“ЧУБАК АЖЫНЫН ӨЛҮМҮ МЕНИ ЫКТЫЯРЧЫ КЫЛДЫ”. ЭЛДИ КУТКАРУУГА ШАШКАН ЫКТЫЯРЧЫЛАР БАЯНЫ

Пандемия күч алып, дарыгерлер жетишпей жатканда элден суурулуп чыккан ыктыярчылар көптөгөн өмүрдү сактап калышууда. Алар эч нерседен коркпостон бейтаптарга көмөк көрсөтүп жатышат. Күн-түн дебей жардамга чуркап жүргөн учурдун баатырларын кепке тарттык.

Аскар Алмаз уулу, 27 жашта. Жаштарды демилгелөө борборун негиздеп, ыктыярчылардан түзүлгөн командасы менен эл кызматында.

“2 СААТ УКТАГАНЫМ ҮЧҮН ӨЗҮМДҮ КҮНӨӨЛҮҮ СЕЗИП КЕТЕМ”

– Мен Чүйдүн Чоң-Арык айылынан болом, юрист адистиги боюнча окууну аяктагам. Жаштарды демилгелөө борборун ушул жылдын январь айында ачканбыз. Алгачкы ишибиз – инвестор таап, 350 миң сомго Орто-Сай айылына балдар ойногон аянтча курдуруп бердик. Андан кийин Бишкекке смогду өзүнө сиңирип ала турган теректердин көчөтүн отургуздук. Карантин учурунда дарыгерлерди автоунаа менен ташып, муктаждарга азык-түлүк таратып жаттык. Ооругандардын саны кескин көбөйгөндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтына кирип, башка өлкөлөр кантип оору менен күрөшкөнүн иликтедим. Кычкылтек концентратору, дары-дармектер тууралуу кеңири маалымат алдым. Бирөөлөр менен байланышып, 3 кычкылтек аппаратын алганбыз. 2 адамга берип, дагы бирөөнү жеткирели деп жатканда бизге бирөө чалып кыйналып жатканын айтты. Дароо жетип барып биздеги аппаратка коштук. “Тез жардам” албаса, ооруканада орун жок болсо кырылып калбайлы деп бир аппарат менен эле мобилдик топ даярдадык. Жөнөкөй эле жарандар акча берип концентраторлорду, канюляларды алдык. Компаниялар, колунда бар ишкерлер аппарат алып берип, чет жактан мекендештер акча которо башташты. Тез арада чалууларды кабыл алуу, нөөмөткө чыкчуларды бөлүштүрүү, аппараттарды көзөмөлдөө, каражат издөө деген сыяктуу иштерге жооптууларды дайындадык. Башында демөөрчүлөрдү өзүбүз издеп жатканбыз. Кийинчерээк өздөрү чалып, эмне керек экенин сурап калышты.

30 машина менен 60 ыктыярчы күнү-түнү бейтаптарга жардам берүүдө. Жалпысынан ар кандай иштерди аткарган 1000дей ыктыярчы бар. Мурун 6 саат уктап уйкусурап шалдырасаң, азыр 2 саат уйку жетиштүү. Ойгонуп телефонду күйгүзсөм 300гө жакын чалуу келген болот. Көрүп 2 саат уктаганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Азыркы учурда 14 шаарда Жаштарды демилгелөө борбору түзүлүп, иш алпарууда. Буюрса, Бишкекте абал жакшырып калды. Биздеги каражаттарды аймактарга жөнөтүп жатабыз.

“ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖОЛУККАНДАН КИЙИН ПАРТИЯЛАРДАН СУНУШТАР ТҮШҮҮДӨ”

– Биздин борбордун атынан элде болуп жаткан көйгөйдү президентке айтууга мүмкүнчүлүк болду. Көп маселелер айтылды, “иш бөлмөдө отуруп алып указ жаза бербей, элге аралашкыла” дедик. Андан бери чоң жылыш бар. Сунуштар ордунан жылды. WhatsApp`та бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тайпа түзүлгөн. Ал жакка кандай маселе болбосун кайрыла алабыз. Учурда эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп жатабыз десек болот. Аларга биз менен иштешкен жакты, себеби маалымат аларга мындай так жетпейт.

Президентке жолуккандан кийин партиялардан сунуштар түшүүдө. Тизменин алдыңкы катарынан орун беребиз деп жатышат. Бирок мен шайлоого талапкер болбойм. Депутат, министр миллиондогон адамдын көйгөйүн чечкенди билиши керек. Борбор түзүлгөнү көптөгөн жаштардын башы биригип, жакшы иштер жасалып жатат. Биздин борбор президенттик аппаратка, өкмөткө, парламентке сунуш бере алабыз. Учурда биздин депутаттардан жогору даражабыз бар.

Руслан Манасбек уулу, 31 жашта. Машинасын бейтапка ылайыктап жасап, элге кызмат көрсөтүүдө.

“МАШИНАМДЫ БЕЙТАПКА ЫЛАЙЫКТАП ЖАСАДЫМ”

– Өзүм Токтогулдан болом. Үй-бүлөлүүмүн, бир кызым бар. Жеке иштер менен эле алектенем. Пандемия башталгандан бери элге кандай кызмат кылсам деп ойлонуп жүргөм. Чубак ажы каза болуп калбадыбы, угушум боюнча үйүнөн ооруканага келгиче кыйналып калыптыр. Ошондо “үйдөн ооруканага чейин кычкылтек менен дем алдырып келсе, куткарып калууга мүмкүн болот беле?” деп катуу ойлондум. Анан интернеттен изилдеп, кычкылтекти баллонго толтуруп, машинамды бейтапка ылайыктап жасадым. Чубак ажынын өтүп кеткени мени ыктыярчы болууга түрттү.

Ыктыярчылык ишти баштаганда 118 номуруна чалып “менде ушундай машина бар” деп чакыруу алып жаттым. Элге бекер кызмат көрсөткөн “Айкөл кыргыз урпактары” уюму өз катарына чакырды. Ушул уюмдун штабында туруп жатам, үйгө бара элекмин. Ишим бүткөндө обочолонуп, анан үйгө барам го. Үй-бүлөмдү сагындым, бирок чыдаш керек.

“ООРУКАНАДА ШАРТ ЖОГУНАН ЭЛЕ КАЗА БОЛГОНДОР КӨП”

– Эс-учун жоготуп койгон адамдарга дем алдыруучу аппаратты кошуп, калыбына келтирген учурлар көп. Эң башкысы кычкылтек экен. Эл берген акчаны чогултуп, жолдон тоскоолдук жаралбашы үчүн машинага сирена орноттум. Шаар ичинде машинага күйүүчү майды өзүм куям. Аймактарга барганда туугандары акча беришет, бирок мен бензин эле куюп бергиле дейм.

Өткөндө Ат-Башыдан “акыркы үмүтүбүз силерде” деп чалып чакырышты. Барсак бейтаптын сатурациясы 50-55ке түшүп кетиптир. Биздин аппаратка туташтыргандан кийин сатурация 90го чейин көтөрүлүп, эже жакшы болуп калган. Жолдо кычкылтек түгөнүп калбасын деп чогуу иштеген балдарга чалдым. Токмоктон жолугушуп баллонду котордук, 87 сатурациялык көрсөткүч менен инфекциялык ооруканага келдик. Жандандыруу бөлүмү экинчи кабатта, анысы аз келгенсип лифт жок экен. Кантип ойлонушпайт, бул жакка оор абалдагы бейтаптар келет да. Врачтарга “сатурациясы түшүп кетет, жок дегенде кычкылтек жаздыкчасы керек” десек, “жөн эле басып чыгат” деп коюшту. Эжени көтөрүп экинчи кабатка алып чыкканча эс-учун жоготту. Жандандыруу бөлүмүнө алып кирсек эч даярдыксыз, ИВЛ аппараты жок, болгону кычкылтек эле бар экен. Эртеси эле жаман кабар келди. Ооруканада шарттын жогунан эле каза болгондор көп.

Алманбет Ырысалиев, 24 жашта. Ал интернет айдыңында унаада баратып бейтапка жардам берип жатканы тартылган видео аркылуу таанымал.

“АЛГАЧКЫ ЧАКЫРУУДАН КИЙИН ЧОҢ ИШЕНИМ ПАЙДА БОЛДУ”

– Өзүм Оштон болом. Бишкек-финансы экономикалык техникумун бүтүргөм. Үй-бүлөлүүмүн, уулум бар. Ыктыярчылык кызматта жүргөнүмө бир жарым айдай болуп калды. Оору күч алганда Инстаграмдан ыктыярчылар керек деген жарнаманы көрүп, келинчегиме айтсам макул болду. Аны төркүнүнө жеткирип коюп, ыктыярчылыкты баштадым. Өзүмдүн ата-энем билген эмес. Анан жерде жаткан кишинин өмүрүн сактап калган, машинанын багажын ачып алып бейтапты алып бара жаткан эки учур интернетке тарап кетти. Ошондон улам чочулап мага чалып “өзүңдү ойлобойсуңбу, үй-бүлөң бар” деп кабатыр болушту. Жардам беришибиз керек экенин айтып түшүндүрдүм.

Мен аскер кызматын өтөп жатканда медициналык даярдыктан өткөм. Аппараттарды иштетүүнү, канюляларды кошконду Жаштарды демилгелөө борборунан үйрөтүштү. Алгачкы чакырууга барганда бир апа кыйналып жатыптыр, аппаратты туташтырганда жакшы болуп калды. Ошондон кийин менде чоң ишеним пайда болду. Бизге дарыгерлер келип атайын сабак өтүп турушат.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге рахмат. Бара турган дарекке тез арада коштоп жеткирип коюп жатышат.

“КАНЧА АРАКЕТ КЫЛСАК ДА БЕЙТАПТЫ ЖОГОТУП АЛДЫК”

Филармониянын жанында бир киши дем ала албай, кыйналып жатыптыр. Аны көтөрүп жөнөдүк. Аппаратка жанымдагы бала чуркап кетти. Ток бар жерге жетели деп эле балмуздак сатып жаткан эженин тогун жулуп алдык. Ал эже “балмуздагым эрип кетет” деп биз менен урушту. Аппаратты күйгүздүк, дем алуусу жеңилдей түштү. “Тез жардам” келгиче кармап турдук.

Ал эми унаанын багажын ачып алып бараткан бейтаптын сатурациясы аябай түшүп кетиптир. Өзүнүн онкологиялык оорусу бар экен. Онкология борборуна алып барсак кабыл албай коюшту. Бизде 4 кислороддук жаздыкча бар болчу, үчөө түгөнүп калды. Атаны жоготуп албайлы деп ошол жакта жаткан кыздын аппаратын сууруп, бош жаздыкчадан бирди толтуруп алдык. Үйүнө алып бараткан учур видеого түшүп калыптыр. Көргөндөр “минтип баскыласа адамды өлтүрүп койбойбу?” деп жазышты. Мен кычкылтекти үнөмдөө үчүн жаздыкчаны баскылап бара жаттым. Биз үйгө келгиче ал атанын баласы бир аппарат алдырыптыр. Ага өзүбүздүкүн кошуп, эки аппаратка туташтырдык. Кийин сурасам жакшы болуп калды дешти.

Кеминден бир эже ыйлап чалды. Жолдо катуу кетип бара жатканда машинабыздын радиатору жарылып, айдоочунун бутуна ысык суу куюлуп кетти. Аппараттарды көтөрүп жолго чыгып биринчи машинанын маңдайына тура калдым. Дароо эле багажына аппараттарды салып Кеминдин ооруканасына бардык. Бир байке кыйналып жатыптыр, аппаратты туташтырганда өзүнө келе түштү. Бишкекке алып жөнөдүк. Канча аракет кылсак да Дордой жакка жеткенде бейтапты жоготуп алдык. Дароо карындашына чалдык. Моргго алып барып, кагаздарды толтуруп, туугандарын күтүп жатсак бир машина катуу келип токтоду. Карындашы бизди көздөй басып келе жатканда кыйкырат го деп коркуп жатсам, жардам берүүгө барганыбыз үчүн аябай ыраазычылык билдирди.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Raihan0602
2020-08-10 11:27:33
Эр жүрөк тайманбас силердей уул кыздарыбыздын эмгеги баа жеткис мындан да көп адам жоготушубуз мүмкүн болчу өкмөткө ишенип отура бергенде.Пендеден эмес Кудайдан кайтсын аман болгула эне катары чын жүрөгүмдөн ыраазымын
+5
murgab2014
2020-08-10 23:48:38
Силердей уул кыздарды остуруп чонойткон атанарга алкыш эненерге рахмат аранар кобойо Берлин. Чыныгы патриоттор деп ушуларды айтат кыздарды кордогондорду эмес
+3
muslima-0788
2020-08-13 10:58:40
Аллах ыраазы болсун силерден, силерге окшоп иштеп жургон ыктыярчылардан.Кыргызымдын патриоттору силерге окшош уул кыздарыбыз кобойсун.Креслочулардан и так умут жок.Дагы эле силер жарайсынар эл керегине.Окуп козумо жаш келди.Рахмат силерге
0
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан