Эсенбек Эркинбаев, 70 жашта: “БАЙБИЧЕМДИ ООРУДАН АЙЫКТЫРУУГА БОЛГОН КҮЧҮМДҮ ЖУМШАП КЕЛЕМ”

Каарманыбыз Шейшекан Тезекбаева 4 жылдан бери оору менен күрөшүп келет. Анын жолдошу Эсенбек Эркинбаев учурда 70 жашта. “45 жыл бирге жашаган өмүрлүк жарым ооруп жатса, кантип аракетсиз туруп алмак элем? Дайыма жанында болуп карап, алып барбаган жерим калган жок” деген каарманым кайрымдуу элдин жардамына муктаж экенин айтат.

“ДАРЫГЕРЛЕР АЙЫКПАЙТ ДЕП ҮЙГӨ ЧЫГАРЫП БЕРИШКЕН”

– Биз Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылында жашайбыз. Өзүм башымдан жаракат алгам, экинчи топтогу майыпмын. Байбичем 4 жылдан бери ооруп, төшөктө жатып калды. Эки буту тең ириңдеп, жара болуп айыкпай келет. Жаш кезинде курулуш иштеринде иштеген. Бутуна суук тийген окшойт. 3 жыл Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырып, дарылаттык. Ооруканада жанында болуп, өзүм багып жаттым. Врачтар аракет кылбай коюшту дебейм. Алар деле колдон келген аракетин көрүп, дарылашты. Аягында мага “буттан суу чыгып, карттанбай жатат, кайра эле ириңдеп жара боло берет. Бүт аракетибизди кылдык. Эми бул айыкпаган оору. Үйдөн эле карай бериңиздер” деп чыгарып беришкен. Ошону менен үйдө багып жатабыз. Ооруканадан айла болбогон соң кыйын деген табып-молдолорго алып бардым. Аларга деле канчалаган каражат кетти. Айыкпайт тура деп үмүт үзүп отура албайт экенсиң. Тааныштар же туугандар “жакшы экен, алып барып көрбөйсүңөрбү” деген жердин баарына алып барып көрсөтүп жатам.

Байбичемдин буту шишип, дайыма сары суу чыгып турат. Көгөрүп, шишип кетет. Өйдө туруп, отура албайт. Дайыма төшөктө, такма жалаяк кийгизип багабыз. Тамакты кашыктап ичиребиз. Дайыма жанында өзүм болуп карап жатканым үчүн дагы жакшы. Болбосо бутун эчак кесип ташташмак. Күндө бутун жууп-тазалап, дары-дармегин шыбап таңып турам. Тамагын убагында берем, айыгат деп тилек кылам. Бишкекте бир табып бар экен. Ошону бирөөлөр сунуштап, ага алып бардым. Төлөмдү доллар менен алат экен, 5 күн жатканга гана каражатыбыз жетти. Дарыланууну уланта алган жокпуз.

“БАЙБИЧЕМ КЫЙНАЛЫП БҮТТҮ”

– Экөөбүздүн бирге жашаганыбызга 45 жылдан ашты. Колубузда уул-келинибиз бар. Келиним каралашып багып жатат. Балдарым деле колунан келген жардамын көрсөтүп келишет. Заман оор болуп турат. Өздөрүнүн бала-чакасын багыш керек, өз үй-бүлөсүнөн ашпай жатат. Коронавирус келгени жумуш жок болуп, каражат жагынан кыйналып жатабыз. Оору дагы жашоону кыйла оорлоштуруп койбодубу. Баары кымбаттады, дары-дармектердин күндөн-күнгө баасы өсүп жатат. Такма жалаякты мурун 30 сомго алсам, азыр 55 сомдон алып жатам. 4 жылдан бери эч кимден жардам сураган эмесмин. Азыр ушундай учурга туш келдик. Байбичем экөөбүз 3000 сомдон жөлөк пул алабыз. Ал тамак-аш, дары-дармек, такма жалаякка жетпей жатат. Бир айда жалаягына эле 5000 сомдой кетип калат. Кудай мындайды бербесин, ачка калып жардам сурап жаткан жерим жок. Оору деген жаман экен, айыкпаган дарт болду, байбичем кыйналып бүттү. Дарттын азабынан кайрымдуу адамдар жардам кылабы деген үмүт менен элге кайрылып жатабыз. Балким, байбичемдин дартын айыктыруу жолун билгендер да бардыр. Алар ушуну окуп калгысы бардыр.

“ЧИРКЕЙ ЧАККАН ЖЕРИН ТЫРМАП, ОШОНДОН БАШТАЛГАН”

“Медициналык билимим жок. Бирок апам ооруп калганы дарыгер эле болуп калдым. Кыйналып жатканда алапайыбызды таппай калабыз” деген колундагы келини Саадат Исламбек кызы оору менен алпурушуп жаткан кайненеси тууралуу буларга токтолду:

– Мен келин болуп келгенде апам тың болчу, өзү тамак жасай коюп, үйдөгү жумуштарды өзү эле бүтүрчү. Мен бир ишти кылып жатсам, “башкасын кыла коёюн” деп турчу. Негизи суук тийген деп калышат. Бирок башында жайдын күнү апамдын бутун чиркей чагып кетип, ошол жерин тырмагандан кийин күчөп кеткен. Башында олуттуу деле оору катары кабыл алган эмеспиз. Тырмаган жер жара болуп кетиптир, карттанып айыгат деп жатканбыз. Кант диабети бар, балким, ошондон улам күчөп кетсе керек. Алгач Ананьеводогу бейтапканага 10 күн жатты, бирок буту баягыдай эле жара боло бергенде Чолпон-Атадагы ооруканага алып бардык. Ал жактан жылыш болбогон соң Бишкекке алып жөнөдүк. Улам бири болбой калса, туугандар тааныш врачтарды таап көрсөтүп жатышты. Эч биринен натыйжа болгон жок. Азыр канында канттын деңгээли жогору, көрсөткүч 20га чейин чыгып кетет. Дайыма инсулин сайып турабыз, тамакты мүнөздөп беребиз. Бутуна трофикалык жара деп диагноз коюлган. Врачтар да айыкпай жатканынын бирден-бир себеби кант диабети дешиптир. Кыйналганда ооруну сездирбей коюучу же уйкунун дарысын саябыз. Өзүмдүн медициналык билимим жок, апам ооруганы мен деле дарыгер болуп бүттүм. Анын үстүнө бул жак айыл да, дары-дармектин баарын каалаган учурда таба албайсың, шаардан алдырыш керек болот.

“БУТУ КУРТТАП КЕТИП АРАҢ ТАЗАЛАДЫК”

– Канды тазалайт деп сунушташканынан карантинге чейин сүлүк курт менен дарылатып жатканбыз. Шишиги тарап калган, бирок акча жок ала албай калдык. Сүлүк курттардын да түрлөрү болот экен. Өткөндө алганыбыз жакшы эмес экен, койдурган жокпуз. Буга чейин 300дөй сүлүк курт койдурдук. Буту өңүнө келип, жакшы жыйынтык берип жаткан. Азыр денеси, бети да шишип жатат. Буттарынын манжалары да карарып кетти. Атам буту-бутуна тийбей жүгүрүп, бардык жакка алып барып келет. Апамдын жанына отуруп алып “чогуу отуруп чай иччү элек, ушинтип айыкпай калабы?” деп ыйлайт. Жанынан чыкпайт, түнү да такма жалаягын которуп турат. Мен кичинекей бала мененмин. Колумдан келишинче жакшы караганга аракет кылып жатам.

Оору менен алышып жатып апам да өзүн таштап жибердиби, күндөн-күнгө мурункудай болбой калды. Өткөндө туугандарыбыз кайтыш болуп, бир күн убакыт бөлө албай калдык. Ошондо буту курттап кетип, араң тазаладык. Курсагы да шишип жатат. Эшикке алып чыгып отургузуп алып кирчүбүз. Жакында эле адаттагыдай эшикке алып чыкканбыз, тапчандан турам деп аракет кылса керек. Кулап кетип ооруканага алып барсак, "эти ооруксунуп калган" деп коюшту. Салмагы да оорлоп кетти. Оору жуктуруп алып бөөдө кыйнабайлы деп ооруканага алып баргандан чочулап үйдөн карап жатабыз.

Атам айтып өткөн Бишкектеги кымбат төлөп дарылатып жаткан табыпка көрүнүп келгенде кадимкидей жеңилдеп, бутунун каны токтой түшкөн. Ал өзүнүн бейтапканасына жаткырып дарылап, тамагын, уйкусун, баарын өзү көзөмөлдөчү. Дарыларын да Америкадан алдырат экен. Элдик ыкмаларды деле колдонуп көрдүк. Бирөө “муну колдонсоңор жакшы” деп айтса, дароо ошол нерсени жасаганга шашылып калат экенсиң. Чөп-чар, уу коргошун, айтор, баарынан эле шыпаа издеп көрдүк.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элсом 0500 971 104 жана ушул эле номерге бирдик иретинде которсоңуз болот.

Сбербанк 5336690324340548 Джанагулов Асан Шаимбекович

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aijamal_95
2020-08-17 10:54:09
Аллах шыпасын берсин энелер оорубасын
+5
Aia1219
2020-08-17 21:45:08
Айыгып кетиниз, кылган аракеттериниз текке кетпей бутунузга туруп бала чаканызды абышканызды кубантып коп жашаныз.
+4
Arai92
2020-08-18 23:49:42
Уу коргошун колдонгонго болбойт да
0
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан