Сезим Өмүрбек кызы, жабырлануучу: «САТЫП АЛГАН ҮЙҮБҮЗДҮ АЛА АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ»

Бул жолку каарманыбыз редакциябызга баш багып, «көп жылдык ак эмгек менен тапкан акчабызга үй алабыз деп алданып калдык. 2015-жылдан бери же үйдөн жок, же акчабызды кайтарып ала албай жатабыз» деп көзүнө жаш алды. Жабырлануучу келиндин жолдошу Орусияда учкуч болуп иштейт. Жубайлар курулуш компаниясынан "жок дегенде акчабызды кайтарып бергиле" деп талап кылууда. Курулуш компаниясы эмне дейт?

«ҮЛПӨТ ТОЙ ӨТКӨРБӨЙ, ҮЙ АЛАЛЫ ДЕГЕНБИЗ»

Сезим Өмүрбек кызы жолдошу менен үйлөнүү үлпөт тоюн өткөргөндүн ордуна үйлүү болуп калалы деген тилектери таш капканын айтат:

- Жолдошум Мирел Молдалиев экөөбүз 2014-жылы баш коштук. Ал көп жылдан бери учкуч болуп эмгектенип келет. Бир ирет сиздердин гезитке маек да бергенбиз. Көп жыл күн-түн дебей, уйкудан калып иштеп чогулткан акчабызга үй алабыз деп алданып калдык. 2015-жылдан бери же үйдөн жок, же акчабызды кайтарып бербей жүдөтүштү. Бөтөн жерде иштеп тапкан акчабызды өзүбүздүн мекенибизде, мекендештерибизге алдатып отурган чагыбыз.

Башында бардык туугандарды чогултуп, үлпөт тоюбузду берели дегенбиз. 2 айдан кийин жолдошум «элди жыйнап той бербей эле, батир алсак кандай болот? Бирок башка кыздардай ак көйнөк кийип той өткөрүү кыялың болсо айт» деген сунуш киргизди. Мен ойлонуп, ашыкча чыгым болуп той өткөрбөй эле, ошол акчага үй алган туура деген жыйынтыкка келдим. Ошентип экөөбүз үй издеп баштадык. Март айында «АНЭС строй» деген компанияны жарнамалардан көрүп калдык. Анын имараты жакшы райондо жайгашкан экен. Эне жана баланы коргоо борборуна, бала бакча, чоң-чоң дүкөндөргө жакын жайгашкан болчу. Биз «ыңгайлуу шарттары бар район экен» деп ушул компаниядан батир алууну чечтик. Жолдошум үйдүн эң улуу баласы болгондуктан, кайнатам «уулум үйлүү болуп жатат» деп жетине албай сүйүнүп, экөө барып көрүп келишкен. Ошентип бир бөлмөлүү 41 чарчы метр үйдү ар бир чарчы метрин 600 долларга баалашканбыз. Курулуш компаниянын директору Гүлнара Усенбаева экен. Ал «буюрса, кийинки жылы балаңар менен жылуу-жумшак жаңы үйгө киресиңер» деп акчаны алган. Шарттары боюнча алгачкы төлөм, анан ай сайын бөлүп төлөө бар экен. Бирок биз «биротоло төлөп салалы» деп жыйнап-терген 27 миң доллар акчабызды накталай санап бердик. Келишим түзүлүп, 2016-жылдын аягына чейин курулуш бүтүп, үй пайдаланууга берилмек.

«АНДАН БЕРИ 5 ЖЫЛ ӨТТҮ»

- Биз «курулуш бүткөнчө 1 жыл болсо да иштеп келели, үйдү алгандан кийин ичин эмеректерге толтуруш керек» деген жакшы ой менен кайра Орусияга кеттик. Жолдошумдун иши жакшы болуп Сургут шаарында иштеп калды. 2016-жыл келди, бирок үй бүтө элек болчу. Биз курулушу бүтө элек болсо тынчын албай күтө туралы деп иштеп жүрө бердик. Жарым жыл өткөндөн кийин телефон чалып сурасак, Гүлнара «бул жакты билесиңер да, ызы-чуу болуп жатат. Бул жылы бүтпөй калды, дагы бир жыл коё тургулачы» деди. Биз «үйүбүзгө аман-эсен, чыр салбай, тынч кирип алалы, макул» деп күттүк. Жыл сайын чалсак «бүтө элек» дейт. Үйүбүз бүтө элек болсо Кыргызстанга барып эмне кылабыз деп жүрүп дагы 2 жыл өтүп кетти. Кийин балдарым удаа төрөлдү. Балдарыңды өзүңдүн мекениңде чоңойткуң келет экен. Ошондуктан уулубузду бала бакчага берели деп Кыргызстанга жөнөп калдык. Жолдошум компаниянын директоруна телефон чалып «Гүлнара эже, биз Кыргызстанга барабыз. Сизди да түшүнүп турам, мындай иш аял кишиге оор. Жалгыз бой да экенсиз. Бирок биз барып баш калкалаганга үй керек» деп түшүндүрүп сүйлөшүшкөн. Ал курулуш бүткөнчө 1 бөлмөлүү үй таап бере турган болгон. Бирок биз Орусияда, ал Кыргызстанда болгондуктан, бул нерсе сөз боюнча эле калган.

2019-жылы март айында эки балам менен Кыргызстанга келдим. Эч кандай батир таап берген жок. Акыры ал компания менен түзгөн бүт келишимдерден баш тарттык. «Таап бере турган батирди жөн эле коюңуз, үйдү да албайбыз, болгону акчаны кайтарып бериңиз» дедик. Жактоочу жалдап, алардын катышуусу менен мурдагы келишимдерди үзүп, Гүлнара айым менен акчаны кайтарып берүүсү тууралуу башка келишим түздүк. Анда ал үйдүн акчасын кошумча пайыз менен кайтарып берүүгө макул болгон. Башкача айтканда, 27 миң долларды 29 700 доллар кылып 2019-жылдын октябрь айында кайтармак. Пайыз кошулганынын себеби, биз бир жылда бүтөт деген үй бүтпөй, 5 жыл күттүк. Ошонун компенсациясы катары мыйзам негизинде чечип алганбыз. Октябрь болгондо СМС жазып, кайра-кайра телефон чалып жаттым. Ал жакшы жооп бербей «чала бербечи, жакшы эс алып, эртең менен жумушка барышым керек. Кандай түшүнбөгөн немесиң?!» деп сөктү. Көрсө, «АНЭС строй» компаниясы үй куруп жаткан жер «Атланд холдинг» деген компанияныкы экен. Анан экөө 3-4 жылдан бери соттошуп жүрүшөт имиш. Кийин адвокатыбыз барып жүрдү. Аны дагы кабыл албай качып жүрдү. Кеңсесинен таппай да калдык.

Жолдошум жумушуна байланыштуу азырынча Кыргызстанга келе албайт. Мен балдарым менен барарга жерим жок. 2 баламды ээрчитип «АНЭС стройдун» кеңсесине барып отуруп да алдым. Гүлнара эже чалып «милицияга берем, офиске камап кетем. Баалуу кагаздар, документтер жоголсо жооп бересиң» деп кыйкырып, опузалады. Айлам кеткенде Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө телефон чалып чакырдым. «Милиция жардам берет, таштап кетпейт» деп ойлогом. Бирок биздин укук коргоо органдарына баары бир экен. Алар келип жазган арызымды алды да, «эми каякка барасыз билбейбиз. Биздин жумуш ушундай» деп мени кеңсесине калтырып кете беришти. 2-4 жаштагы чиедей балдарым менен 12 саат ачка, суук кеңседе отурдум. Айлам кеткенде төшөнчү салып жатып алмакчы да болдум. Түнкү 23:00дөн таңкы 06:00гө чейин ошол жерде ыйлап гана отурдум. Эртеси кайненем келсе, ага да кыйкырып, кол көтөргөнгө чейин барышты.

«АЛДАНЫП КАЛГАНДАР КӨП ЭКЕН»

- Биз 2015-жылдан бери күтсөк, 2013-жылдан бери акчасын өндүрө албай жүргөндөр да бар экен.
14-21 миң доллар төлөп, 3-4 жылдап күтүп жүргөн дагы башка толтура кардарлар чыкты. Ленин РИИБине 15 киши арыз жазыптыр. Ички иштер министрлигинде 8 иш каралып жатат деп айтышты. Мен башкы прокуратурага чейин жазгам, бирок майнап чыкпай жатат. Какпаган эшигим калбады. Бишкек башкы архитектурасына барып жер кимге караштуу экенин тактаганга аракет кылдым. «Сиз билгенде эмне, баары бир бүтө элек үй экен го» деп коюшту. Мамлекеттик каттоодо ал жер «АНЭС стройго» караштуу эмес экенин тактадым. 2011-жылы «Атлант холдинг» ал жерди алган экен. «АНЭС строй» ал жерди өзүнө албай туруп, келишими жок эле сатканга аракеттенип жатыптыр. Эки компаниянын сот отурумуна катышууга өтүнүч жөнөтсөм, «сот отуруму жылдырылды» деп айтышты. Ушинтип бул иш чечилбей, ортодо акча бергендер күйүп отурабыз. Соттошкондун себеби – ортодогу келишимди жокко чыгаруу экен. Эгер келишим жокко чыгарылса, «АНЭС сторойдун» имараты сүрдүрүлүп, биз үйсүз калат экенбиз. Азыр акчабызды өндүрө албай жүрөбүз.

Менин сыздаганым – жолдошумдун түнү менен уктабай, эски учакта жанын тобокелге салып тапкан акчасы болчу. Ошентип ак эмгек менен тапкан акчабызды берип коюп 2 балабыз менен үйсүз калдык. 27 миң доллар биздин үй-бүлө үчүн чоң акча. «Балдарыбыз менен көчөдө калбайлы, батирлеп жүрбөйлү» деген үмүт менен берген элек.

Азыр бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатам. Балдарым Орусияда бала бакчага барып жүрүштү. Азыр эне тилинде сүйлөгөндү билишпейт. Биз балдарыбызды өз мекенинде, өз наркы менен чоңойткубуз келет. Мекендештер биздей болуп алданып калышпасын. Ошондуктан кыймылсыз мүлк аларда 1500-2000 сомду аябай нотариуска барып, мыйзамдуу экенин текшерип алышсын. «АНЭС строй» азыр деле курулушу бүтө элек имараттагы батирлерди сатканга аракет кылып кардар издеп жүрүптүр.

«КУРУЛУШ БҮТПӨЙ ЖАТКАНЫНА СОТТУК ИШ СЕБЕП БОЛУУДА»

Ал эми аталган компаниянын жетекчиси Гүлнара Усенбаева бул жагдай боюнча буларды айтты:

- Курулуш жүрүп жаткан жер негизи муниципалдык жер болчу. 2007-жылы «Атлант холдинг» ал жерди 49 жылдык ижара менен сатып алган. Бирок банкрот болуп, пландалган имараты курулбай калган. 5 жылдан кийин бизге бир бөлүгүн, дагы башка компанияларга калган бөлүгүн саткан. Биз жерди сатып алгандан кийин гана «жер арестте» деген маалымат келди. Ошонун негизинде соттошуп жүрдүк. «Атлант холдингдин» өкүлдөрү жерди аресттен чыгарып беришерин убадалашты. Биз курулушту улантмай болдук. Бирок жерди аресттен чыгарууда аларда көйгөйлөр жаралып, бизден акча талап кыла башташты. Биздин компания жер төлөмдөрдүн баарын төлөгөн. «Атлант холдингдин» адамдары биздин кардарларга «жерди мыйзамсыз алып куруп жатат» деп жалган маалымат таратышыптыр. Соттук иштен улам курулуш иши кечикти. Болгону жер менен маселе чыгып жатканын кардарлар түшүнгүсү келбей жатат. Бир аз кечиккенибизди моюнга алабыз. Аны компенсация иретинде баасын төмөндөтүп берүүнү сунуштап жатабыз. Кээ бир кардарлар келишимди жарым-жартылай эле аткаргандыктан, келишимди үзүп, акчасын кайтардык.

Курулуш компаниядан акчаны артка кайтарууга болбойт. Себеби каражаттын баары курулушка жумшалып кетет. Кардарлардан алган каражат максаттуу эле жумшалган. Маселе чечилип калар деп көпкө чейин элге айтпай жүргөнбүз. Бирок компания жана мен тууралуу айың кептер жүрүп баштады. Азыркы учурда имаратты бүтүрүп, үйлөрдү ээлерине тапшыруу үчүн каражат бөлүп бере ала турган инвесторлорду издеп жатабыз. Казакстандан бир инвестор табылды, буюрса, 2020-жылы үйдү пайдаланууга берүүнү көздөп жатабыз.

Азыр иш Эл аралык сотто каралып жатат. Кээ бир органдар алар менен иштешип жатат окшойт. Алар банкрот болуп, бизге жерди сатканын тастыктап документтерди көргөзсөк да, 3 жылдан бери маселе биздин пайдабызга чечилбей келет. Колубузда келишим, курулушка уруксат бар.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
fak
2020-02-10 12:10:03
Акчасын кайтарып бер ХХХХХ
+6
fak
2020-02-10 12:12:59
Эки жаш баласы мн Кочодо жашамак беле ал байкуш.
+6
murat17
2020-02-10 14:00:17
туура ишенбегиле мындайлар толтура бул билинип калганы экен дагы билинбегендери толтура арам акча буюрбайт
+4
Suiomseni
2020-02-10 15:29:06
Ошон учун суруштуруп анан акчаны бериш керекта.KG групп ушул компания жакшы алдабайт ушунан алыш керек
+3
mela
2020-02-10 15:38:20
Арзан сунуштаганда эле кооптонуш керек. 600$ томон уй албагыла,афера.Бакрот болгондо,будомук болсо эле арзан деп рекламалап,акча жасашат да элди сыздатышат.Созсуз юрист жалдап,консультация алыш керек.Атын озгортуп эле 1квартираны 3-4кишиге сатып жибергендер да бар.
+1
mela
2020-02-10 15:39:27
Бул аял жонундо фейсбукта чёрный списокто журот.Канча суммага алдаганын.
+2
guli-1980
2020-02-10 16:04:36
27000$ акчасы болсо вторичка уй алып эле кирбейби
+2
Migrant-rf
2020-02-10 20:06:39
Бир жылда бүтөт деп алып, бираз кечиктик деп бет тырмоочулук кылганы кандай бул аялдын?!
+5
taalay25
2020-02-11 08:33:19
100% ХХХХ! Шартарды аткара албадынбы бутту да
0
Anti-S
2020-02-11 16:00:57
Булар бизге окшош 12саат тик туруп иштеп коргон эмесда,айына 30000 булар учун 3тыйындай эле сезилсе керек.мигранттардын артынан курсагынар тойуп,устунор бутун болуп журосунор шугур кылып эле бутуруп бергиле эми.
+3
Rakyl12
2020-02-11 17:42:44
27минге эски 4 этажканан эле алсанар болбойт беле эхх канча убакыт, нерв кетти.
+3
fanatka19
2020-02-11 22:02:33
Бир ааз эле кечигитир го)) куто тургула эми дагы бир аз.
+2
radostmoya
2020-02-14 18:47:13
Биздин үйдү салып жаткан компаниянын мүдүрү банкрот болуп, келген жагына аачып кетти. Дагы жакшы үстү жабылган. Сыртынан бүттү деп ойлойсуң. Кошуналар кошумча акча жыйнап бир жумушун бүтүрсөк, бир жумушу калып жүдөп эле жүрөбүз. Коррупция өнүккөн өлкөбүз. Бүтүрөм деп жүрүп биздикилер чет өлкөлүк мүдүрдөн акча сурай беришип, ал жакка жеткире албай, бул жакка жеткире албай качып кетип калды. Жаныбыздагы кошуналарыбыз (арасында чиновниктер бар бывший) суу өткөртүрбөй канча кыйнашты. Акча сурашып...
+1
elmira.
2020-02-15 21:58:11
Мен kg групп кампаниясында иштегенмин.директору Имамидин Ташов деген киши ыймандуу,патриот жаран...ошол кампания ишеничтуу и эч кандай алдабайт...
0
Kuban-1207
2020-02-16 15:24:19
Милицияга ишенбе милиция паракор болот чын дили менен иштеген милицияны коро элекмин
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан