ИЮНЬ ОКУЯСЫНА 10 ЖЫЛ. КАРГАШАНЫ КҮБӨЛӨР ЭСКЕРИШЕТ

Июнь окуясы. Ошто 2010-жылы болгон коогалаңга быйыл туура 10 жыл болду. Андан бери эчен суулар акты, Оштун талкаланган аймактары таанылгыс болуп өзгөрдү. Бетеге кетти – бел калды, бектер кетти – эл калды. Жабыр тарткандар ал күндөрдү оор үшкүрүк менен эскеришет.

ОКУЯДАН САБАК АЛДЫКПЫ?

2010-жылы июнь айында Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарында кыргыз-өзбек тургундары ортосунда жаңжал чыккан. Расмий маалыматтарга таянсак, окуяда 500дөй адам каза болуп, 2000дей адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бир шаардын бүтүндөй кварталдары өрттөлүп, талкаланган. Дүкөн, соода-сатык жайлары таланып-тонолгон. Мындан тышкары дайын-оту жок жоголгон жана жашаган жерин таштап көчүп кеткен үй-бүлөлөр да бар. Кандуу окуя бир нече күнгө созулуп, жакынкы Жалал-Абад шаарын да кучагына камтыган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, укук коргоо органдары тарабынан Июнь окуясы боюнча жалпы
5 миң 646 кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жыйынтыктарынан улам 532 жаранга карата иш козголгон. Алардын 488и соттун чечими менен ар кандай жазаларга тартылган. Ал эми 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн. Июнь окуясынын тутанышына күнөөлүү катары Кадыржан Батыров өңдүү айрым саясатчылар сыртынан соттолушуп, калгандары "үчүнчү күчтөр" деген бет каптын артында кала беришти.

“УНААМДАН ТҮШӨ КАЧТЫМ. КАЙРА БАРСАМ ӨРТТӨП САЛЫШЫПТЫР”

Окуяга күбө болгон Жайлообек Ыманкулов ал күндөрдү минтип эскерет:

– Окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү башталган. Мен анда 31 жашта болчумун. Ош шаарында фирмалардын биринде иштечүмүн. Ошол күнү унаам менен чогуу иштеген балдарды салып алып жумуш боюнча ХБК районуна бара жаткам. “Ош базары” деген аймак бар. Кайтып келе жатсак ошол жерди жаап, милициялар өткөрбөй коюшту. Машинадан түшүп топтошкондорго барып “кыргыз-өзбек тургундарынын ортосунда жаңжал чыгыптыр” деп угуп калдык. Аңгыча жакын жердеги “Кашкар” деген кафе жактан (азыр “Салам-Алик”) адамдардын ызы-чуу түшкөн үнү угулуп калды. Биз да чуркап бардык. Кафеде иштеген кыз-келиндер коркуп терезени сындырып качып чыгышыптыр. Бирөө колу менен терезени талкалаганда айнек кан тамырын кесип кетиптир. Эсин жоготуп жыгылганда аны көтөрүп менин унаама салдык. Эл жок жашыруун жолдор менен айдап отуруп ооруканага араң жеттик. Жолдон көп эле тоскоолдуктар болду. Ал жерден качып Ош шаарынын борборундагы каналга унааны таштай качтык. Машинамда 6 адам бар болчу, туш тарапка качып кутулдук. Кимдер кол салып жатканын деле билген жокпуз. Бири-бирин эле таш менен ургулаган адамдар.

Оштун борбору күлгө айланды. Эстесем азыр деле жүрөк тилинет. Дүкөндөр өрттөлүп, үй-мүлктүн баары талкаланды. Ага эл канча каражатын салып, маңдай тери менен тургузган бизнестери эле. Кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик техникалары – баарын тегиз сындырып, талкалап ташып кетип жатышты.

Таңга маал унаамды калтырып кеткен жерден айдап келейин деп баратсам милиция өткөрбөй койду. Саат 11ге чейин жүрдүк. Эптеп борбордук бөлүккө өтүп машинага барсам эчак эле өрттөп жиберишип, эч нерсеси калбай калыптыр. Кырдаал курчуп калган экен. Түндө биздин жаныбызда чогуу жүргөн бир бала бар болчу. Ошол менин жанымда турган. Жалаң таш менен эле урушуп жатканбыз, бир маалда ошол жанымда жүргөн балага ок тийди. Кайдан мылтык атылды билбей калдым. Тигил баланын каны менин кийимиме чачырап, ал ошол жерде кулап каза болду. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр төгө баштады. Түшкө маал араң тааныштардын машинасына эптеп кыпчылып өзүм жашаган аймакка жеттим.

Ошол кездеги бийликке таң калам. Эл башында тургандар Ошту кереги жок аймактай эле карабай коюшту. Болгону күч түзүмдөрүн жиберишти, алар постторду коюп, элди кармап турушту. Ал эми жашоочулар бири-бири менен урушуп, талап-тоноп, өрттөп, Ошту күлгө айлантты. Коогалаңдын максаты азыркыга чейин элге түшүнүксүз боюнча кала берди.

“БИРОТОЛО ӨЛТҮРҮП САЛАЛЫ ДЕП, ТЕМИР МЕНЕН САБАШТЫ”

Июнь окуясынан жаракат алып эки буту баспай калган жигит Жусупбек Акпарали уулу ошол кезде 19 гана жашта болгон. Ал ӨКМга караштуу 86 017 куткаруу отрядында аскер кызматын өтөп жүргөндө окуя орун алган.

– Ош окуясын эскерүү чындыгында кыйын, себеби андагы кандуу окуяны эскерүүдө ал учурдагы өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган учурум эске түшөт. Андан бери 10 жыл өттү. Андагы мен алган жаракатты айыктыруу үчүн он жылымдын тең жарымы ооруканада өттү. Бул үчүн бирөөнү күнөөлөбөйм, себеби мен өз каалоом менен Кыргыз жеримди коргойм деп аскерге баргам.

12-июнь болчу. Биз кадимкидей эле аскердик күзөттө турганбыз, биз турган аймакка топ жарандар кирип келди. Ошентип ызы-чуу болуп жатып, бир убакта “тарс” деген куралдын үнү чыкты. Мени кимдир бирөө артымдан атып салган экен. Жерге кулап калдым, кайра турууга аракет кылып, тура алган жокмун. Анткени мага тийген үч октун бирөө жүлүнүмө тийип, бутум ошондо эле баспай калган экен. Мен кыйналып жерде жатканда биротоло өлтүрүп салабыз деп колундагы арматуралар менен денеме сайып, чапкылап салышты. Кансырап эсимди жоготуп жатып калдым. Анан мага тааныш бирөөнүн үнү угулду. Көрсө, биз кызмат өтөгөн жерде жашаган өзбек эже жардамга келген экен. Ал мени таанып, дароо эле баласы экөө ооруканага алып барышты. Улуттун жаманы болбойт, болгону арасында арам ойлуу гана адамдар болот эмеспи, биз мына ошол арам ойлуу адамдардын курмандыгы болдук.

Биздин бийликтегилерден Ош окуясын териштирип, күнөөлүү адамды таап жоопко тарткан эч кимиси болбоду. Ырас, мындай иштерди жасай албагандан кийин окуяны болтурбоого аракет кылышы керек болчу. Ошончо элдин өлүмүнө, мага окшоп айрымдардын ден соолугунан ажырап калуусуна себепкер болгон адамдар мыйзам алдында өз жазасын алышы керек. Албаса, ошончо адамдын арбагы, баласынан ажырап сыздап отурган энелердин көз жашынын убалы урса керек.

Июнь окуясы эгемен Кыргызстан үчүн оор окуялардын бири болуп тарыхта калды. Жылдар өттү, жаңжалдын изи акырындан өчүүдө. Бул окуядан эл бир гана сабак алышы керек – карапайым элге ынтымактан, тынчтыктан артык эч нерсе жок. Чагымчыл күчтөрдүн азгырыгынан сак болуу керектигин, кандайдыр бир топтордун элге бүлүк салуу аракетине каршы туруу керектигин ушул кандуу окуя даана көрсөттү. Ал эми өлкө бийлиги андай чагымчыл аракеттердин алдын алууну үйрөндүбү?

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altynbekova.01
2020-06-15 13:06:19
Эстесем журок зыркырайт
+1
Tyty1990
2020-06-15 17:21:48
Жанторо сатыбалдиев Ошондо Ошту калыбына келтиребиз деп канча акчаны жеди эшек. Эки метр артка ооп калган эки дом салды кымбат сатты жеди.
+4
№ 914, 11-17-июнь 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан