Коронавирустун очогунда жүргөн врач: «ЭПИДЕМИЯ БАШТАЛГАН 3-4 КҮН БИЗГЕ АБДАН ООР БОЛДУ»

Учурда (17-апрелге карата) Кыргыз өлкөсүндө COVID-19 жуктуруп алган дарыгерлердин саны 116ны түзүүдө. Көпчүлүк «дарыгерлерди жетиштүү коргобой жатат, врачтар өмүрүн тобокелге салып иштешүүдө» деп өкмөттү сындоодо. Коронавирустун очогунда болсо да, Ош облусунун Ноокат райондук ооруканасы азырынча бир да дарыгерине вирус жуктурбай сактап келе жатат. Бул мыкты жеке коргонуунун натыйжасы болсо керек. Аталган ооруканада иш кандай жүрүүдө? Учурда эң башкы көйгөй эмне болууда? Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов убактысы тартыш экенине карабай «Супер-Инфо» гезитинин суроолоруна жооп берип, ак халатчандардын коронавируска каршы күрөшү тууралуу маек курду.

«ДАРЫГЕРЛЕР ЖЕТИШТҮҮ КОРГОЛГОН»

– Умрага барып коронавирус илдетин жуктуруп келгендердин эң көбү биздин аймакта. Ажылыктан келип той өткөрүшкөн. Тойго көптөгөн адамдар барып, оору жайыла баштаган. Коронавирус симптомдору билинген бейтаптарды ооруканага алып келе баштаган алгачкы 3-4 күн бизге абдан оор болду. Белгисиз, мурда бизде катталбаган оору, албетте, чочулатты. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин, эпидемиолог, вирусологдордун берген көрсөтмөлөрү менен абалды жөнгө салып кетүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Дары-дармек, врачтарды коргоочу атайын туюк костюмдар, бет кап, респиратор, бутка атайын резина өтүктөр, аппараттар жана башка зарыл жабдыктар Бишкектен шашылыш алып келинди. Коронавирус илдети табылгандар өз-өзүнчө бокс палаталарга, алар менен контакт болгондор өзүнчө толук шарты бар жайларда обсервацияга жаткырылып, дароо толук кандуу иш башталды. Бизде биринчи ирет коронавирус катталып жатса да, ишти биринчи күндөн баштап жолго коюп, врачтардын вируска чалдыгуу коркунучунун алдын алдык. Биздин утушубуз ушул болду. Оорукананын абалы, бокс палаталардын шарты жогорку деңгээлде.

«ООРУНУН ОЧОГУНДА ЖҮРГӨН ДАРЫГЕРЛЕРДИН КИЙИМДЕРИ ӨРТТӨЛӨТ»

– Врачтар кезектешип иштеп жатышат. Бир нөөмөттө 4 реаниматолог, 2 врач, 2 медайым, 2 санитарка болот. 6 саат иштегенден кийин нөөмөттү тапшырышат. Нөөмөткө кийип кирген кийимдерин атайын дезинфекцияланган зона уюштурулган, ошол жерге эрежелери менен чечип, атайын баштыктарга салышат. Чечилген кийимдер коргонуучу кийимдерди кийген комиссиянын катышуусунда өрттөлөт, протокол түзүлөт. Врачтар ар бир жолу нөөмөткө кирерде жаңы комплекттеги коргоочу кийимдерди кийип, респиратор тагынып, колдоруна медициналык кол кап, буттарына резина өтүктөрдү кийип, коргоочу көз айнек тагынышат. Башкача айтканда, толук эпикировкаланат. Ар бир нөөмөт сайын булардын баары өрттөлүп турат. Андай кийимди чет өлкөдө атайын мештерде өрттөшөт экен. Андай меш бизге жакында чет өлкөдөн алынып келингени турат. Медициналык кызматкерлер 3 маал тамак менен камсыз болушууда. Алардын иммунитеттери түшүп, ооруга туруктуулугу төмөндөбөшү үчүн жашылча, жемиштерди берип жатабыз. Тамактары жогорку калориялуу. Ар бир врачты поливитаминдер топтому менен да жабдып жатабыз. Сменден чыккандан кийин кызматкерлер атайын уюштурулган жатаканага барып эс алышат. Ушундай режимде 14 күн иштеп, анан 14 күн обсервацияда болушат. Анализдер тапшырылат, керек учурда рентгенден өтүшөт. Ошентип 28 күн дегенде бошойт. Анан үйүнө кыска мөөнөткө барып, жакындарына көрүнүп эле кайтканга болот. Анда да эрежелер, көрсөтмөлөрдү карманышы керек.

«КОРОНАВИРУСТУН АРТЫ МЕНЕН ЧОҢ ТАЖРЫЙБАГА ЭЭ БОЛУП ЖАТАБЫЗ»

– Обсервацияда жаткандар да, бокс палатада жаткандар да 3 маал ысык тамак менен камсыз кылынууда. Оорукана, врачтар тамактануучу жай, чечинүүчү жайлар, обсервация да толук дезинфекциялоодон өтүп жатат.

Биринчи толкунда коронавирус менен ооругандар жана обсервациядагылар, Кудайга шүгүр, айыгып, таза болуп чыга башташты. 3 күн мурда коронавирус менен жатып дарыланган 17 адамды, обсеравациядан 23 адамды чыгардык. Баарынын акыркы 2 анализдери тең таза чыкты. 15-апрелде обсервациядан 33 адамды чыгардык. Алардын баары үйлөрүнө барган соң жергиликтүү медицина кызматкерлердин тыкыр текшерүүсү менен көзөмөлдө болушат. 3 күндөн кийин дагы коронавирустан айыккандарды, обсервацияда жаткандардан да бир топ кишини чыгарабыз деп турабыз.

Дары-дармекке келсек, баары жетиштүү. Кычкылтек терапиясын жүргүзүү үчүн 23 аппарат бар, азыр алардын бешөө колдонулууда. Ал аппараттар ооруган адамдын оорусу пневмонияга өтүп, демигип, дем ала албай баштаганда колдонулат. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар Орусиядан алып келинген.

Бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту дарылоо, обсервация жаатында көп тажрыйбага ээ болдук. Азыр башка аймактагы ооруканаларга кеңештерди берип турабыз. Кеңеш демекчи, биз башынан эле Бишкектеги врач профессорлор менен 24 саат бою онлайн түрдө бейтаптардын абалы, дарылоо жаатында кеңешип турабыз жана алардын кеңеши, дарылоо жаатында түзүлгөн протокол боюнча иш алып барабыз. Тажрыйба ушинтип топтолуп жатат.

«ИММУНИТЕТИ КҮЧТҮҮ АДАМ ООРУБАГАНЫ МЕНЕН, ВИРУСТУ ТАРАТУУЧУ БОЛУП ЖҮРӨ БЕРЕТ»

– Коронавирус адамга жуккандан кийин кандайча өнүгөт дейсиздерби? Адамдын дене табы көтөрүлөт, аздан жөтөлө баштайт. Ушинтип 3-4 күндө оор түрүнө өтүп, өпкөнү катуу жабыркатып салат. Жакшы карап, дарылоо менен айыктырууга болоруна кепилдик бар. Айрым иммунитети күчтүү адамдар вирусту жуктуруп алганы менен, анда оорунун белгилери билинбейт. Качан гана канынан анализ алынганда вирус бар экени аныкталып чыгат. Бирок андай адам өзү оорубаганы менен, вирусту алып жүрүүчү, таратуучу болуп жүрө бергендиги менен коркунучтуу.

Обсервацияга жаткырылгандардын ичинен 9 айлык баланын анализинен коронавирус чыкты. Көрсө, анын чоң атасы умрадан келгенден кийин сен да ажы бол деп ырымдап баланын оозуна түкүргөн экен. Бирок балада оорунун симптомдору жок, ооруган эмес. Апасы менен чогуу жаткырылып, жакшы болуп чыгып кетти.

Вирусту жашы өтүп калгандар, өнөкөт оорусу барлар көбүрөөк жугузуп алып, оору оор өтөт. Андыктан карылар өтө абайлашы керек.

«ДАРЫГЕРЛЕР БЕЙТАПТЫН ҮСТҮНӨ 1 КҮНДӨ КАНЧА ЖОЛУ КИРЕТ?»

– Врачтар палатага бир күндө 2-3 ирет кириши мүмкүн. Эгер бейтаптын абалы оорлошсо дагы 2-3 ирет кириши ыктымал. Ар бир киргенде 3-5 мүнөт убакыт бөлөт. Мынча убакыт вирусту жугузуп албоо үчүн каралган. Ал эми дарты пневмонияга өтүп, реанимацияга түшкөн ар бир бейтапка 2 реаниматолог врач бөлүнүп, медициналык процедураны үзгүлтүксүз жүргүзүп турушат. Бейтаптын абалын коргоочу каптама менен капталган чөнтөк телефонго жазат, аны бейтаптын оору тарыхына көчүрөт. Биздин оорукана компьютерлештирилген. Ар бир врач компьютер менен иштейт. Телефону колдонулган соң дезинфекцияланат.

Окурмандарга айтарым, ар бир адам өзүн вирустан сакташы керек. Дарт бат өнүгөрүн жана өпкөнү иштен чыгарып саларын эскертебиз! Оору белгилери билинген адам оорусун жаап-жашырып, башкаларга жугузбашы зарыл. Адамдык сапатты, жоопкерчиликти эстен чыгарбаш керек. Карантин шартын сактап, колду бат-бат жууп, антисептиктерди колдонуңуздар!
 

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
serche
2020-04-17 13:49:11
Мыкты жетекчи экени корунуп турат. Азаматсыздар! Ишиниздерге ийгилик! Ден соолукта болунуздар!
0
guli-1980
2020-04-17 19:18:26
Ноокат аймактык оорукананын бокс палаталары жогорку денгээлде дегенге ишенбейм. 2017-жылы тороп роддомдо жаттым. Же суу жок же шарт жок. Туалетке кирип болбойт. Аман эле болгула
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан