Жашоодо ар адамдын өз көз карашы, түшүнүгү бар. Бирок ата-эне менен балдардын турмушка көз карашы, түшүнүгү дал келбеген, ошонун айынан чыр чыккан учурлар көп. Редакцияга келген каттардын бириндеги каармандын окуясынан улам ата-эне жана алардын балага арткан жүгү, баланын ата-эне алдындагы милдети тууралуу кеп козгоону чечтик. Бул жагдай боюнча коомчулукта пикир ар кыл. Айрым белгилүү инсандардын пикирин угуп көрдүк.
“Кайненемдер жашообузга кийлигишет, дайыма акча сурашат”
– Жолдошум экөөбүз 10 жылдан бери чогуу жашайбыз, 3 балабыз бар. Мендеги маселе – кайненем менен кайнатамдын бизди тынч койбой, доомат артып “бизди багасыңар” дей беришкенинен улам бутубузга тура албай келе жатканыбыз. Биздин эмдигиче өз үйүбүз жок. Балдар болсо чоңоюп келе жатышат. Күйөөм болсо жакшы адам.
Түшүнүктүү болсун үчүн баарын башынан айтайын.
Күйөөм 2 бир тууган. Кайним үйлөнгөндөн кийин биз өзүбүзчө райондун борборуна батирге бөлүнүп чыкканбыз. Бирок кайнатамдар жашообузга кийлигишип, “эмне кылып жатасыңар, канча таап жатасыңар, ай сайын бизге акча бересиңер” дей беришти. Күйөөм берген акчага кайнатамдар үстүнө кошуп, “бизди ташыйт” деп кайниме машина алып берип коюшкан, үйлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.
Кайним улам аял кетирип отуруп, төртүнчү ирет үйлөндү. Кеткен аялдарынан 2 бала кайненемдин колунда калган. Кайним болсо сезондуу иштерге чыккан болот, калган учурда үйдө. Анын балдарын бакканга биз жардамдашышыбыз керек экен.
Кийин биз Бишкекке көчүп келип, батирге чыкканбыз. Мен балдар менен үйдөмүн. Кайнатамдар “балабыз бизди бакканга милдеттүү” деп каалаган учурунда чалып, акча сурашат. Салбай койсок урушушат же шаарга келгенде жаңжал чыгарышат. Түшүнөм, бала ата-энени багышы керек, бирок биздин өз үйүбүз жок, балдарыбыз менен көчүп-конуп жүрбөйбүзбү?! Акчанын айынан күйөөм ата-энеси менен көп урушчу болду. Кайнатам менен кайненемдин экөөнүн тең жогорку кан басым жана башка оорулары бар. Диета кармап, той-топурга азыраак барып, ден соолуктарыңарга карап жүрүңүздөр деп айталы десек бизди угушпайт. Күчтүү тамакты жешет, алыс-жакынына карабай той, шеринелерге барышат, айыл кыдырышат, анан оорушат. Бишкекке бизге келип “доктурга жаткыргыла, дарылаткыла” дешет.
Күйөөмдүн тапканы ошентип эч нерсеге жетпей карыздап жашайбыз. Кайнатамдар айылдагы биз там салабыз деп алган жер тилкени сатып, акчасын жок кылышкан. Оорубай шаарга жөн келген учурда деле кайненем “элдин балдарына окшоп кийим алып бербейсиң, курортко жибербейсиң” деп наалый берет.
Ата-эне үй-бүлөлүү, али бутуна тура элек баласына жүк болуп, кыйнаганы туурабы? Алар менен кантип тил табышып, абалды жөнгө салса болот?
Айжамал, 35 жашта, Бишкек
“Кыргыздар – ата-энени барктоонун үлгүсү”
Шайлообек Дүйшеев, акын:
– Кыргыздар илгертеден ата-энени сыйлоонун, барктоонун үлгүсү катары саналган улут. Кайната, кайненени сыйлап, урматтаган элбиз. Элибиздин менталитетине ата-энени бакпай коюу деген нерсе жат. Ата-эне баласын багып, чоңойтуп, окутат. Анан бала кантип ата-энесин карабай, материалдык жардам бербей коюшу керек? Баланын кичинесиндеги эркелеп кежирленгенине ата-эне чыдайт, бала деле карыган ата-эненин капризине чыдап коюшу керек.
Учурда балдарым иштеп бутуна туруп алсын деп неберелерин алып калып, үйү бала бакча болуп отурган кайнене, кайнаталар көп. Балдарынын багуусуна муктаж оорукчан ата-энелер да бар.
Кыскасы, ар кимдин жашоосу ар кандай. Бирөөнүн жашоосун жакындан билбей туруп ата-эне же бала антиши-минтиши керек деген туура эмес.
Бирок заман улам өзгөрүлүп, ошондон улам жаштардын жашоого көз карашы да өзгөрүлүүдө. Мисалы, “төрөбөйм, чай куйбайм” дегендер чыкты. Чай куйгандын эмнеси жаман, кайра келин бата алат.
“Той, айылдан калбаган ата-энеге бала акча берүүгө милдеттүү эмес”
Чубак Жалилов, аалым:
– Шариятта “эң жакшы адам үй-бүлөсүнө карамдуу адам” деп айтылат. Эгер уулу өз үй-бүлөсүн багып жатса сүйүнүп, тобо келтириш керек. Ата-эне үстүндө үйү, кийими бүтүн, дасторконунда наны болсо, ошого шүгүр кылып ысык чайын ичип, тынч отурсун, уул-келинине жүк болбой. “Эмерек алат элек же жаңы үй салат элек” деп уул-келинине банктан насыя алдыртып, анан аны “төлөп кутулгула” деп аларды чет жерде иштегенге айдап ийгендер бар. Айрымдары “силерге үй-жай кылып беребиз, барып акча тапкыла” деп жиберип ийишет да, акчаларын өздөрүнө коротуп, уул-келини акчадан жок калышат. Ошентип уруш-талаш чыгат, ажырашуулар болот. Элге мактануу, ашыкча дүйнө жыйноо үчүн уул-келинди, өзгөчө келинди кыйнап иштетүү, акчасын алуу – арам.
Ата-эне той, айыл, шеринеден калбай кыдырып жүрсө, анда алар өздөрүн эптей алат, аларга балдар акча берүүгө милдеттүү эмес. Балдар бутка турууга аракет кылуусу шарт.
“Багуу менен ата-эненин каприздери эки башка нерсе”
Самат Аалканов, психолог:
– Ооба, балдар ата-энени сыйлап, аларга кам көрүүбүз керек. Бирок алардын “каприздерин” аткаруу аларды багуу болуп эсептелеби, кеп ушунда.
Окурман жиберген каттан биз эмнени билип жатабыз? Өз жашоолоруна жоопкерчилик албаган ата-энени. Алар кежир, эрке балдарга окшош. Эгер бала “чипсы жейм, жумуш жасабайм, компьютерде ойнойм” десе эмне кыласыздар? Албетте, “зыяндуу эмес, пайдалуу тамакты же” деп урушуп, компьютерден алыстатууга аракет кыласыздар. Катта жазылган ата-эне да ушундай мүнөз көрсөтүп жатат. Алар тойго, айылга барып, ден соолуктарын ойлобой тамак жеп, андан ырахат алгылары келишет. Бирок акчаны максатсыз түгөткөндөрүн же ооруп калышса туура эмес тамактануудан оорусу козголгондугун моюндарына алгылары келбейт. Өз кызыкчылыктарын гана ойлошот. Балдарга кам көрүү, аларды сыйлоо дегенди арткы планга жылдырышкан. Алар башкалардан кем калабызбы деген көз карашты карманып, куру намыстын кулу болгондор.
Айжамал, сиз өзүңүздү курмандык катары эсептеп, кейип отура бербеңиз. Ата-энелер эски кишилер, аларды биз оңдой албайбыз (бирок ойлонушуп, сиздерди кыйнашпаса жакшы болмок). Өзүңүздөн бул жашоодон эмнени каалайм, эмнеге жетишишим керек деп сурап, ойлонуп көрүңүз. Аракет кылыңыз, ар тараптан өсүңүз. Күйөөңүздү карап отура бербей, үйдөн деле бир нерселерди жасап сатыңыз, акча табыңыз. Өз жашооңуздарды оңдоп кетүүгө далалат кылыңыз.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg