ТАЛАСТА КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ДЕЗИНФЕКЦИЯЛООЧУ 2 ТУННЕЛЬ КУРУЛДУ

Учурда өкмөттүн көзүн карабай өз аракеттери менен эл үчүн пайдалуу иштерди жасап жаткандар көп. Учурдагы эпидемиялык кырдаал ушундай иштерге жол ачууда. Талас обулусунун Талас районундагы элдин камын көргөн мырзалар коронавируска каршы 2 дезинфекциялоочу туннелди жасап, колдонууга беришти.

Адылбек Жусупбеков, Талас шаардык кеңешинин жетекчиси:

Чет өлкөлөрдөгү коронавируска каршы дезинфекциялоочу туннелдерди интернеттен көрүп отуруп, мындайды эмнеге өзүбүз жасоого болбосун деген ой келди. Алгач андай туннель үчүн кандай материалдар керек, макети кандай болушу керек деп ойлондум. Анан бул идеям менен Талас шаардык жылуулук тармагынын жетекчиси Мирлан Мамадалиевге кайрылсам, ал менин идеямды колдоду. Экөөбүз долбоорун иштеп чыктык. 2 туннелди тең Мирлан Мамадалиев өзүнүн кызматкерлери менен бирге 2 күндө бекер жасап беришти. Материалдары менен камсыздоо менин моюнумда болду.
Туннелдердин бийиктиги 2 метр 30 сантиметр, туурасы 2 метр.

Туннелдер үчүн колдонулду:

  • Диаметри 25 миллиметрдик 35 метр түтүк
  • 10 даана сууну буу кылып чача турган систем
  • 1 насос (550 ваттык)
  • 25 метрлик газ шланга
  • Баннер (сыртына)
  • Антисептик үчүн атайын 2 идиш

Жалпы чыгым: 30 000 сом.

Туннелдердин бири Талас шаарынын чыгыш жактан кире беришине, экинчиси Талас районунун Талды-Булак айылындагы санитардык постко коюлду.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Aiza-esenalieva
2020-04-13 11:52:31
Таласты жакшы карагыла эч кимди киргизбей эч кимди чыгарбай. Таласка жукпасын!
+6
ady-88
2020-04-13 12:21:57
Админ неге супер инфо гезити толук чыкпады бул санда
-4
admin_portal
2020-04-13 12:54:11
ady-88, саламатсызбы! https://www.super.kg/kabar/news/303163/
-2
Pikir-add
2020-04-14 01:42:32
Аз да болсо жакшылык көптөй көрүп алып койгула тунельдерди
Мен ойлоптурмун вакум түрүндө курулган деп
Так таак
-4
Store
2020-04-15 17:10:13
Аты жөнүн жазбай эле койсо болмок экен раз сооп иш жасагысы келсе. Бирок кыйраткан деле нерсе жасабаптыр, аты жөнүн жарыялагыдай.
-3
anonymous
2020-04-16 16:23:33
Вирус адамдын ичинде болот сыртынан дезинфекция кылса өлбөйт ооруган адам өзү билбей киргизиши мүмкүн.
-1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан