ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШҮП ЖАТКАН БЕЙТАП: «ЭКИ БӨЙРӨГҮМ ИШТЕБЕЙТ, ӨПКӨМӨ СУУ ТОЛУП КЕТЕТ»

"Жамандык жалгыз келбейт" болуп биздин бул жолку каарманыбыз оор турмушта жашап, ага кошумча бир нече дарт менен күрөшүп жаткан адам. Эки бөйрөгү иштебей денеси шишип кеткен, өпкөсүнөн суу сордуртуп туруу керек. Жашап жаткан үйүнүн дубалынан болсо жаракалар кетип, урап түшүү коркунучунда.

“ШИШИП, КИЙИМИНЕ БАТПАЙ КАЛЫПТЫР”

Каарманыбыз Үсөн Хасановдун өп-чап жашоо абалына учурдагы карантин ого бетер терс таасирин тийгизүүдө. Оорусуна даба издеп, дарысына каражат таба албай кыйналган каарманыбыз үй-бүлөсү менен Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында турат. Үсөн Хасановго байланышсак телефонду "Үсөндүн бир тууган эжеси болом" деген аял алды. Өзүн Дана деп тааныштырып, “иним оорунун айынан демигип көп сүйлөй албайт. Негизгисин мен айтып берейин, калганын өз оозунан угуңуздар" деди.

– Үсөн 2 айдан бери менин үйүмдө жашап жатат. Бишкектин жогору жагындагы Бир-Булак айылында турабыз. Иним быйыл 19-мартта өтө катуу ооруп калганда ооруканага жаткырабыз деп Бишкекке алып келгенбиз. Аңгыча карантин башталып кетти. 10 күндөн кийин жандандыруу бөлүмүнө түшүп, 8 күн жатты. Анан бир аз оңолгондо палатага которулган. Эми карантин бүтсө же ага чейин деле кайра ооруканага жаткырсак деп турабыз. Иним Үсөн эгиздин түгөйү. Асан экөө 1964-жылы туулуп бизди кубантышкан. Асан айылда турат.

Үсөндүн 6 баласы бар, эң улуусу 7-класста окуса, кенжеси 1,5 айлык. Өзү туруктуу иштеген иши жок, ар кандай убактылуу жумуштарда иштеп үй-бүлөсүн бакчу. Аялы да иштебейт, балдары менен үйүндө.

Айылда ата-энебизден калган үйдө жашашчу. Аны кийин бузуп, өзү кайра салган. Эми азыр ал үйдүн дубалдарынан жаракалар кетип, кулайын деп турат. Качан 6 балабыз менен басып калат деп коркуп жашашат. Эгер Үсөн ооруп калбаганда бир айласын таап оңдойт эле. Азыр эми үйдү оңдомок түгүл, дары-дармегине каражат жок кыйналып жатат. Биз деле колдон келген жардамды берип жатабыз, бирок биздин да бала-чака бар, анын үстүнө карантинден улам иштебей үйдө отурабыз.

Үсөн 2018-жылдан тарта ооруп баштады. Бир жолу айылга барсак, белинен ылдый чаначтай шишип, кийимине батпай, араң басып калыптыр. Ошондон бери оңолбой, оорусунун үстүнө улам башка илдеттер кошулуп жатат.

“ДАРЫЛАР КЫМБАТ”

– Инимдин 2 бөйрөгү иштебейт, өпкөсүнө суу толуп кетет. Сууну 1 айда 3 жолудан сордуруп турабыз. Бир алганда 1,5-2 литр суу алышат. Дарыларын ичсе шишиги бир аз тарайт да, кайра эле пайда болот. Демигип, сүйлөшү, басышы кыйын. Дааратканага барып келгиче кыйналып кетет. Бөйрөгүн айыктырууга деп врачтар жазып берген дарылар кымбат. Бирөөнүн бир кутусу эле 5570 сом, дагы бири 680 сом. Мындай дарынын түрүнөн дагы бир нечени ичет. Дарылары 12-13 күнгө эле жетет, ал түгөнгүчө жаңысын алып даярдап турушубуз керек. Кээде убагында алганга акча жок, 2-3 күн дарысыз калган учурлар болот. Анда абалы оорлоп, заарасы чыкпай, уктай да албай онтоп кыйналат.

Мындан тышкары жүрөгү ооруйт. Демиккени ошол жүрөк менен өпкө оорусунан. Бөйрөк оорусу бөйрөктүн басымын, аны менен кошо артериалдык кан басымды көтөрөт экен, кан басымы 220-130га чейин көтөрүлөт. Заара кубалоочу чөп дарыларды кошуп тундурма дары жасап койгом, аны ичет. Жүрөктүн дарысын да беребиз.

Үсөн ден соолугуна байланыштуу былтыркы жылдын август айынан бери биринчи топтогу майып. Ага мамлекеттен берилген акча бир дарысына эле жетет. Бөйрөгүнө деп жазып берген дарылары гемодиализдин ордун алмаштырат дешкен. Гемодиализ аппараты буга жүрөк, өпкө ооруларынан улам сунушталбайт окшойт.

“БӨЙРӨК ООРУ БИЛИНБЕЙ ЖҮРҮП КҮЧӨП КЕТЕТ ЭКЕН”

Үсөн Хасановдун өзү менен сүйлөшүп, ден соолугун сурадык. Демигип, араң сүйлөп берди:

– Башында ооруганымды деле билген жокмун. Бөйрөк оору билинбей жүрүп эле күчөп кетет экен. Анан анемия болуп, баспай калдым. Текшерилсем, врачтар “ашказаныңда жара бар экен, ошол жарылып, ичтен кан кете бериптир. Анемия ошондон пайда болгон” деп операция жасап, жараларды дарылашты. Ошондон кийин эки бутум шишип кетти. Анан эле күтүүсүз оору үстүнө оору кошулуп, акыры ушундай абалга жеттим.

Эжемдикине келгенден бери балдарымды сагындым. Үч кыз, үч уулум бар. Мени ойлой берип түгөйүм Асан да жүрөк оорукчан болуп калды. Менин бир жерим ооруса, Асан да ооруп калат экен, киндиги туташтар ушундай болот окшойт. Айылга кетким келет. Боорукер адамдар колдоп айыгып, үйүмдү оңдоп, балдарымды эл катары чоңойтсом экен деп тиленем.

“МОСКВАДА ИШТЕП ЖҮРҮП ООРУСУН КҮЧӨТҮП АЛДЫ”

Таттыгүл Хасанова Үсөн Хасановдун жубайы. Оорукчан жолдошунун түйшүгүн тарткан аялдын абалы түшүнүктүү. Жолдошу ооруну убагында билбей калганын айтат:

– Үсөн экөөбүз Казакстанда иштеп жүрүп таанышып, баш кошконбуз. Жолдошум ооруп калгандан тарта бир ашканада идиш жуугуч болуп иштеп жаткам. Балдарыма жалпы 4000 сом жөлөк пул алам. Ал Үсөндүн бир дарысына араң жетет. Төрөгөндөн бери үйдө отуруп калып, жашообуз абдан кыйындады.

Үсөн иштеп келейин деп эки жолу Москвага барып келген. Экинчи жолу барганда ошол жактан оорусу башталган окшойт. Өзү да сезбей, ооруну 2 жылдай көтөрүп жүрө берип, күчөтүп жибериптир.

Учурда балдар менен үйдөмүн. Катуу шамал болсо же жер титиресе качан кулап түшөт деп коркуп жашап жатабыз. Дубалдын ар кайсы жеринен жарака кетип араң турат. Бирине тартсак бирине жетпей кыйналып, боорукер адамдардан жардам суроого аргасыз болуп турабыз. Элден жардам болсо жолдошум айыгып, балдарды чогуу чоңойтуп, эрезеге жеткирсек деп тилейм. Үсөн "мен 10го чыкканда атамдын көзү өткөн" деп калат, апасы Үсөн 45ке чыкканда кайтыш болду. Малыбыз жок, бир жылы малдуу болуп, аны жайлоого малчыга кошсок, ооруп, кырылып калган. 22 сотых жерибиз бар, ага беде сээп койгонбуз. Башка киреше алып келчү эч нерсебиз жок.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Үсөн Хасановдун телефон номери: 0700 01 73 00

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан