КОРОНАВИРУС: ЖЕР ШАРЫНЫН ШАШТЫСЫ КЕТТИ

Коронавирус – Жер планетасынын №1 көйгөйүнө айланып, адамзатты дүрбөлөңгө салды. Эки жарым айда дүйнө коронавирус пандемиясынан эмне жоготту, алдыда кандай коркунучтар
турат?

Эскертүү: макаладагы цифралар 18-марттагы көрсөткүч боюнча жазылды

Статистика

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, коронавирус (COVID-19) 160 өлкөдө катталды. Вирусту жуктуруп алгандар 198 миң 981 адамга, каза тапкандар 7994 адамга жетти. Айыккандар 82 900 адам. Вирусту жуктуруп алуу көп катталган алдыңкы бештик бул:
Кытай – 81 074 адам, Италия – 31 506 адам, Иран – 16 169 адам, Испания – 11 826 адам, Германия – 9367 адам.

Үч өлкө “вирустун мизи кайтты” деди

Пандемиянын башаты болгон Кытай 12-мартта “биз эпидемиянын туу чокусунан өттүк” деп жарыялады. Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясына киргизилген карантин жеңилдетилип, анын борбору Ухан шаарында убактылуу түзүлгөн 16 оорукана бүт жабылды. Кытайдын лидери Си Цзиньпин 10-мартта коркпой-үркпөй вирустун очогу болгон Ухан шаарына барганы Кытай үчүн оор күндөр артта калганынын далили деп кабыл алынды. 1,3 миллиард калкы бар Кытайда бул вирусту жуктуруп алгандар кескин азайды. “Эпидемиянын мизи кайтты” деген билдирүүнү Ирандын президенти Хасан Рухани да, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да жасады. Бул өлкөлөрдө да вирусту жуктуруу көрсөткүчү ылдыйлап жатат. Өкүнүчтүүсү, оор жоготуулардан кийин гана. Кытай коронавирустан 3241, Иран 988, Түштүк Корея 81 жаранын жоготту.

Европа: Эпидемия күчүндө

Айрым өлкөлөрдө вирус артка чегингени менен, Европада тездик менен тарап жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европаны “коронавирус пандемиясынын борбору” деп жарыялады. Италия бүгүн коронавирустан запкы тартуу жагынан Кытайдан кийинки орунда турат. 60 миллион калкы бар Италияда карантин жарыяланып, супермаркеттер менен дарыканалар гана иштеп жатканы кабарланып жатат. Өлкө бийлиги жарандарын зарыл иш болбосо үйдөн чыкпоого, тазалыкты жана тартипти туура сактоого чакырууда. 18-мартка карата Италияда 1809 адам каза тапты. АКШ, Улуу Британия, Австралия, Орусия, Испания, Франция, Германия өңдүү ири державалардын да абалы ушундай, четинен чек араларын жаап, массалык иш-чараларга тыюу салып, карантин жарыялоодо. Мисалы, жүз миңдеген мекендешибиз иштеген Орусия 1-майга чейин чек арасын жапты.

Борбордук Азиядагы абал

Борбордук Азияда вирус каттала элек 2 гана өлкө калды, алар Тажикстан жана Түркмөнстан. Казакстанда бул вирус 13-мартта аныкталып, жуктуруп алгандардын саны 35 адамга жетти. Өзбекстанда алгачкы бейтап 15-мартта катталып, жуктуруп алгандардын саны учурда 13 деп айтылууда. Кыргызстанда вирус жуктуруп алган 3 адам аныкталды.

Вирус жуктуруп алган атактуулар

Дүйнөгө белгилүү актёр-актрисалар, саясатчылар, спортчулар да бул вирусту жуктуруп алышты. Мисалы, актёр Том Хэнкс жана жубайы, лондондук “Арсенал” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Микель Артета, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы, Австралиянын ички иштер министри Питер Даттон, “Ювентус” футбол клубунун коргоочусу Даниеле Ругани жана башкалар. Көпчүлүгү вирусту башка өлкөдөн жугузуп алышкан.

Футбол: Ири беттештер токтотулду

Коронавирус пандемиясы, футболчулардын вирус жуктуруп алуусунан улам УЕФА ири футболдук беттештерди токтотууга аргасыз болду. 13-мартта Чемпиондор Лигасы менен Европа Лигасынын оюндары артка жылдырылды. Мындан тышкары Европадагы, Америкадагы Өлкө чемпиондуктары, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары убактылуу артка жылдырылды.

Экономикалык кризис

Коронавирус дүйнөлүк экономиканы оор кризиске кептегени турат. Адистер “вирус ондогон миллиард долларды жалмаганга жетишти, бул башталышы гана. Ар бир өлкөнүн бийлигине эпидемияны токтотуу, жабыркаган жарандарды жана бизнести колдоо үчүн салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миллион, миллиарддарды коротууга туура келет” деп коңгуроо кагууда.

Бул жагдай Кыргызстанга да тиешелүү. 14-мартта Коопсуздук кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус экономикага сокку урарын айтты. Бюджетти үнөмдөө, ар кандай чакырыктарга өлкө даяр турушу керектигин эскертти.

Чиновник “жоготууларга даяр тургула” деп сооротту

Улуу Британиянын пре­мьер-министри Борис Жонсондун элге “жакындарыңарды жоготууга даяр болгула” деген кеңеши сынга кабылды. Чиновник “бул саламаттыкты сактоо тармагындагы эң оор кризис. Мен ачык айтышым керек: дагы көптөгөн үй-бүлөлөрдү жакынын мезгилсиз жоготуу күтүп турат” деп англиялыктарды кырдаалга даяр турууга үндөгөн эле. Пессимисттик маанайдагы билдирүүсү үчүн ушундай эле сын “калктын 70 пайызына вирус жугушу мүмкүн” деген Германиянын канц­лери Ангела Меркел­ге да айтылды. Бирок азыркы кырдаал­ды “баары жайында” деп түшүндүрүү мүмкүн эместигин цифралар көрсөтүүдө.

Этияттыктан, тартиптен башка арга жок

Дүйнөлүк абалды карасак, азыр башкысы, этияттык жана жеке гигиенаны туура сактоо зарыл. Көрүнүп тургандай, экономикалык дөө-шаалар да жарандарына “үйдөн чыкпай тургула, гигиенага көңүл бургула” дегенден башка кеңеш айта албай жатат. Азырынча коронавируска каршы атайын вакцина жок. Демек, вирусту жолотпоо, же жеңил өткөрүү ар бир өлкөнүн, ар бир жарандын жеке даярдыгынан жана коргонуу аракетинен көз каранды. Кыргыз жеринде да факты катталды, эми тартипке баш ийип, жаса дегенди жасап, баспа деген жакка баспай, "боло берет" деген кайдыгерликти таштоо керек болот...

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aiza-esenalieva
2020-03-23 19:09:35
Кудайым озу сактасын!
+2
Usow
2020-03-25 18:15:15
Аллах сактасын
+1
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан