Мирбек Мияров: “ОРДО” ПАРТИЯСЫНЫН ТАЛАПКЕРЛЕРИН ЭЛ ТАНДАЙТ”

2020-жылы өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Бул жарышка катышканы турган “Ордо” партиясынын төрагасы Мирбек Мияров менен маектештик.

– Мирбек Ибаратович, “Ордо” партиясы өткөн жылы 17-апрелде каттоодон өткөн өлкөдөгү жаңы партия экендигин билебиз. Суроону түз эле берсем, сиздердин партия Жогорку Кеңешке шайлоого катышканы жатабы?

– Ооба, “Ордо” партиясы 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоого катышабыз деп ишенимдүү айтып кетем.

– Сиздин көз карашта, бул жолку шайлоо мурунку шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат?

– Бардык жагынан айырмаланат деп ойлойм. Менимче, күтүлүп жаткан окуялар коомдогу эң талкуу жарата турган окуялардан. Жогорку Кеңешке болгон бул жолку шайлоолор тагдыр чече турган шайлоо болот. Эгерде буга чейин шайлоочулардын бир бөлүгү шайлоо жыйынтыктары алдын ала чечилип, алардын добуштары эч нерсеге арзыбай калат деп кайдыгер ойго жетеленип келишсе, эми кыргызстандыктар алардын тандоосуна жараша өлкө тагдыры чечилерин жакшы түшүнүп калышты. Анын үстүнө Кыргызстан шайлоо технологиялары боюнча коңшу мамлекеттерди ат чабым алыс калтырып, электрондук урналарды ишке киргизип, добуш саноонун айкындыгына жетише алдык. Шайлоо кабиналарына бир кездегидей смартфон көтөрүп кирүүгө болбойт. Ар бир шайлоочу Жараткандын алдында жеке абийири менен тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырып кетет элем.

– Партиялык системге карапайым эл эмне себептен ыраазы болбой жатат?

– Улуу муундагы коомчулук бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардын өз шайлоочуларынын алдында жоопкерчилик менен отчёт берип жүрүшкөнүн жакшы билишет. Анда эл өз депутаттарынын дараметин билишчү. Эми болсо эч биринде жоопкерчилик жок. Партиянын лидерлери өз партияларын жеке менчик фирмасындай эле пайдаланып, депутат болчулардын тизмесин өздөрү каалагандай калчап, коомчулуктун көз алдында чоң соодага айлантып, партиялык-мафиялык коррупцияны көрсөтүп жатышат. Ошондуктан айтар элем, “өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” принциби жалпы элдик партиянын табиятына туура келбейт!

– Ушундан улам суроо пайда болуп жатат, эгерде шайлоодо жеңип келсеңиздер парламенттеги депутаттардын тизмесин кантип түзөсүздөр?

– Эң жакшы суроо. Баса белгилеп айтайын, “Ордо” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлерди шайлоочулар өздөрү аныктайт. Ооба, сиз туура эле уктуңуз. Белгилүү болгондой, ар бир партия БШКга 120 талапкердин тизмесин бериши керек. Кыргызстанда 44 район бар болсо, ар бир районго 2-3төн талапкер туура келет экен. Биз ошол ар бир райондун жашоочуларына татыктуу депутат боло алчу талапкерди өзүңөр тандагыла дейбиз. Мындай учурда шайлоочулар өздөрү билген, ошол жерде жашаган, тааныган инсанды “Ордо” партиясына сунуштап, талапкерлердин катарына киргизе алышат. Натыйжада “Ордо” партиясынын катарында аймактардан эле эмес, ар бир райондон депутаттыкка талапкерди көрө алабыз. Бул акыйкат кадам. Ошондуктан биз “Ордо” партиясы – элдик партия деп ишенимдүү айтып жатабыз. Биздин жаңы тарыхта болгон фактыны айтып кетейин, бир райондон 14 депутат шайланып, ал эми 400 миңден ашуун калк жашаган райондон бир да депутат шайланбаган учурлар болгон. Андай нерсе кайталанбашы керек.

– Добуш сатып алууга кандай карайсыздар? Шайлоодогу “миң сомдуктар” сиздердин жакшы максатты тебелеп кетпейби?

– Эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда шайлоо учурунда добуш сатып алуу көнүмүш адатка айланды. Мурдагы шайлоолордо добушун миң сомго баалап келишсе, эми шайлоочулар шайлоо убагында эле керек экенин сезишип, айыл үчүн чоң бир нерсени соодалашып калгылары келишет. Мисалы, жол оңдотуп, свет тартып же суу чыгарып алгылары келишет. Тилекке каршы, мындай ыкма да келечеги жок көрүнүш. Эгерде парламентке азыркы эле жүздөр кайра келишсе, анда гүлдөгөн өлкөнү курам деген кыялдар менен кош айтыша берсек болот.

Биз, “Ордо” партиясы шайлоочулардын өз добуштарын ар кандай формада сатууларына каршыбыз. Бир баштык азык-түлүктөн ашпаган миң сомго, же болбосо бир жаандан талкаланып кала турган жол салдырып алуудан көрө 5 жыл жаны тынбай иштеп бере турган өз талапкериңерди сунуштагыла демекчимин. Өз чөйрөңөрдөн жаштарды өстүргүлө, аларды шайлагыла, мейли ал карапайым болсун, бирок башы иштеген патриот болсун. Бул аң-сезимдүү тандоо болот деп ишендирип кете алам!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
loshad
2020-04-09 09:59:35
Шайлооң шамыраң калсын. Баягы эле өтчүлөр өтүп, калганы калат да. Добуштар уурдалып дегендей...
0
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан