ЫСЫК-КӨЛДӨ БЕДЕНИ КУРТ ЖОК КЫЛУУДА

Редакциябызга Ысык-Көл районунун тургундары кайрылып, "талаага сепкен бедени кара курт каптап, жок кылууда. Муну кантип токтотсо болору тууралуу адистерден жооп алып берсеңиздер" деп суранышты. Эмне болгон курт? Жылда болчу беле же быйыл эле пайда болдубу? Адис менен баарлашып көрдүк.

 

“ТҮНКҮСҮН ЧЫККАН КАРА КУРТТАР ПАЙДА БОЛДУ”

Нурсултан Сагыналиев, Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургуну:

– Ушул жылдын 20-апрелинде талаага барып, беде айдалчу аянттан таш терип жүрүп кара курттар жайнап кеткенин көргөм. Эмне болгон курттар деп таң калып койгом. Ошол жерге беде септик. Бир аптада кылтыйып баш көтөрдү. 2-3 күндөн кийин барсак баягы мен көргөн кара курттар жайнап жүрүшөт. Жерден жаңы чыккан бедени жеп салышыптыр. Менин эле эмес, биздин айылдагылардын да, коңшу 3 айылдын беделерине да курт түшүптүр.

Байкасак, курттар жер астынан кечкисин салкын түшкөндө чыгышат экен. Агрономдордон сурасак, курттар суусуз кургак адырда көп болушат, азык издеп бедеге түшүп жейт дешти. Эл агрономдор сунуштаган дарылар менен дарылап башташты. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Курттарды кантип жок кылуу керектиги боюнча так жооп билсек жакшы болот эле.

 

“ЭЛ ЖАБЫЛА КҮРӨШҮҮСҮ КЕРЕК”

Ысык-Көл облустук химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин башкы адиси Таалай Адылов аталган курттарды дары менен жок кылууга болот дейт:

– Кара курт Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Кош-Көл, Тамчы, Чырпыкты айылдарындагы беде талааларына түшкөн. Ал курттардын 2 түрү бар, бири-бирине аябай окшош. Орусча "дикая совка", "озимая совка" деп аталат. Кыргызчасы – кышкы үкүчө, жапайы үкүчө.

Мен аталган айылдарга 2 апта мурун барып көрүп келдим. Ал курттар кургак талаа, адырларда жашайт да, азык издеп айдоо жерлерге түшөт. Беде, арпа, буудайды деле жей беришет. Курттар талааны сугарганда өлбөйт. Алар топуракка жашынып, түнкүсүн азык издеп чыгышат. Ошондуктан аларга каршы дарыны түнкүсүн чачуу керек. Эгер бирөө дары чачып, башкалар чачпай койсо дарыланбаган жерге өтүп кетишет. Андыктан айылдагылар сүйлөшүп бир маалда тегиз, ала жер калтырбай чачышы зарыл.

Курттарды өлтүрүп жок кылуучу бир топ дарылар бар. Мисалы, би-58, карат, нурел, карбофос, теросон, доксин.

Булардын бирин алып 200-300 граммын 300 литр сууга кошуп чачуу керек. Мынча дары 1 гектарга жетет.

Айыл өкмөтү менен жайыт комитети да курттарды жок кылуу үчүн адырларга дары чачышы керек.

Айрым дыйкандар дары чачканга чейин 1 чарчы метр жерде орточо 17-20 курт жүргөн. Дары чачылган соң бир-экиден эле чыкты. Бедесин куртка жедирип койгондор ал жерге гумат, мегафил деген минералдык азыктандыргычтарды сепсе беде түбүнөн кайра чыгат. Анткени курттар беденин жалбырагын гана жеп, тамырына зыян келтире албайт. Дарыны тиешелүү өлчөмдө колдонсо башка өсүмдүктөргө жана жандыктарга зыяны тийбейт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Marks
2020-05-18 11:53:18
Биз Ош об.нын Кара Кулжа районуна караштуу айылда турабыз.Былтыры июль айында биздин уйду дагы каптагын.Бизде жылдыз курт деп коюшат. Кээ бир чоптордун,бедеси бар кошуналардын беделеринин сонгогу кана калды. Эшиктин алдында бут коёрго жер таппайсын жылдыз курт каптаган. Уйдун дубалдарына жармашкандарын шыпырып тушуруп турганбыз. Батыштан чыгышты карай жылып кетишкен. Бирок курттар кээ бир кошуналардын уйлорун каптабатыр.
0
mira77
2020-05-19 21:42:48
Курттар жолобош учун айдоо жерлерди кузундо созсуз тондурма кылыш керек экен
0
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан