КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАР ТАЛААДАН КӨЗ ЖАРАБЫ? ОРУС-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА ЖАТКАН МЕКЕНДЕШТЕРДИН АБАЛЫ ООР

Орусиянын ар кайсы аймактарынан топтолуп Кыргызстанды көздөй жол тарткан мекендештерибиз Орус-Казак чек арасынан өтө албай, талаада, бөтөн өлкөнүн аймагында калып калышууда. Алар такси же өздөрүнүн унаасы менен жолго чыккандар. Июль айынын башында мекенине жөнөшкөн мигранттардын ушуну менен үчүнчү жоон тобу. Буга чейин миңдеген адамдардан турган 2 топ чек арада айлап жатып, акыры өлкөгө алынып келинген.

“ИНТЕРНЕТКЕ АР КАЙСЫНЫ ЖАЗБАГЫЛА!”

Чек арада чатыр тигип жашап жаткан адамдардын тобу учурда Орусиянын Оренбург облусуна караштуу Бузулук шаарына жакын аймакта турушат. Алар Казакстан менен Орусиянын чек арасынан өтө албай тургандар. Маалыматтарга караганда, Кыргыз бийлиги тарабынан Казакстанга жарандарды алып өтүүгө уруксат берүү боюнча жашыл коридор ачуу сунушу жиберилген. Бул арада интернет айдыңына чек арада 20 күндөн бери жашап жаткан жарандардын видеолору тарады. Атын атагысы келбеген аял чатырда жашап жаткан кыргыздар тууралуу маалымат берди:

-10-июлдан бери мекенибизге барабыз деп Орусиянын ар кайсы аймагынан чыккан жарандар ушул жерде топтолуп турабыз. Бул жакка келгенибиздин себеби – учурдагы пандемияга байланыштуу жумушсуз калып, батирлерге акча төлөй албай калгандан улам болууда. Мындан башка дагы көптөгөн себептер бар. Ушул жерде тургандардын ар бири элчиликке барып, “өлкөбүзгө кетүүгө жардам бериңиздер” деп кайрылып чыккандар. Бирок ынанымдуу жооп албаган соң айласыздан ушинтип тобокелдикке салып жолго чыгышууда. Биз дагы эл-жерди сагындык. Ата-энебиз, бир туугандарыбыз Кыргызстанда калышты, алардын арасынан ооруп, каза болуп калгандары да бар. Алыста туруп санаа тартканда жөө болсо да жолго чыгып, жакындардын жанында бололу дейт экенсиң. Муну түшүнбөй, бизди цыгандар менен салыштырып жаман көрүп жатышыптыр. Биз деле айласыздан ушинтип жолго чыктык да. Бул жердеги адамдардын саны 1000ден ашты. Арасында 6 айлык баладан тартып, 70 жашка чейинки улгайган адамдар да бар. Арабызда 25 кош бойлуу аял, 30дан ашык кичинекей балдар, анын ичинен экөө 6-7 айлык жаш балдар күн кечирүүдө. Айрымдары “ушул жерден төрөп койсок эмне кылабыз?” деп сарсанаа болуп жатышат. Өнөкөт оорубуз барлар эптеп дарынын күчү менен кармалып турабыз. “Ушинтип догурунуп келип алсак бийлик алып кетет да” деген оюбуз жок. Эгер бийлик элин ойлой турган болсо, анда жарандар элчиликке жардам сурап барганда эле маселесин чечип бермек. “1-2 ай күтө тургула, чартердик каттамдар менен алып кетебиз же башка жолун табабыз” деп кепилдик берсе биз жолго чыкпай, эптеп чыдап турмакпыз. Биз ишенимдин жоктугунан ушинтип өз арбайыбызды өзүбүз согуп жолго чыктык.

Чартердик каттамдарга деле эл өз билети менен отуруп жатышат. Ал жакта да жең ичинен акча алмай бар экен. Кары-картаң, жаш балалуу жана кош бойлуу аялдар биринчи кетишет деген. Бирок андай болгон жок. Тизмеге жең ичинен акча берип жапжаш эле алты саны аман жигит-кыздар кирип жатышыптыр. Акчасы жоктор минтип талаада калдык. Булардын арасында “Москвада карантиндин шарттары кайрадан катаалдайт экен” деп угуп, келип алгандар да бар.

“ЗЫМ КАРАГАЙДЫН ТҮБҮНӨ БАРЫП ТЕЛЕФОН КУБАТТАНДЫРАБЫЗ”

Аталган аймакта интернет тартпайт. Маалыматтын баарын ошол жакта жашап жаткан жигиттер видеого тартып, интернет кармаган жерге бир нече чакырым жолду басып барып, бизге жөнөтүп жатышты. Кийинки кайрылууда төмөнкүдөй маалымат айтылат:

- Бул жерде жалаң эле кыргыздар эмес, Өзбек жарандары да бар. Алардын саны 800дү чамалайт. Кыргыздардын саны 1000ден ашып калды. Жашаган жерибизге Орусиянын Оренбург облусунун бийлиги 31 чоң чатыр жана 100 чакты майда чатырларды беришкен. Адамдардын саны барган сайын көбөйүп жаткандыктан жаан-чачын жааганда суудан коргонуу үчүн чөп-чар, бак-шактан алачык жасап алып жашап жатабыз. Тамак-ашыбызды дагы облустун администрациясы камсыздап жатат, бирок албетте, жетишсиз. Сууну болсо күнүнө 2 жолу суу ташуучу унаа менен келип таштап кетишет. Канистраларга куюп алып калабыз. Ал эми туугандар менен байланышуу үчүн 1 зым карагайдын түбүнө барып ошол жерден ток алып телефондорду кубаттандырабыз. Бул, албетте, кооптуу. Жаш жигиттер биздин абалыбызды жеткирүү үчүн интернет тарткан аймакка барып, колунан келишинче ар кай жакка маалымат таратышат.


“ДАГЫ ДЕЛЕ ЖОЛГО ЧЫГЫП ЖАТЫШАТ”
Мындан тышкары Москвадан дагы топтолуп жолго чыгабыз деп жаткан адамдардын тобун таап байланыштык. Алардын бири төмөнкүлөрдү айтты:
- Мен бир WhatsApp группага кошулуп калдым. Ал жакта чогулуп акча топтоп жолго чыгабыз деп жаткандар бар экен. Кечээ эле биздин 4 инибиз 1 машина болуп Бузулук тарапка кетишти. Баарыбыздын үмүтүбүз эптеп Кыргызстанга жетип алсак. Жакын арада эл аралык каттамдар кадимкидей иштеп калат экен дегенди угуп, топтогулардын көбү жолго чыкпай туралы деп чечтик. Андан кийин аталган топтон баарыбызды чыгарып, уюштуруучусу жаап койду. Мындай чогулуп жаткан адамдар көп эле. Такси менен Оренбургга чейин кетип эле жатышат.

Ал эми аталган лагерде убактылуу жашап жаткандар берген маалыматка таянсак, учурда Оренбург облусунун укук коргоо кызматкерлери лагердин айланасын кайтарууга алууда. Алардын максаты – Орусиядан агылып чек арага келе жаткандарды кайра артка кайтаруу жана коопсуздукту сактоо. Топтолгондорду Кыргызстанга жөнөтүү иштерин уюштуруучулардын бири Таалай аттуу мырзанын айтымында, учурда жарандарды Кыргызстанга алып өтүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Гезит басууга кетип жатканда ал бизге Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Эдуард Насиров менен бирге мекендештер менен жеринен таанышуу үчүн Бузулукка бара жатканын билдирди. Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул иштер тууралуу “маалыматтар такталып жатат” деген гана жооп узатты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fanatka19
2020-08-03 16:32:37
Туура чартерный рейстер коррупцияланып кетти.Бирок балдарын кыйнап суукта алып жолго чыгып алгандарды да жазалаш керек.Кыргызстанга аман эсен жетишсе так ушул жашы жете элек балдарын кыйнагандары учун жоопко тартыш керек.
+1
AdylbekB84
2020-08-03 17:40:37
Эчким ачка калган жок, көчөгө дагы айдап салган жок москвада, балдарын кыйнап көчөгө чыккандар Сирияга согушка баргандар менен барабар! Бала да эмне күнөө 5- 6 айлык балдар бар дейт, калың эл турат жардам берип эле жатышат бири- бирине, ошончолук эле опурталдуу болсо посольствого кайрылбайбы места таап берет эле жатып турганга, 30 га жакын адам жатат экенго акчасы жок, иши жок адамдар рейисин күтүп!
+2
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан