СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН ИСФАНА ШААРЫНЫН ТУРГУНУ: “БАЛДАРДЫ КӨТӨРҮП ДӨҢГӨ КАЧЫП ЧЫКТЫК”

2-май күнү Баткендин Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында катуу жаандын кесепетинен сел жүрүп, ондогон үйлөрдү, короо-жайды каптады. Алдын ала эсептөөлөргө таянсак, селдин кесепетинен келтирилген зыяндын суммасы 69 миллион сомду түздү. Биз табигый кырсыктын чордонунда калган Исфана шаарынын жашоочуларынын абалын сурап байланыштык.

 

“КАНАЛ ТОСУЛУП КАЛБАГАНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТИ МЫНЧАЛЫК БОЛМОК ЭМЕС”

Абдулаким Абдурахманов, Исфана шаарына караштуу Исфана-5 айылынын башчысы:

– 2-майда жаандан кийин катуу сел жүрдү. Селге 4 көчө катуу кабылды, аларда 140 кожолук бар. Ал көчөлөр сайдын нугунда жайгашкан. Илгери ал сайда сел жүрүп тургандыгы маалым. Союз кезинде колхоз учурунда ал көчөлөр турган жер айдоо талаасы болчу. Кийин турак жай салганга деп жерди тилкелерге бөлүп берип салышкан. Бирок сел жүрүшү эске алынып, ошол кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кокус сел жүрсө көчөлөрдү сел албасын деп селдин жолуна бетон тосмолорду орнотуп, дамба сыяктуу кылып тоскон. Бирок бул жолку сел күтүлгөн жактан эмес, башка тараптан келди.

Айылдын башында алма бак бар. Ошонун чет жагында канал сымал чоң арык бар болчу. Сел жүрсө сел алгач ошол арыкка куюлуп, ылдый агып кетчү. Кийин тургундар ошол арыкты тосуп, жолун бузуп, үйлөрдү куруп алышкан. Эл “бул жер суунун, селдин арыгы, тоспогула” дешсе, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертсе да угушкан эмес. Жыйынтыгы ушул болду. Негизи мындай сел мындан 40 жыл мурун болгон экен. Эл деле мынчалык күчтүү сел келет деп ойлогон эмес.

Сел келген учурда карантинге байланыштуу элдин баары үйүндө болгону жакшы болду. Бала-чакаларды аман алып калганга мүмкүнчүлүк болду.

Селдин кесепети үйлөргө, короо-сарайларга, жол боюна салынган дүкөн сыяктууларга тийди. Ден соолугунан жабыркаган адамдар болгон жок. Кубаныч уулу Азамат дегендин короосун сел толук каптап, коргон тосмосун кулатып кетти. Азамат азыр үй-бүлөсү менен убактылуу туугандарыныкында жашап жатат. Марс деген жигиттин эшик-терезе жасоо цехин суу алып кетти.

Бир чоң коргондун ичинде ун чыгаруучу, пахта тытуучу, шлакоблок чыгарчу жайлар бар эле, анын баарын, анан 3 кабат жеке менчик клиниканын жер төлөсүн, машина оңдоочу жайды каптады. 10 чакты үйдүн ичине суу кирди.

Чыгымды ар ким ар кандай тартышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо иштерин аткарып жатышат. Исфанада аскерий бөлүк бар. Андагы аскерлер да ӨКМга кошулуп, тазалоо иштерине катышууда. Өкмөт тарабынан материалдык жардам берилет деген маалымат жок. Селден жабыркаган үйлөрдүн ээлери үйлөрүн камсыздандырышкан эмес.

 

 

“ЦЕХ ТАЛКАЛАНСА ДА, ӨЗҮБҮЗДҮН АМАН КАЛГАНЫБЫЗГА ШҮГҮР”

Марс Саттаров, Исфана-5 айылынын Жаңы-Конуш тилкесинин жашоочусу. 37 жашта, 4 баланын атасы:

– 2020-жылдын 2-майында кечки саат алты жарымда катуу сел келди. Биз үйдө үй тиричилигин кылып, келинчегим ооз ачарга деп тамак бышырып жаткан. Сырттан ызы-чуу угулуп калды. Эшикке чыгып, селди көрүп коркуп кеттик. Селден, катуу жамгырда суудан коргосун деп бийиктигин 1,5 метр кылып коргон курган элем. Селдин күчтүү агымы аны дароо эле кулатты да, суу короону каптап кетти.

Үйгө жакын жерде дөңсөө жер бар эле, далбастап балдарды алып ошол жерге чыгып турдук. Кудай жалгап ал жерге чейин суу жеткен жок.

Мурун деле сел жүрчү, бирок мынчалык күчтүү селди көргөн эмеспиз. Селде суунун бийиктиги 1 метр же андан да бийик болду окшойт. Үйдүн ичине чейин суу кирип, 2 бөлмөнү каптады. Өзүм цех ачып, пластик эшик, терезе жасачумун. Ошол цехтин имаратын сел талкалап, ичиндеги даярларын да, эми жасалып жаткандарын да суу агызып, бырын-чырын чыгарып, талкалады.

Балдарыбыз, өзүбүз аман калганыбыз үчүн талкаланган буюмдарга анчалык кайгырып, чыгашаларды эсептеген жокпуз. Баш аман болсо, калганы табылат.

Сел жүргөндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келишип, тазалоо иштерин эл менен кошо жүргүзүштү. Жетекчилери "эмне керек, кандай кем-карчыңар бар?" деп ар бир үйдөн сурап жатышты. Конуштагылардын баары учурда короосунун, үйлөрүнүн ичинде уюп калган баткак, суу менен кошо келген ыпыр-сыпырларды тазалоо, бузулган короо-сарайларын оңдоо менен убара. Айрымдар короосуна жашылчаларды тигишкен эле, аларды да суу алып кетти.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан