Коронавирусту жеңген бейтап: «ООРУНУ ОБСЕРВАЦИЯДАН ЖУГУЗУП АЛДЫМ ОКШОЙТ»

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын арасында чет өлкөдөн жугузуп келгендер, алар менен байланышта болуп жугузуп алгандар, ооругандарды дарылап жүрүп жугузуп алган медициналык кызматкерлер да бар. Биздин бул жолку каарман коронавирусту чет өлкөдөн келгенден кийин обсервациядан жугуздум деп күмөн саноодо. 18 күн ооруканада жатып, айыгып чыккан айым ооругандагы сезимдери, обсервациядагы жана ооруканадагы абал, врачтардын мамилеси тууралуу ачык айтып берди. Бир гана өтүнүчү аты-жөнүн жарыя кылбоо болду.

«15 АДАМДЫ БИР БӨЛМӨГӨ ЖАТКЫРЫП КОЮШТУ»

– Мен 18 күн ооруканада жатып, айыгып чыктым. Бул үчүн Кудайга, анан врачтарга ыраазычылык билдирем. Сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн баарын башынан айтып берейин.

Кесибим боюнча юристмин. Жашым 45те. Турмуш шартка байланыштуу эжем экөөбүз Бириккен Араб Эмиратына кетип, ошол жакта иштеп жүргөнбүз. Мен ал жакта ресторан бизнеси менен алектенем. Коронавирус пандемиясына байланыштуу эжем экөөбүз мекенибизге кайтууну чечтик. 24-мартта биз Дубайдан Бишкекке учак менен келип кондук. Бизди ошол жерден түз обсервацияга алып кетишти. Атайын даярдалган жатаканага алып барып, бизди кошуп жалпы 15 адамды бир бөлмөгө жайгаштырышты. Ал кезде аба ырайы суук болчу, үшүп жаттык. Биз Дубайдан оорубай эле, оору белгилери жок келгенбиз. Обсервацияда «эмнеге бир бөлмөдө көптөн жаткызып жатат, коронавируска чалдыккандар арабызда болсо башкаларга жугат да» деп санааркап жаттык. Бирок биздин сөзүбүз ошол бойдон калды, натыйжа чыккан жок. Тамак, анан желим бөтөлкөдөгү суу менен камсыз кылып жатышты. Анализибизди алышкан. 24-26-март күндөрү обсервацияда болдук. Анан «анализиңер таза чыкты, үйгө чыгарабыз» дешкенде жолдошум келип алып кетти. Үйдө 2 адам бар болчу, ал кезде балдар үйдө болгон эмес. Үйгө келгениме 2 күн болгон соң врачтар чалып, «анализиңден коронавирус чыкты, азыр алып кетебиз» дешти. Ошентип Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып келишти. Дарылана баштадым, кайрадан анализдерди алышты. Мени менен контактта болгон үй-бүлө мүчөлөрүн да текшеришти, алар таза чыгышты. Эжемдин анализи да таза чыкты. Болбосо чогуу келгенбиз, чогуу обсервацияда бир бөлмөдө болгонбуз.

Мени менен үйдө контактта болгондор 14 күн обсервацияга жаткырылып, жыйынтыгы таза чыкты.

Мен вирусту обсервациядан жуктуруп алдым деп күмөн санайм. Жогоруда айткандай, 15 адамды 1 бөлмөгө тыгып салбаш керек болчу.

«ООРУ БЕЛГИЛЕРИ КАНТИП БАШТАЛДЫ?»

– Чынында, мен вируска кабылганымды билген жокмун. Обсервациядан үйгө келгенде тамагым кызарып, эки далым тырышып оорутту. Тамагымдын кызарганы кетпей койду. Дене табым биринчи күнү 37,2 градус, кийинки күнү 37,8 градус болду. Бирок жөтөлгөн жокмун. Далым тырышканда банка койдургам. Өзүмдүн өнөкөт ларингит (тамак оорусу), анан бронхит оорум да бар болчу. Ошолор козголдубу деп койдум.

Ооруканага алып келгенден кийин анализимден вирус бар деп чыкты. Бокс палатага жаткырышып, нымдуу салфетка, антисептик, даарат кагазы, маска, 3 маал ысык тамак жана башка керектүүлөр менен камсыз кылып турушту. Врачтар бейтаптардын оору стадиясына карап, ошого жараша бир күндө канча ирет кирүү керек болсо, ошончо ирет кирип карап, абалын байкап, сурап турат окшойт. Менин оорум жеңил болгондуктан, башкача айтканда, пневмонияга өтпөгөндүктөн, врач 1-2 маал кирип жатты. Вируска каршы дары-дармектерди бекер беришти. Ал эми дарылардын аттарын билбейм, аны дарыгерлер келип таштап кетип жатышты. Палатаны санитарка убак-убагы менен хлорлоп жууп, буюм, эмеректердин сыртынан бери аарчып кетип жатты. Врачтар, медайымдар баары мага психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, «буюрса, айыгасың» деп көңүлүмдү көтөрүп жатышты.

Менин айтайын дегеним врачтардын маселеси. Алар 1 нөөмөттө атайын кийимдерин чечпей 6 саат иштешет. Коргоочу көз айнектери бууланып кетет. Баары коргоочу кийим, респиратор сыяктуулар менен жабдылганы менен, костюмдары айрымдарыныкы чоң. Байкуштар скотч менен чаптап, ылайыктап, кичирейтип алышкан. Айрымдардыкы бир аз кичирээк өлчөмдө. Ага карабай өз иштерин так аткарып, жандары тынбай иштеп жатышты. Жумуштары кооптуу, оор экенине өзүм күбө болдум. 14 күн катары менен иштеп, кайра 14 күн обсервацияда болушат экен. Бейтаптардын ден соолугу деп жүрүп, өздөрүнө вирусту жугузуп алуу коркунучу чоң эле экен. Үйлөрүнө барбай 28 күн жүрүшөт. Алардын деле бака-чакасы бар, аларды сагынат да. Иште жүргөндүктөн үйүндөгүлөрдүн маселесин чечүүгө убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жок. Баарын ойлоп отуруп алардын иши согуштагыдай экен дедим.

«ООРУ БЕЛГИЛЕРИ БАЙКАЛСА ЖАШЫРБАГЫЛА, ЭРТЕ КАЙРЫЛГЫЛА»

– Мен коронавирусту өз башымдан өткөргөн адам катары айтарым, ооруну оңой көрбөгүлө. Оору белгилери билинер замат ооруканага баргыла, жашырбай «Тез жардамга» чалгыла. Башкалардын ден соолугу сиздердин чечкиндүүлүктөн, олуттуу көз караштан көз каранды. Эрте кайрылса айыгып чыгууга толук мүмкүн экенин менин мисалымдан билдиңиздер.

«Врачтар карабайт, дарылоочу дарылары жок экен» дегендерге айтарым, башка ооруканада кандай экенин билбейм, бирок мен жаткан ооруканада баары талаптагыдай экен. Үйгө чыккандан кийин 14 күн карантинде, врачтардын байкоосунда болот экенбиз. Мени айыктырып чыгарган оорукананын медицина кызматкерлерине ыраазымын.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Supsuluu
2020-04-23 00:42:21
Бир мактап берчи ишенбегендер учун деген го. Экен, экен, экен.
0
Arstan18.18
2020-05-12 18:02:12
Ошого айтамда келбегиле чыкпагыла силер таза болсонор обсервацияга жатканда ОБЩИИ жатып жуктуруп анан дагы батташасынар
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан