Эсенбек Белеков: “ТАЛАА ИШТЕРИН ЖЕҢИЛДЕТЕЙИН ДЕП ЧӨП ЧАБУУЧУ ШАЙМАН ЖАСАДЫМ”

Эсенбек Белеков чөп чабуучу шайман ойлоп тапканын айтып редакциябызга кайрылды. Ал Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну. Жасаган шайманы тууралуу төмөнкүчө айтып берди.

– Мен башынан эле техника тармагына кызыгам. Техникалык жана айыл чарба адистиги боюнча билимим бар. Айылда мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен тоютту да көп жыйнайбыз. Чалгы менен чөп чапкандан баарыбыз эле качып калбадыкпы. Анын үстүнө айылда косилка тартыш. Чөп чабык учурунда узун кезекке туруп калабыз. Кичине болсо да убакытты үнөмдөйүн, талаа жумуштарын жеңилдетейин деген максатта бул шайманды жасадым. Балким, башкалар да жасап алышат. Мунун чалгыдан өндүрүмдүүлүгү күчтүү. Чалгыдан колдун күчү кетип калат, бул анчалык деле оор эмес, маңдайындагы чыгырыкты (маховик) айлантып коюу жетиштүү. Мотору жок, бирок атка, эшекке сүйрөтүп же болбосо эки адам чөптү чаап койсо болот. Бир адам шайманды түртүп, бири чыгырыкты айлантып улам күүгө келтирип турат. Жүрүүчү дөңгөлөк машинаныкы, андыктан жеңил жүрөт. Маңдайындагы чыгырыкты айландырганда техниканын тили менен айтканда, кардан вал аркылуу кыймыл бычакка, чабуучу аппаратка барат. Ошонун негизинде иштейт. Быйыл огородду, чакан жерлерди чаап көрдүк.

Тетиктерди сатып деле алган жокмун, айылдагылардан сураштырып эле чогулттум. Идеямды угуп, бекер эле беришти. Эки ай аралыгында кураштырдым, дагы да кошумчалай турган жерлери бар, алардын үстүнөн иштеп жатам. Мындан тышкары чөп кескич, отоо чөптөрдү жула турган шаймандарды жасасам деген ниетим бар.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ALATOOLUK.JIGIT
2020-07-22 13:08:37
азаиат. ишине ицюйгилик демине дем.
+4
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан