ДӨҢГӨЛӨК БАЙЛАНЫП КОРДОЛГОН АЯЛ. СУЗАКТАГЫ ОКУЯ КООМЧУЛУКТУН ҮРӨЙҮН УЧУРДУ

Өткөн аптада Сузак районунда болгон окуя – бир аялдын күйөөсү тарабынан ырайымсыз кордолгону коомчулуктун үрөйүн учурду. Интернет желесине тараган видеодон күйөөсү колу байлануу аялынын моюнуна унаанын 2 дөңгөлөгүн илип, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканын көрүүгө болот. Окуя аталган райондун Бек-Абад айылында болгон. Бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук, аялдардын укугун коргоо темасын кайрадан талкууга чыгарды.

“ЖАБЫРЛАНУУЧУ КҮЙӨӨСҮН КЕЧИРИП, ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫ”

Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы буларды билдирди:

– Интернеттеги социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. өз үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, үстүнө чакалап суу куйган.

Бул окуя Сузак РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) жана Жазык кодексинин 144-беренеси (уруп-согуп кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жабырлануучунун күйөөсү Б.З. 11-июнда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2020-жылдын 13-июнь күнү Б.Знын баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук соту тарабынан 15 күнгө камакка алуу чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазган.

“ВИДЕОНУ КӨРҮП, НЕС БОЛУП КАЛДЫМ”

Жабырлануучунун жакындарына байланышып, окуя тууралуу маалымат алдык. Атын жарыялоону каалабаган эжеси буларды айтат:

– Окуя болгондон бир күн мурун неберемди сүннөткө отургузгам. Сиңдим үйгө конокко келген. Кеч болуп кеткенинен “бүгүн жатып кет, сүйлөшүп отуралы. Эртең менен эрте таксиге салып жиберем” деп калдым. Чынында өзү деле бир шылтоо менен үйүбүзгө жылына бир-эки жолу эле келет. Аңгыча күйөөсү телефон чалып “эки сааттын ичинде келип кал” деп калды. Мен сиңдимден телефонду алып “эртең менен барсын, азыр саат тогуз болуп калды, Оштон Жалал-Абадга жеткиче качан?” дедим. “Жок, 2 сааттын ичинде келип калсын” деп болбой койду. Мен “бир ачууңду мага бер, кетем дегенинен жатып кет деп мен алып калдым эле” десем, “мен бир сүйлөйм, 2 сааттын ичинде келип калбаса сиңдиңиз сизге белек, анда бул үйдө орун жок” деди. “Кой, андай дебе, эртең менен эрте барат” дедим. Эртеси жети жарымдарда үйүнө кеткен. Анан ушул окуя болуп жатпайбы.

Арызды мен жазайын десем, мыйзамга туура келбейт экен, өзү жазды. Күйөө бала бирөөнү чакырып келип видеого тарттырып, анан “эжеңе сабак болсун” деп телефондон мага жөнөтүптүр. Видеону көрүп эле нес болуп калдым. Ыйлап-сыктап такси менен Жалал-Абадга жетип бардым.

Экөөнүн ортосунда бойго жеткен бир уулу бар. Ал ошол эле түнү жумушунан келди. Атасына барып урушуп, апасына келип ыйлап, “ооруканага жаткырайын” деди эле апасы болгон жок. Ага чейин “Тез жардам” чакырып, райондук ооруканага алып бардык. “Мээси чайкалган, ооруканага жатсын” дешти. Сиңдим жатпайм дегенинен капельница жазып берди. Дарыларын алып келип үйдөн сайдырдык.

Кайын журту “тосмо арыз жаз” деп жатышкан. Өзү да “ортодо балабыз бар” деп жазып бериптир. Өткөндө соту болуп, тосмо арызга карабай күйөө бала 15 күнгө камакта калды. Камалгандын эртеси ага жолуктум. Менден кечирим сурады. “Кечирбейм, сен эжеңе сабак болсун дедиңби, эми мен сага сабак өтөм” дедим.

“АТАМ КЕЧИРИМ СУРАП, АПАМ КЕЧИРДИ”

Үй-бүлөнүн 23 жаштагы уулу атасы болуп өткөн окуя үчүн өкүнүп жатканын билдирди:

– Мен үйдүн жалгыз уулумун. Болуп кеткен окуяга ишене албай турам. Ата-энем менен эле жашап келгем. Мурда-кийин үйдө уруш-талаш болуп, атам апама кол көтөргөнүн көргөн эмесмин. Көрбөй калдым дегидей деле үйдөн алыс болбойм. Мен Жалал-Абад шаарында иштейм. Жумасына бир жолу үйгө келип турам. Бул иш кокусунан болуп кетиптир. Атам мындай кылганы үчүн абдан өкүнүп жатат. Окуя тууралуу чындыкка дал келбеген ар кандай маалыматтардын тарап жатканы туура эмес болууда. Учурда апамдын абалы жакшы. Үйүбүздө тиричилигибизди кылып жатабыз. Атам менен апам жолукту, атам апамдан кечирим сурады. Апам кечирип, тосмо арыз жазып берген.

“ТОСМО АРЫЗ ЖАЗБАШЫ КЕРЕК ЭЛЕ”

Гүлнур Омошова, Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкери:

– Окуя болуп, күйөөсү камакка алынгандан бери "бошотуп алышпасын" деп айланчыктап жүрөбүз. Барганыбызда жабыр тарткан аял биз менен сүйлөшкүсү келген жок. Бир туугандары менен сүйлөштүк. Жабырлануучу мурун медайым болуп бейтапканада иштептир. Жүрөгү ооруп операция жасатып, 2-топтогу майыптыгы бар экен. Эже бир туугандары каршы болгонуна карабай күйөөсүн кечирип, “аны менен жашай берем, ортодо балабыз бар” деп жатат. Уулу өз үйүнө алып кетем деп жатыптыр. Видео интернетке эмне болуп тарап кеткенин эч ким билбейт. Тосмо арыз жазбай, аял өз укугун коргошу керек болчу. Ушул жок болсо мен күйөөсүз калам деген ойдон алыс болуу зарыл. Балам бар деп балким, баласын аяп жаткандыр? Бүгүн каматып, эртең кайра бошотуп жиберсе сабак болбойт да. Бул нерсе ушуну менен токтойт деп ким кепилдик берет? Дагы да ушундай жагдайга кептелсе, бул аялдын арыз-муңун ким угат?

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ АЯЛЗАТЫНА ЖАСАЛГАН ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ЖОЮУГА БОЛОТ?

Бермет Наралиева, психолог:

– Үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыздарда эле эмес, дүйнө жүзүндө бар маселе. Эмоционалдык, психологиялык зомбулуктар да бар. Аны жок кылуу мүмкүн эмес. Мындай зомбулуктар үлгүлүү үй-бүлөдө деле болот. Зомбулукту колдонуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим-маданиятынан, социалдык деңгээлинен, алган тарбиясынан көз каранды. Аялдын дүйнө таанымына, туюмуна да байланыштуу болот. Өз тагдырын ар бир адам өзү чечет. Турмушунда зомбулуктун кайталанып жатышына аял өзү себепкер. Болбосо ага чекит коюп, башка жашоону өзүнө ыраа көрбөйт беле? Ар бир үй-бүлөнүн өзүнө тиешелүү мыйзамы бар. Ал сыртка чыгарып, талкууга ала турган тема эмес. Сузактагы аял “өз турмушум, кийлигишпегиле” деген бүтүм чыгарды. Сазга баткан жашоосунан чыга албай келет. Анын тамыры өтө тереңде.

Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу:

– Жоюу үчүн бир топ шарт керек. Аялдар өз укуктарын коргоого даяр болуш керек. Күнүгө токмок жесе да унчукпай жүрө берсе, алардын укугун ким коргойт? Мамлекет, өкмөт мыйзам аркылуу бул маселеге катуу талаптарды коюшу шарт. Тосмо арыз жазса да ал каралбай, аялга зомбулук көрсөткөн адам сөзсүз түрдө жазаланышы абзел. Аялзатынын коомдогу ролу өтө ыйык жана бийик болуусу зарыл деген нерсе улуттук идеологиянын маанилүү бир бөлүгү болушу керек. Кыздарга мыкты билим алганга, коомдук иштерге активдүү катышканга өкмөт кепилдик бериши шарт. Үй-бүлөлүк тарбияда кыздарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, кыз ыйык, кызга жасалган мамиле – бул улуттун келечегине жасалган мамиле деген коомдук философия үстөмдүк кылыш керек.

Мыктыбек Арстанбек, коомдук ишмер:

– Кыздар атасы берген эрге тийиши керек. Атасы билет да, анан коргойт. Өзү шыйпаңдап, сүйдүм-күйдүм деп тийип алат, анан таяк жейт. Милицияга барып арыз жазат, эртеси кайтарып алат. Зордук-зомбулукту милиция менен токтото албайсың. Зомбулук муштум менен болбосо сөз менен болот. Аял киши алсыз да, кандай болбосун кемсинтет. Атасы кызына күйөө боло турган баланын ыйманын, тегин карап берет. Эгер атасы болбосо агасы, таякеси бар дегендей. Эркектин урган себеби – кыздар бейбаш. Эмне үчүн мен аялымды урбайм? Келесоолугумданбы, коркоктугумданбы? Жок, ал ура турган эч нерсе кылбайт. Түбү бар, теги бар, сурап алар кишиси бар. Нарк болушу керек, көчөдөн алпарып эле отургузуп койсо аялымын деп отуруп калса баркы болбойт да.

Улан Үсөйүн, жарандык активист:

– Эркек-кыз дебей, билим жаатында чоң иштерди жасоо абзел. Кыздардын экономикалык жактан эркин болушун камсыздап, укугун билүүгө үйрөтүү керек. Кыздарга “күйөөсүз жашай албайсың, күйөөң жок эч жакка батпайсың” деген болбойт. Кайда барам деген суроого колу-буту байланып калган. Аял кандай кылмыш кылса да уруп-сокконго укугубуз жок. Замандын агымы менен тең укуктуулукка үйрөнүү керек. Акылыбыз, тилибиз жетпей калганда эркектер күч колдоно баштайбыз. Эркек деген үйдүн ээси, эркек сүйлөп жатканда аял сүйлөбөшү керек деген стереотиптик эски ойлор сакталып калган. Эркектер эч качан өзүбүздөгү кемчиликти көргүбүз келбейт. Бизде толеранттуулук, улуулук жок калды, майдаланып кеттик.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tatli_MeIek
2020-06-22 15:37:32
Күйөөнү башынан эле катуу кармаш керек экен. Меники дагы кичине бассам эле аландап турат.
0
katerina.li
2020-06-22 16:51:58
Башка киши суйлосо да мыктыбек арстанбек суйлобой эле койсо. Эми эле ыймандуу Боло калганын
+5
Mart19
2020-06-22 17:15:17
Мыктыбек жон эле койбоптур дапдырап суйлогонун
+4
PeRa
2020-06-22 18:38:28
Мыктыбек Арстанбекти мурун жакшы көрүп көрчү элем, барган сайын алжый баштады.
+5
PeRa
2020-06-22 18:51:21
Теги жок, туугандары болушпаган кыздарды тебелеп кетиш керекпи.
+11
Birimdik5555
2020-06-23 02:39:32
Куйоосун катуу суйот окшойт,ал камалса ким менен жатам деп да ойлошу мумкун. Эмнеге ал аялды кыйнайсынар
+1
AidaKurman
2020-06-23 17:00:22
Мыктыбек Арстан байке суйлоордон мурун ойлонду бекен? Кыздар мал беле каалаган адамга бере салгыдай.Тагдыр насип деп койот. Буйруган болсо картайганча чогуу болот да. Атасы озу каалаган кишиге куйоого бергендердин баары эле бактылуу болуп кеткенин коро элекмин. Сен бергенсин, тийбейт болчумун деп, бир баласын кучактап атасынын алдында отургандарды коруп эле журом
+7
Nina.alex
2020-06-24 00:16:28
Атасы жок кыздар кантет?? Соз депеле урдура бериш керекпи
+6
Altynbekova.01
2020-06-25 06:23:37
Мыктыбек Арстан торкунуно бир кун туноосо ошо бей баштыка киреби? Же бул аял секелек беле сизге?
+5
Kona8631
2020-06-25 07:52:36
Усойунов майдаландык деп айтпа.аялдар жеткизип провокация кылып жатат...чужая семья темный лес
-5
Arstan18.18
2020-06-28 12:12:29
Мына молдолордун жузу Мыктыбек Арстанбек! Аялымды урбайм меники укпайт таги туптуу жакшы жердин кызы дептир. Ата энеси жок жетим кыз турмушка чыкса локуйгон кучу мн урса болобереби эркек сорой? Шайтандан отот коомго аралаштырбай эле коюш кк Бактияр ажымишти анан ушуну!
+1
Birimdik5555
2020-06-28 21:51:18
Мыктыбек Арстанбек эркектер тубу бар теги бар жердин кызына уйлонуш керекпи,ошондо кыз бала ата теги кембагал болсо эч ким албайбы,ошол кыз куноолубу,ушундай уй-булодо торолгондугу учун Илгерки карангы сабаты жок бай-манаптардын созун суйлоптурсуз
+1
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан