ЧУБАК АЖЫ ДОСТОРУНУН ӨЛҮМҮН КӨТӨРӨ АЛБАДЫ

Дин адамы деген түшүнүктү баштан-аяк өзгөрткөн, элдин сүймөнчүгүнө айланган, жүрөктөрдөн түнөк тапкан Чубак ажы Жалилов 11-июлда пневмониядан улам көз жумду. Мурун Чубак ажыдан интервью алып, бир жарым саат убакытка тойбой, артыма кылчактай карап “дагы келем” деп кеткеним бар. Бирок... Анын ордуна бул жолу достору, замандашы, шакиртинен эскерүү алганга аргасыз болдум.

Жамалбек Ырсалиев, досу: “ЧУБАК АЖЫ ЭЛГЕ КӨПҮРӨ БОЛГОНДУ ЖАКШЫ КӨРЧҮ”

– Чубак ажы экөөбүздүн жашыбыз тең. Ал Ислам институтуна окууга тапшырып калды, мен “Ислам маданияты” деген газетада иштечүмүн. Дос болуп калдык. Анын биринчи сүйүүсүнөн бери билем (күлүп). Институтту артыкчылык менен бүтүрүп, кийин Сауд Арабияда окуп калды. 2003-жылы Арабияга бардым, ошол жактан мени тоcуп алды. Ал убакта үйлөнгөн, өзүнүн унаасы бар экен, салып алып Мекке шаарын кыдырткан. Окуусун бүтүп келди, тез убакытта элге алынып кетти. Ушунчалык билимдүү эле, кандай маселе болбосун жообун таба алчу. Ал жообун таппаган маселе жок эле. Китептерин казып отуруп таап айтып берип, элдин маселесин чечип жолго салчу.

Эл билбеген жактарын айтсам, бирөөгө бирөөнү үйлөндүргөндү жакшы көрчү. Бойдок кыз-жигиттердин далай бактысын ачты. “Ушунун мүнөзү жакшы экен, ушуга туура келет” деп эле жүрчү. Таарынышып кеткен эки адамды жараштырганды да жакшы көрчү, адамдарга көпүрө болгонду каалаар эле. Гүленчилерди, тигини-муну, көп агымы бар мусулманчылыктын ортосунда баарына чынжыр болуп турчу. Сөз менен, кадыры менен ийге келтирип турар эле. Чубак ажынын Меккеден келген өмүрүнүн баары жол үстүндө өттү. Бир жактан келет, эртеси башка жакка учуп кетет. Эл кайда болбосун топтошуп күтүп турган болот, эл күтүп турса барбай койгонго болбойт дечү окшойт. Телефон чалсам эртең менен Кореяда болот, анын эртеси Орусияны аралап кеткен болот, андан кийинки күнү Ошто, эки күндөн кийин Бишкекте түз эфирде отуруп калган болот. Ушинтип эле айланып турду, мен тамашалап аны “юла” (айланган оюнчук) деп койчумун. Ден соолугун кыйнап жашады, “элге билимимди бергенге жетишип калайын” деп шашып жашады. Суктанарлык жашады. Легендага айланды. Бул легенда кыргыз жашап турганда жашай берет деп ойлойм. Ооруп жатканда кабарлаштык. Жакын досу Садриддин мырза өтүп кеткенде катуу кайгырды. “Менин ден соолугум аныкына караганда жакшы окшойт, өпкөмө вирус түшпөптүр, текшерилдим” деген болчу.

Ниматулла Рыскулов, тайпалашы: “БАЛМУЗДАК АЛЫП БЕРИП, БАЗАРГА АЛЫП БАРЧУ”

– Мен Чубак ажы менен 1992-жылдан бери таанышмын. Ислам институтунда чогуу окудук, жатаканада бирге жашачу элек. Эң биринчи күнү эле ал агайдан “медалисттерге жеңилдетүү барбы?” деп сурап, биз аны көпкө карап калганыбыз эсимде. Орто мектепти алтын медаль менен бүтүп, университетти да артыкчылык менен бүтүргөн. Ошол кезде эле шайыр болчу, биз иш эмне экенин биле электе ал кароолчу, майда-барат жумуштарда иштеп жүрчү. Жанында дайыма акчасы боло турган. Анан “базарга барып келели” дейт, анын акчасы бар, биздики жок да (күлүп), “балмуздак алып бербесең барбайбыз” деп соодалашып туруп алчубуз. Жол киресин төлөтүп, балмуздагын алдырып барчу элек. Аябай колу ачык болчу. Кийин мугалим болуп үч жылдай чогуу иштедик. Чубак жатаканада эртең менен бир мискей ботко бышырчу, ал жуунуп келгиче мискейдеги боткосун жеп, кээде өзүнө калбай калчу. Биздин ашказаныбызды ойлоп чоң мискейге бышырганын айт. Аябай көп китеп окучу, жатып, туруп, отуруп эле китеп окуй берчү. Бат окугандын техникасын билчүбү, билбейм, бир чай ичип отурганда жука бир китепти бүтүрүп койчу.

Сауд Арабиядан окуп келгенден кийин деле жолугуп жүрдүк, мен анын убактысын аячу элем. Бул кишини эл катуу сүйдү, элдин ошончо сүйүүсүнө жетишпей калып жатты. Илимге аябай берилип жашады. 1996-жылы Кайырма деген айылда экөөбүз батир ижарага алып жашап, даават кылганбыз. Айылда чуркап жүргөн балдар “Чубак байке” деп аябай жакын болчу. Өзү да баласаак эле, чачтары жазылып жүргөн кичине кыздарды көрсө,”кел, чачыңды өрүп берем” деп туруп тыкыйтып өрүп берчү.

Мыктыбек Арстанбек, коомдук ишмер: “АКЫРКЫ ОСУЯТЫ “КИТЕП ОКУҢУЗ” БОЛДУ”

– Бир ай мурун Алиясбек Алымкулов деген досум чайга чакырып калды. Барсам досум мага бир чапан тиктириптир. Заманбап смокинг, бирок кыргыздын оюулары менен тиктирген экен. Ошону кийип жатып карасам Чубак ажы бирөө менен турган экен. Саламдашып сүйлөшүп туруп калдык. Ошондо “кайсы китептерди окуп жатасыз?” деди. Мен окуган китептеримди айтсам, “сиз ушу китепти таап окуңуз” деди. Кайдан табарымды да айтып берди. Эми ойлосом Чубак ажынын акыркы осуяты мага “китеп окуңуз” болгон экен. Ал китепти таптым, буюрса, окуйм. Ал арада ооруп калдым, анын ооруп жатканын да укпаптырмын, уксам жетип барат элем. “Эч ким кабар албады” деп да жазып жатышат, ага мен кошулбайм, ал элдин көңүл борборундагы адам болчу. Өтө жөнөкөй эле. “Мен аалыммын, менден алты метр ары тургула” деген нерсеси жок эле, дайым эл менен жүрдү. Элдин бир адамды жакшы көргөнү да Алланын буйругунан, Кудайга жаккан адам гана элге жагат. Элдин жүрөгүнө Чубак ажыга болгон махабатты Кудай салды. Өтө маңыздуу жашады, маанилүү иштерди кылып кетти. Эми шакирттери ишин улантып, ордун басат деп ишенем.

Улан Давлеткулов, шакирти: “ДОСУНУН КӨЗҮ ӨТҮП КЕТКЕНИ ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕПКЕР БОЛДУ”

– Мен устаз менен күндө кабар алышып турчумун, акыркы үч күндө кыйла жакшы болуп, жөтөлү да азайган. Акыркы күнү мага “Улан, гүлдөрүмдү карап жатасыңбы, мен жакшы болуп калдым” деди. Гүлдү сүйгөн киши эле. Садриддин мырза (ред. Бишкек шаарынын казысы Садриддин Мажитов) менен устаз дос эле. Ага арнап жазган макаласы Чубак ажынын акыркы жазганы болуп калды. Адатта ал жазып, мен жеке баракчасына жарыялап турчумун. Ошону жарыялайм деп күтүп жатсам “жазып жатам” деди. Саат түнкү 11лерде ооруканага алып кетишкенин уктум.

Устаздын көзү өтүп кетишине кайгырган көп адамдардын көкүрөгүндө суроо калды. "Эмнеге эрте ооруканага алып барган жоксуңар?" деген. Буга мындай деп жооп берем. Абалы жакшы болуп калган. Жеке караган врачы да бар эле. Оорунун күчөп кетиши жакын досунун кайтыш болуп кеткенинен улам болду окшойт. Ага чейин дагы бир досу көз жумган болчу. Андан мурун мыкты аалым досу да дүйнөдөн өтүп кетти. Ушунун баары оор болуп кетти окшойт. Садриддин мырзага арнап пост жазып жатып жыгылганы ошондон улам болду. Устазыбызды ажал алып кете турган убагы да ушул экен, эмне кылабыз? Көзү өтүп кеткенден кийин аны менен сүйлөшкөн аудиолор да чыгып кетти. Устазды урматы менен узатсак, ошондой нерселерди таратып туура эмес маалымат бербесек деп элден суранып кетер элем.

Эл билбеген хоббиси тууралуу сурапсыз, ал киши тоок бакканды жакшы көрчү. Тооктордун ар кандай породаларын кызыгып бакчу. Жеке баракчасын мурунтан эле мен көзөмөлдөп жүрчүмүн, мындан ары да Чубак устазга тиешелүү материалдарды чыгарып, өзүм көзөмөлдөп турам, буюрса. Азыр жоготконубузга аз эле болуп, ой да бир жерде болбой жатат, бирок устазга тиешелүү бардык нерсени урматы менен кылабыз. Менин устазымдан алган чоң сабагым – эл үчүн жашоо, элге кызмат кылуу. “Адамдын курсагы эки гана самсага тоёт, напсиси эмнеге такыр тойбойт?” деп көп айтчу.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Tyty1990
2020-07-27 10:04:28
Устазга Аллахым бейиштин эң төрүнөн орун берсин. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын кошунасы кылууга насип кылсын.
+21
Alia82
2020-07-27 18:24:14
Сураныч ар санында чыгарып тургулачы ушундай Чубак ажы тууралуу макала, окуп тажабайбыз
+10
Nursul
2020-07-28 09:56:21
Дуба кылып турам устазга.
+8
Bolya8892
2020-07-28 12:51:07
Чубак ажынын отуп кеткени Кыргыз эли учун айрыкча жаштар учун ото оор болду. Аллахым бейиштик кылган болсун
+9
0001KG
2020-07-28 14:42:24
Мыктыбек Арстанбек байкеге кайсы китептерди оку деген экен, аттарын да сурап жазсаңар, бизда таап окуйлу!
+8
i1urp
2020-08-02 15:43:11
Чубактын жомоктору, апыртмалары коп эле, элдин ишендире алган жомокторуна таазим.
-1
meri.kg
2020-08-03 02:14:50
Чубак аажыбыздын жайы жаннаттын төрүнөн болсун. Көөп жакшы насааттарды калтырды ошого да шүгүр. Ажалга айла жок тура. Эми ошол насааттарды жашообузга киргизип алсак экен.
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан