«КОШ, ЖАНЫМ...» Алмамбет Шыкмаматов аялынын өлүмү жана ооруканадагы коркунучтуу абал тууралуу

Пандемияда Кыргызстан миңден ашык жаранынан айрылып, Кыргыз коомчулугу оор кайгыны баштан кечирди. Ал жоготуулардын бири – экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун өмүрлүк жарынын 45 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышканы.

– Баары кантип башталды?

– Жанара кызым менен сырттан сейилдеп келген. Эртеси башы ооруй баштады. Алгачкы эки күн кытай антигриппинин ичти, бирок абалы уламдан-улам начарлай берди. Дене табы түшпөдү, баш оорусу басылбады. 28-июнда жөтөлү күчөп, амокциклав иче баштады. Анан компьютердик томографияга баралы деп туруп алдым. Барсак, кезек тим эле көп, бир канча күн мурун жазылып жатышыптыр, эптеп орун таптык. Дарыгер Жанаранын эки тараптуу пневмония болгонун айтты. Өпкөсүнүн 25 пайызы жабыркаптыр.

– Кайсы жактан жуктуруп алганын билдиңиз беле?

– Бул бир туңгуюк болду, бардык жерде ПЦР-анализди сурап жатышты, кагазда ооруганың жазылса ооруканага алышат, ал эми оорунун белгиси болуп турса да, ПЦР-анализиң аны көрсөтпөй турса же балекет баскыр справкаң жок болсо, анда ооруканага жаткырышпайт, үйүңдө жатып өлө бер дегендей.

Биз бир пульмонолог таптык. Ал жазып берген антибиотик, ысык ийне-кальций хлорид жана дексаметазон дарылары кийин окусам пневмонияда таптакыр болбойт экен. Акыры Улуттук госпиталдан араң дегенде орун таап, ал жакка жаткырдык.

1-июлда жаткан, 4 күн өтүп-өтпөй телефондон жазгандарыма жооп бере албай калды. Ушунчалык алсырап, жадакалса билдирүү жазууга да алы келбей калыптыр. Андан мурун деми кыстыгып, телефондон жооп бере албай калган.

– Дарыгерлер эмне деп жатышты?

– Дарыгерлерге күн сайын чалып жаттым. Карантинде киргизишпейт. Чалган сайын “абалы оор бойдон, бардык аракетти жасап жатабыз” деп жатышты. Майда-чүйдөсүн сурасам жиндери келет. 5-июлда чыдамым кетип, түз эле ооруканага качырып кирип бардым, “кызыл зонасын” да, башкасын да урганым жок деп. Абалы туруктуу дейт. Туруктуу болсо, Жанара эмнеге жооп бербейт? Анан эмне кылышым керек эле?

Качырып кирип барып көргөндөрүмө шок болдум. Узун, кир коридор... Оорусунан улам онтоп, бинт менен байланган жерлери кан болуп тургандар, бейтаптар арасында эмне кылып жардам берерин билбей, ары-бери чуркаган медайымдар... Жердин баары булганыч, шумдук, көзүң мындайды көрбөсүн...

Дарыгерлер жок. Медкызматкер аттуудан чоң скафандр кийген бир медайым. Ал эмне кылуу керек экенин билбейт, алдастап калган. Дарыгер “кызыл зонанын” сырт жагында, онлайн-консультация, дары жазып берип жүрүптүр.

Ал эми менин Жанарам жаткан палатада тозок эле болуп жатыптыр. Терезенин баары жабык, аба жетпейт, ысыктан дем ала албайсың. Аялым керебетте отуруптур дем жетпей, сүйлөй да албайт. Ушуларды көрүп шок болуп калдым, жер көчүп жаткандай сезилди.

Палатанын ичи жагымсыз жыттанып турду. Жанарам керебетте халат кийип отуруптур, купкуу, көзү китирейип калган, араң эле үн чыгарат, курсак тушу кулкулдап тиякка-биякка көчүп турат... Улам дем алып жана дем чыгарган сайын тиякка-биякка көчүп турган анын ичи азыр да көз алдымда...

– Ал кайсы күн эле?

– 5-июль болчу. "Башка ооруканага котортом, айыгасың" деп бир нерселерди айткан болдум. Өзүм болсо анын көздөрүн эле карап турдум. Көзүндө кайгы, бир башкача жылуулук, сүйүү турду... Ал эми халатынын алдында ары-бери көчүп, чулкулдап турган анын курсагы... Өзү болсо мени сооротуп, мага дем берүүгө аракет кылып жатты. Балдарды айтып, кабатырланып... Азыр ойлосом, ошондо эле абалы өтө оор экенин сезген окшойт. Бирок ушунчалык кайраттуу эле, жөнү жок чамына берчү эмес, эч убакта.

– Башка ооруканада шарт жакшыраак беле?

– Билбейм, ал жакты көрө албай калдым да. Себеби менин Жанарам 5-июлда кечинде кайтыш болуп калды. Кечки саат жетилерде ага баргам, түнкү 11лерде көз жумуп кетиптир...Бизге ооруканадан эч ким чалып, кайтыш болгондугу тууралуу айтып койгон жок.

6-июлда эртең менен карындашым ооруканага барыптыр. Мага чалып, ыйлап “Жанарадан айрылып калыптырбыз” деп суук кабар айтты...

Мен ал жакка кантип жеткенимди да билбейм, учуп эле барыптырмын. Ишенгим келбеди, жаңылыш болушу мүмкүн, бирөөлөр менен алмаштырып алышкан окшойт деп ойлодум. “Кызыл зонага” жетип, чуркаган бойдон палатасына кирсем... Керебети бош... Жанындагы палаталаш кошунасы “Жанара көз жумду” деди... Коридорго чыктым. Ал жакта каталка туруптур, анда кара целлофан мүшөк жаткан. Ошондо Жанарам жатыптыр...

Палаталашынын айтканына караганда, Жанара кычкылтек концентраторун чечип, дааратканага бара жаткан жеринен эс-учун жоготуптур. Абалы начарлаганынан кошунасы медайымдарды чакырыптыр. Анан Жанараны реанимацияга алып кетишиптир. Андан кийин беш мүнөт өтпөй эле, аялымдын каза тапканын айтышыптыр. Реанимацияга жетпей калыптыр. Ал абдан тез эле кетиптир, 30-40 мүнөттүн ичинде эле.

– Эми бул окуяны кантип жана кимдер менен териштиресиз?

– Негизги жоопкерчилик мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевде жана анын шалаакы командасында деп ойлойм. Эсиңердеби, алар пандемияга даярдык сонун деп ар күнү айтып келишпеди беле?

Биринчи учур катталган күнү эле өзгөчө кырдаал киргизип, карантин жарыяланды. Башка өлкөлөрдө өзгөчө кырдаал менен карантинди саламаттыкты сактоо системинин ишин жеңилдетип, бейтаптардын көбөйүшүнө даяр турууга, коронавирус жуктуруп алгандарды айыктырууга даярдоо үчүн киргизишкен да. Карантинди дарттын көп катталуу учуру өткөндөн кийин жоюшкан.

Отставкага кетүү деген бул Абылгазиев үчүн жоопкерчилик эмес. Жоопкерчилик жогору жана жоготууларга жараша болушу керек. Эмнеге дал бизде ушундай коллапс болгонун териштирүүгө милдеттүүбүз. Канчалаган кишилер каза тапты. Канчалаган кишилер, балким, майып болуп калат. Андан кандай жыйынтык чыгарабыз? Буга ким күнөөлүү? Ал кездеги абалды кылдат иликтеп, териштирип, андан кийин чара көрүш керек.

– Азыр сизге жеңил эмес убак. Саясий иштерге аралашууга күч-кубатыңыз келеби?

– Жалгыздыкты баштан өткөрдүңөр беле? Айлана-тегерегиңерде киши көп, ал тургай уул-кызыңар айланчыктап турса да, ээн талаада калгандайсың. Менин абалым азыр ошондой. Ичим эңшерилип калгандай. Башка нерсеге алаксыйын деп, жолугушуу, сүйлөшүүлөргө барайын дейм. Болбосо, акылдан адашып кеткидейсиң. Бирок бирөөлөрдүн мени аяп, жалооруп турганын издештирген жокмун. Кайгыга алдырып, чөгүп кетпешим керек. Менин үч уулум жана кичине кызым бар. Акылайым 10 эле жашта, эми ага ата да, эне да болушум керек.

Билесизби, азыр мен эмнеге көбүрөөк өкүнөм? Өтө өкүнгөнүм – жубайыма сүйө турганымды сейрек айтканым. Мен аябай катаал адаммын. Эркелеткен да жокмун. Ал эркелегиси келип, кучактаса, "койчу эми" деп кагып койчумун. Азыр болсо аны бир жолу боорума кысып алыш үчүн бар-жогумду бермекмин. Эч качан оюма келбептир менден мурун кетет деп. Тескерисинче, акыркы сапарга ал мени узатат деп ойлочумун. Баарыңарга айтарым, сүйүктүү адамыңарды көзү барында ардактап, кадырлап сүйгүлө. “Жакшы көрөм сени” деген сөздү бүгүн айтыңыз, бүгүн бекем кучактап сүйүңүз... Эртең кеч болуп, жетишпей калышыңыз мүмкүн...

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Aituwas
2020-08-24 12:51:25
Кандай окунучтуу....жаткан жери жайлуу болсун!!
+8
katerina.li
2020-08-24 23:26:10
Жаткан жери жайлуу болсун. Он жаштагы кызына эле жаман болду. Ото эле кичинекей экен. Кудай сактасын уй булонузду
+7
AdylbekB84
2020-08-25 20:04:32
Тобо кылдым эй... ар бир жан кошкону менен кошо карысын! Ушул сөздү раматылык тайэнем коп айтаар эле көрсө жөнөкөй сөз эмес экен! Кошконуңар менен кошо карыгыла деп!
+5
Suren
2020-08-25 21:02:39
Ай, аттиң ай...
+2
temirov76
2020-08-26 10:22:36
Жайы жанаттан болсун.Пендебиз баарыбыз эле бир күн ошол жакка барабызда.
+3
Bakbai
2020-08-26 12:11:16
Жайы Жаннатта болсун Жанара эженин
+3
Nestana95
2020-08-26 13:56:30
Ото окунучтуу,,оауп алып ыйладым,билесинерби эмнеден ыйладым,,,,атамды жакшы кором деп айта албаганымдан,,анын олумун кундо тилегенимен!!! Ушундай атанын кызы менминби деп папамды жек коргонумдон ыйлап атам...... Кудайым ар бирибиздин коз жашыбызды коруп,ушул атамды алып кетпегенинен ыйлап атам!!!Кечээ эле коз алдында,угуза-угуза мин жолу "Олуп кал"деп каргандым,,ушунун баары арактын кесепети....элдей жакшы жашасак унчукпай эле суйбойт белем элчилеп,мактанып,сыймыктанаар элем..темага т
-2
Бектурган
2020-08-27 17:29:36
"Ооруканага барсак, канча күн мурун кезекке жазылышат экен, кезек аябай көп, эптеп орун таптык" ошондо кантип кайдан орун таптың? Же бир канча күндөн бери жазылып кезекте турган карапайымдардын бирөөсүнүн ордун коррупция менен мафиялап алган экенсиңда мансабыңа ишенип, болбосо сенда бир канча күн мурда барып жазылышың керек болчу элге окшоп...
-1
sezima93
2020-08-28 23:45:38
Бектурган,бироо олом десе силер кулом дейсинерда корупция кылып алдыбы коркутуп алдыбы не болсо да отуп кетти ал болницада жаткан адам уже жок тооба кылыш керек,ким кандай кылса да Аллах коруп турат и Аллах гана сурак кыла алат сищ туугандарыныз оорубай сообу ошого шугур кылыныз
0
Бектурган
2020-08-29 01:15:14
sezima93, Бир эле мунун аялы өлгөн жокта. Буга окшогон миңдеген адам өлдү, ал адамдарда мунун аялынын артыкчылыгы эмнеде? Эмнеге эле подхалимчлик кыласыңар мындай саны бар сапаты жок ит урук чиновниктерге?.
Бирок буга окшогон мансаптуулар ошондой жерлерде ошондой абалдарда да карапайымды уруп ойнобойт, бир гана өздөрүн ойлойт. Мунун баарына күбө болдукко, бийликтин эмнеге жараганын, кандай шалаакы экенин көзүбүз менен көрүп!!!...
+3
nurhan2702
2020-08-30 08:27:56
Бектурган, доорубочу. Сенин башына тушсо кандай болмоксун. Экс-депутат катары эмес, пенде катары жалооруп жок дегенде суук созуну жазбай койсон болбойбу?
-1
nurhan2702
2020-08-30 08:28:29
Бектурган, доорубочу. Сенин башына тушсо кандай болмоксун. Экс-депутат катары эмес, пенде катары жалооруп жок дегенде суук созуну жазбай койсон болбойбу?
-1
zamir_kgz
2020-08-31 08:34:14
nurhan2702, Ушул депутаттардын милдети болчу чара коруш керек эле маалында.
0
Tyty1990
2020-08-30 10:22:54
Ошол кир коридор, бир эле медайым оорукананын акыбалына ким күнөөлүү??? Ошол сен сага окшогон депутаттар! Дагы кир коридор деп койот. Элдин акчасын соруп жеп ичип чычып коюп эми премьер министр командасы күнөөлүү дегенин кара. Медицина ушундай акыбалга кантип келди? Айлык аз шарт жок ооруканалар эски дубалын түртсөн жыгылайын деп турат.айла жок тентип мигрант болуп жүрүшөт. Медиктер карабады дегендин ордуна мен депутат болуп эмне кылдым деп ойлон! Тойбос депутаттар силер эч качан тойбойсунар
+2
zamir_kgz
2020-08-31 08:36:43
Tyty1990, Саналуу депутаттар жакшы болушу мумкун, бирок напсини тыя албагандар копчулук коалициядагыларга каршы тура албайтда.
0
elli_88
2020-08-30 19:22:23
Ыйлатасызго жаткан жери жайлуу болсун! Сабыр кылыныз.
-2
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан