КЫЗДУУ БОЛГОНУҢДУ УКПАЙ КЕТТИҢ... “СУПЕР-ИНФО” ГЕЗИТИ МЫКТЫ ДИЗАЙНЕРИНЕН АЖЫРАДЫ

“Супер-Инфо” гезитинин дизайнери Азамат Сагынбаев 6-майда узакка созулган оорудан улам 38 жаш кырчын курагында мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптешибиз соңку жылдары илдет менен күрөшүп келе жаткан.

 

Азамат Сагынбаев 1981-жылы, 16-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң кесип­тик окуу жайларынын биринен верстальщик-дизайнер адистигине ээ болуп, иш тажрыйбасын “Чүй баяны” гезитинен баштаган. Андан кийин бир канча гезиттерде иштеп жүргөн. 2001-жылы “Супер сканворд” гезитинин босогосун аттаган. Ал “Супер-Инфо” гезити түптөлгөндөн бери иштеп келе жаткан ардагер-кызматкерибиз эле.

Азамат 2 айдан кийин 39 жашка чыкмак. Ал өз иши менен далайларды суктанткан, гезитке башкалардан өзгөчө көрк берип, ошонусу менен “Супер-Инфонун”өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит болушуна опол тоодой салым кошкон жигит эле. Азаматтын жетегинде иштеген дизайнерлер тобунун эмгегинин арты менен “Супер-Инфо” бир нече ирет мыкты жасалгаланган гезит катары сыйлыктарга ээ болгон.

Азамат Сагынбаев өз ишин сүйгөн, таланттуу, жоопкерчиликтүү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Артында апасы, жакындары, жубайы жана 3 баласы калды.

Кейиштүүсү, 1-май күнү 2 уулдан соң кыздуу болгонун билбей кетти.

Кесиптешибиздин бир туугандарынын, үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Азамат, сенин элесиң биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт!

 

“АЗАМАТ, БИЗДИН, ЖАШООНУН ГЕНЕРАТОРУ ЭЛЕҢ...”

Кылычбек Султан, “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү:

– Сенин инсульт болуп ооруканага түшкөнүңдү угуп,жүрөгүм жамандыкты кабыл алгысы келбеди. "Эмне кылуу керек? Кантип оорунун чеңгелинен алып чыкса болот? Шашылуу керек. Шашылуу..."

Ойлорум уйгу-туйгу болуп, эмне кылуу керектигин биле албай, же ооруканага жете албай жаттым. Туугандарыңдан, врачтардан бүт мүмкүн болгон аракеттер жасалып жатканын билдим. Бир гана үмүт Кудайда эле. Тилекке каршы, кечээ түнү Кудайым сени өзүнө жакын алып кетти...

Алтыным, Азамат... Мындан 18 жыл илгери кичинекей жамаатыбызга жаңыдан кошулган күндөн тарта биздин генераторубуз элең. Жумуштун гана эмес, жакшы маанайдын, оюн-күлкүнүн, бийдин, жашоонун генератору элең. Жоктон бар болгон, кичинекейден чоң болгон ишканабыздын тарыхын жазчулардын бири элең, алтыным, Азамат... Сенин баёо жан дүйнөңдү, ичинде кири жок адамгерчилигиңди эми сагынып жүрүп өтөбүзбү?..

Алтыным, Азамат, неге мынча эрте кеттиң?.. Кудайдын маңдайга жазганы ушул экен... Аргабыз жок экен...

Кечир, Азамат, сени сактап кала албадым...

 

“АЗАМАТТЫН МЫКТЫ ИШИ” ДЕП СЫЙМЫКТАНЫП АЛЧУБУЗ”

Шайиста Шатманова, “Супер-Инфо” гезитинин директору:

– Ый, көз жаш менен адамдарды тирилтип алууга мүмкүн болсо, кылмакпыз. Бирок Кудай адамга мындай күч, мындай касиет бербептир.

Инсульт алганыңды, кыздуу болгонуңду укпай, көзүңдү ачпай жатканыңды укканыбыздан бери “айыгып кетсе экен, катарыбызга кайра кошулса экен” деп тиленип жаттык. Тилекке каршы... Андай болбоду.

Сен кумурскага да зыянын тийгизбес, тамашакөй, сонун бийлеген, Кудайдан чыгармачыл таланты бар адам элең. “Супер-Инфо” жасалгасы боюнча мыкты гезит” деп сыйлыктарды алганыбыз, атүгүл мындай мактоо Жогорку Кеңештин жыйындар залынан да айтылып калчу, ошонун баары сенин эмгегиң, сенин салымың эле. “Азаматтын мыкты иши” деп сыймыктанып алчубуз. Өлкөдөгү мыкты дизайнерлердин бири элең. Азамат деп атыңдан атабастан, “Азошкин” деп эркелетчүбүз. Көп жыл чогуу иштеп бир туугандай болуп калган экенбиз, суук кабарды угуп бир жагыбыз эңшерилип, ээнсиреп бош калгандай отуруп калдык. Сенин колуң тийген иштер, сенин иш ордуң, компьютериң... Ээн калды.

Минтип кош айтышып эскерүү жазат деген түшкө кирбес окуя эле. Артыңда ый баскан апаң, уулдарың, жакында эле жарыкка келген кызың, “Принцессам” деп эркелеткен жубайың, “Азошкин” деп эркелеткен кесиптештериң калды.

Азамат, биз сени унутпайбыз. Дайыма сөзүбүздө, ишибизде, эсибизде болосуң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Gulzat-88
2020-05-12 11:20:20
Жаткан жери жаннаттан болсун,топургы торко болсун!
+1
Salamandra
2020-05-13 01:00:45
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун,жакындарына Аллахым сабыр берсин,жакшы адам ар бир жакындарынын журогундо тируу бойдон калып кетет экен
+2
chicagogirl
2020-05-13 08:18:35
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
jama9210
2020-05-14 10:48:47
2020- жыл эмне деген эле жыл болуп атат!? Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам((((
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан