КОРОНАВИРУС ЖУККАН ДАРЫГЕРЛЕР КЕСКИН КӨБӨЙҮҮДӨ. СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Өлкөдө 5-майга карата COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 843 адамга жетти. Алардын ичинен 217си дарыгерлер. Эл ишенип, “оорусам айыктырат” деп үмүт арткан дарыгерлер өздөрү коргонууда кээде вирустан алсыз болуп жатканы өкүнүчтүү. Акыркы күндөрү вирус жуктуруп алган ак халатчандардын саны кескин өсүп баратат. Буга эмне себеп? Жекече коргонуудагы шалаакылыкпы же медиктерге өкмөт жетиштүү кам көрбөй жатабы?

 

“Көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүп жатабыз”

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын дарыгери Элиза Шадыбекова иш күнүн баяндап берди. Адис дарыгерлер жанын тобокелге салып оттун ортосунда жүрөт дейт.

– Дарыгерлер эмне үчүн вирусту көп жугузуп алып жатышат? Бул эч кандай дарыгердин шалаакылыгы же дарыгер даярдыксыз, коргоосуз дегендик эмес. Адам ооруганда банкка же дүкөнгө, сотко кайрылбайт да, туурабы? Түз эле ооруканага келет. Абалы начарлаган адамдын чекесинде “вирус” деп жазылып турбаган соң эмне менен ооруп жатканы белгисиз да. Аны дарыгер текшерет, дене табын, кан басымын ченейт, анализдерин алат. Ошол учурда оору жукпайт деген кепилдик жок. Биз азыр согуш талаасында жүргөндөй эле болуп жатабыз. Согушта да тирүү, көзгө көрүнгөн душман менен урушасың. А бул жерде душманың көзгө көрүнбөй жатпайбы. Күрөшүү кыйын болууда.

 

“Жарандар кенебей жатышат”

– Бизде атайын түзүлүп, бекитилген график бар. Бригадаларга бөлүнүп 14 сутка күн-түн дебей вирус жугузуп алгандар менен жакын контактта болуп, аларды дарылайбыз. Акыркы күндөрү бейтаптар ооруканага оор абалда келип жатышат. Буга жарандардын кенебестиги, тоготпостугу себеп болууда. Бейтаптардын дарыланууга кеч кайрылганы учурда башкы көйгөй болууда.

Биз ооруканада бригада болуп иштейбиз. Топто дарыгерлер, медайымдар жана кенже медициналык персоналдар болушат. Бул топ оорукананын имаратына киргенден кийин 14 сутка бою сыртка чыкпай бейтаптарды дарылайбыз. Ичкериде бардык санитардык нормалар сакталган 2 аймак бар, биринчиси – “жугуштуу аймак”, экинчиси – “таза аймак”. “Таза” аймакта дарыгерлердин иштөөсүнө толук шарттар түзүлгөн. Ал эми “жугуштуу” аймакта коронавирустан жабыркап жаткан бейтаптар жаткан бокс палаталар. Ал жакка жогорку даярдыкта, коргоочу кийимдер менен киребиз. Бригада түзүлгөндөн кийин бизге ар бир кийимди кийүү жана чечүү, коргоочу кийимчен адис өзүн кантип алып жүрүү керектиги боюнча окутуу өткөрүлөт. Коргоочу кийимдер топтомунда комбинезон, халат, чепчик, резина өтүк, ичибизден кийген пижама, санга чейин жеткен чулки, медициналык кол каптар, респираторлор, көз айнектер, гигиеналык каражаттар бар. Булар 2 комплекттен берилет. Коргоочу кийимди кийгенден кийин кенедей да ачык жер болбошу керек. “Жугуштуу аймакта” иштөөнүн да эрежелери бар. Чыккандан кийин коргоочу кийимди чечүү кийгенден да кыйын. Ар бирин ороп, өтө кылдаттык менен, чукул кыймыл кылбай чечүү керек.

Ар бир медперсонал “жугуштуу аймакта” 4 сааттан болот. Бейтаптар тынымсыз көзөмөлдө болушат жана алардан керектүү анализдер алынып, изилдөөлөр жүргүзүлүп турат. Ар бир бейтаптын абалы жана дарылануусу Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн эксперттик топ менен талкууланат. Баарыбыз бири-бирибизге кол кабыш кылып, тынбай иштейбиз. Биологиялык согуш деген ушундай болорун жон терибиз менен сезип жатабыз. Биз ынтымактуулук, биримдик менен, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып бул ооруну жеңип баратабыз. Күндөн күнгө оору жуктургандарга караганда айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө.

 

“Үйдү, балдарды сагындык...”

– Биздин бригада 4 күн мурун 14 күндүк нөөмөттү тапшырды. Тийиштүү анализдер алынган, биринчи текшерүүдө бригадабыз менен таза чыктык. Вирус жукпаганын укканда сүйүнөм. Эми экинчи текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Учурда 14 күндүк обсервацияда жатабыз. Үйдү, ата-энебизди, бир туугандарды, балдарды, курбу-курдаштарды, кошуналарды сагындым. Үйгө бара элегиме 20 күндөн ашты. Биз 14 суткалык нөөмөткө кирип кеткенде, жетекчилик, сырттагы кесиптештерибиз бизге бекем тыл болууда. Кем-карчыбызды толуктап, бизди камсыздап жатышат. Жетекчилер үйлөрүнө барбай, иште түнөп жатышты. Эмгегибиздин акыбети кайтып, биздеги бейтаптар четинен айыгып чыгып жатышат. Биздин нөөмөт учурунда 20 бейтап кабыл алып, баарын айыктырып чыгардык. Бул ооруканага коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап 20-мартта түшкөн. Даяр болчубуз, дароо ишке киришип кеттик.

 

“Өкмөт маалыматты жашырып жатты”

Парламентте Кыргыз медицинасынын көйгөйлөрүн көп көтөргөн депутаттардын бири Евгения Строковага кайрылдык. Депутат дарыгерлердин вирус көп жуктуруп алуу факторунда шалаакылык көбүрөөк экенин белгилейт.

– Биринчиден, буга шалаакылык себеп болууда. Башкача айтканда, адистер чет өлкөлөрдөн келген жарандарды текшерүүдө даярдыкта болушкан эмес. Бул жалгыз эле дарыгерлерге эмес, чек арачыларга да тиешелүү. Башында коргоочу кийимдер, каражаттар жетишсиз эле. Буга чейин өкмөттү ар кандай багытта сындап келгем. Бирок бүгүн пандемияга байланыштуу өкмөттү сындоо туура эмес. Ооба, маалыматты жашырышты, коргоочу каражаттардын жетишсиз экендигин айтпай жатышты. Бирок дүйнөлүк кырдаалдан алып караганда, бул үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөө туура эмес. Вирустун жугушу тууралуу маалыматтын аз болушу, анын толук изилдене электе эле тарашы бүтүндөй дүйнөнү коркунучка кептеди да.

Азыр вирустун өлкөгө жайылышы боюнча талдоо жүргүзүү оор. Эч ким, анын ичинде врачтар дагы бул нерсеге даяр эмес эле. Бактыга жараша, абал турукташа баштады.

 

“Коргоочу кийими жок дарыгерлерди мажбурлап бейтаптын үстүнө киргизип жатышты”

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамира Ниязалиева өкмөт вирустун алдын алууда катачылык кетирди деп эсептейт.

– Биринчиси – медицина кызматкерлеринин мындай шартта иштөөгө тажрыйбасынын жоктугу. Экинчиси – коронавирус эпидемиясы абдан коркунучтуу экени 2019-жылы эле белгилүү болгон. Бирок өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги учурунда тийиштүү баа берген эмес. Быйыл январь, февраль айларында вирустун алдын алууда зарыл чаралар көрүлгөн жок. Мисалы, коргоочу кийимдер, жабдуулар, тесттер, обсервацияга ылайыктуу шарттары бар имараттар дайындалган эмес. Эң негизгиси, дарыгерлер атайын окутулуп, пандемияга даярдалган жок. Айрым ооруканалардын жетекчилиги окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүп, шарт түзүүнүн ордуна коргоочу кийими жок дарыгерлерди мажбурлап вирус жуктуруп алгандардын үстүнө киргизип жатты. Бул шалаакылык да.

Үчүнчүсү – жылдын башында каржы маселеси өтө курч болот. Керектүү кийим, жабдууларга, дезинфекциялык каражаттарга, диагностикага каражат болгон жок. Мунун баары вирустун жайылып, дарыгерлердин көп санда оору жугузуп алуусуна шарт түздү. Дагы жакшы, бул вирус көптөгөн өлкөлөргө тарап, бир аз изилденип калгандан кийин гана биздин өлкөгө келди. Эгерде өлкөгө дароо киргенде, анда абалыбыз мындан да жаман болмок.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан