Үйү өрттөнүп кеткен жаран: «ВАГОНДО КҮН КЕЧИРИП ЖАТАБЫЗ»

«Карантинде эл катары үйдө отуралы десек үйүбүз жок, эч нерсеси калбай күйүп кетти» деген Жайлообаевдердин үй-бүлөсү учурда вагондо күн кечирип жаткан чагы. 10 жылдан бери тапкан-ташыганын жумшап, айлыгын чогултуп отуруп курган үйүнүн бүгүнкү күндө кара-ала болгон дубалдары эле калган.

«ҮЙҮБҮЗ КӨЗ АЛДЫБЫЗДА КҮЛГӨ АЙЛАНДЫ»

Мирлан Жайлообаевдин үй-бүлөсү Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында жашайт. Өрт кырсыгы ушул жылы 13-апрелден 14-апрелге караган түнү болгон.

– Кырсыктан жабыркаган эч ким болгон жок. Азыр башыбыз аман калганга эле сүйүнүп отурган чагыбыз. Үйдө 2 балам, келинчегим, бажамдын биздин колдо окуп жүргөн баласы жана мен болуп 5 адам жашайбыз. Уктап жатканбыз, бир кезде балдар чуркап келип эле «өрттөнүп жатабыз» деп кыйкырып ойготушту. Мен дароо экинчи кабатка, өрт чыккан жакка жөнөдүм. Үйдө суунун басымы аз болгондуктан, акырындан агат. Идиштерге суу толбой жатты. Колдон келишинче суу чачып, өчүрүүгө аракет жасап жаттык, майнап чыккан жок. Тилсиз жоо алдыңкы кабаттагы уктоочу бөлмөгө да түшө баштады. Ошондо аны токтото албасыбызга көзүм жетти да балдарды, келинчегимди эшикке чыгардым. Эң кичүү уулум көчөгө чыгып элден жардам сурап чуркап жүрдү. Келинчегим болсо нес абалда эле туруп калды. Калган үчөөбүз чакалап суу ташып чачып аттык. Аңгыча кошуналар келе баштады. Баарыладык, жыйынтык болгон жок. Бир кошунабыз келинчегимди дары берип тынчтандырганы үйүнө алып кетти. Баарыбыз жылаңаяк, үстүбүздө кийим жок, уктап жаткан кийимибиз менен эле качып чыгыптырбыз. Кошуналар бут кийим, жылуу кийим алып келип беришти. Үйүбүз көз алдыбызда 20 мүнөттүн ичинде күйүп кетти. 1 сатка чукулдаганда өрт өчүрүү кызматы келди. Бирок ал маалда өрт басаңдап, өчөйүн деп калган. Келип бир аз иштегенден кийин суусу түгөнүп калды. «Үйүңөрдөн суу чыгабы?» дейт. «Ооба» десем, «калганын өзүңөр өчүрүп алгылачы» деп кетип калышты. Чынында күйчүсү күйүп, дубалдар эле калган болчу. Алар келгенде жумшак эмеректер, жууркан-төшөк, жыгач эмеректер күйүп бүтүп калган. Анын баарын өзүбүз чакалап суу ташып өчүрдүк. Ал эми өрттүн келип чыгуу себептери аныкталган жок.

«10 ЖЫЛДАН БЕРИ САЛЫП ЖАТКАН ҮЙ БОЛЧУ»

– Келинчегим экөөбүз тең «Кыргыз Темир жолу» ишканасында эмгектенебиз. Экөөбүздүн маңдай тер менен тапкан айлык акыбызды жумшап жатып, 10 жыл дегенде куруп бүткөн үй болчу. Ал тургай үстүңкү бөлүгүн бүтүрүп жетише элек болчубуз. Куруучу жалдаганга чамабыз келбегендиктен өз колум менен салгам. Жер тилкесине жетпей, кезек күтүп канча жылдарды өткөрдүк?

Үйдөн бир учук алып чыкканга да жетишпей калдык. Келинчегим өзүбүздүн үй деп сүйүнүп, идиш-аяк коллекциялачу. Жууркан-төшөк, эмеректерибиздин баарын толуктап, үзүрүн эми көрүп баштаганбыз. Ал тургай документтерибиз, акча, банктык карталар, балдарымдын китептери, кыскасы, эч нерсе калбай күйүп, жылаңач эле өзүбүз калдык. Эл-журттун бары жакшы экен. Таш-Мойнок айылынын элине учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетейин. Алар эртеси үйдүн күйгөндөн калган калдыктарын ташып, 3 КамАЗ таштанды чыгарышты. Келинчегимдин эжеси азыркы жашап жаткан вагонду алдырып келип, идиш-аяк, күнүмдүк тиричиликке керектүү буюм-тайым менен камсыздап берди. Андан тышкары кошуналарыбыз дагы чоң жардам кылып жатышат. Адам өлсө деле көргө жалгыз кетип, тапкан дүнүйөсүнүн баары сыртта калат тура. Ден соолук болсо, Кудай өмүр берсе кайра курап алабыз.

«БААРЫН КАЙРАДАН БАШТОО КЕРЕК»
– Азыр бир уюбуз бар. Ошонун сүтүн саап, сатып оокат кылып жатабыз. Болгон кирешебиз ошол. Иштеп ары-бери чыгып акча таап келейин десең азыр карантин. Үйдөн чыга албайбыз. Ошондуктан элге кайрылып жардам суроого аргасызбыз. Документтин баарын кайра калыбына келтириш керек. Кыш түшкөнчө эптеп 2 бөлмөлүү болсо да үй курууга жетишүү зарыл болууда. Аманчылык болсо күз менен балдардын окуусу башталат, ага даярдык көрүшүбүз керек. Айтор, кайрадан жаңы жашоо башташ керек болот. Келинчегим кеч киргенде эле ичинен сызып отуруп ыйлап калат. Аял киши үчүн оор эле болот экен. Кайрымдуу адамдар жардам колун сунуп, азык-түлүк таштап кетип жатышат. Айыл башчыбыз элибизге жай турмуш кайтып жолдор ачылса эле кум, шагыл түшүрүп беребиз деди. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырма берген экен. Ошондон кийин курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат деп үмүттөнүп калдык.

Турак жайсыз калган үй-бүлө азыр жардамдын кандай түрүнө болбосун муктаж. Эгер Жайлообаевдин үй-бүлөсүнө жардам берем дегендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

Байланыш үчүн телефон: 0500 960 700

ЭЛСОМ: 0706 053 545

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
katerina.li
2020-05-11 10:21:13
Жардам берели,элим барсынбы. Садака акчаны которсонор деле бир топ акча тушуп калат
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан