Нью-Йорктогу кыргыз медайым: «ЭКИ БЕЙТАБЫМ БИР УЧУРДА КАЗА БОЛГОНДО ӨЗҮМДҮ СОГУШТА ЖҮРГӨНДӨЙ СЕЗДИМ»

Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 вирусу жалпы адамзаттын шаштысын алып турган күндө АКШда жашаган кыргыз медайым, ооруканада коронавирус менен күрөшүп жаткан мекендешибиз Нуркыз Эшенова менен байланыштык. «Өлүмдүн жыты бар экенин билесизби? Мен ишимде бул жытты дайыма сезем. Сезбесем экен деп Кудайга жалынам. Акыркы 4 жума менин жашоомдогу эң оор күндөр болду. Мынча көп адамдын өлүмүн көрөм деп эч убакта ойлогон эмесмин. Бул мен үчүн абдан оор. Жүрөгүм ооруп, абдан көп көз жаш төктүм. «Бейтаптарыма канчалык жардам бере алдым?» деп көп ойлоном» дейт каарманым.

– Саламатсызбы, Нуркыз? Маегибиздин башында өзүңүз тууралуу кыскача маалымат алсак...

Саламатсыздарбы? Менин аты-жөнүм Нуркыз Эшенова. Бишкек шаарында төрөлүп, Таш-Дөбө айылында чоңойгом. Азыркы учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында жашайм. Бул жакка келгениме 10 жылдын жүзү болду. Студенттик виза менен билим алуу максатында келгем. Өз күчүм менен медициналык колледжге тапшырып, 5 жыл билим алдым. Окуп жүргөн кезде көптөгөн кыйынчылыктар башымдан өттү. Ага карабай көздөгөн максатыма жетип, окуумду ийгиликтүү аяктадым. Акыркы 3 жылдан бери Бруклиндеги Кингсбрук ооруканасынын онкология бөлүмүндө медайым болуп иштеп келе жатам.

– Учурда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар менен түздөн-түз иштешет экенсиз...

Ооба, биздин ооруканага COVID-19 менен ооруган алгачкы бейтап 20-мартта келип түшкөн. Күн санап аталган вирусту жуктуруп алган бейтаптардын саны абдан көбөйдү. Эки жуманын ичинде эле биздин ооруканада дарыланып жаткандардын 98 пайызын коронавирус менен ооруп жаткандар түзүп калды. Болгондо да дээрлик көпчүлүгү оор абалда келгендер. Ал эми анча оор эместерин кайра үйлөрүнө жөнөтүп, эч жакка чыкпай, башкалардан обочолонуп, үй карантининде болууга чакырууга аргасыз болуп жаттык. Ошол себептен ооруканадагы бардык медицина кызматкерлери COVID-19 менен күрөшүү үчүн квалификациядан өттүк.

– Ооруканага бейтаптар алгач кандай абалда келип жатышты?

Көпчүлүгү дене табы көтөрүлүп, башы, дене мүчөлөрү ооруксунуп, дем алуусу кыйындап жатканын айтып жатышты. Алар жаңы келген кезде жакшы эле сүйлөп жатышкан. Кээ бири тез эле сакайып кетти. Тилекке каршы, көпчүлүгүнүн абалы начарлап, аба жетишпей, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга туташтырып жаттык. Статистика боюнча, мындай аппаратка кошулган абалдагы бейтаптардын 80 пайызы каза болот экен. Чынында эле көбүн жоготуп алдык. Мен иштеген бөлүмдө 40 бейтапка орун даярдалган. Ошол 40 адамдын ичинен күнүнө 2-3 адам каза болуп жатты. Бул баарыбыз үчүн абдан оор болду.

– АКШда аталган вирустан каза болгондор абдан көп болууда. Өлүк сактоочу жайлар толуп, каза болгондорду кабыл албай жатышат деген маалыматтар айтылууда. Чын эле ушундайбы?

Ооба, мисалы, биздин оорукананын өлүк сактоочу жайы 2 жумада эле толуп калган. Сыртка эки оор жүк ташуучу унаага чегерилген тоңдургуч алып келип коюшкан. Өлгөндөрдүн денесин ошол жакка салып жатышат. Каза болгон адамдын денеси жакындарына түз берилбейт. Шарт боюнча, атайын бюролор аркылуу жерге беришүүдө.

– Азыркы кырдаал медицина кызматкерлерине моралдык жактан абдан оор. Чарчасаңыз керек?

Албетте, моралдык гана эмес, физикалык жактан да оор болуп жатат. Бул пандемияга Америка эле эмес, бүткүл жер жүзү, адамзаты даяр эмес болчу. Ошол себептен башында бизде да коргонуу каражаттары жетишсиз болду. Бирок азыркы учурда баары жетиштүү. АКШ бай өлкө болгонуна карабай, карапайым калк да колунан келишинче бири-бирине колдоо көрсөтүп, кайрымдуулук кылып жатышат. Униформадан тартып, тамак-ашыбызга чейин бекер берип жатышат. Чарчайбыз, албетте. Коргоочу кийимдерди 5-6 саат киебиз. Бул убакыт аралыгында дем жетишпейт, бетибизге так түшөт, тулку денең жабык болгондуктан ысып, тердейсиң. Бул абдан ыңгайсыздык жаратат. Бирок ага карабастан колубуздан келишинче жардам берип, иштеп келебиз. Кээ бир кесиптештерибиз чыдай албай, ишин таштап кетип жатышат. Ошол себептен медицина кызматкерлери жетишсиз. Мурда мен 5-6 бейтапты карасам, азыркы күндө алардын саны онго жетет. Алардын абалын улам текшерип, дары-дармегин берип, кычкылтек жетиштүү деңгээлде берилип жатканын көзөмөлдөп турушум керек. Суткасына 12 саат иштейм. Бейтаптарым айыга баштаса, алар менен кошо сүйүнөсүң, абалы начарлап кетсе, алар менен кошо кайгырасың. Жаны үзүлүп баратканын сактап калууга болгон аракетиңди жумшайсың. Каза болуп калса, ыйлайсың. Ал тургай үйгө келип алып да бейтаптарды эстеп ыйлайм.

– Кыргызстанда көптөгөн медицина кызматкерлери вирусту жуктуруп алышты. Сиздерде андай коркунуч канчалык?

Жаңылыктардан карап, бул жаатта мекенимден кабар алып турам. Албетте, абдан кейиштүү окуя. Америкада дагы коронавирус диагнозу аныкталган врачтар, медицина кызматкерлери көп. Биз менен чогуу иштеп жүргөн 5 кесиптешибиз каза болду. Ал эми ооруга чалдыккандарына азырынча эч кандай компенсация төлөнгөн жок. Бирок төлөнөт деп айтып жатышат. Ал эми ооруну иш ордунда жугузуп алган Кыргызстандын дарыгерлерине, жалпы эле медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүшү керек деген ойдомун. Себеби абдан эле аз айлык алышат. Ага карабастан, үй-бүлөсүн жумалап, айлап көрбөй, оору менен күрөшүп жаткан кесиптештериме алкыш жана таазим.

АКШ менен Кыргызстандын дарыгерлери алган айлыктарды салыштырууга болбойт. Асман менен жердей айырмасы бар. Мисалы, Америкада, мен иштеген Нью-Йорк шаарында дарыгерлер аз дегенде саатына 150 доллар, ал эми медайымдар болсо саатына 50 доллардан жогору алышат. Ошондуктан Кыргызстанда өкмөт, биринчиден, жалпы эле медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүшү керек деп ойлойм. Анан алар учурда жалпы элдин колдоосуна муктаж дейт элем.

– АКШдай улуу держава да коронавирустан коргоно албай калды...

Башта айтып кеткендей, бул нерсеге бүткүл адамзаты даяр эмес болчу. Анан да мындай жыйынтыкты эч ким күткөн эмес. Бул абдан чоң ката болду. Эртерээк алдын алганда, балким, азыраак киши бул ооруга чалдыкмак. Эми бул дүйнө жүзүнө сабак болду. Азыркы учурда АКШда, статистика боюнча, 45 миңдин тегерегинде адам каза болуптур. Бул абдан чоң жоготуу. Дүйнөдө бул илдет менен мыкты күрөшкөн, убагында реакция кылып, башка өлкөлөргө үлгү боло алчудай жооп кайтарган өлкөлөр Түштүк Корея, Сингапур, Тайван болуп жатат. Ал эми АКШ менен Европа кеч кыймылга келишти. Кыргызстанда болсо, менимче, убагында өзгөчө абал режимин киргизип, элди үйдө болууга үндөп жатышат деп ойлойм. Бул абдан туура чечим. Ошондуктан азыркы учурда Кыргызстандын абалы башка өлкөлөргө караганда жакшы. Андыктан мекендештериме айтарым, ооруп, ооруканада жаткандан көрө, ден соолукта, жакындарыңыз менен үйдө отурган миң эсе артык. Жеке гигиенаны сактап, колду тез-тез жууп, адамдардын арасында 1-2 метр аралыкты кармаңыздар. Эгерде дене табыңыздар көтөрүлүп, көкүрөк туш кысылып, аба жетпей жаткан белгилерди байкасаңыздар, дароо медициналык жардамга кайрылыңыздар. Тоо коюнунда жашаган кыргыз элимдин иммунитети жогору болот, дүйнө эли менен биргеликте бул ооруну жеңип чыгабыз деп ишенем.

– Кыйын кырдаалда жүрөгүңүзгө катуу таасир берген окуя тууралуу айтып берсеңиз...

Мындан эки жума мурун бир убакта эки бейтабымдын абалдары начарлап кетти. Медициналык персонал жетишпейт. Жалгыз болгондуктан алардын бирин гана тандап, жардам бере аласың. Тилекке каршы, ошондой тандоо кылууга туура келди. Бири жашыраак, экинчиси улуураак адам эле. Бирине өзүм чуркап, экинчисине ыкчам жардам тобун чакырдым. Ошентсе да, тилекке каршы, экөөнү тең сактап кала албадык. Ошол окуя жүрөгүмө абдан катуу тийди. Өзүмдү чын эле согуш учурунда жүргөндөй сездим. Мындай тандоо согуш учурунда эле болчу да. Бул чындыгында согуш.

– Убакыт бөлүп, маек бергениңизге рахмат. Түйшүктүү ишиңизге ийгилик каалайм. Алыста аман болуңуз.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
PeRa
2020-04-22 20:45:52
Саатына көп акча төлөнөт деп медиктерди азайтып, койкаларды азайтып салганы үчүн Америка жетишпей жатат да.
0
Asel69
2020-04-24 07:47:13
Жакшынакай айым экен.
0
Dushabolna
2020-04-24 19:20:37
Айлык кобойсо го мейли бизде. Эптеп окууну Акча менен бутуп, канчасы журот.
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан