Саадат Шералиева, жалгыз бой эне: “ДАРЫГЕРЛЕР КЫЗЫМДЫН ТАГДЫРЫН ТАЛКАЛАШТЫ”

Оору менен 4 жарым жылдан бери күрөшүп төшөктө жаткан Жанара учурда 26 жашта. Кызынын азабын тартып жаткан апасы Саадат Шералиева Жанаранын азыркы абалга келишине дарыгерлер күнөөлүү дейт. “Жөн гана профилактикалык дарыланууга ооруканага кайрылганбыз. Дарыгерлер ойноп-күлүп жүргөн кызымды төшөктөн тургус кылып коюшту. Алардын шалаакылыгынан улам ушундай күнгө туш болдук” дейт эне.

“ДАРЫГЕР БИЗГЕ АЙТПАЙ ЭЛЕ БЕЛИНЕН, ДАЛЫСЫНАН ПУНКЦИЯ АЛЫП САЛЫПТЫР”

– Биз Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылында турабыз. Жолдошум экөөбүз 1 кыз, 1 уулдуу болгонбуз. Кызымдын оорусу менен алпурушуп калам деген кантип ойго келсин?

Кызым Кыргыз улуттук университетинде окучу. 2014-жылы окуудан чыгып келе жатканда машина сүзүп кеткен. Катуу деле жаракат алган эмес, ошентсе да башын томографияга тарттырдык, колу сынып кетиптир. 10 күн дарыланып чыккан. Дарыгерлер “жылына бир текшертип тургула” дешкен.

2016-жылы февралда сессия тапшырарда “башым ооруп жатат” деп калды. Эки окууда окучу, кыйналып калды го деп “эжейиңе айталы, ооруканага жаткыралы, дарылан” дедим. Анткени баягы дарыгерлердин айтуусу боюнча 2015-жылы да бир ирет текшерүүдөн өткөргөм. 10 күн профилактикага жаткыра коёлу деп дароо Чүй райондук ооруканага алып барып 100 доллар төлөп жаткырдык. Кызым “апа, анализдерим жакшы экен” деп жаткан. Эртеси кечке маал барсам “башым басылбай эле күчөп жатат, шалдырап жатам” деди. 3-күнү эрте бардым, аябай тердеп жатыптыр. “Апа, жүрөгүм да ооруп баштаптыр, врач айтты” дегенинен дарыгерден сурасам, “мен сага Кудай эмесмин, 10 күн жатат, айыгат да!” деп кыйкырып берди. “2 маал дары куйсаңар күчтүүлүк кылат го, студент ачка-ток жүрөт, көтөрө албай калбасын, жүрөктүкүн сайбай тургулачы” деп тызылдап жаттым. 7 күн жатты, кечке жуук кызым “келип алып кеткиле, жуунуп келейинчи, аябай тер жыттанып, жүдөп кеттим” деп чалды. “Жиберсе макул” деп атасы экөөбүз барып алып келдик. Барсак палатада чын эле эч ким калбай калыптыр. Баары үйлөрүнө кетиптир, эртең менен обходго чейин келип калышат экен. Үйдөн мончого түшүп уктады, ошону менен эртең менен турбай калды. Жүгүрүп эле ооруканага алып жөнөдүк. Ошондо эле комага түшүп калыптыр. Неврологияга барып эле “эмнеге минтип калды?” деп врачка кыйкырдык. Ал коркуп кетип эле бир тамчылатма дары сайды. Кызымдын оозу көгөрүп, денеси кызыл болуп чыкканда системди сууруп салды. Жандандыруу бөлүмүнө алып жөнөштү. Бизге айтпай эле белинен, жүлүндөн пункция алып салыптыр.

“КАНТ ДИАБЕТИ ДЕП ЭЛЕ ДАРЫЛАЙ БЕРИШИПТИР”

– Жандандыруу бөлүмүндөгү анализинен кант диабети дешти. Диабетке дары ала баштадык. Казакстандан 28 000 сомго Глюкоген деген дары алдырып жаттык. Комадан чыкпаганынан кайталап дары саябыз дешти. 3 күндөн кийин дагы алдырдык. 7 күн неврологияда дарыланган, 8-февралдан баштап 10-апрелге чейин кант диабети деп дарылашты, күнүнө 4-5 миң сомго дары алып келип жаттык. 2 жолу Бишкектен санавиацияны жалдап келдик. Жаш, тажрыйбасы жок немелер экен, бир нерсе деп деле тыянак чыгарышкан жок. Токмоктогу дарыгерлер бизден кутулгусу келип “Бишкекке алып кеткиле” деп жатышты. Рак дешкенинен 2 жолу текшерттик. 5000 сомго Бишкектен бир профессорду жалдап келдик. Ал “жол жүрүүгө болбойт, ушул жакта болсун, мээсине доо кетиптир, томографияга тарттыргыла” деди. “Тез жардам” жалдап Бишкекке алып барып томографияга тарттырдык. Мээсине кычкылтек жетишпей калыптыр (ред.: постгипоксическая и токсико-метаболическая энцефалопатия деген диагноз коюлган). Күчтүү уколдорду сайып кызымдын мээсин күйгүзүп салыптыр.

Медик эжебиз бар. Ал “кызың кант диабети менен оорубайт" деп Бишкектен врач алып келди. Ал анализдерин карап чыкты. Чүй райондук оорукананын башчысы кызымды дарылап жаткан врачты, баарыбызды чогултуп “бул кызды эмнеге кант диабети деп дарылап жатасыңар, акылыңар жайындабы? Неврологияда жаткан неме кантип кант диабети болмок эле?” деп урушту. Ошондо дарылап жаткан врач “кабыл алганда кандагы канттын деңгээлин караган эмесмин” деп күнөөсүн моюндады. Кызым мурун да ооруканага жаткандыктан анализин толук карабай, “бул кызды тааныйм” деп эле күчтүү уколдорду сая бериптир, көтөрө албай, “жүрөгүм лакылдап жатат” десе жүрөктүкүн сайып, кыскасы, мээсине доо кетириптир.

Эртеси Жандандыруу бөлүмүнүн сыртында отурсам ошол жакта иштеген бир келин келип, “Жанара Сарыгулованын апасы болосузбу? Документтерин жасап жатышат” деди. Кызың өлөт дей беришип нес болуп турган жаныбыз башка нерселерге маани берүүгө чамабыз болгон эмес.

“КЫЗЫМДЫН ДЦП ЭМЕС ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕЙМ ДЕП ЖҮРҮП ЖОЛДОШУМ КАЗА БОЛДУ”

– Жандандыруу бөлүмүнүн керебетинен бери беришип врачтар бизден эптеп эле кутулалы дешти. Жанара ошондо 21де болчу. 4 жарым жылдан бери оору менен күрөшүп келе жатабыз. Башында морфий сайып жаттык, 2 жыл уколдун жардамы менен уктап жүрдү. Люксембург айылында бир кытай дарыгери бар, ошого алып бардым. Ал дагы “бул дарыгерлердин катачылыгы, мээсин дары менен күйгүзүп салышыптыр” деди. 4 жылдан бери анын дарыларын колдонобуз, дарыгерлер өлөт деген кызым жашап келе жатат. "Ушул кыздан биринчи мени ал" деп жатып сопсоо жүргөн кайненем каза болду.

Таанышыбыздын балдызы Америкадан келиптир, врач экен. Оору тарыхын көрүп, “кызыңардын мээсине кан куюлду беле, эмнеге операция жасатпайсыңар?” деди. Томографиянын кагазын көрүп, “оору тарыхына да мээ күйдү дебей, кан куюлду деп жазып коюптур” деди. Андан бери Орусия, Түркия, Казакстанга, кытайлык дарыгерлерге көрсөттүк. Алар “кыр аркага, жүлүнгө доо кеткен, ошого кыймылдабай калган. Мээни күйгүзүп салган үчүн көрүү, сезүү, тамак ичүү органдары иштен чыккан, бул дарыгердин катасы” деп айтышты.

Дарыгерлер кызымдын тагдырын талкалашты. Майып кылып колума беришти. Жолдошум да 2 жыл мурун адилеттүүлүк издеп, чыркырап жүрүп каза болуп калды. Өзүм 2 жолу инфаркт алдым. Чүй райондук сотко арыз жаздык. 4 жылда канча тергөөчү алмашты? Ишти улам эле "мөөнөтү өтүп кеткен" деп жаап коюшат. Жолдошум Бишкектен бери соттук-медициналык эксперт алып келди.

"ВРАЧТЫН КҮНӨӨСҮ" ДЕП ЭЛЕ КЕТИШЕТ, СОТТОН ТЫЯНАК ЧЫКПАЙТ"

– Кантип күйбөйм, документин жасашканы ушул да. Соо жүргөн кызымды ДЦП менен төрөлгөн деп жазып коюшуптур. Биздин айылдагы дарыгер кызымдын кичинекей кезиндеги медициналык китепчесин Чүй райондук ооруканага архивге өткөрөт. Биригип алып баягы документке ДЦП деп жазышыптыр. Айылдагы медайым менин аяшым болчу. Ага “сен эмнеге ДЦП деп жазасың?” деп нааразы болдум. Ошондо ал “Саадат, кечирип койчу, мени дагы мажбурлашты” деп ыйлады. Күйөөм каза болгондон кийин ал дагы айтканын танып чыкты.

Такма жалаягын алмаштырыш керек. Убагы менен блендерден өткөрүп, түтүкчө менен тамагын берем. Жерибизди, мал, унаабызды, болгон оокатты сатып бүттүк. Азыр 24 жаштагы баламдын тапкан акчасын карап отуруп калдык. Менин кызым менен уулумдай курактагы балдар ойноп-күлүп жүрүшөт. Жакында эле кайнагам чуркап жүрүп кызыма 4700 сом жөлөк пул чектетип берди. Убагы менен түтүктөрдү алмаштырыш керек, дарылар да кымбат. Бир күндө 3-4 такма жалаяк колдонобуз.

Кызымды туура эмес дарылаган врач күйөөм барда 80 000 сом, анан 3 таңгак такма жалаяк берген. Күйөөм ар кайсы эшикти каккылап жүрсө корккон окшойт. Бир жолу үйгө келип сурап койгон жок. Врачтар көпкө жашабайт деп ойлошкон. Кудайга шүгүр, жашап келе жатат. Дарыларды, витаминдерди берип жакшы караганга өзү уктап, өзү ойгонуп, көздөрүн ирмеп калды.

ДЦП деп жазып салып документин бурмалап салышты. Индиялык врачтар арзандатуу менен 8-10 миң долларга дарылап көрөбүз деп жатышат. Жалпы 20 миң доллардай кетет дешкен. Менде мынча суммадагы каражат жок. Орусиядан бир дарыгер менен сүйлөшкөнбүз. Ал "10 миң долларга чейин арзан баада дарылайбыз, Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу багыттама кагаз ал" деди. Министрликке барып чоо-жайын айтсам, ДЦПга берилбейт, соттошсоңор да диагнозду алмаштырыш керек деди. Кайдан соттошом, мөөнөтү өтүп кеткен иш деп эле жаап коюшат. Соттошуп жыйынтык чыгара албай койдук.

“ДЦП МЕНЕН ООРУЧУ ЭМЕС”

Гүлүм Абылкасым кызы, Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:

– Бул үй-бүлө менен кошунабыз. Жанара баламдын классташы. Кичинекейинен көз алдымда чоңойду. Мектепте жакшы окучу. Жогорку класста окуп жүргөндө биология боюнча облустук олимпиадага катышып, алдыңкы орундарды алып келген. Аябай аракетчил, зирек кыз болчу. Жалпы республикалык тестирлөөдөн да жакшы упай алып, рейтинг боюнча 3-орунду ээлеген. Эч кандай ДЦП байкалчу эмес, болбосо ал дарт кичинесинен эле билинмек да. Биз деле таң калып жатабыз. Мындай тыянакты кайсы дарыгердин колу барып жазып берди? “Менин кызымдын андай оорусу жок болчу” деп, ошону далилдейм деп жүрүп инфаркт алып жапжаш атасы каза болуп калды. Көрүп жатабыз да, жерлерин, мал-жанын, үй ээсинен калган унаасын сатышты.

Мен бир-эки жолу барып жуунтканга жардам берип калдым. 26га чыккан кызды көтөрүп караган деле кыйын экен. Саадат жеңе өтө бекем. “Менин кызым минтип калды, жардам берип койгула” деп бир да жардам сураган жок. "Баары жакшы" деп бизге деле эч нерсе билгизчү эмес, эми эле элге кайрылууга аргасыз болуп отурат. Акыл-эси жайында жакшынакай кызды минтип оорукчан кылып коюшту, кандай гана аянычтуу?

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: "Бакай Банк" БИК 124004 Шералиева Саадат Асакеевна

банктык эсеп: 1242020108675268

Элсом: 0703140860

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Hanzada.sabih
2020-06-29 11:02:29
Эх тозокто куйгурлор,айдай кыздын убалына калыпсынар!
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-06-29 11:09:08
Чырактай кызды убалына калыпсыңар! Аллах шыпаасын берсин
+8
Dushabolna
2020-06-29 11:59:48
Ооба мен да ушундай тагдырды жакын эле бироодон кордум. Туура эмес диагноз менен оорутуп коюпсунар го. Даарылар Бир жеринди айыктырган менен экинчи жеринди талкалайт. Врачка ишин тушпосун да.
+7
Araika
2020-06-29 19:55:51
Кыргызстанда врачка баргандан деле коркосун адам
+8
-adam
2020-06-29 21:57:44
Жап жаш кыздын тагдырын сындырышыптыр,акмактар!Эжеге ,кызыга бекем ден-соолук ,тэзирээк айыгып кетишин Кудайдан тилеп дуа кылалы.Колунуздардан келген инсандар аздан болсо да жардам берелик.
+8
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан