Молдону ээрчитип келип эле нике кыйдырып алып, жарандык абалын мыйзамдуу каттоодон өткөрүүгө көңүл бурбай жүрүп, бир нече баланын ата-энеси болууга жетишкен жаштар өлкөбүздө миңдеп саналат. Качан гана балдарга документ алууда же нике күбөлүгүнүн зарылчылыгы келип чыкканда Калкты тейлөө борборуна чуркап калышат. Мына ушундай «кыргызча» жашай берүүнүн терс жактарынын бири тууралуу алдыда сөз болот.
«КАЙНЕНЕМДИ ОРТОГО САЛЫШТЫ»
Каарманыбыз Таңсулуу Ишатова менен жолдошу Аскат Бостонов нике кыйдырып, чакан мамлекет болуп жашап баштагандан бери 2 балалуу болушкан. Бирок мыйзамдуу түрдө жарандык абалдарын каттоодон өткөрүшкөн эмес. Таңсулуу айым үй тиричилиги менен үйдө, жолдошу болсо курулушта иштеп, үй-бүлөсүн бакчу. 2018-жылы каргашалуу кырсык орун алып, Аскат Бостонов Бишкек шаарындагы курулуш жүрүп жаткан имараттын 11-кабатынан кулап кетип каза болгон. Учурда ал курулуш компаниясы тийиштүү көңүл буруп жардам бербей, эки баласын жалгыз багуу кыйынга туруп жатканын айтат.
- Азыр эки баламды жалгыз бой тарбиялап жатам. Ишенген тообуздун кулаганына 2 жылдын жүзү болуп бара жатат. Андан бери кирбеген эшигим калган жок. Баары күйөөм каза тапкан курулуш компаниясынын сөзүн сүйлөп жатышат. Негизи компания башында «батир беребиз» деп сөз берген. Бирок акыркы мезгилде «биз сага моралдык чыгымдарды төлөдүк» деп ал убадасынан баш тартып жатышат. Моралдык чыгымдарды төлөгөндө кандай? Жолдошумду жерге бергенден кийин кайненемди чакырып кун тууралуу кеп кылышкан экен. Ага 500 миң сом берип, анын «ушуну менен келиним Таңсулуунун оозун жабам, ал башка жардам сурап келбейт» деген сөзүн алып алышыптыр. Кайненем «ал каражатты Аскаттын көзү тирүүсүндө алган насыянын калганын төлөөгө жумшадык» деп койду. Бирок күйөөм экөөбүз алган насыябызды төгүп отуруп, 28 миң сомдой эле калган болчу.
Кийин жардам сурап бир нече жолу бардым. Компаниянын өкүлү «берген каражатыбыз сага каралашуу иретинде эле болсун, колдон келип калса, балдарың менен кирип жашаганга батир алып беребиз» деп улам 10 миң, 5 миң сомдон берип жатышып, баш-аягы 213 миң сомдой акча алдым. Өзүм бала менен иштей албайм, алган каражаттар күнүмдүк тиричиликке гана жумшалып жатты. Берген акчасынын ичинде жолдошум иштеп, бирок алганга жетишпей калган айлыгы да бар.
«ЖОЛДОШУМДАН АЙРЫЛГАН КҮН»
- 2018-жылы 27-октябрда Аскат жумушка кеткен. Түшкү саат 2лер чамасында телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Негизи бат-баттан эле сүйлөшүп турчубуз. Аңгыча мага "курулуштун электриги болом" деп Урмат деген киши байланышып, «жолдошуң 3-кабаттан кулап кетип, буту сынып ооруканага алып кетишти» деди. Ооруканага барганга чейин күйөөмдү жасалма дем алдырышып, андан кийин «жүрөгү токтоп калды» деп экспертизага алып кетишиптир. Эч кимдин уруксаты жок эле денени союп, андан ары өлүкканага алып барышыптыр. Күйөөмдү «№4-шаардык ооруканада» дешкенинен ошол жакка барып, жандандыруу бөлүмүнүн алдында түнкү саат 12ге чейин күтүп турдук. Көрсө, эчак эле өлүкканага жиберилген экен. Артыбыздан эле курулуш компаниясынын жетекчилери келип бизди алаксытып, Аскаттын тирүү экендигин айтып, үйгө чейин жеткирип коюшту. Кайын журтум компаниянын өкүлдөрүнө жолукканда «3-кабаттан эмес, 11-кабаттан кулап кетти» дешиптир.
Үйгө келип деле тынчтана алган жокмун. Түнкү саат 3төрдө милицияга чалып, «курулуштан кулап кеткен киши тууралуу маалымат келип түшкөн жокпу?» деп сурасам, тактап беришти. «11-кабаттан кулаптыр, саат 4төрдө үзүлүптүр, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда дене өлүкканада» деди. Нес болуп калдым. Күндүз эле сүйлөшүп, акыбалын сурашкан күйөөм эки балам менен мени таштап кете бердиби деп ишенбей жаттым. Анын каза болгонун билбей, түнкү саат 12ге чейин ооруканада күткөнүмчү? Ошондо деле бирөө келип айтып койбойбу?!
«АПАСЫ ДЕПУТАТ, АТАСЫ ЧИНОВНИК...»
- Эртеси баламды көтөрүп алып кайра ооруканага бардым. Күйөөмдүн тиешелүү документтерин ала албай, өлүкканадан чыгарып кете албай түшкө чейин жүрдүк. Андан кийин сөөктү Жалал-Абадга жерге бергени алып кеттик. 2 айдай кара жамынып отурдум. Катуу стресс болдум, сүт чыкпай, эмчектеги баламды эмизе албай калдым. Андан кийин Бишкекке келип курулуш компаниясынын директоруна жолуктум. «Байсервис» деген курулуш компаниясы, директору Марат Аскеров деген киши. Анын апасы депутат Гүлкан Молдобекова, ал эми атасы Мирбек Асанакунов Профсоюздар федерациясынын төрагасы экен. Ал-акыбалымды айтып жардам сурадым, жакшы эле түшүнүшүп сүйлөшүп отурдук. Ал: «Азырынча акча берейин, батир акысын төлөп, балдарыңа тамак-ашын алып берип тур. Буга кошумча жолдошуңду жерге берүү үчүн каражат деп кайненеңе акча которгом. Андан тышкары карыздарыңар бар экен. Ошолорду төгөбүз деп акча алды. Сага деле акча бөлүнөт. Бирок толук бере албайбыз. Бөлүп-бөлүп болсо да кем-карчыңарга жарагыдай берип турабыз. Буга кошумча батир алып берем, балдарыңдын бирине каттатып аласың»,- деди. Компаниядан 5 миңден, 10 миңден алып жатып баш-аягы 213 миң сом алдым. Акыркы жолу барганда 4000 сом берди.
Андан бери кыш өттү, жаз өтүп, жай келди. Бирок батир тууралуу кеп болгон жок. Мен болсо батирдин акчасын төлөй албай калып, кожойке «чыгып кет!» деп кууй баштады. Абалымды түшүндүрүп директорго бардым. Ал кайненеме 500 миң сом бергенин айтып, сөзү өзгөрө баштады. «Кайсы жакка барсаң да эч нерсе кыла албайсың. Менин бардык жакта байланышым бар»,- деди. Айткандай эле тиешелүү мекемелерге барып көрдүм. «Күйөөң экөөңдүн нике күбөлүгүңөр жок экен, мыйзамга таяганда сенин эч нерсеге акың жок болуп калат» деген жоопторду угуп жатам. Балдарымдын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болчу. Чуркап жүрүп жолдошум балдарымдын атасы экенин тастыктаган документ алып, балдарыма күбөлүк алдым.
«ЖАТАКАНАДАН БАТИР АЛЫП БЕРҮҮ АРАКЕТИН КӨРҮП ЖАТАБЫЗ»
Таңсулуу Ишатованын арыз-муңу боюнча «Байсервис» курулуш компаниясынын башкаруучу директору Марат Аскеровго байланышып, буларды уктук:
– Таңсулууну тааныйм, ал бизге бат-баттан келип турат. Өзү айткандай, кем-карчына, жашоо-тиричилигине акча берип турганыбыз чындык. Баш-аягы 700 миң сомдой бердик. Өткөндө дагы бир журналистти жөнөтүптүр. Ал дагы биздин айткандарыбызды угуп кетти. Келген сайын 4000-5000 сомдон алып кетип турат, колдон келген жардамыбызды аябайлы деген эле ниет. Компания жалгыз өзүмдүкү эмес. Мени менен катар башка дагы уюмдаш тараптар (учредитель) бар. Таңсулуу алардын бирин да тааныбайт. Жалгыз мага келип жардам сурайт. Биз такыр эле жардамдан баш тартып коёлу деген жокпуз. Учурда шарттары жакшы жатаканадан батир алып берели деп аракет кылып жатабыз.
«НИКЕ КҮБӨЛҮГҮСҮЗ АЯЛ МУРАСКЕР БОЛО АЛБАЙТ»
Таңсулуу Ишатованын арызы боюнча ал мураскер катары жолдошунун кунун өндүрө алабы деген суроо менен юрист Такен Молдокуловго кайрылып, жооп алдык.
– Бул окуяда эң негизги юридикалык күчкө ээ документ – жубайлардын нике тууралуу күбөлүгү. Ал эми балдарынын атасы экендигин тастыктаган күбөлүктөгү атасынын аты, фамилиясы компаниядан компенсация өндүрүүгө жардамын бере албайт. Анткени коомдо жарандык никеде жашап, балалуу болуп, атасынын фамилиясын алган балдардын энеси жалгыз бой эне катары гана эсептелип калат. Мындан тышкары дагы бир жагдай бар. Эгерде маркум Аскат Бостонов курулуш компаниясына ишке кирип жатканда келишим түзүп кирген болсо, анда ошол келишимдин негизинде компания жооп берүүгө милдеттүү.
Окурмандар, айрыкча жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаштар макаланы окугандан кийин никесин мыйзамдаштыруу канчалык деңгээлде көңүл бура турган маселе экенин түшүнөт деген ишеничтебиз. Жарандык абалды каттоо ар бир инсандын өз укуктарын коргоого, билүүгө жол ачкан мыйзамдуу жол.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg