Оорулуу эне: «ӨЗҮМ ҮЧҮН ЭМЕС, БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ЖАШОО УЛАГЫМ КЕЛЕТ»

Күнүмдүк жумушта иштеп, тапкан акчасына эртеңин гана камсыздап жашаган үй-бүлөлөр өлкөдө миңдеп саналат. Учурдагы карантин мезгили дал ушундай үй-бүлөлөрдү нансыз калтырууда. Кайрымдуу адамдардан жана өкмөттөн берилген жардам айрымдарды 1 апталык гана ачкалыктан куткарууда. Ошондой күндөрдү баштан өткөрүп жаткан оорулуу эне бизге оор тагдырын баяндап берди.

«БАЛДАРЫМДЫН АТАСЫНЫН БАРЫНАН ЖОГУ ЖАКШЫ»

Эркегүл Кенжешова оорусун санап, аталыштарын айтып отурса баш адашат. «Мындан 9 жыл мурун Таластан Бишкек шаарына келип, 4 баламды багам деп жанымды карч уруп иштеп жүрүп ден соолугумдан ажырадым» дейт. Ал эми балдарынын атасы тууралуу «анын барынан жогу жакшы» деп үшкүрүнөт.

– 4 балам бар. Уулдарымдын кичүүсү, кыздарымдын улуусу турмуш курушкан. Өзүбүз учурда Дордой-1 конушунда батирде турабыз. Мурда Таласта жашачубуз. Мындан 9 жыл мурун күйөөмдүн ичкиликке берилип кеткенинен улам балдар багылбай калып, эптеп тиричилик баштайын деп Таластан борборго келе бергем. Ошондон бери жанымды оозума тиштеп алып тынбай иштегеним иштеген. Эмне жумуштарды гана жасабадым. Даараткана жууган – бул бери эле жагы. Көп жылдар бою Булгаары заводдо дааратканада иштедим. Темселеп бир аз тапкан акчама азык-түлүк алып пирожки, чай алып сатып, дүкөндөргө өткөргөн күндөр болду. Тапкан акчанын бир азына гана балдарга тамак-аш алып, калганын батир акысына чогултам. Ошентип, ачка-ток калып, бирде ысыкта, бирде суукта жүрүп азыр 50гө чыкпай жатып оорумду санасам баш адашат.

Күйөөм айылда калган, андан эч пайда жок. Ушундай абалга келип калышыма анын түздөн-түз күнөөсү бар. Эгерде бизди үй-бүлө ээсиндей болуп кем кылбай бакса, балдарым бели ката электе, мектепти бүтүп-бүтпөй арзыбаган акча үчүн оор жумуштарды жасабай, мен минтип ысык-суукта жүрүп мынча оору арттырбайт болчумун. Балдар атасы миң жинди болсо да танбайт экен. Күйөөм жайлата ар кимдин сугатына чыгып, талаа сугарып, ар кандай иштерди жасап акча табат. Тапканын ичет. Ал эми кышында ишсиз калганда балдарым «ичип алып бир жерге жатып калып, тоңуп өлсө эл эмне дейт?» деп алып келип кыш чыккыча багат. Жаз келгенде кайра ийнеликтей болуп айылына кетип калат. Ушундай адамдын кимге кереги бар? Балдарымдын атасы болгон үчүн гана алардын тандоосун сыйлап үйгө киргизем. Болбосо анын мага барынан жогу жакшы.

«АРЗАН ДАРЫЛАР МЕНЕН ОРГАНИЗМДИ УБАКТЫЛУУ АЛДАП КОЁМ»

– 49га чыктым, ден соолугум начар болгондуктан, салмагым да ашыкча. Мен май чайнап семирип жатпагандан кийин бул кайсы бир оорунун кесепети да. Денемди шишик баскан, дарыгерлер «бооруңуз чоңоюп кетиптир» дешти. «Мүнөздөп тамак жеп, уйдун этин кайнатып шорпосун ичип, ичкен-жегениңизди ырастаңыз, куурулган тамак жебеңиз» деген. Кайдан? Этти бир нече айлап көрбөй калабыз, анан шорпосун ичмек кайда? Мындан 4 жыл мурун грыжадан улам операция болуп, бир туугандарым жардам берип дарыланып чыккам. Ошондо киндигимди алып салышкан. Ич жагым дагы ооруйт. Салмак ашыкча болгондуктан буттарым ооруйт. Бир бутумдун тизесине эт өсүп кеткен дешти. Чымырап, чыдатпай чыгат. Ооруну басаңдатуучу ортофен деген дарыны ичем. Бардык эле оорумду биротоло айыктырып дарыланууга мүмкүнчүлүгүм жок, эптеп убактылуу оору басуучу арзан дарылар менен күн көрүп, организмди алдап келе жатам. Ооруканага жатып дарыланайын десем, ишенесиңерби, такыр акча ашпайт. Тапкан акчабызга бир аз жеген-ичкенибизге деп азык-түлүк алабыз дагы, калганын батир акысына, электр жарыгына деп чогултуп баштайбыз. Батир акысы 4000 сом.

«ЖАШООДОН ТҮҢҮЛГӨНДӨ...»

– Азыр өзүм да ишке жарабай калганыма 1 жылдай болуп калды. Балдарым унаа жуучу жайда иштеп акча табышат. Учурда улуу балам жана мектеп жашындагы кызым менен чогуу жашайм. Кийинки балам былтыр үйлөнүп, жакында эле мени неберелүү кылды. Келиним жакшыраак тыңысын деп экөөнү кызы менен жылуураак батирге чыгаргам. Балам өз тиричилигин кылып, эптеп батир акысын таап, өз арабасын өзү сүйрөп жүрөт. Учурдагы карантин баарыбыздын кендирди кесип, үйлөргө камап койгону кууратты. Эч кимибиз иштебей, ачка отуруп калып жатабыз. Өткөндө Кызсайкал деген ырчы кыз (ред.: Кабылова) келип макарон, май сыяктуу азык-түлүк таштап кеткен. Аны кантип өзүм жалгыз жейм? Жаш балалуу немелерге деп келин-уулума бердим. Андан кийин социалдык фонддон келдик деп 2 килограмм макарон, май-чай алып дагы бирөөлөр келишкен. Ошентип эптеп күн көрүп жатабыз.

Кээде жашоодон түңүлгөндө ушул турмушту кечип кетким келет. Бирок өзүм үчүн эмес, балдарым үчүн жашагым келет. Азыр бардык кыялдарым барган сайын тунарып, көрүнбөй, кол жеткис болуп алыстап кетти. Бир кезде алдыма тоодой максаттарды коюп, менин да үстүмдө үйүм болот, эл катары мен да балдарым менен жетиштүү турмушта жашап, куда-сөөк күтүп бул жарыкчылыктын ырахатын көрөм дечүмүн. Азыр багындым, ал кыялдардын бири жок. Сыйкыр болуп кетип эле үйгө жетип, буту-колумду чоюп отуруп калбасам, башкадан үмүт калбады. Жалгыз бой, оорукчан аял деп өкмөттөн бир эски болсо да үй болсо дейм. Бирок биздин бийликтен жардам болбосуна көзүм жетсе да баары бир үмүтсүз шайтан дейт, болбой эле үмүттөнө берем.

Жардамга муктаж бул үй-бүлөгө колдоо көрсөтөм деген кайрымдуу адамдар
0704 58 60 42 номерине байланышса болот.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-04-29 06:40:15
Тенирим ден соолук берсин.
0
Krai
2020-05-02 00:01:24
Эх жашоо эмнеге эле оорлошуп татаалдашып бара жатасың. Колуман келсе жардам бермекмин бирок...
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан