Каарманым жөнүндө дароо эле кириш сөздөн баштоону туура көрдүм. Ал кесип тандоодо жаш муунга кантип туура багыт бериш керек деген темада сүйлөшүп жатып, “адамдын курсагы ач болсо, ал көкүрөгүндөгү ачкачылыкты толтура албайт” деген жакшы сөз айтты. Учурда Америкада жашап, иштеп жаткан мекендешибиз Сейитбек Усманов жаш муунга, ата-энелерге пайдасы тие турган мыкты маек куруп берди.
– Саламатсызбы, Сейитбек мырза? Биз бул материал менен жакында эле мектепти аяктаган абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүүнү максат кылдык. Алгач ушул багытта эмне кеңеш бере аласыз, ушуга токтолсок.
– Рахмат сурооңузга, саламатчылык. Ата-эне да, бала да жогорку окуу жайга тапшырарда эмне үчүн тапшырып жатам деп ойлонушу керек. Менин оюмча, бардык эле абитуриент келечекте жакшы акча тапкан жумушка орношкусу келет. Эгерде тандаган кесип сага киреше алып келбесе, анда анын пайдасы эмне? Алгач анализ жүргүзүп, керексиз делген кесиптерди санап алуу керек. Жеке мен ИИМдин академиясы, өкмөттүк башкарууга алып барган дипломатиялык академияларда окууну керексиз деп эсептейм. Түшүнөсүз, бул кандай системге алып барат. Адам акылы менен акча табышы керек. Мисалы, 4-5 жыл мугалимдикти окуп, жыйынтыгында ал мугалим болуп деле иштебейт. Иштесе дагы аз гана айлыкка иштеши керек болот. Ал эми керектүү, кирешелүү, адамдын өнүгүүсүнө шарт түзгөн, дүйнөгө жол ачкан кесиптер – программалоо, компьютердик инженерия сыяктуу так илимдер. Программист – эң идеалдуу кесип. Эгерде кесиптердин пирамидасын курсак, анда программисттик кесип эң чокусунан орун алмак. Бул тармактарда билим алуу кызыксыз жана татаал сезилиши мүмкүн. Бирок адам жалкоолонбой, бир аз чыдап ушул тармакка багыт алып үйрөнүп алса эч качан жаңылган болбойт.
– Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Каякта төрөлүп-өскөнсүз? Учурда каяктасыз? Эмне менен алектенесиз?
– Мен Бишкекте төрөлгөм. Атам Баткен облусунун Кадамжай районунан болот. Ал жакка жыл сайын же 2 жылда бир барып турам. 34 жаштамын, 10 жашымда Чехияга көчүп кеткенбиз. 18 жашымда Канадага барып, Торонто университетинде окудум. Бакалаврды ошол жактан окуп бүттүм. Магистратураны АКШдагы Вирджиния университетинен бүтүрдүм. Акыркы 4 жылдан бери программист болуп иштеп келе жатам. Ишимди аябай жакшы көрөм, андан ырахат алам, айлыгы да жакшы. 9 жылдан бери Америкада жашайм. Вашингтондун түндүгүндө жайгашкан Мэриленд деген штаттамын. Келинчегим, Жоомарт деген уулум жана Нургүл аттуу кызым бар. Экөө тең кыргызча сүйлөшөт, англис тилин да жакшы билишет. Буюрса, 10 жашка чыгышса экөөнө тең программисттик кесипти үйрөтүп баштайм.
– Балдарына багыт берүүдө ата-энелердин кетирген катачылыктары кайсылар деп эсептейсиз?
– Эски көз караштардан арылыш керек. Престиждүү окуу жайда окуп, бирок керексиз кесипке ээ болуунун эмне кажети бар? Алган билимдин акыбетин көрүш керек да. Окууга кеткен убакытты дагы көбүнчө эске албай коёбуз. Мисалы, “балам же кызым кайсы бир предметти окуткан мугалим болот” деп окууга тапшыртты. Ал окууну бүтмөйүнчө эч жакта иштебей 4-5 жыл билим алат. Анан окууну аяктагандан кийин 20 миң сомго жетпеген айлыкка иштейт. Бул деген 200 эле доллардын айланасы да. Ошол 200 долларлык жумуш 5 жыл кетирип окуган убактысын актайбы? Анан айласы жок башка тармакка билими туура келбесе да иштеп кетүүгө аргасыз болот. Ал эми программист болсо окуп жатып эле акча таба алат. Менин бир бөлөмдү программист болууга үндөп, ал окуду. Окуу менен катар практика үчүн деп бир жерге стажёр катары жумушка кирип алды. 4-курсунда стажёр катары иштеп жатып эле айына 500 доллар таап жатты. Бишкектеги студент үчүн бул жакшы эле акча да.
– Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мекемелердин окутуу программасы инженерия, программалоо тармагын тандоого пайдубал болуп бере алабы?
– Бул аябай чоң талкуу кыла турган тема. Кыскача айтып кетейин, бизде мектеп программасынын 99 пайызы пайдасыз деп эсептейм. Алар баланы жашоого даярдабайт. Жашоого даяр болуш үчүн эң керектүү кесиптерди тандап алып, ошого басым жасоо керек. Бирок бул жалгыз эле Кыргызстанда бар көйгөй эмес. Мен 9 жыл Чехияда окудум. Ал жакта деле ошондой. Америкада деле мындай маселе бар. Мисалы, мага биология, адабият, математика сабактары аябай татаал болчу. Мен аларды кереги жок деп эсептечүмүн. Ошондуктан окуучуларды кызыгуусуна жараша бөлүп окутуш керек деп ойлойм. Мисалы, мектепте, жок дегенде жогорку класстарда кантип банктык кызматтарды колдонсо болот, кантип каржы жагынан көз карандысыз боло алат деген суроолордун айланасында билим берилбейт. Мисалы, программалоо тармагы боюнча мектепте бир дагы жерден окуган эмесмин.
– Бир учурда жалаң юрист, экономист кесиптерине абитуриенттер көп тапшырып, ушул тармактагы адистер көбөйүп кеткен. Бүгүнкү күндө алардын саны көп экенине карабай, өлкөдө укуктар көп бузулат, өлкөнүн экономикасы жарды, мыйзамдар сыйланбаган өлкөдө жашап жатабыз. Сиз программист кесиби абдан актуалдуу деп жатасыз. Санариптешпеген өлкөдө алар да жумушсуз калышпайбы?
– Юрист же экономисттер көп, бирок өлкө ушундай абалда болуп жатканы алардын көптүгүнөн көз каранды эмес. Анткени мыйзамды бийлик өзү сыйлабайт, бийликке келгендер адамдардын укугун коргоп бербей жатпайбы. Экономиканы көтөрүү үчүн деле бийликке билимдүү адам келиши керек да. Гарварддан бүтүп келген экономист болсо деле ал экономиканы башкарып жатпагандан кийин, билимин өлкөнүн экономикасы үчүн колдоно албай калат. Ал эми программисттер менен башканы салыштырып болбойт. Анткени аларга болгон талап абдан жогору, алар жетишсиз жана жумушсуздук күч алып турган учурда деле аларга иш табыла берет. Азыр IT технология өнүгүп жаткан учур. Алдыңкы жылдары дагы кулачын жаят, программисттерге болгон талап мындан дагы өсөт.
– Баланын кызыгуусу, тандоосу же таланты перспективдүү кесип үчүн эмес болсочу?
– Баланын тандоосу, мисалы, күрөш же ырдоо болсо, мындай нерсе менен бош убактысында алектенсе жакшы. Мисалы, таланттуунун баарынан эле ырчы же спортчу чыга бербейт да? Бул нерседен карьера жасаса болбойт. Мисалы, Валентина Шевченко UFC’ге кызыккан канчалаган кыздардын арасынан жалгыз суурулуп чыкты. Миңдеген кыздардын арасынан бир-экөө эле суурулуп чыгып карьера жасап алышы мүмкүн. Искусство тармагында деле ушундай. Көпчүлүк спортчулар карьерасын жыйынтыктагандан кийин эң эле жакшы дегенде машыктыруучу болуп калат. Андан кийин алардын башка тармакты өздөштүрүүсүнө кеч болуп калат. Мен билем, карьерасын жыйынтыктагандан кийин “бандит” болуп кеткен же стресске кабылып кандайдыр бир кылмышка барган спортчуларды. Мындан тышкары такси кызматы, жеткирүү кызматтары сыяктуу оор жумуштарда гана иштеп калышат. Спорт менен сергек жашоо образы катары, албетте, алектенүү керек, бирок бош убакыттарда машыгып, ал эми негизги жумуш катары мээнин булчуңдарын иштеткен кесиптерди тандоо керек.
Программист болуш үчүн таланттын деле кереги жок. Программалоо – бул кадимки эле тил. Англис, немис тилин үйрөнгөн сыяктуу эле, компьютердин тилин үйрөнүп алса, ал дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун акча таап иштей алат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg