Эрлан Камчыбек уулу, спортчу: “СПОРТ МЕНИ ООР АБАЛДАН СУУРУП ЧЫКТЫ”

Тагдыр адам баласынын башына ар кандай сыноолорду салат. Аны көтөрүүгө баарынын эле күчү жете бербейт. Бул жолку каарманым буту баспай, угуу мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажырап калганына карабай жашоо үчүн күрөшүп, спортто ийгилик жаратып келет.

Каарман тууралуу:

Аты-жөнү – Эрлан Камчыбек уулу

Туулган жылы – 1994-жыл, 29-апрель

Туулган жери – Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш айылы

Учурда – Кол күрөш боюнча спорт чебери

Жетишкендиктери – Кол күрөш боюнча Кыргызстандын паралимпиада чемпиону, Азия чемпиондугунун күмүш медалчысы, Эл аралык турнирдин коло медалчысы. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын тандоосу боюнча "2019-жылдын мыкты спортчусу".

“ТӨРӨГӨН АПАМДЫ ИЗДЕП ТАПТЫМ, БИРОК...”

– Апам мени жети айлык кезимде эле таштап кетиптир. Ата-энем эмне себептен ажырашып кетишкенин билбейм. Мен чоң апамдын колунда көкүрөк күчүгү болуп, эркелеп чоңойдум. Мага өзгөчө көңүл бурчу. Эне мээримине суусабай, бирөөгө кор болбой чоңойгонума абдан сүйүнөм. Бул үчүн чоң апама аябай ыраазымын.

Эс тартканча өзүмдү чоң апамдын баласымын деп эле билчүмүн. Кийин мени төрөгөн апам башка экенин айтышканда аябай жаман болгом. Төрөгөн апамды издеп, “Супер-Инфо” гезитинин “Издейм сени” рубрикасы аркылуу тапкам. Бирок жыйырма жылдан кийин болгон жолугушуубуз деле көпкө узаган жок. Мерездик болдубу же жашоосунда мага орун жок беле, айтор, байланышыбыз үзүлдү. Мен ал адамдан эч кандай мээрим алган жокмун. Ооруган балага деле багып-чоңойткон адамы күйөт көрүнөт. Мени моюнуна жүк кылгысы келбесе керек. Кайра-кайра бара берүүнү туура көргөн жокмун. Мейли, ал адамга жакшылык гана каалайм.

“КУЛАГЫМ ТАПТАКЫР УКПАЙ, БАСА АЛБАЙ КАЛДЫМ”

– 16 жашымда бутум тайып кетип үйдүн чатырынан кулап кеткем. Учурунда олуттуу маани бербептирмин, анын үстүнө атамды аячумун. Аны жөн эле кыйнабайын деп жыгылганымды айткан эмесмин. Көрсө, билинбей жүрүп белимдеги нервдер, жүлүн кысылып, нерв систем жабыркаптыр. Убакыттын өтүшү менен кулагымдын, белимдин ооруганы күчөп, чыдоого мүмкүн болбой калды. Бишкекке ооруканага келсек, кабыл албай, ары-бери сүйрөп жатып араң кабыл алышкан. Дене табым көтөрүлүп, чабалактап оору менен алпурушуп жаттым. Анан эле кулагым таптакыр укпай, баса албай калдым. Бул мага абдан чоң сокку болду. Эки жарым жыл майыптар арабасында отурдум. Аракет кылбасам баса албай калмакмын. Бара-бара буттарым такыр эле күчүн жоготуп, ичкере баштады. Кыймылсыз, бир бөлмөдө камалып арабада отуруу көкөйүмө тийди. Ооруну жеңем деп кичинеден буттарыма көнүгүү кылып, басууга аракет жасай баштадым. Көп жолу куладым, ага карабай аракетимди уланта бердим. Акыры Кудайдан болуп таяк менен басып кеттим. Кыймылсыз отурсам кайрадан бутум баспай калбайбы деп коркуп, тынбай басууга аракет кылчумун. Ооруга жеңилгим келген жок. Дарыгерлер “толук айыгууга мүмкүнчүлүк жок” дешкен, бирок мен Кудайдан үмүтүмдү үзбөйм. Ал эми кулагым укпаган боюнча калды.

“АТАМ ЖАШАП ЖАТКАН ҮЙҮБҮЗДҮ САТЫП, МЕНИ ДАРЫЛАТТЫ”

– Катуу ооруп калганда мени бутка тургузуу үчүн атамдын кылбаганы, барбаган жери калган жок. Колунда эч нерсеси калбай калганда акыры жашап жаткан үйүбүздү сатып, мени дарылатты. Азыр батирде турам. Чоң апам 86 жашка чыкты. Эркек балдарынын көзү өтүп кетти. Анын ичинде атам да бул дүйнөдө жок. Учурда эжебиздин колунда. Бат-баттан барып турам.

Учурда тигүү цехинде топчу кадап иштейм. Ооруган адамдын үй-жай күтүшү кыйын экен. Жумушка жараксызмын, бирок иштеп өзүмдү-өзүм каржылап, маселемди өзүм чечким келет.

“БИШКЕККЕ ЖАКШЫ ЖАШОО ИЗДЕП КЕЛГЕМ”

– 9-классты бүткөндөн кийин Кочкордогу 15-кесиптик лицейге фермер-тракторист кесибине тапшыргам. Бирок алгачкы жылы эле ооруп калып, окуумду уланта албай калдым. Ырчы Акбар Сүйүнбаевдин атасы Темирбек агай лицейде мугалим болчу. Ал мага “Эрлан, сен көп нерсеге жөндөмдүүсүң, бир нерсени бат илип аласың. Айылда жүрсөң короодон чыкпай жүрө бересиң. Атаңа жүк болбой, шаарга барып бир кесип менен алектен. Укпай, баспай калдым деп өзүңдү басынтпа” деген кеп-кеңешин берген. Анан Бишкекке жакшы жашоо издеп келдим. Ага түрткү болгон агайымдын да көзү өтүп кетти.

Укпай калгандыктан сөздөрдү унутуп калбайын деп китепти көп окуйм. Техника жаатына да кызыгам. Бир кезде “Супер-Инфо” гезитин сатып иштегем. Ырчылык, актёрдук жаатта да өзүмдү сынагым келет. Кино, клипке тартылсам деген тилегим бар. Кичинекейимден ырдаганга кызыкчумун. Ыр жаздырам деп аракет кылгам, бирок “үнүң жок экен” деп коюшкан. Кандай ырдап жатканымды укпайм да. Байыш Момуновго өзүнүн ырын ырдап жөнөтсөм, ал “мыкты” деп баа берген. Кимисине ишенеримди билбейм.

“СПОРТКО ЖОЛ АЧКАН МАШЫКТЫРУУЧУГА КАПЫСТАН ЖОЛУКТУМ”

– Спортко кичинекейимден эле кызыгуу бар болчу. Бирок алгачкы машыгуум 2017-жылы башталды. Ал кезде атамдан ажырап, кыйналып жүргөм. Таягым сынып калып, жаңысын сатып алайын деп “Ош базарына” бараткам. Артымдан бирөө келип сүйлөдү, укпай турганымды айтсам, номеримди жазып алды. Кечинде ал адам мени машыгуу залына чакырып СМС жөнөттү. Ошентип кызыгуумду ойготуп спортко жол ачкан, келечекке болгон оюмду түп тамыры менен өзгөрткөн машыктыруучуга капыстан жолуктум. Агайымдын аты Олег. Ага абдан ыраазымын. Ошондон тартып жигердүү машыгып келем. Спорт мени оор абалдан сууруп чыкты. Жашоого дем берди. Эки жылда көптөгөн чемпиондуктарда жеңишке жетишип, Кыргыз өлкөсүнүн спорт чебери болдум. Өкүнгөнүм – атамдын ийгилигимди көрбөй кеткени.

Турнирлерге барганда демөөрчү издөөгө туура келет. Табылып калса кубанабыз, мисалы, Румынияда боло турган мелдешке каражат жок барбай калдым.

Агайым көрөгөчтүк кылса керек, мени тайманбас спортчуга айлантты. Залдагы каймана атым Тигр. “Сенин колуңдан келет, жете турган бийиктиктер али алдыда, аракет кыла бер” деп көп айтышат.

“МАКСАТЫМ – ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛУУ”

– Ар бир жаран өлкөгө өз салымын кошушу керек. Өлкөм үчүн эмне кылдым деген суроо башымда дайым турат. Тилекке каршы, көрүнүктүү эч нерсе кыла элекмин. Жок дегенде спортто 1-орундарды ээлеп, ийгилик жаратсам дейм. Максатым – Дүйнө чемпиону болуу.

Кулагым укпаса дагы көзүм көрөт, шүгүр. Жүрөгүм баарын сезип турат. Жашоого позитив менен карап, өсүүгө аракет кылып жатсаң, бирөө капталдан чыгып эч нерсени ойлобой эле көңүлүңдү оорутуп коёт. Биздин коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамиле кылууну билбейт. Айрымдар сенден оолактап качып турса, кээ бири шылдың же жалооруган көздөр менен карашат. Эмне деп жатышканын укпайсың, жазуу жүзүндө сүйлөшүүгө туура келет. Убакыт бөлүп, мени менен эринбей жазышып сүйлөшкөндөргө абдан ыраазы болом.

“ПАРАЛИМПИАДАЛЫК СПОРТЧУЛАР СТИПЕНДИЯ АЛЫШПАЙТ”

Балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин паралимпиада жана күч спорту боюнча башкы машыктыруучусу Олег Алчиновго кайрылып, Эрландын жетишкендиктери тууралуу сурадык:

– Биздин машыгуу залыбыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды спортко үйрөтүүгө багытталган. Эрлан залга келгенден кийин баштапкы машыгуулар оңой болгон жок, үйрөтүүгө көп күч жумшадык. Эрлан акылдуу, зирек, эмгекчил жигит. Ал тынымсыз машыгып жатты, эмгегибиз текке кеткен жок. Башында мелдештерде утулуп жатты. Бара-бара жакшы жыйынтык болду. 2018-жылы кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда коло медалды багындырды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында Бишкекте өткөн спартакиадада жеңүүчү болду. 2019-жылы спорттук карьерасында чоң ийгилик жаратты. Өзүнүн салмагы 53 экенине карабай 60 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону болууга үлгүрдү. Андан соң Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болду. Орусияда өткөн эл аралык турнирде КМШдан келген күчтүү спортчулардын көптүгүнө карабай коло медалга ээ болду. Өлкөдө “Жылдын мыкты спортчусу” наамын да алды, айтор, 2019-жыл биз үчүн жемиштүү жыл болду.

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга деле колдоо болсо жакшы болмок. Кадимки спортчулардай алар деле спорт чебери даражасына жетишет. Ага карабай эч кандай стипендия төлөнбөйт. Башка өлкөлөрдө мындай спортчулар көмүскөдө калбайт. Бизде Эрландай болуп ийгилик жараткан балдар көп. Чет жакка турнирлерге баруубуз өзүнчө бир тарых. Алдын ала каражат издейбиз. Биздин залга, балдарга колдоо керектигин айтып көп жакка кайрылгам, бирок эч биринен алгылыктуу жооп болгон жок.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2020-07-31 22:18:07
Соз жок.Азамат.Ийгиликтерди багынтыра бер.Кыргыздын желегин дуйнолук олимпиядада желбирет буюрса.
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан