ОТ КЕЧКЕН ЫКТЫЯРЧЫ

Учурда коронавирустун жайылышы күчөп жаткандыктан кырдаал кыйындап баратат. Улам ачылган стационарлар ооругандарга толуп, кайда барып текшерилип, кантип ийне, тамчылатма дары алсам деп баш катыргандар көп. Мындайда дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй жараткандыктан, күндүзгү стационарларда иштөө үчүн жана үйлөрүнө чакыргандарга барып дары сайып берүү үчүн ыктыярчылар жардамга келишүүдө. Учурдагы кырдаал от кечип иштеп жүргөн ыктыярчылардын көзү менен.

“ИНТЕРНЕТТЕГИ МАЙЫП КЫЗ ШЫКТАНДЫРДЫ”

Ушундай кырдаалда элге бекер кызмат көрсөткөн ыктыярчылардын, коомдук уюмдардын түзүлүп жатканы кубанычтуу көрүнүш. Алардын катарында "Айкөл кыргыз урпактары" жаштар коому бар. Коомдо чакырык боюнча ооругандардын үйүнө барып ийне жана асма дары куюп берчү ыктыярдуу дарыгерлер жана айдоочулар бар. Алардын иши эртең мененки 9да башталып, таңкы 5терге чейин уланат. Түшкү тамагын саат 5-6да ичип, кечки тамагын иштин көптүгүнөн түнкү саат 01-02де ичкендер, ал тургай тамак ичпей, түнкү 3-5терде үйүнө ачка тарап кеткен учурлар болот дешет. Ыктыярдуу түрдө иши үчүн бир тыйын албай, тынымы жок иштегендердин бири – Нура Дыйканбаева.

– Менин аты-жөнүм Нура Дыйканбаева. Ыктыярчы-дарыгер болуп иштегениме 14 күн болду. Кичи мекеним – Ысык-Көлдүн Түп районунун Талды-Суу айылы. Акушердик билимим бар. Интернеттеги жарыядан "ыктыярчы медиктер керек" дегенди окуп, барып кошулгам. Ага чейин орусиялык сайттан майып кыз майыптар арабасына отуруп алып баса албаган, дарыканага барууга мүмкүнчүлүгү жокторго дары ташып жүргөнүн окуп калгам. Ага караганда Кудайга шүгүр, алты саным аман, медициналык билимим бар.

Ишибиз эртең мененки саат 9да башталат. 1 дарыгерге ыктыярдуу 1 айдоочу бөлүнгөн. Бизде 40 чакты дарыгер иштейт. Күнүгө ар кимибиз чакырык менен 20-30дай үйгө барып, врачтын көрсөтмөсү бар бейтаптарга ийне жана тамчылатма дарыны бекер сайып беребиз.

Бизди коргоочу кийимдер менен штабдагылар камсыздайт. Штабга болсо демөөрчүлөр таштап кетип турушат. “Эмне жардам керек?” деп штабга чалгандар да бар. Унааларга бензинди да ар ким куюп берет. Акчалай жардам көрсөткөндөр чыгып жатат. Коргоочу кийимдерди күн сайын, ал эми бет кап, кол каптарды ар бир бейтапка барган сайын алмаштырабыз.

“БИЗ “КЫЗЫЛ ЗОНАДА” ЖҮРӨБҮЗ”

– Тамак-ашты боорукер адамдар жасап алып келсе, кээде кафе ээлери жеткизип кетишет. Тамактын келгенине жараша түшкү тамакты кээде үчтө ичсек, кечки тамакты саат тогуздарда, кээде түн ортосунда ичип калабыз.

Ийне, тамчылатма дары сайып берүүгө чакырык бизге күн-түн дебей тынымсыз түшүп турат. Ошентип 5-6 саат эс алып эле кайра жумушка чыкмай. Эс алып деген бул үстүртөн айтылган сөз. Анткени үйгө барганда деле өзүбүздүн тиричилик бар да. Ошентип уктаганга аз гана саат калат.

Ишибиз оор, коронавирус менен ооругандарды кабыл алчу, дарылоочу жайлар "кызыл зона" деп аталат. Биз дайыма ошондой зонада жүрөбүз. Оору жуктуруп алуу коркунучу өтө жогору. Андыктан коронавирус менен ооруган адамдын жанында 2 сааттан ашык болбоого аракет кылабыз. Бирок айрым ооругандарга 2-4 түрдүү тамчылатма дары сайыш керек болсо, 2 сааттан ашык убакыт кетет.

Учурда тамчылатма дары куюп берүүнүн акысы 1000 сомго чыгып кетиптир. Үй-бүлөсү менен ооруп жаткандар абдан көп. Алар дарысына акча таппай жатышса, ар бири үчүн 1000 сомдон кайдан табышат?

“АДАМДАР ҮЙМӨ-ҮЙ ООРУП ЖАТКАНДАЙ СЕЗИЛЕТ”

– Айрым үйлөрдө 2-3төн ооруган адамдар бар. Эң өкүндүргөнү – дарыканаларда дарылардын баасы кескин көтөрүлүп кетип, эл керектүү дарысын ала албай, кыйналып жатканы болууда.

Коронавирустун кескин жайылышы, дарылардын кымбатташы, ооруканада орундардын жок калышы, рентген кабинеттердин, компьютердик томографиянын бааларынын өсүшү жана аларда кезектердин көптүгү эки жарым айлап карантинде ишсиз отуруп, карызга батып жашаган карапайым элдин жашоосун ого бетер оорлотконун күндө көрүп жатабыз. Колунда барлар, байлар кызмат акысы кымбат жеке клиникаларга барып дарыланышат же акча, тааныш-билиштиктин арты менен ооруканаларда жатып дарыланышууда. Мына ушундай теңсиздик, албетте, адам катары жаныңды ачытат.

Ыктыярчы болуп иштегени ар кандай жашоо шартта жашап жаткан жана түркүн мүнөздөгү адамдарга кез келип жатабыз. Алардын айрымдары ачуусун бизден чыгарышат. Мисалы, “эртерээк келсеңер болбойбу?”, “ийнени катуу сайып салдыңар” дешет.

“АЧКА ОТУРГАН ҮЙ-БҮЛӨНҮ КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ООРУДУ”

“Ушул оорунун айынан өлүп калат окшойм” деп катуу дүрбөлөңгө түшүп алгандар да болот. Айрымдары "кетпей жанымда отуруп тургулачы, кетсеңер эле бир нерсе болуп кетчүдөй болуп жатат" дешет. Бир жолу жашы сексенден өтүп калган орус улутундагы аялдан чакырык түштү. “Дарыга акчам жок, жардам бере аласыңарбы?” деген. Врач жазып берген дарылардын атын сурап, штабга чалдым. Штаб бул маселени 2-3 саатта чечип берди. Дарыларын алып, бекер эле сайып берсек, "азыркы заманда ушундай кайрымдуу адамдар бар экен, ээ?" деп ишенбей жатты. Анан өзүнө келип, "силердей жакшы адамдар бар экен, эми мен өлбөйм" деп ыйлады.

Бир жолу бир үйгө барсак, 3 баласы бар жалгыз бой аял ооруп калыптыр. Батирде акы төлөп жашайт экен. Барсак жука паластын үстүнө салынган бир кат төшөктө жатат. Чай ичкен столдун үстүндө нан, кумшекерден башка эч нерсе жок экен. Кичүү баласы курсагы ачкан окшойт, кургак нанды кемирип жүрөт. Ошол аялдын жашоо шартын көрүп, стресске кабылдым. Дагы бирөөнүн дарыга акчасы жок калган экен, кошуналары акча чогултуп дары алып беришиптир. Мындан улам боорукер адамдар көп экенине аябай ынанып калдым.

Кээ бири бизди айлык алып иштеген милдеттүү дарыгер катары көрүп, орой сүйлөшөт. Аларга ишибиз үчүн акча албай турганыбызды, кайрымдуулук үчүн иштеп жүргөнүбүздү айтсак жумшарып, кечирим сурап калышат. Дары сайып берип жүргөн бейтап оңолуп калса, кошо сүйүнөбүз. Абалы оорлошуп кеткендер менен кошо кайгырабыз. Жаңы конуштарга барганда көчөнүн аты, үй номерлери жазылган тактайлар жок. Айрым көчөлөр караңгы, анан даректи, үйдү издемей. Айтор, иш учурунда көп эле кыйынчылыктар менен бет келебиз.

“КОРГООЧУ КИЙИМДИН АЗАБЫ...”

– Биздеги ыктыярчы медиктердин жашы 19 жаштан 66 жашка чейинкилер. Азыркы ысыкта коргоочу кийимдерди кийип жүрүү кыйын. Ысып-тердеп, ичинен кийген кийимибиз терге чыланып, жабышып калат. Ошол абалда таңкы тогуздан түнкү 3-5терге чейин жүрүүгө туура келет. Барган жерибиздеги үйлөрдүн ичи ысык, ого бетер шайыбыз ооп, арга жок чыдоого туура келет. Кээде 2-3 эле саат уктаган учурлар кездешет. Бул, албетте, бизди чарчатат, күндүн аягында бутубузду тарта алмак түгүл сүйлөгөнгө шай келбей, ымдашып сүйлөшүп калабыз. Жакшы эс албай калганда буттарыбыз шилтенбей, бөйрөктөрүбүз ачышып, белибиз уюп кетет. Эл сени үмүттөнүп күтүп жатканын ойлоп, чымырканып белди бууйсуң. Жакшылык ушинтип уланат жана кайтып келет.

Башында туугандар “оору жугузуп алсаң эмне болот? Бекер иштесең, 2 студент балаңды ким багат?” деп чочулашты. Бирок менин ниетимди угушуп “иштей бер, бирок өзүңдү абайла” дешти. Мен чачтарачтын курсун да окугам. Аптасына бир жолу эс алуу күн алып, кардарларымды тейлеп, ошол акчага жашайбыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
momun74
2020-07-20 13:22:33
Аллах ыраазы болсун!
+3
karakyz23
2020-07-20 14:17:24
Аллахым ыраазы болсун
+3
NSKA
2020-07-20 16:43:06
Азыркынын баатырлары десек болот, азаматсыңар! Албетте Аллахым жардам берет силерге да.
+4
Raihan0602
2020-07-21 11:22:36
Элге кылган жакшылыгыңар Кудайдан эселеп кайтсын аман болгула париот ыктыярчылар кыргыз эли силердей уул кыздары менен сыймыктанат
+3
nasipkan96
2020-07-21 11:57:12
Азаматсыздар!
+2
muku.85
2020-07-21 17:56:15
Бул согуш жашыл формачандардын эмес ак халатчандардын согушу болуп жатат.
Таазим сиздерге куралсыз согуш баатырлары сиздерге "данк" медалы аздык кылат
+5
Birimdik5555
2020-07-21 18:34:02
Окуп алып козумо жаш келди,азаматсынар эл ичинен чыккан баатырлар
+3
Baktyluumun98
2020-07-22 22:29:17
Рахмат! Аллах ыраазы болсун, пенденин колунан рахматтан башка эч нерсе келбейт.
+2
akmanai
2020-07-24 12:37:55
Ыйлап алдым. Рахмат силерге журогу алтын адамдар!
0
Aikosh25
2020-07-26 20:41:20
Аллах ыраазы болсун!Алтын адамдар!
-1
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан