Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы врачы: “ДАРЫГЕРДИН КАДЫРЫ ЭМИ БИЛИНИП ЖАТАТ”

2020-жылдын 23-апрелине карата Нарындын Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 52ге жетти. Алардын төртөө медицина кызматкери. Коомчулукта Ат-Башы райондук ооруканасында медперсоналдарды вирустан коргоочу кийимдер, атайын каражаттар жетишсиз деген маалыматтар айтылууда. Бул чынбы? Ат-Башыда эпидемияга каршы күрөш кандай жүрүүдө? Жообун аймактык оорукананын директору Илим Бейшеналиев айтып берет.

– Илим мырза, саламатсызбы? Түшүнөбүз, учурда бардык жерде абал оор. Негизги жүк медицина кызматкерлеринин моюнунда турат. Иш арасында маекке убакыт тапканыңызга рахмат. Жумуш кандай жүрүүдө?

– Рахмат бизден кабар алганыңыздарга. Врачтар өздөрү берген Гиппократтын антын бузбай, суткалап уктабай, үй бетин көрбөй иштеп жатышат. Врачтарга буга чейин көңүл бөлүнбөй, алды 10 000-15 000 сом, арты 5000-6000 сом айлыкка иштеп келе жатышкан. Элге биздин керек экенибиз пандемияда билинди. Айлык аз, врачтардын толук кандуу иштешине шарттар жок болгондуктан, өлкөбүздө врачтардын көбү чет өлкөлөргө иштегени кетип калышкан. Андыктан өлкөдө врачтардын тартыштыгы чоң. Ошонун кесепети эми тийип жатат. Райондук ооруканаларда бир ууч жамаат пандемияга каршы турууга аргасыз болууда. Жамаатка күч келүүдө.

– Демек, кадрлардын жетишсиздиги сиздерде да башкы маселе экен да?

– Ооба, бизде врачтар жетишпейт, коронавирус менен ооругандарды карап дарылаган врачтар 10дон ашык. Бишкектен 9 врач жардамга келди. Эмгек жамаатыбыздагы жашы 60тан ашкан врачтарыбызга вирус жугуу, ооруп калуу коркунучу жогору болгондуктан, алар коронавирус жугузуп алгандарды дарылашпайт.

– Врачтарга, медайымдарга кандай шарттар түзүлгөн? Аларды жумушка атайын унаа ташып жатабы?

– Райондун борбору кичине эле аймакты ээлейт, андыктан врач, медайым, санитаркалардын үйлөрү деле ооруканага жакын. Унаа ташыбайт. Өздөрү барып, келишет. Медициналык кызматкерлерге 3 маал ысык тамак берилет. Коронавирус менен ооругандарды карап, дарылаган медициналык персоналдар 14 күн иштеп, 14 күн обсервацияда болушат.

– Коомчулукта айтылып жаткан маалыматтарга таянсак, сиз жетектеген ооруканада медициналык кызматкерлерге коргоочу кийимдер, каражаттар жетишпейт...

– Маалымат туура эмес. Бизде бул маселе өлкөдө вирус катталган биринчи күндөн тарта эле чечиле баштаган. Учурда 20 күнгө жетерлик коргоочу кийимдердин топтому бар. Башкача айтканда, туюк коргоочу кийим, респиратор, резина өтүк, медициналык кол кап, бет каптар жетиштүү. Коргоочу кийимдер менен каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинен, акимчиликтен, райондун активдүү жаштарынан, жеке адамдардан келүүдө.

– Коронавирус менен ооругандарды дарылаган врачтардын айлыгы көтөрүлгөн, бирок кошулган акча толук эмес, анын 70 пайызы гана берилет деген сөздөр чыкты...

– Марттын айлыгын алышкан, коронавирус менен ооругандар ооруканага апрелдин башынан баштап түшө баштагандыктан, апрелдин айлыгы учурда эсептелип жатат. Ар кимдин иштегенине жараша айлык чыгат.

– 23-апрелге карата Ат-Башыда 52 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын канчасы сиздердин ооруканада дарыланып жатат?

– 52синин баары бизде жатат. Бүгүн 2 бейтап айыгып, аларды ооруканадан чыгарганы турабыз. Буюрса, жакын арада калгандары четинен айыгып чыга башташат.

– 4 дарыгер да вирус жуктуруп алды деп маалымат берилүүдө. Алар кандайча жана кантип жугузуп алышкан, себептери такталдыбы?

– Жок, тактала элек. Бирок айтып койчу нерсе, алардын арасында биздин оорукананын бир да медициналык кызматкери жок. Башкача айтканда, биздин ооруканада вируска чалдыккан эч ким каттала элек. Бул да болсо кызматкерлерди коргоочу кийимдер менен толук камсыздаганыбыздын, туура кийинүү, чечинүүнү, башкача айтканда, коргонуу ыкмаларын туура, жеткиликтүү түшүндүрүүнүн натыйжасы деп ойлойм. Бизге ар бир медициналык кызматкердин өмүрү маанилүү.

– Бейтаптардын абалы кандай?

– Бейтаптардын көбүнүн оорусу жеңил түрдө өтүүдө. Жандандыруу бөлүмүндө бирөөсү да жок, болбой эле койсун ылайым.

– Дары-дармек жетиштүү элеби?

– Кудайга шүгүр, керектүү дары-дармектердин баары жетиштүү. Ал тургай кору 5-6 айга жетет.

– Медициналык кызматкерлерге өкмөт тарабынан азык-түлүк берилгенби? Алардын үй-бүлөсүнө кам көрүлүп жатабы?

– Ооба, өкмөттөн, элден келген азык-түлүктөр айрым кызматкерлерге таратылды. Дагы берилери күтүлүүдө.

– Өпкөнү жасалма дем алдыруучу канча аппарат бар?

– 5 аппарат бар, алардын төртөө чоңдор, бирөө балдар үчүн. Алардан тышкары 28 концентратор (өпкөнү жасалма дем алдырат, мурун аркылуу киргизилет) бар. 40тан ашык пульсоксиметр аппараты менен да жабдылганбыз.

– Врачтар нөөмөттөн чыкканда чечкен кийимдер кандайча утилизация болууда?

– Чечилген кийимдер дезинфекцияланышы үчүн алгач автоклавга салынат, анан утилизацияга кетет.

– Иштин оордугунан дарыгерлер стресске кабылышы мүмкүн. Кырдаалдын бул жагы да эске алынып жатабы?

– Албетте, башында баарында эле вирус жуктуруп алсам үй-бүлөм эмне болот деген кооптонуу болсо керек. Бирок иш, милдет, патриоттуулук сезими белди бекем бууп, кыйынчылыкка тике карап иштөөгө түрттү. Биздин ишибиз – элди, эл ичинде үй-бүлөбүздү, жакындарыбызды сактоо. Пандемия аягына чыккыча тикебизден тик туруп күрөшөбүз. Чогуу аракет менен вирусту жеңебиз. Элдин саламаттыгын башкы планга коюп иштеп жаткан биздин эмгек жамаатка рахмат айтам!

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан