Жанат Кубатбекова, оорукчан наристенин апасы: “КЫЗЫМДЫН ЖҮЛҮНҮ СЫРТЫНА ЧЫГЫП ТӨРӨЛГӨН”

Күткөн наристе тубаса оорукчан болуп төрөлүп калган учур ата-эне үчүн эң оор сокку болору талашсыз. Мындайда алар болгон каражатын жана аракетин жумшап айыктырууга аракет кылышат. Бул жолку каарманыбыз Жанат Кубатбекова белинен ылдый жагы иштебеген, жүлүнү сыртка чыгып туулган 1 жашар кызын Түркияга алып барып операция жасатып айыктырып алсак деген аракетте.

“КЫЗЫМ ПАТОЛОГИЯ МЕНЕН ТӨРӨЛӨРҮН БИЛГЕМ”

– Жолдошум экөөбүз Бишкекте жашайбыз. Өзүбүз Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан болобуз. Эки кызыбыз бар. Мен кыздар менен үйдөмүн, жолдошум таксист болуп иштейт.

Кызыбыздын улуусу 2017-жылы 31-августта ден соолугу чың туулган. Кудайга шүгүр, жакшы чоңоюп жатат. Кичүүсү Айша 2019-жылы 21-февралда жарыкка келген. Айша боюмда 29 апта болгонунда УЗИге текшерилсем, патология менен тууларын айтышкан. Кызымдын диагнозу: миеломенингоцеле (spina bifida, омурткалардын кыр аркаларынын өспөй калып, жүлүндүн кабыкчасынын сыртка чыгып калышы), гидроцефалия (башта жүлүн суюктугу болгон ликвордун ашыкча топтолуп калышы). УЗИдеги врачтар бойдон алдырууну сунушташты. Гинекологдор “мөөнөтү чоң, бойдон алдырууга кеч” деп баш тартышты. Ошентип төрөдүм.

Төрөлгөндө омурткасындагы жаракаты муштумдай, башы болсо чоң болчу. Тактап айтканда, 4 омурткасы деформацияланып, жүлүн кабыкчасы сыртка чыгып, башына суу толуп туулду. Булар нерв булчуңдарга, бут-кол кыймылдарына, акыл-эстин өсүшүнө терс таасир этет экен.

Төрөт үйүндө кызымды жандандыруу бөлүмүндө 1 апта кармашты. Анан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы туулган балдардын патологиясы бөлүмүнө которушту. Анда 4 күн жаттык. Кызымды нейрохирург да текшерип, “1 айдан кийин келгиле, эгер башы дагы чоңойсо операция жасап, башындагы суу агып жана организм тарабынан сорулуп, сыртка чыгып турушу үчүн шунт (атайын түтүкчө) коёбуз” деди. Үйгө чыгып келип, 1 ай өткөндө бардык. Башынын диаметри туулганда 40 сантиметр болчу, 1 ай ичинде диаметри 10 сантиметрге чоңоюп кетиптир. Анан операция жасаттык. Башына шунт коюлду. "3 ай күтсөңөр омурткасына операция жасайбыз" дешти. 3 айдан кийин барсак "күткүлө, дагы эртерээк" деп кетирип жиберишти. Ошентип кызым 7 ай болгондо грипп болуп, №3 балдар клиникалык ооруканасына жаттык. Андагы балдары миеломенингоцеле менен туулган аялдар “мындай балдарга туулгандан кийин 1-2 ай ичинде эле операция жасатуу керек экен. Биз жасаттык” дешти. Аны угуп биз ошол ооруканадан операция жасаттык. Хирургдар жүлүнгө тийбей эле, үстүнө толгон суюктуктарды тазалап, үстүн кайра тигип, жамап коюшту. Алар колдон келгендерин жасап беришти. Азыр ошол бойдон турат.

Жеке нейрохирургдарга көрсөтсөк “кызыңарга операцияны чет өлкөгө алып барып жасаткыла. Ал жакта медицина, технология өнүккөн. Заманбап аппараттар бар” дешти.

“ОТУРА АЛБАЙТ”

– Кызымдын белинен ылдый жагы иштебейт. Буттары билинер-билинбес кыймылдайт. Заарасы толук чыкпайт, ошон үчүн 7 айлыгынан тартып катетер колдонуп келебиз. Заарасы толук чыкпаса бөйрөгүнө күч келип, оорулардын жаралуу коркунучу бар. Заңы да катып, кыйналат. Атайын свечаларды колдонууга туура келет.

Азыр кызыма 1 жаш 3 ай болгонуна карабастан башын кармай албайт. Отургузганга болбойт. Невропатологдордун айтуусу боюнча, акыл-эсинин өсүшү башка балдарга караганда бир аз артта. Бирок азыр “апа”, “ата” дегенди айтып калды.

Тамак ичкени, колдорунун кыймылдаганы жакшы эле. Упчусун өзү оозунан алып, кайра өзү салып алат.

Омурткасына бир нерсе тийсе оорутуп, ыйлайт. Катетер колдонсок деле заарасы толук чыкпай, ичи көбөт. Кээде дене табы көтөрүлүп кетет. Врачтар жазып берген дарыларды, витаминдерди ичиребиз. Учурда кальций, мультивитаминдерди, неврологиялык дарыларды ичирип жатабыз.

Биз Түркиядагы клиникалардын бири менен байланышып, сүйлөшсөк, 2 ирет операция жасалышы керек экендигин айтышты. Жүлүнүнө операция жасалса буттарынын кыймылдашына шарт түзүлөт экен. Операция үчүн 2 ай мурун жазылып, катталуу керек. Клиника кете турган чыгымдарды эсептеп,
17 193 доллар дешти. Андан тышкары барып-келгенге жол кире, дары-дармектерге да каражат керек.

Биз ал сумманын жок дегенде жарымын чогултсак, анан жазылалы деп турабыз. Кендирди кескен баягы эле каражаттын жетишсиздиги болууда. Ошондуктан элден жардам суроого аргасызбыз. Операция жасатсак кызыбыз өзү басып, эл катарына кошулуп кетсе дегенде эки көзүбүз төрт.

Экинчи операция кийинчерээк жасалмакчы.

Жардам берүүнү каалоочулар үчүн реквизиттер:
Элсом: 0705253114

Сбербанк:
4276 3800 1656 6999

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rola
2020-06-12 11:06:10
Аллахым шыпаасын берсин
+1
serche
2020-06-15 08:56:16
Тезирээк айыгып калсын. Аттуу-баштууларга, ырчыларга кайрылсаныз. Бул жакта аз эле адам окуйт окшойт.
0
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан