Нуржан Дунканаева, көзү азиз бейтап: “КИЧИНЕ ЭЛЕ ЖАРЫКТЫ КӨРСӨМ СҮЙҮНӨТ ЭЛЕМ...”

Тагдырдын сыноосуна кабылып, жардамга муктаж болуп турабыз деп редакциябызга кайрылгандар көп. Алардын бири – 45 жаштагы Нуржан Дунканаева. “Бир көзүм көрбөгөнү аз келгенсип, эми экинчи көзүм да көрбөй калды, өмүр бою көздүн азабын тарттым” деп ыйлап кебин баштады. Каарманым көзүнүн оорусу, дарылатууга чоң суммадагы каражат керектиги, жашоо турмушу тууралуу айтып берди.

“БИР КӨЗҮМ МЕНЕН БОЛСО ДА БАЛДАРЫМДЫ КӨРҮП ТУРСАМ ДЕЧҮМҮН”

– Мен 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында төрөлгөм. Ошол эле айылдан мектепти бүткөм. Жети жашыма чейин эки көзүм тең толук кандуу көрчү. Ойноп жатканда бир көзүмө бычак кирип кетип, кареги агып калган. Кырсык деген каш менен кабактын ортосунда экен. Ошондо бир көзүм көрбөй калган. Өмүр бою эле бир көзүмдүн азабын тартып келе жаткам. Кийин жаш өткөрүүчү каналдар ириңдеп кетип, эки көзүмө тең операция жасалды. Бир көзүм менен көрсөм да жарыкчылыкты, балдарымды көрүп турсам экен деп зар какшап Кудайдан тиленип жүрчүмүн.

Бир күнү адаттагыдай эле иштен келип баламдын сабактарын карап отургам. Экзаменге билет жазып жатыптыр. Бир аз көчүрүп берейин деп жардамдашып жаткам. Бир кезде дептердин сызыгынан ылдый түшүп жазып жатканымды өзүм байкап калдым. Эмне болуп жатам, эс алайын деп уктадым. Эртеси күнү көзүм тунарып, телефонду алсам экраны көрүнбөйт. Телевизорду карасам жарым-жартылай көрүнүп жатты. Күзгүдөн өзүмдү карадым, бозоруп эч нерсе көрүнгөн жок. Эки күндүн ичинде эч нерсени көрбөй калдым. Арча-Бешиктеги медициналык пунктка барсам “катаракта экен, тез дарыланыш керек” деди. Республикалык ооруканага барып көрүнсөм “катаракта эмес, инфекциялык оору” деп укол сайышты. “1-топтогу майыптыкка чыгарып беребиз, башка эч нерсе кыла албайбыз” дешти.

Учурда мени эжемдин кызы карап жатат. Эки балам, апам бар. Апам дагы баспайт, инсульт алган, 20 жылдан бери төшөктө. Мен иштеп жүргөндө балдарга караан болуп берейин деп менин жаныма келген. Эне да, мен ооруп калгандан бери таштап кете албай жатат. Бир туугандарым колунан келген жардамын берип жатат. Жакында эле "каректин чел кабыгы бырышып калган, тамырлары ичкерип кеткен" деп бир жарым ай көзүмдү дарылаттым. 50 миң сомдой каражат кетти. Врачтар жыйынтыгы жакшы дешти. Азыр да дарыларды ичип, көзүмө тамчылатма дары куюп жатам.

“БАЛДАРЫМ КОР БОЛБОСУН ДЕП АЖЫРАШЫП КЕТКЕМ”

– Окууну бүткөндөн кийин Бишкекке келдим. Эжеме кошулуп курулуш иштеринде иштеп калдым. Ошол жакта иштеп жүрүп, 29 жашымда турмушка чыккам. Жети жыл бирге түтүн булатып, эки уулдуу болдук. Жолдошум ичкилик ичкенинен улам ажырашып кеткенбиз. Эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө 11 жыл болду. Азыр улуу балам 15те, кичүүсү 11 жашта. Өзү ичип жүрсө, иштеген иши жок болсо, алимент деле сураган жокмун. Жолдошум үйдүн кичүү баласы болгондуктан, туугандарынын баары бизге каралашып, менин көзүмдү эле карап турушчу. Кайненем да жакшы киши эле, көзү өтүп кетти. Ичкенин токтотор деп дарылатып көрдүк, болгон жок. Дарылангандан кийин ого бетер күчөп жинди болуп калат экен. Негизи кол көтөрчү эмес, идиш-аяктарды сындырган жиндилиги бар болчу. Бирок ажырашар алдында бир жолу колу тийди, кабыргаларым, өпкөм ооруп көпкө чейин кыйналып жүрдүм. Балдарым кор болуп калбасын деп акыры ажырашып кеттим. Ошондон бери жолдошум балдарынан да кабар алган жок.

Азыр балдарым мектепте окуйт. Кичүү балам пневмония болуп ооруп, 6 жашына чейин ооруканалап жүрдүк. Азыр аймактык ФАПта каттоодо турабыз.

Балдар кичинекей кезде туугандарым каралашып жатышты. Кийин балдар ирденип калганда өзүм эле иштеп, эч кимдин колун карабай жашап келгем. Мына эми минтип ооруп калдым, бир көзүмдүн көрбөгөнү аз келгенсип, экинчи көзүм да көрбөй калды. Бир уулум 9-классты бүтүп жатат. Чоң окууга өткөрсөм, турмушунан аксабай жакшы кесиптин ээси болсо, окуу акысын деле төлөп окутам дечү элем. Банк кызматкерлери аябай жакчу. Баламды ушул кесиптин ээси болсо дей берем. Үйдө бир киши иштеп турбаса болбойт экен. Балам менин тааныштарыма кошулуп курулушта иштеп жатат. “Балаңды кошуп алалы, сага бир аз тыйын болсун” деп алып кетишкен. Ушинтип бели ката элек баламды ишке салганга аргасыз болуп отурам.

Арча-Бешик конушунда жашаганыбызга 15 жылдай болуп калды. Батир акысына 3500 сом төлөйм. Мурун балдар кичинекей кезде айлап акча-тыйыныбыз жок, ачка калган учурлар болду. Майыптыкка жөлөк пул алуу тууралуу деле билчү эмес экенмин. Жөлөк пул алып баштаганыма 3-4 жыл эле болду. Ошондо бир көзүм 70 пайыз эле көрөт деп жазышкан. 2-топтогу майыптык боюнча пенсияга чыгасың деп жатышкан, бирок бир көзүң көрөт деп 3-топтогу майыптыкка чыгарып беришкен. Буга да шүгүр, иштегенге кудуретим жетет, батиримди төлөп жатам дегем. Азыр 1-топтогу майыптык менен жөлөк пул алууга документ топтоп жатабыз. Жок дегенде батирим менен тамак-ашыбызга жетсе деле пайда эмеспи.

“КИЧИНЕ БОЛСО ДА КӨРҮҮМДҮ КАЙТАРЫП АЛСАМ ДЕЙМ”

– Көрүп жүрүп эле көрбөй калсаң жаман экен. Тубаса көрбөсөм да эч кимден үмүт кылбайт элем. Биринен болбосо биринен болор деп көп жеке клиникаларга бардым. Бирок баары эле Бишкекте дарылоого мүмкүн эместигин, Орусияда дарылатууга болорун, бирок көп каражат сарпталарын айтышты. Бул жакта бир көз клиникасына жакында Түркиядан иш билги адис келет экен. Ошону күтүп жатабыз. Бишкекте жасалып калса каражат да азыраак кетет эле. Бир эле түшкөн аппараттын акысы
20 миң сом экен.

Новосибирскке барып дарылата турган болсок, болжолдуу түрдө 15 миң доллар кетет деп жатышат. Бир сутка жатканыма эле 6000 рубль болот дешти. "Операция жолу менен да болбойт, карекке бычак тийсе соолуп калат, каректин арты тешилип калган, суу тамчылап жатат, ошол каналдарды жабыш керек" деп жатышат.

Тубаса көрбөгөндөрдүн туюму жакшы иштейт экен. Өздөрүн алып жүрүп, эки жакка барып келе алышат. А менчи? Мен аны кыла албайт экенмин. Жарыкчылыкта жүрүп эле бүтүндөй айланамды караңгылык каптады. Жалдырап эле эч жакка баса албай, бутум тушалып калды. Тирүүнүн көрүнө киргендей эле болдум (ыйлап).

Мен иштебей калганы туугандар, эл каралашып келе жатат. Акча болбосо да айрымдар азык-түлүк берип кетишет. Кудайга шүгүр ушундай адамдардын барына. Үйгө келип 1 сом болобу, 100 сом болобу, берип акыбалымды сурап жатышат. Классташтарым да каражат чогултуп беришти. Элден айланса болот. “Элсом” капчыгыма колдон келгенин салып жатышат.

Дарыланып 100 пайыз көрбөсөм дагы, кичине болсо да көрүүмдү кайтарып, бир аз эле жарык көрсөм кубанат элем. Эми үмүтүм эле дарыгерлерде.

Калия Дунканаева, сиңдиси: “ЖЕТИШТҮҮ СУММАНЫ ЧОГУЛТУУГА ЧАМАБЫЗ ЖЕТПЕЙТ”

– Мен эң улуу эжесинин кызы болом. Азыр жанында мен карап жатам. Кичинекейимде мени баккан, ошондуктан Нуржан эжеме жакынмын. Туугандар, баарыбыз аракет кылып жатабыз. Бирок дарылатууга жетиштүү сумманы чогултууга чамабыз жетпейт, элге кайрылууга аргасызбыз. Эжемдин көзү жакшы болуп кетсе экен деп тиленип отурам. Апам да курулуш иштеринде иштейт, эжем деле өмүр бою курулуш иштеринде иштеп келе жатат. Акчаны жакшы таап эч кимден жардам сурачу эмес. Азыр жанында дайыма бирөө карашы керек. Орусиялык дарыгерлер менен байланыштык. Азыр коронавируска байланыштуу башка өлкөдөн эч кимди кабыл алышпай турганын билдиришти. Чек аралар ачылгыча каражат чогулуп калса, дарылатып 50 пайыз болсо да көзүнүн көрүүсүн кайтарып алсак дегенде эки көзүбүз төрт. Коомдо жардамга кол суна турган кайдыгер эмес, кайрымдуу кишилер көп эмеспи.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элсом: 0700751301,
РСК банк БИК: 129001,
Банктык эсеп: 1299147900000085

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-06-23 09:46:58
Козунуз коруп калат кудай буюрса.
Кайрымдуу элибиз бар.
Сиз айтып откон "тируунун коруно киргендей" абалды эн сонун билем.
Сабыр кылып турунуз.Быйыл коруп каласыз кудай буюрса.
+2
katerina.li
2020-06-26 13:33:59
Жардам берели ,Эл журт
+2
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан