КОРОНАВИРУС ЭПИДЕМИЯСЫ ПАНДЕМИЯГА АЙЛАНДЫБЫ?

“Биз вирустун кескин көбөйгөн учурунда, кооптуу абалда турабыз. COVID-19 эпидемиясы пандемияга өсүп жетилиши мүмкүн”,- деп билдирет Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус. Пандемия бүгүн планетанын 74 өлкөсүнө тарады.

“КЫРГЫЗСТАНДА ЭПИДЕМИЯЛЫК АБАЛ БАР”

28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу жыйында “өлкөдө вирус катталган жок, бирок эпидемиялык абал бар” деп билдирди.

2-мартка карата статистика
(Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин маалыматы).

  • Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адам – 0.
  • Стационардык шартта медициналык байкоодогулардын саны – 298 адам (мунун 145и Кытай атуулдары).
  • Үй шартында медициналык байкоодогулардын саны 571 адам.
  • Кайсы өлкөдөн келгендер 14 күнгө карантинге алынат – Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран, Италия.
  • Өлкөдөгү санитардык-карантиндик пункттардын саны – 22, анда күзөттө турган врачтардын саны 500дөн ашык.
  • Учурда өлкөдө коронавирусту аныктоочу тест-системдер – күн сайын 70-80 адамды текшерүүдөн өткөзүүгө жетет.

Учурда дүйнөдө өнүккөн көптөгөн өлкөлөр вирус менен күрөшүүдө. Кыргызстанда, башкача айтканда, медицинасы өнүкпөгөн биздин өлкөдө коронавирус каттала элек дегенге ишенесизби?

КОРОНАВИРУС (COVID-19) КӨП ТАРАЛГАН ӨЛКӨЛӨР ЖАНА ВИРУСКА КАБЫЛГАН АДАМДАРДЫН САНЫ (2020-жылдын 3-мартына карата)


КОРОНАВИРУС АЗ ТАРКАЛГАН ӨЛКӨЛӨР ЖАНА ВИРУСКА КАБЫЛГАН АДАМДАРДЫН САНЫ

• Исландия – 9

• Сан-Марино – 8

• Бельгия – 8

• Хорватия – 7

• Греция – 7

• Катар – 7

• Эквадор – 6

• Финляндия – 6

• Оман – 6

• Мексика – 5

• Алжир – 5

• Пакистан – 5

• Индия – 5

• Дания – 4

• Чехия – 4

• Грузия – 3

• Азербайжан – 3

• Орусия – 3

• Румыния – 3

• Филиппин – 3

• Индонезия – 2

• Бразилия – 2

• Португалия – 2

• Египет – 2

• Беларусь – 1

• Ирландия – 1

• Иордания – 1

• Марокко – 1

• Доминикан – 1

• Тунис – 1

• Сенегал – 1

• Нигерия – 1

• Түндүк Македония – 1

• Литва – 1

• Эстония – 1

• Монако – 1

• Люксембург – 1

• Украина – 1

• Ооганстан – 1

• Сауд Арабиясы – 1

• Шри-Ланка – 1

• Непал – 1

• Камбоджа – 1

• Жаңы Зеландия – 1

КОРОНАВИРУСТАН КАНТИП САКТАНЫП ЖАТАСЫЗ?

Айнура Токбаева, 39 жашта, Талас району:

– Вирустан сактануу жолдорун интернеттен, гезиттерден окуп билгенбиз. Ошого балдарды да жеке гигиенаны сактатууга тырышып жатабыз. Үйдө болсо терезелерди ачып, желдетип, тазалыкты сактоодобуз. Өзүм колду бат-баттан жууганга аракет кылып жатам.

Жаныбек Жакшылыков, 24 жашта, Ат-Башы району:

– Биздин Кызыл-Туу айылынан Кытайга чейин 200 чакырым. Вирустан сактануу үчүн колду убак-убагы менен самындап жууп, спирт менен да тазалап жатам. Маска тагынган жокмун. Айылдагылар деле маскасыз жүрүшөт.

Савринса Сыргатаева, 58 жашта, Базар-Коргон району:

– Адамдар вирусту өзүнө да, башкаларга да жуктуруудан сактанышы кажет. Колду бат-баттан жууп, мурунду суу менен чайкап, ысык сууну көбүрөөк ичип жатам. Иммунитетти көтөрүү үчүн жашылча-жемиштерди жеп, таза абада көбүрөөк болууга аракет кылуудамын.

Кубанычбек Амиракулов, 49 жашта, Баткен району:

– Кудайга шүгүр, биз жактагы элде азырынча коронавируска кооптонуу жок. Андыктан маска тагынбай, мурунга дары май сүйкөбөй эле жүрөбүз. Ал вирустун элге жугушунан Кудай сактасын. Эгер жукса ансыз деле кыйналган элдин абалы оорлоп кетери бышык.

Гүлжамал Асанкадырова, 26 жашта, Каракол шаары:

– Менимче, Ысык-Көлдүн тургундары вирус боюнча дүрбөлөңгө түшпөй эле, кадимки турмуш уланууда. Дарыканаларда бет каптын баасы 10 сомго кымбаттап, калбай калган учурлар бар. Жеке мен жана үй-бүлөм эшиктен келгенде колу-бетибизди самындап жууп, анан үй тиричилигине киришебиз.

Гүлжигит Аалиев, 65 жашта, Бишкек шаары, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:

– Коронавирустан сактануу үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактап жатам. Жумушта медициналык маска менен жүрүү дарыгерлерде башкы талап. Жумуштан тышкаркы учурларда маскасыз эле жүрүп жатам.

Элбарчын Муханмедова, 23 жашта, Ош шаары:

– Азырынча Ош шаарында дүрбөлөң деле жок. Өзүм маска тагынып, эл көп чогулган жерге барбай карманып жатам. Көчөдөн келгенде колу-бетимди тазалап жууп, бөлмөнү желдетип коём. Тааныштарга да жеке гигиенаны сактагыла деп жатам.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sayragul
2020-03-09 11:14:44
Коронавирус коп катталган олколор алар оруу коп дегендик эмес алдын алып, баарын изилдеп, ошого окшогондорду баарын карантинге киргизип, оз эли учун куйгон олколор жана кучтуу медицина бар олколордо. Мисалы ошол эле Италия, Корея жб.Ал эми такыр катталган эмес олколор ошого окшогон белгилерди дагы аныктай албай, алдын албаган олколор болду.Мисалы онуккон олколор баарын карантинге киргизип, олкого кирууго тыюуу салып койду.
+1
Aituwas
2020-03-09 20:46:54
Кудай озу сактасын...оруп аяккан адам келди деп жатат...
0
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан