48 жаштагы аял каражаттын тартыштыгынан дарылануусун уланта албай жатканын айтып редакциябызга кайрылды. “Эки кичинекей балам бар, алар үчүн ооруну жеңгим келет” дейт ал.
“КАРАЖАТ ЖОК, ДАРЫЛАНУУМ ТОКТОП КАЛДЫ”
– Мен 48 жаштамын, жерлигим Кочкордон болот. Сокулук районунда батирде жашайм. 2 балам бар. Улуу балам 10, кызым 5 жашта. Жолдошум Москвага кетип, ошону менен байланышыбыз үзүлгөн. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Эжелерим бар, улуусу 70ке чыгып калды. Өзүм музыкалык-педагогикалык колледжди бүтүргөм. Ал кесибим менен иштеген жокмун, иштейин десем билимди жогорулатып дагы окуш керек экен. Ошону менен эле мектептин полун жууп иштеп калдым.
Өткөн жылы жазга маал шалдырап алым кетип ооруп калдым. Ампициллин алып, антибиотиктерден ичип, өз алдымча дарыланып жаттым. Күзүндө ордумдан тура албай ооруп, төшөккө жатып калганда кошуналарым такси менен Бишкекке алпарышты. Ооруканалар албай ары-бери сүйрөп жүрүштү. Аябай кыйналып жаттым. Анализдерим жакшы чыкпай, так диагноз коюлбай жатты. Акыры бир жакка барсак, өпкөдө дарт бар экен дешти. Компьютердик томографияга түшсөм “өпкөнүн рак илдети” деп чыгарып, Улуттук онкологиялык борборго жаткырышты. Врачтар “химия терапияны үзгүлтүккө учуратпай убагында алышың керек, андан кийин 6 ай сайын көрүнүп турасың” дешкен.
Ноябрдан тартып химия терапия ала баштагам. Айрымдар “Алматыдан химия терапия алып көр, жакшы” деп айтышат. Акчам болбосо кайдан? Катуу ооруп, жазында барып бир жолу химия терапия алгам. Оору менен күрөшүп келе жатканыма бир жылдай болуп калды. Иштебей үйдөмүн, батир акысын төлөй албайм. Азык-түлүк жагынан эжелерим, кошуналар камсыздап келе жатышат. Жалпы 7 жолу химия терапия алышым керек эле. Буга чейин төрт жолу алгам. Ошондо кадимкидей жакшы боло түшкөм. Кыстаган турмуш, андан берки каражаттын жоктугунан улам бара албай жатам. Ар кимдин өзүнүн турмушу бар, бир-эки сурайсың, анан улам эле догуруна албайт экенсиң. Анын үстүнө коронавирустан улам көпчүлүктүн иши жакшы болбой калбадыбы. Бир химия терапия 30 миң сомдун тегереги болот. Бир жолку терапияга кошуналарым жардам берген. Балким, бул айрымдар үчүн чоң деле көйгөй эместир.
“АЗЫР ИШ ЭМЕС, БАЙПАГЫМДЫ АРАҢ КИЙИП КАЛДЫМ”
– Ысык-Көлгө эжемдикине келгем. Ушул жакта уу коргошун деген дары жасайт экен. Онкологиялык ооруга жакшы деп угуп, айлам жок, Кудай шыпаасын берсин деп ошону ичип жатам. Акча жок деп жата бербей, оору менен күрөшүп жеңгим келет.
Жакында 1-топтогу майыптык менен 4070 сомго жөлөк пулга документ тапшырдым. Батирге 3500 сом төлөйм. Мурун талаа иштеринде иштеп каражат тапчумун. Азыр иш эмес, байпагымды араң кийип калдым. Таяк менен эптеп басып жүрөм, оору деген ушул экен. Кошуналарым үйүмдү жыйнап, каралашып турушат. Балам менен кызым байкуштарым кыйналып жатканымды көрүп, жаныма келип сурап калышат. Алар деле санааркап жүрүшөт.
Ооруканага жатып калганда ар кимдикинде болуп жатышып, заарканып калышыптыр. Экөө тең жанымдан чыккысы келбейт. “Эч жакка таштабаңызчы, апа” дей беришет.
Элден жардам сурап бир кемтигимди бүтөп алайын деген деле ниетим жок. Оорудан айыгып, бутка туруп алсам дегенде эки көзүм төрт. Оору ушуга түртүп жатпайбы. Тааныштар “элден жардам сура, жардам бере тургандар бар” дешкен. Чыкпайм деп болбой жүрдүм эле, элге кайрылууга аргасызмын. Балдарым жаш, алар үчүн жашагым келет.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номери: 0700396857
Динара Акимова
koom@super.kg