Карантиндеги Бостон айылынын тургуну: “ЖАЙ ТУРМУШТУН БАРКЫН ЭМИ ТҮШҮНҮП ЖАТАБЫЗ”

Кыргызстанда алгачкы болуп COVID-19 илдети Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда катталган. Учурда вирус катталган айылдар катуу карантинде. Андай айылдардын бири – Бостон. Кыймыл-аракет катуу чектелген бул айылда турмуш кантип өтүүдө? Дыйканчылык иштери кантти? Элдин маанайы кандай? Айылдын тургундары менен байланышып, ал жердеги реалдуу абалды сурадык.

“УЧУРДА АЙЫЛДЫН 12 ТУРГУНУ КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛЫШКАН”

Коронавирус менен ооругандардын саны канча? Вирустун жайылышын токтотуу жаатында кандай иштер жасалууда? Бул маселелер тууралуу Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирланбек Калмаматов айтып берди:

Биздин айыл өкмөткө караштуу айылдардын ичинен коронавирус чыккан айыл болуп Бостон саналат. Аталган айылда 512 түтүн бар. Жашоочулардын саны 2600 адам. Бостондон 17-март күнү 46 жаштагы 1 эркек кишиден коронавирус табылган. Ал киши башкалар менен кошо кичи ажылык сапарга барып келген экен. Ал кайтып келген соң жакындары келип учурашкан. Илдет аныкталары менен, эртеси 18-март күнү айылга карантин режими жарыяланып, айылдын 4 тарабына блокпосттор коюлуп, аларды кайтарууга күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери келишти. Ошондон бери блокпосттор алына элек.

Коронавирус жуктуруп алган адам ошол күнү ооруканага жеткирилип, аны менен байланышта болгондордун баары медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Ал эркек 14 күн ооруканада жатып, дарыланып, айыгып чыкты. Анын келинчегине да вирус жукканы аныкталып, ал да дарыланып, айыгып чыкты. 4 баласы бар экен, бактыга жараша, алардын вирус жуктуруп алганы аныкталган жок.

17-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин (14-апрелге карата) Бостондо коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 12ни түзүүдө. Алар менен жакын контактта болгон айылдыктардын саны 121ди түздү. Алардын баары четинен текшерүүдөн өтүп, катуу көзөмөлгө алынып, изоляцияда. Вирус табылгандардын эң кичинекейи 7 жашта. Бактыга жараша, ал бала айыгып чыккан.

Аталган айылда фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана оорукана бар. Коронавирус менен ооругандар Жалал-Абад шаарындагы ооруканага жеткирилип, ошол жакта дарыланышат. ФАПтын жана оорукананын кызматкерлери коргоочу медициналык кийимдер менен жабдылган. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн имараты Бостон айылынан 6 чакырым алыстыкта. Имаратка жакын жерде «Тез жардам» станциясы бар. Ал да айылдыктарга кызмат өтөөдө. Кыскасы, айылда вирустун мындан ары тарабашы жана токтошу үчүн болгон аракеттер жасалууда.

Биздин айыл өкмөттө коронавируска каршы штаб түзүлгөн. Анын курамында 17 айылдын башчылары, мен жана башкалар болуп, жалпы 30 адамбыз. Баарыбыз айылдарда, анын ичинде Бостондо элге коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп, карантиндин бардык талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп жатабыз.

Жазгы дыйканчылык иштерине келсек, айыл башчылар болуп акылдашып, дыйкандардын күйүүчү май менен жеткиликтүү камсыз болушуна аракет кылуудабыз. Талаа иштери бир калыпта жүрүүдө. Бостондуктар мал жана дыйканчылык менен тиричилик кылышат. Айылда аз камсыз болгон 90 үй-бүлө бар. Аларга мамлекет тарабынан азык-түлүктөр берилүүдө. Ишкерлер да өз жардамдарын көрсөтүштү. Айылда 3 дүкөн бар. Анда азык-түлүк жетиштүү. 50 килограммдык ундун баасы учурда 1700 сомду түзүүдө. Ун жагынан тартыштык жок.

“АЙЫЛ ЭЛИ БАШЫНДА ТОҢ МОЮНДУК КЫЛЫП ЖАТКАН...”

Бостон айылынын башчысы жана жашоочусу Калыс Калыбаев буларды айтат:

Коронавирус катталган 17-марттан бери айылда тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өзүм баш болуп көчөмө-көчө кыдырып, текшерүүгө алуудабыз. Айылда 20 чакты көчө бар. Карантин жарыяланган соң көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери башталган. Учурда ар бир 4 күндө дезинфекция иштери аткарылып жатат.

Жазгы айыл чарба иштери токтобой жүрүүдө. Анткени кыштын камын жазда көрбөсө, учуру келгенде баарын сатып алууга туура келет. Абал мындай болуп турганда каражат тартыштыгы, албетте, баарында эле жаралууда. Жакыр үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан ун, май, күрүч сыяктуу азыктар таратылып жатат.

Коронавирус катталган алгачкы күнү айылдыктардын көбү ишенип-ишенбей жатышты. Айрымдары тоң моюндук кылып көчөгө чыгып кетип жатышкан. Эртеси блокпосттор коюлуп, карантин жарыяланганда абал олуттуу экендигин сезип, тыйылып калышты. Көчөгө чыккандарды айылдыктар өздөрү да тыя башташты. Абалды кичине балдар деле түшүнүп калышты. "Коронавирус илдети токтосо айылчылайбыз, тигини-муну кылабыз" деп жай турмуштун, бири-бирибиздин баркыбызды билип жатабыз. Карантин качан бүтөт деп сурагандар аябай көп.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан