Орусиянын ар кайсы шаарларынан келе албай калган Кыргыз жарандары үчүн мамлекет тарабынан чартердик каттамдар уюштурулууда. Алсак, 17-майда Москва-Бишкек чартердик каттамы «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Талап боюнча учакка эң оболу кош бойлуу, балалуу аялдар жана улгайган жарандар отуруусу шарт делген. Бирок интернетте тараган видеолордо учактагы адамдардын жарымы жаш, эмгекке жарамдуу мырзалар экенин көрүүгө болот.
«ЭКИ КИЧИНЕКЕЙ КЫЗЫБЫЗ МЕНЕН КЕТЕ АЛБАЙ КАЛДЫК»
Атын жашырып коюуну өтүнгөн жараныбыз учурдагы үй-бүлөсүнүн башына түшкөн сыноо тууралуу айтып берди.
– 25-мартка «Авиатрафик» компаниясынан Москва-Бишкек каттамына билет алганбыз. Анан коронавируска байланыштуу каттамдар токтоп калды. Андан кийин каттамдын мөөнөтү улам артка жылып отуруп, такыр эле кете албай калдык.
Москвада 2 кичинекей кызым, келинчегим жана ата-энем бар. Жаңылыктарды барактап отуруп, «Кыргызстандан чартердик каттам жөнөтүлөт» дегенди окуп калдым. Анда «балалуу аялдар, кош бойлуулар биринчилерден болуп кетишет» деп жазылыптыр. Көрсөтүлгөн номерлер боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине чалып каттоодон өттүк. Кетер-кетпесибизди атайын түзүлгөн комиссия чечерин жана билети барлар гана кетерин айтып, «күткүлө» дешти. Андан кийин байланышсак, «Аэрофлот» авиакомпаниясынан билет алгандар гана кетет» деп, бизди тизмеден чыгарып салышты. Ал эми биз билет алган авиакомпанияга байланышсак, алар «билеттин акчасы кайтарылбайт, болгону каттамдын мөөнөтүн гана жылдырып бере алабыз» деп коюшту.
Элчилик май айынын аягында дагы чартердик каттамдар жүргүзүлөт деди. Бирок кайсы компаниянын билетин алышыбыз керек деген сурообузга жооп ала алган жокпуз.
Учурда колубуздагы акчаны тамак-ашыбызга гана жумшап, үнөмдөп жатабыз. Менин документтеримдин мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу «Кыргызстанга кетем да» деп карантин баштала электе эле жумуштан чыгып алгам. Ал эми калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жумуштары карантин башталганда токтогон. Ошол боюнча баарыбыз жумуш жок, үйдөбүз.
Элчилик: «КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРДЫН ТИЗМЕСИ ТОЛУП КАЛГАН»
Жакынкы күндөрү дагы качан чартердик каттам уюштурулары тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Жакын арада дагы чартердик авиакаттам болот. Ал каттамга 5 айдан 7 айга чейинки мөөнөттөгү кош бойлуу аялдар, балалуу аялдар гана отургузулат. Бирок боюнда бар аялдардын тизмеси толуп калгандыгына байланыштуу жарандар кайра-кайра чалып убара болбой эле коюшканы оң. Андан кийинки каттамдагы учакка оорулуу адамдар жана жашы улгайган жарандар кирет.
Мындан тышкары эмне үчүн кош бойлуу аялдардын тизмесине чектөө коюлат, «Аэрофлот» авиакомпаниясынан башка компаниялардан билет алгандар келе алышпайбы, жакынкы арада делген учак так кайсы датада жиберилет деген суроолорубуз жоопсуз калды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы менен да байланышууга мүмкүн болгон жок.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg