Үстүндө үйү, бүтүн кийими, алдында ашы болгонуна карабай "тиги жок, бул жок" деп барга шүгүр кылбагандар көп. Биздин бүгүнкү каарман Айчүрөк Закирова 4 баласы менен вагондо жашаганына карабай көчөдө калган 9 адамды кошо багып келе жатат. Бирок 40 күндөн ашкан карантин буларды күнүмдүк таап жеген тамагынан айрып, кыйынчылыкка салууда. Эскирген вагон жана 2 күркөдө оор шартта күн кечирип жатышат.
– Айчүрөк айым, алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз…
– Аты-жөнүм Айчүрөк Зикирова, көп жылдан бери Бишкекте жашайм. Өзүмдүн 4 балам бар. Тагдыр ар түрдүү болот экен, 4 баламды өзүм жалгыз багып, окутуп келе жатам. Балдарыма кошуп түрдүү себептер менен көчөдө калган 10 адамды да жаныма алып, аларга эне ордуна эне болуп келе жатам.
– Алар кимдер, кандайча болуп сиздин колуңузга келип калышты?
– Жашоо кандай болорун эч ким алдын ала билбейт экен да. Турмуш аларды ары калчап, бери калчап, акыры ар кандай себептер менен көчөдө калышкан. Аларга боорум ооруп чогултуп отуруп, саны 10го жеткен. Адамдай болуп жашашсын, ысык-суукта талаалап ооруп калышпасын, ушуларга башпаанек кылып берейин деп өз акчама 2 күркө сатып келип, өзүм жашаган вагондун 2 жагына койдуруп, үй кылып бердим.
Алар мени экинчи апабыз деп калышат. Учурда 8 эркек жана Гүлгаакы деген келин, менин 4 балам болуп ушул короодо күн кечирип жатабыз. Бир жигитибизди жакында үйлөнттүк, ал келинчеги менен батирге чыгып кетти.
– Өзүңүз жашаган вагон канча бөлмөлүү?
– Кире бериште бут чечүүчү жай, анан чакан 2 бөлмө бар. Анын бирин мага сиңди катары болуп калган Гүлгаакыга бошотуп бергем. Берки бөлмөсүндө мен 4 балам менен жашайм. Албетте, тар, бирок айла жок.
– Короого киргенде эле чоң мүшөктөргө толгон желим бөтөлкөлөр көзгө урунду...
– Ооба, башынан эле желим бөтөлкө чогултуп өткөрүп жан багып келебиз. Мен деле 4 баламды ошентип чоңойтуп, окутуп жатам. Ар кимиси ар жактан таап, чогултуп келишет. Мен аларды өткөрүп, акчасын алып келем. Анан баарыбызга деп тамак-ашка акча алып калып, калганын ар кимисине бөлүп берем. Гүлгаакы баарыбызга күн сайын 2 маал 1 казандан ысык тамак жасайт. Ошону бөлүп ичебиз. Коронавируска байланыштуу карантин болгондон бери желим бөтөлкө алчу пункттар иштебей, тамак-аштан кыйналып кеттик. Биздин абалыбызды уккан бир жигит 2 күн катарынан келип азык-түлүк таштап кетти. Эми ал деле ушунча адамга канча күнгө жетерин билбейм. Жаныбыздагы дүкөндөн карызга тамак-аш алып отуруп көп карыз болуп калдык.
– Сиздин бакма балдарыңыздын жашы канчада?
– Алды 54тө, арты бой жетип калган жигиттер. Жашоонун оор тузун татып калган немелер бул жерге келип, адамдай болуп жашап башташканда кадимкидей эреркеп, мага алкыштарын айтып ыйлап калышат. Азыркыга чейин «сиз болбосоңуз жашообуз кандай болмок эле билбейбиз» деп калышат. Бир үй-бүлөдөй болуп калганбыз, баарыбыз бири-бирибиздин мүнөзүбүздү билебиз. Мен кимисинин ичинде кандай күйүт бар экенин билем, ошого аларды аяп турам.
Учурда өзүмдүн 2 балам студент, 2 балам мектепте. Студент балдарымдын контракттарын да желим бөтөлкөлөрдү чогултуп өткөргөн акча менен төлөп келе жатам. 2 күркөдө эски болсо да телевизор бар, ошону көрүшөт. Биздин вагондо болсо телевизор жок, силер көргүлө деп балдарга бергем.
– Бул жерде ушундай абалда канча жылдан бери жашап жатасыздар?
– Мурун башка жакта баш калкалачубуз. Бул жерге келгенибизге 3 жыл болду.
– Бул короо эмне болгон короо? Шаардагы мекемелердин бирине караштуу жерби?
– Бул нан заводго караштуу короо. Бул жерде жашаганыбыз үчүн айына 7000 сом төлөйбүз. Кээде убагында бере албай калсак "чыккыла, бошоткула!" деп кубалашат. Андыктан чакан да болсо жер тилкебиз болсо, баарыбыз батып жашай турган там тургузуп алат элек. Негизи эле оюмда кароосуз калгандар үчүн атайын жай ачайын деген оюм бар. Бул боюнча атайын жазган долбоорум да бар.
– Жер тилке алуу үчүн аракет кылып көрдүңүзбү?
– Мурун мэрияга 2-3 жолу кайрылгам. 5 сотых болсо да жер тилке бергиле, үй-жайсыз адамдарды кошо багып жашаганга деп. Берилбейт деп коюшкан. Өкмөттөн жардам болушунан түңүлүп, өз арабабызды өзүбүз тартып келе жатабыз.
– Ооруп калганда кайда кайрылып дарыланасыздар? Алардын шаарда каттоосу жок болсо…
– Көбүнчө жеке клиникаларга алып барып текшертип, дарылатам. Кымбат алышат, бирок айла жок. Бир врач бар, ошол кээде келип текшерип турат.
– Өзүңүз вагондо жашасаңыз да 9 адамга башпаанек таап берип, аларга жол көрсөтүп келе жатыпсыз. Кайрымдуу адамдарга айтар сөзүңүз барбы?
– Биринчиден, «Супер-Инфо» гезитине рахмат, биздей адамдардан кабар алган. Нускаңыздар көбөйө берсин. Анан албетте, кайрымдуу адамдар чыгып жер тилкесин алууга жардам берсе деген үмүтүм бар. Жер алсак, эптеп үй салып алат элек.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Айчүрөк айымдын телефон номери: 0770467790
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg