БАТКЕНДЕ КАЙРАДАН ЧЕК АРА ЧЫРЫ. ТАЛАШКА ТҮШКӨН БУЛАК

Тыйылбаган чек ара маселеси кайрадан көңүл борборунда. 31-майда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Чечме айылында Өзбек тарап менен болгон жаңжал орун алып, бир нече адам жаракат алды. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Үйлөр, сарайлар өрттөлүп, турак жайлар жабыркады. Жаңжалга булак талашуу себеп болгон.

“БУЛАКТЫН АЙЛАНАСЫНДА АТА-БАБАЛАРЫБЫЗДЫН СӨӨГҮ ЖАТАТ”

Чечме айылдык кеңешинин депутаты, активист Садыкбек Каламовго байланышып, окуя кандайча болгонун билдик.

– Өзбекстандын Сох районундагы Булак-Башы көчөсүнүн эли менен биздин элдин ортосунда таш менен урушкан жаңжал чыкты. Өзбектердин аталган айылында 95 пайыз тажик улутундагы жарандар жашайт. Алардын көпчүлүгү мурда Кыргыз жарандары болушкан. Кийин гана коңшу өлкөнүн жарандыгын алышкан. Алар тээ илгертен бери эле биздин аймакта жайгашкан булактан суу ташып ичип келишет.

Булактын тарыхына кайрылсак, ата-бабаларыбыздын бизге калтырып кеткен мурасы. Болжолдоп айтканда ал жер 300-400 жыл мурун эле биздин бабаларыбызга тиешелүү болгон. Башында бул жер агын суу болгон экен. Андан кийин булакты суу топтолуучу жер кылып кеңейтип, көлмө жасап алып колдонуп келишкен. Бүгүнкү күндөгү картаны деле карасак, булактан ары Өзбек тарапты көздөй 100 метрдей жер да биздики. Мен билгенден мындан 100 жылдай илгери менин бабаларымдын бири Дубана Мырзакул уулу деген бий ушул аймакка 3 кыргызды алып келип жайгаштырган экен. Аларды бул жакка отурукташтырганынын себеби – ошол кезде эле кошуна Өзбекстанда жайгашкан эл суунун башын алабыз деген аракеттерди кылып турушкан. Отурукташкан кыргыздар бир орок менен эле миңдеген башка элди кууп, жолотпой койгондо алар кыз берип, уул үйлөп, куда-сөөк болуу жолуна өтө башташкан. Аңгыча кыргыздар Орусиянын карамагына өтүп, коңшу элдер биздин жерлерге канатташ жайгашып жакындап, атүгүл аралашып да кеттик. Ар бир доордун эле бийликтеги адамдары коңшулар менен чай ичишип, кичинекей келишим түзө калып, акча-тыйынын ала коюп өөнөп-бутап жатышып жерлер берилип кеткенин танбашыбыз керек. Бирок бизден талашып жаткан булактын айланасы биздин ата-тегибиздин журту болгону, сөөктөрү жатканы чындык.

“ТАЖИКТЕР ҮЙЛӨРҮНӨ ТАШ ТӨКТҮРҮП ДАЯРДАНЫШКАН”

– Жыл сайын ушул булак аркылуу суу ичип жаткандан кийин плотинанын суусун бууп коюп арыктарды тазалап, ырымдап кан чыгарып, ата-бабаларга куран окуп түлөө өткөрүп келебиз. Бул нерсе салтка айланып, Сохто жашаган туугандарыбыз конок катары келип, өздөрүнө суу кеткен арыктарды тазалап кетишчү.

31-майда жаңжал чыккан күнү да ушул салтыбызды улай айыл эли булакка чогулуп түлөө өткөрүп жатканбыз. Атайын биздин чогулушубузду күтүп, пландап жүргөн ишиби, айтор, тажиктер өздөрүнө кетчү суунун көлөмүн көбөйтөбүз деп суу бөлүштүрүүчү темирди көтөрүп жатышыптыр. Аны биздин айылдын балдары көрүп калып каршылык көрсөткөндө көптөп кетишкен экен. Алар таштарды төктүрүп, эли чогулуп даярданып алышыптыр. Ал тараптан кеминде 15 миңдей адам топтолуптур.

Биз жактагылар андай нерсеге даяр эмес эле, майрам кылып жатканбыз. Дасторкон жайылып, килем төшөлүп, ал жерде аксакалдар отурушкан. Таштар келип аларга да тийди, жаракат алышты. Кары-картаң, бала-чаканы коопсуз жайга алып кеткиче чегинүүгө аргасыз болдук. Бирок жаштар бат эле чогулушту. Мындан тышкары кол салуу боюнча уккан Кадамжайдын Айдаркен аймагынан да патриот жигиттер чогулуп келип бизге кошулушту.

ЭЛ КУБАТБЕК БОРОНОВГО НААРАЗЫ

Интернет булактарына Чечме айылынын тургундарынын Кыргыз бийлигине нааразы болгону тартылган видеолор тарады. Видеону тартып жаткан жарандын “Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов биринчи биз менен жолугуп, элдин мүдөөсүн угуп туруп анан өзбек тарап менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек болчу. Өзүн кайтартуу үчүн атайын даярдыктагы куралчан жоокерлерди алып келип, элге жолобой Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөшүүгө кирип кетти. Биринчи биздин мүдөөнү уксун. Биз жолугалы деп 300-400дөй адам келип отурабыз. Тополоң болуп калса элди сабаталы деп мындай аскерлерди алып келиптир. Булар элди башкалардан коргогондун ордуна элден Бороновду коргоп жатышат”,- деп нааразы болуп жатканын угууга болот. 1-июнь күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Чечме айылдык кеңешинин депутаты Садыкбек Каламов да Бороновдун эл менен жолукпай кеткенин белгилеп өттү.

– Биздин бийлик ушул чек ара маселесин чечкидей күчтүү болбой жатат. Кечээ Боронов келип өзбектердин премьер-министри менен сүйлөштү. Ачыгын айтайын, алардын премьер-министри маселени чечип жатат. Өзбекстан бизге тиешелүү жерге тең укуктуу болгусу келип жатат. Мен Өзбек тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөндө аларга айттым. Алар биздин элди сыйласын, биз сууну бекер берип жатабыз, мурдагыдай эле сууну алып иче беришсин. Керек болсо БУУ аркылуу суу берүүгө макулдук берген документке кол коюп берели дедим.

Бул бийлик аркылуу чечилчү маселе. Ошон үчүн бийликтен келген адамдар космостон түшкөнсүп сүйлөбөй, биринчи эл менен жолугуп, элдин маселесин, мүдөөсүн угуш керек. Анткени бул жакта биз жашап жатабыз, чек ара маселесинин көйгөйүн бизден артык сезип, азабын тартып жаткан эч ким жок. Биздин маселени чечкени келген соң элдин үнүн угушу керек эле да?! Эл бийликке душман эмес.

Азыр тополоңго катышкан балдардын баарынан сурак алып жатышат. Эртерээк маселенин чечилишин камсыздап беришсе болмок. Туура, эл өзүн-өзү коргоду, колунан келишинче өз жери үчүн күрөштү, күрөшүп эле келе жатат. Эл деген селдей эле. Өз жери үчүн кашык каныбыз калганча күрөшө беребиз.

Азыркы абал тынч. Таш ыргытышып жатканда 2 жолу сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылдык. Өзбек тарап эки жолу тең тынчтык жолу менен сүйлөшүүнү бузуп, арасындагы чагымчылдар кайра элди күүлөп жатты. Сүйүн Өмүрзаков (ред.: ИИМдин биринчи орун басары) келип биз менен аралашып жүрдү. Ал мага “элиңди кайтар, бул бийлик аркылуу чечилчү маселе” деди. Мен уруш болуп жаткан жердин очогуна кирип, балдарды токтотуу аракетин көрдүм. Ошентип биз элди артка кайтарууга аргасыз болдук.

Учурда аскер кызматкерлери тынчтыкты камсыздап жатышат. Окуядан 4 адам жаракат алып, экөөнүн абалы орто оор болууда. Бирин орок менен сайып жиберишиптир деп жатышат. Мындан тышкары түлөөгө айдап барган кыргыздардын 5-6 унаасы зыян тарткан. 1 жүк ташуучу портерди тажиктер талкалап, каалгаларын жулуп, калкан кылып көтөрүп жүрүштү. Чекте жайгашкан 1 кыргыздын үйү сарайы менен кошо өрттөлдү. Тажиктерден 2 үй өрттөлгөн деп жатышат. Бирок аны биздин эл өрттөбөптүр. Көргөндөрдүн айтымында, ал эки үйдүн ичиндеги керектүү оокат, төшөнчү, кийим-кечелерин кожоюндары 1 күн мурда эле ташып чыгып кетишкен экен. Алар өз үйүнө өздөрү өрт коюп жатышканын аким деле көрдү.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгында эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүн жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aigesha1511
2020-06-08 20:42:10
Чыркыраган Баткен элииим уруш чыкты дегенде эле козумдон жаш агып денем титирейтта. Туболуктуу эмеспиз Акыретке кетебиз. Бирок балдарыбыз кандай болот деп келечегин ойлоп калат экенбиздааа.окунучтуууууу.
+1
№ 913, 4-10-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан