Махабат Аксой, Түркияда жашаган мекендеш: «ТҮРКИЯДА ЭКИ КҮН ҮЙДӨН ЧЫКПОО ЭРЕЖЕСИ КИРГЕНДЕ ЭЛ ДҮРБӨЛӨҢ ТҮШТҮ»

Кыргыздын эмгек мигранттары көп өлкөлөрдүн бири – Түркия. Коронавирус илдети аталган өлкөдө да кеңири жайылып, өлкө бийлиги кескин чараларга барды. Ал өлкөдө бүгүнкү абал кандай? Чектөөлөрдү түрк эли кандай кабыл алды? Учурдагы кырдаалды 10 жылдан бери аталган мамлекетте жашап жаткан Махабат Аксой айтып берди.

«БИЙЛИКТИН БИР АЙЛЫК АРАКЕТИ ТЕККЕ КЕТКЕНДЕЙ ЭЛЕ БОЛДУ»

– Аты-жөнүм – Махабат Аксой. Түркияда жашап, иштеп жатканыма быйыл 10 жыл болду. Анталия шаарында жашайм. Билсеңиздер керек, Анталияда жыл бою туристтик сезон. Мен отелде меймандарды жайгаштыруу тармагында иштейм. Кадимкидей эле иштеп жүрсөк, март айынын ортосунда Стамбулда 33 киши коронавирус жуктуруп алганы жарыяланды. Түркия тезинен авиакаттамдарды жабууга өттү. Баарыбыз дүрбөлөңгө түшө баштадык. Отелдеги туристтер, алардан өтүп биз бири-бирибизден корунуп, болушунча коргонуу чараларын көрө баштадык. Бардык туристтер өз мекенине кайтышты. Алардын арасында абалды түшүнбөй, «бизди тынч эс алдырбайсыңар» деп урушкандар да болду. 25-мартта мен иштеген отель жабылып, жетекчилер «мамлекет 60 пайыз айлык акыңарды төлөп берет» деп бизди белгисиз мөөнөткө коё беришти. Ал эми иштеген күндөрүбүздүн айлыгын толук төлөп беришти. Ошентип 27-марттан тарта үйдөн чыкпай отуруп калдык. Анталиянын мэриясы ар бир үйгө 4 даанадан бет кап таратты. Эшикке бет капсыз чыгууга тыюу салынды. Ал эми 65 жаштан өйдө жана 20 жашка чейинки жарандарга үйдөн чыгууга такыр эле тыюу салынды. Бул жарандар эшикте жүрүп кармалып кала турган болсо, 300-400 доллар айып төлөшөт. Азык-түлүккө муктаждык жаралса, атайын номерге чалып алдырса болот. Эгер каражаты жок болсо, ал жаранды мамлекет каржылайт. Өткөн жумада 2 күн – ишемби, жекшемби күндөрү эч бир жаран эшикке чыкпайт деген эреже киргизилди. Ошондо эл бир заматта дүрбөлөңгө түшүп, баары дүкөндөргө азык-түлүк алганга чыгып алышты. Мамлекеттин бир ай кылган аракети текке кеткендей эле болду. Бийлик элдин бул аракетине нааразы болду. Азыр да ишемби жана жекшемби күндөрү эч ким эшикке чыкпашы керек.

«САЛЫКТАРДЫ УБАКТЫЛУУ ЖОЙДУ, ЖУМУШЧУЛАРДЫ МАЯНАСЫЗ КАЛТЫРГАН ЖОК»

– Мамлекет жарандарына колунан келген жардамын берип жатат. Жарандар 6 айга салыктардан бошотулду. 1 жылдан кем эмес убакытта мамлекетке салык төлөп расмий түрдө иштеп жаткан, акыркы 2 айда жумуш которбогон жумушчулардын маянасынын 60 пайызын мамлекет төлөп берип жатат. Аз убакыт бир жумушта иштеп же сезон учурунда гана иштеп жүрүп, карантин учурунда ишсиз калган түрк жарандарына күнүнө 40 лирадан (500 сомго жакын) төлөнүүдө. Мен азыр 15 күн эс алып, 15 күн отелде күзөтчү болуп иштеп жатам. Жумушум жеңил эле. Кимдер чыгып-кирип жатканын карап, текшерем. 15 күнгө жараша айлык төлөп беришет. Отелде жалпы 500гө жакын жумушчу бар. Азыр 20 чакты киши ар кандай жумушта иштеп жатабыз.

Жеке ишкерлерге мамлекет карантин учурунда жардам катары жылына 4,5 пайыз менен кредит берип жатат. Кредитти 3 жыл ичинде 6 айда бир төлөшөт экен. Бул жакшы жардам. Менин жолдошум да ушул кредитти алып иштеп жатат. Анын өзүнүн чакан бизнеси бар. Жолдошум экөөбүз эки балалуубуз. Үй-бүлөбүз менен тиешелүү гигиенаны сактап, эрежелерге баш ийип коронавирустан сактанып жатабыз.

Бул жактагы кыргыздар тууралуу айтсам, кыргыз коомдору муктаж болгон жарандарына азык-түлүк таратып колунан келген жардамдарын берип жатышат. Мен тааныган кыргыздардын жашоо шарттары жаман эмес. Жардамга муктаждарды кезиктире элекмин. Эгер кимдир бирөөгө жардам керек болсо, бул жактагы кыргыздар өзүбүз эле акча чогулта калып жардам берип коёбуз. Кудай сактасын, кыргыздардын арасынан коронавирус жуктуруп алды дегенди уга элекпиз.

«МАТЕРИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДЕН УЛАМ ОКУУМДУ ЖАРЫМ ТАШТАП ТҮРКИЯГА КЕЛГЕМ»

– Эми Түркияга келип калганым тууралуу. Студент кезимде үйдө материалдык маселелер жаралды. Ошол себептүү окуумду аяктай албай, тааныштардын жардамы менен акча табуу максатында Түркияга келгем. Башында бир улгайган кемпирди карап иштедим. Андан кийин отелдерде иштеп калдым. Түрк жигитине турмушка чыккам, 4 жыл мурун Түркиянын жарандыгын алдым. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Кыргызстанга бир жылда бир же эки жолу барып турам. Ал жактагы туугандарым, досторум менен сүйлөшүп калсам, көпчүлүгү «Кыргызстанда жумуш жок, болсо да айылыгы аз» деп даттанышат. Мен алардын көбүн Түркияга чакырып алгам. Эжем, жездем, сиңдим да ушул жакта иштеп, жашашат. Ата-энем да келип-кетип турушат. Алардын, өзүмдүн документтеримди бүтүрүү үчүн чуркап жүрүп документ иштерин жакшы түшүнүп калгам. Башка кыргыздарга да жардамым тийсин деп 2016-жылы документ иштери боюнча кыргыз жарандарына жардам берген агенттик ачкам. Азыр эки жумушта иштейм. Агенттигимде жумуш берүүчү менен жумушчулардын ортосунда келишим түзүп, Кыргызстандан жумушчуларды алып келип, алардын легалдуу иштеши үчүн документтерин бүтүрүп берем. Азыр коронавирус жоголуп, жай турмушка өтүп, баарыбыз өз жумуштарыбызды улантсак экен деп гана тиленип жашап калбадыкпы. Биз дагы туризм жааты эмне болот, жумушубуз эмне болот деп кабатырланып жатабыз. Бул жактагы кыргыз жарандарынын көбү туризм жаатында иштешет да. Дүйнөдө тынчтык болсо экен.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан