алган заманга келдикпи? Ооздо тургандар президентти кайтаргандай күзөтүп туруп алышты. Райондук милициянын башчысына кире албай ушунча убара болсок, министр, өкмөт дегендерге эл кантип кирип жатат билбейм. Акыры башка эле бирөөгө жолугам деп жатып мекеменин ичине араң кирдим. Башчысынын кабинетине кирсем, анын окуядан маалыматы жок окшойт. Баарын кайра башынан сурап кагазга тизмектеп кирди. Болгон окуяны айтып бергенден кийин орун басарына жиберди. Ал дагы башымды оорутуп баягы окуяны кайра башынан сурап кагазга жазып кирди. Бизде милиция деген адамдардын укугун коргомок тургай кордоп коёруна көзүм жетти.

Жашы жете элек өспүрүм уурдалып, кордолуп, сойкулукка мажбурланып жатат. Кантип анан милициянын башчысы, орун басары андан маалыматы жок? Ошон үчүн 2 айдан бери иш жылбай турду да. Кармалган кыздар болбогон жомокторду токуп, “кыз өзү келген, 2 жылдан бери эле иштеп жатат”  деп жатышты. Эгер мен болгон окуянын баарын өз көзүм менен көрүп, камалып турган жеринен куткарып кетпегенде башка эле бир сценарийлер менен иш жабылмак окшойт.

Сойкукана катары иштетилет делген үйдүн маңдайында Ленин РИИБинин милиция бөлүмчөсү иш алып барат. Ал эми бул окуя “Ош базарынын” айланасындагы притондор тууралуу алгачкы маалымат эмес. 2014-жылы редакциябызга бир аял кайрылып, кызын издеп жүрүп, Кулиев көчөсүндөгү сойкуканадан тапканын айткан.

Окуя болгон жерге барып, 26 жаштагы кыз менен жолугуп, притондо кечирген күндөрү тууралуу сүйлөшкөнбүз. Анын дагы тагдыры 16 жашар Атырдыкына окшошуп кетет. Жабырлануучуну сойкулукка мажбурлагандар “акча уурдадың, иштеп берип төлөйсүң, болбосо милицияга кабарлайбыз” деп коркутушканын айткан. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Атырды сойкулукка мажбурлап, сабаган деген шек менен 32 жаштагы М.Н. жана 24 жаштагы К.А., Д.З. аттуу жарандар кармалды. 22-январда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, Ленин райондук соту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
16 жаштагы кыз: “Уруп-согуп, денемди сатууга мажбурлашты”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Janna07
2020-02-03 17:46:31
Ош базардын тереториясы ото ыплас жер өзү. Ууруга толгон, сойкуканалар, алдамчылар, адам саткандар кыскасы Ош базардын тегерегин жер кантип чыдап көтөрүп турат экен деп ойлоп кетем. Ал жердин милициялары ууру жана сойкулар менен иш кылат. Баарынардын Кудай жазанарды берсин!!! ХХХХХ!!!
+8
Center
2020-02-03 18:35:13
Негизи милициялар бүт сойкуканалардын, чөнтөкчүлөрдүн крышаларыда, баарынын тили бир.
+8
katerina.li
2020-02-03 19:45:20
Эгер окуп калсаныз,президентке кайрылыныз.
+3
Mister-X
2020-02-03 23:21:03
Эмнеге,, Кырк чоронун"жигиттери же активисттер,журналисттер ушундай жерлерди корбойт?Ошол жерге барып,баардык кыздарды бошотуп,ошол жердеги сойкуканаларды жапса болбойбу?Ленин РИИБнин кызматкерлеринин куну ушул сойкуканага тушуптур да.Алар милиция эмес мусор экен.
+8
Nursul
2020-02-04 09:52:23
Ушундай адамдарды ХХХХХ алып койсок э экинчи мындай болбой калат эле.Бир күнү алардын кызын да бирөөлөр зордуктап кетет бул кайтар дуйно.
+2
Ruslan-Gaparov
2020-02-05 00:36:16
Билин кулиева кочого кирсен эки уйдун биринделе кыз керекби деп чыга калышат ко емне ошолорду ментер билбейт бекен !билишет баарын акча алышат ошонучун силердин арызыныздарды караган емес
+2
didu
2020-02-05 07:09:43
кумарканаларды магазиндерди тарткан блогерлер кучтуу журналистер Ошо сойкуканаларды тартыпэлге жеткирсин анан чондорго жетет,ОЗУ чондор бизден жакшы билет, билмексен болушатта
+3
sultan.kg
2020-02-05 18:31:31
Байкуш кыз. ким ошол жумушка туртсо ошого наалат! Кудай жазанды берсин.
+3
Center
2020-02-06 02:20:55
Бул жерде блоггер, журналист, башкасын күтүп отура бербей, жүрөгүндө ыйманы бар духу күчтүү 5,6 бала чогулуп, ошол үйлөргө типа кардар болумуш болуп кирип, кыздардын абалын сурап чыгыш керек, Атырга окшоп кордолуп арызын-мууңун эч кимге айта албай азап чегип жаткан дагы канча кыз-келиндер бар экен эхххх((((. Кырыгызстанда болгонумда сөзсүз кирмекмин достор менен, кирип "жаңы келген, жаш кыздар керек" десең тиги ахмак сутенерлор көрсөтмөк. Атырга жардам берген балдарга окшоп!
+2
Jannat.dm
2020-02-06 02:49:06
Center,Туура баракелде, азаматтарыбыз бар бекен диндеги бир тууганына боор ооругандар? Анан жаш кары деп болбой эле баарына тен жардам берсе болбой бекен ия?
+2
Center
2020-02-06 03:06:24
Jannat.dm, Андай ыплас жерлерге жаш кыздарды зордоп алып келип иштетишет, ошого айтканым. Жашы өтүп калган карышкырлар өздөрүнүн эрки менен келип эле иштегендер толтура. А так ал жерде өз эркинен ажырап зордолуп, кордолуп жаткан картаң жашына карабай эле сууруп чыгыш керек негизи.
+1
Jannat.dm
2020-02-06 03:26:28
Center,Кооой оз эрки менен баргандар ондон бири болсо керек коп болсо. Барып жургондой суйлоп койдунар. Антип кыргыздын кыздарын жерге урбасак. Турцияга биздин келгенибизге бирткеле болдуле, дароо сойкуга чыгарып жиберишти анча минчасы, акелериме чейин жалган жалаа жетип. Эми кетишке туура келватат кайдагы ушакчылардын айынан.Турция деселе баарысы сойку кананы елестетишет тура.
-1
Jannat.dm
2020-02-06 03:32:08
Ошол сынары оз эрки менен келватат деп билип билбей урдура бербегиле коп.
-1
Center
2020-02-06 03:38:52
Jannat.dm, Ал жерден өтсөң, ар бир үйлөрдүн жанында көчөдө эле 8-9 кыздар үймөлөктөп ошол дозок үйгө кирип чыгып эле тамеки тартып ызылдашып жүрүшөт, булар өз эрки менен келбей анан кантип келишти дейсиң? Кордолгон кыз-келиндерди ошентип ээн-эркин коё бербейтко.
+2
Jannat.dm
2020-02-06 03:47:53
Center,Ааа тузик сен бала жаш болсонда анча мынчага акылын жетет экен, дегеним жаштар ушинтип акыл толгоп жатса, улуурактары пок жеп журушобу деймда, колдоронан балее келбей.
0
Center
2020-02-06 02:25:59
Ушул теманы окуп жаткан, Бишкекте жашаган эркек балдар, давайте 5-6 ооң чогулуп кардар болумуш болуп кирип чыккыла, ал жерге кирип "сөзсүз эле зынаа кылыш керек" деген эреже аларда жок, кааласаң кыздарды тандап туруп жасайсың, каалабасаң чыгып кетесиң сени мажбурлашпайт. Кыздарды тандайм чогулт десең кыздардын баарын чакырып чогултат, ошондо эле кордолгон кыздарды муңдуу көздөрүнөн билсең болот. Давай жигиттер ойгонгула, канчалаган кыздар азапталып жатат ал дозоктун ичинде!!!!!
+1
Jannat.dm
2020-02-06 02:52:06
Тооба озубуздун эле кыргыз эркектер кордоп жатышат кыздарыбызды, кайда барар экенбиз аттин(((. Бир орус же негр зордоптур десе тушунмокмун.
0
Aliya2015
2020-02-07 00:20:33
Ошол жаш кызга барып, зордуктагандар бир ХХХХХ калса экен, ХХХХХ. Омуру жакшылык корбогуло!!!! ХХХХ.
+1
Gospozhatsetok
2020-02-07 08:47:15
16 жашар кызга ошол ишти кылган эркек сооройдун Кызы жок бекен а.Чырактай кыздын тагдырын талкалап коюп деги кандай уктап жатат болду экен эки бутту айбан десе. Устундо ишенгени бар да ошон учун айбан кылгыс ишти кылып сайрандап журот.А биздин чондорубуздун ушуларды колдогонсуп унчукпай олтургандарына жол болсун Закон, закон дешет а законду только карапайым калк учун гана колдонушат на самом деле
0
NURSAPAR
2020-02-07 20:37:49
Ушуга окшогон окуяларды уккан сайын , өлүм жазасын кайра киргизүү керектигин зарыл го дейм.Кармалгандары пешкалар. Дөөлөрүн камап мүмкүн болсо атыш керек. Болбосо токтобойт го.
0
AykaMer
2020-02-08 17:30:02
Кудайым ушул милицияга күнүбүздү салбасын.... Тартип сакчылары эмес эле,мыйзам бузуучулар булар,же адам укугун тепсөөчүлөр...
0
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан