ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ МИГРАНТЫ: “МОСКВАДА АЧКА КАЛГАНДАР, ДАРЫГА АКЧА ТАППАЙ КАЛГАНДАР КӨП”

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарынын саны 750 миңге жакын. Иш жүзүндө алардын саны андан көп. Учурдагы пандемия кырдаалына байланыштуу Кыргызстанга кайтып келе албай калган мигранттар бар. Алар иштеп тапкан акчасынын көбүн Кыргызстанга, үй-бүлөсүнө салып жиберишет. Бир жарым айдан берки карантинде мигранттардын көбү үйүнө акча салмак тургай, тамак-ашсыз, батирге төлөөчү акчасыз калып, жашоолору кыйындоодо. Арасында коронавирус жугузуп алгандары да бар. Чыныгы абалды алардын өз оозунан уксак.

«КЫЙНАЛГАНДАРДЫ КОРОНАВИРУС ДА БҮК ТҮШҮРҮҮДӨ»

Кубанычбек Алибеков Москва шаарында жашайт, кесиби боюнча врач. Ал "Жаңылан" эл аралык уюмунун жетекчилеринин бири:

– Жумушсуз отуруп калуу мигранттардын жашоосун ого бетер оорлотту. Батир акысын төлөө, тамак-ашка, ооруса дарыга акча табуу маселеси баарынын баш оорусу болууда. Батир акысы кымбаттыгынан, бир бөлмөдө бир нече адам жашагандыктан бирөө эле коронавирус менен ооруп калса, баарына жугууда. Ошондуктан жардам сураган мекендештерибиз көп. Биз "Жаңылан" эл аралык коомунун алдында “Мекендештерди колдоо” штабын түзгөнбүз. Атайын эсеп ачылган. Ага колунда бар адамдар акча которушууда. Жардам сурап кайрылгандарды 4 категорияга бөлгөнбүз жана акчалай жардам көрсөтөбүз.

Биздин штабда 10дон ашык кыргыз врачтарынан турган топ бар. Алар түрдүү оору, анын ичинде коронавирус менен ооруп калгандарга күн-түн дебей онлайн түрдө кеңеш беришет.

Айта кетчү нерсе, учурда Москвада “Тез жардам” кызматы жетишсиз. Эмканалар жеңил түрү менен ооругандарды “үйдөн дарылана бергиле” деп рецепт жазып беришүүдө. Ооруканалар качан оору пневмонияга өтүшүп баштаганы аныкталса гана кабыл алышат. Ооруканаларда орун жок калды.

«КОРОНАВИРУСТАН 4 ЖЕРДЕШИБИЗ КАЗА ТАПТЫ»

– Москвадагы мигрант кыргыздардын канчасы коронавирус илдетине чалдыкканы белгисиз. Бирок мен билгени 4 жердешибиз каза тапты.

Бир кыз телефон чалып, агасы ооруп ооруканага жатып калганын, жардам керектигин айтып чалды. Макул деп акча салып ийдик. Анан түнкү саат 12де кайра чалып, агасы кайтыш болуп калганын, врачтар “коронавирус” деп аныктама жазып бергенин айтты. Алайдан болушат экен, биз "Алай коомундагылар" менен байланышсак, алар акча чогултуп, сөөктү Алайга жеткирүү жагын моюнуна алып жеткирип беришти.

Дагы бир ноокаттык 51 жаштагы эркек киши коронавирустан көз жумганын билем. Анын өнөкөт бронхити болгон экен. Реанимациядан чыкпай калды. Орусиянын мыйзамы боюнча, коронавирустан каза болгондорду ооруканада табытка салып беришет. Ошону менен мекенге жөнөтүшөт.

Айгүл Жапынова, врач-терапевт:

«ООРУСУН ЖАШЫРГАНДАР БОЛУУДА»

– Биз Москвада ар кайсы клиникада иштеген кыргызстандык врачтар “Мекендештерди колдоо” штабынын алдында топ түзгөнбүз. Максатыбыз – карантинден улам эмканага келе албагандарга, текшерилип көрүнүүгө акчасы жокторго онлайн түрдө кеңеш берүү. Себеби мигранттардын көбүндө Орусиянын жарандыгы жок болгондуктан, ооруса акы төлөп текшерилүүсү керек. Учурда мигранттарда кайдагы акча? Коронавирус менен ооруп калгандардын арасында оорусун айтпай жашыргандар болууда. Анткени келген “Тез жардам” паспортун, жашаган жери боюнча катталган каттоосун сурайт. Андай расмий каттоо жарымынан көбүндө жок. Батирде бир мигрант коронавирус менен ооруса аны ооруканага алып кетип, аны менен чогуу жашагандар каралбай калган учурлар болууда. Москвада врачтар жетишпей жатат.

Бизге тест тапшырганга акчасы жоктор, бирок оору белгилери коронавируска окшоштор чалышат. Башында коронавирусту аныктоочу тесттин баасы 4000-5000 рубль болсо, учурда 3000 рубль.

Коронавирус деп диагнозу такталгандарга жана оору белгиси окшошторго Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган жана Орусиянын врачтары колдонуп жаткан дары-дармектерди жазып беребиз. Айрым бейтаптарга оору белгилерине карап антибиотик да жазып берүүгө туура келет. Антибиотик болсо рецептсиз сатылбайт. Андыктан биз рецепт жазып, печатыбызды басып, WhatsApp менен жөнөтөбүз. Ошол боюнча дарыканадан сатып алышат.

Биз баш-аягы 400 адамга онлайн кеңеш бердик. 180 адам айыкты. 20 адамдын абалы оорлошкондон ооруканага жаткырдык. Калгандары дарыланып жатышат, аларды көзөмөлдөп жатабыз.

Жазып берген дарыларды толук, аягына чейин ичпей оорусун оорлоштуруп алгандар бар. Коронавирустун жеңил түрү менен ооругандар дарыларды ичкенде 2-3 күндө жеңилдей түшүп, 5-6 күндө өздөрүнө келип жатышат. Абалы 5 күндө оңолбосо кошумча дагы башка дарыларды жазып беребиз же ооруканага жөнөтөбүз.

Азима, 29 жашта, кассир:

«ӨЗ АЛДЫМЧА ДАРЫЛАНЫП АЙЫКТЫМ»

– Москвада супермаркетте кассир болуп иштейм. Карантин башталганда акчам жанымда аз эле болчу. Анткени топтогон акчаларымды айылдагы жолдошум, балдарыма салып жиберген элем. Иштеп жүрүп бир күнү ооруп баштадым. Кургак күрсүлдөп жөтөлүп, дене табым көтөрүлүп түшпөй койду. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу кагазын алып, эмканага бардым (ОМСи жокторду карашпайт, жеке клиникалар болсо кымбат алат). Эмканада “коронавирустун белгилерине окшоп жатат, күнүгө чалып, абалыңды сурап турабыз. Качан даам, жыт билбей калганыңда келесиң” дешти. Тааныш врач эже бар эле, ошого чалып онлайн кеңеш алдым. Анын айтканы боюнча арбидол, цефазолин, жөтөлгө каршы таблетка жана сироп, антибиотик, мурун бүтүүдө жардам берчү жана башка дарыларды алдым. Дарыларга 7000 рубль кетти. Эмканадан чалып абалымды сурап турушту, “тесттен өтүшүң керек” дешти. Бирок чогуу жашагандар “сени ооруканага алып кетсе, бизди обсервацияга жаткызышат” деп коркушкандыктан, эмканага “даам, жыт сезип калдым” деп койдум. Оору белгилери 1 аптага созулду. Демиккен жокмун. Имбирь, лимон менен чай ичип, сарымсак жеп жаттым. Акырындап айыктым. Мени менен кошо жашагандардын экөө ооруду, алардыкы да жеңил өттү.

Азирет, 34 жашта, жүк жүктөөчү:

«БАТИРДЕН КУУП ЧЫГАБЫ ДЕП КОРКОМ»

– Мен чоң кампалардын биринде жүк жүктөгүч-комплектөөчү болуп иштейм. Жердигим Базар-Коргондон. Москвада үй-бүлөм менен 6 жылдан бери жашайм. 2 балабыз бар, бири 2-класста окуйт, бири 4 жашта.

Айылда жашап жүргөндө аялым төрөт үйүндө акушер болуп иштечү. Мында келгени алгач кафеде, кийин кондитердик цехте жана бир байдын үйүн тазалап иштеп жүрдү.

Карантин башталганы мени жумуштан акы төлөнбөөчү эмгек өргүүсүнө чыгарып жиберишти. Аялымдын да жумушу жабылып, үйдө отуруп калдык.

Карантинге чейин деле батирге, бала бакчага, мектепке акча төлөчүбүз.

Ар кимибизге тамак-ашка аз дегенде ай сайын 5-6 миң рубль коройт. Ошентип тапкан акчабыздан эптеп үнөмдөп, Ош шаарынан үй алалы деген үмүттө жүргөнбүз. Балдарды айылга калтыралы десек апам оорукчан, бала бага албайт.

Карантин башталганы жашообуз кыйындады. Бир топ азык-түлүк алдык эле, алар түгөнүп макарон, картошка менен калдык. Акыры май, чайыбыз да жок калганда диаспорада иштегендерге айтсак, бир аз азык-түлүк алып келип беришти. Аялым өткөндө ооруп, акча керек болуп калды. Анан үйүн тазалап-жыйнап иштеген кишиге чалса, боору ооруп, акча бериптир. Ал түгөнгүчө карантин бүтөбү-жокпу белгисиз. Бизди эң кыйнаганы батирдин акчасын таап берүү болууда. Айына 15 000 рубль төлөйбүз, эгерде бере албасак көчөгө кууп чыгабы деп корком.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
orxidey
2020-05-29 23:19:06
Менда оорудум Москвада биздин врачтар жакшы жардам беришти скорыйдыда оздору чакырып беришти учурдан пайдаланып ошол врачтарга ыраазычылык билдирем.
0
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан