Унаа тебелеп кеткен жигиттин эжеси: “ИНИМ БҮТ ӨМҮРҮН ТӨШӨКТӨ ЖАТЫП ӨТКӨРБӨСӨ ЭКЕН”

Каарманым Эдилбек Маймыловду өткөн жылдын декабрь айында унаа сүзүп кеткен. Оор жаракат алгандыктан, жасалган операциялар деле төшөктөн туруп кетишине жардам берген эмес. Кыймылсыз төшөктө жатып калган Маймыловдун эжеси “жардам беребиз деген күнөөлүү тарап бир жолу басып келбегенине жана укук коргоо кызматкерлери ишти жакшы карабай жатканына нааразыбыз” дейт.

ЧЫНАР КАШБАЕВА, ЭЖЕСИ: “КИЙИНКИ ЖЫЛЫ ҮЙЛӨНМӨК”

– Биз Сокулуктун Биринчи Май айылында жашайбыз. Ушул жакта чоңоюп, өстүк. Инимди унаа сүзүп кетип, баспай төшөктө жатканына бир жылга чукулдап баратат. Аты Эдилбек, экөөбүз энелеш бир тууганбыз. Менин атам кичинекейимде каза болуп, апам кийин турмушка чыккан. Кийин мен 6-класста окуп жатканда апам каза болуп калды. Иним 5 жашта болчу. Мен эжемдин, ал атасынын колунда калган. Мектепте окуп жүргөн кезинде атасынын да көзү өтүп кетти. Ошентип бири-бирибизге арка-жөлөк болуп чоңойдук. Мектепти бүткөндөн кийин өз аракети менен Бишкектеги №100 кесиптик лицейге тапшырып, ал жактан электр-ширетүүчү адистигине ээ болуп, ошол кесиби менен иштеп жүрдү. Кийин Москвага барып 5 жылдай иштеп, былтыр жайында келип азыркы жашап жаткан үйдү сатып алган. Мен “болду, эми кетпей эле кой, бул жакта эле бол, эс ал” десем, “иштейин, кийинки жылы келип үйлөнөм, анан биротоло ушул жерде калам” деп жаткан, эми минтип кырсыктап калды.

Ошентип кайрадан Москвага иштегени кеткен. Ноябрдын аяктарында “документтер туура эмес болуп калды, тууралатып алып кетем” деп келип калды. 4-декабрда жумуштан үйгө келсем, иним жок экен. Түнкү саат 3төрдө бир чоочун номер чалганынан түндө ким чалып жатат деп өчүрүп койгом. Эртең менен кызымдын телефонуна Москвадагы инимден “Эдик ооруканага жатып калыптыр, бар” деген СМС келип калды. Түндө чалган номерге чалдым. Сокулуктун ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр.

“ДОСУ ЭКӨӨНҮ ЖОЛ ЖЭЭКТЕН УНАА СҮЗҮП, ИНИМДИ ҮСТҮНӨН ТЕБЕЛЕП КЕТИПТИР”

– Теңтушу каза болуп, ошол жакка барып келе жатышканда досу экөөнү жол жээктен унаа сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткен бала Сокулук районунда жашайт, 1997-жылкы жаш бала экен. Башында мага атасы “сиздин иниңиз жолго бирөө менен жакалашып чыга калыптыр, балам токтотконго жетишпей сүзүп алыптыр” деген. Ошого ынанып, иним өзү күнөөлүү турбайбы деп калгам. Кийин инимди унаа тебелеп кеткен окуяны кырсык болгон жерде жашаган адамдар угуп калып, арасынан бир орус улутундагы жаран “менин үйүмө орнотулган видеобайкоого түшүп калыптыр, көргүлө” деп калды. Видеодон карасак, унаа “шуу” деп келип эле жээкте турган эки адамды ыргыта сүзүп кетиптир. Сүзүп эле эмес, инимди үстүнөн тебелеп кетиптир. Анан ата-энеси, туугандары, чоң апасы болуп келип жалынып-жалбарышканынан, мен да энемин да, “байке, ыйлабаңыз, бул эми кырсык, биздин ата-энебиз жок, иним жакшы болгуча карашкыла” дегем. Баары “жардам беребиз, карайбыз” деп эле макул болуп жатышкан. Белинин операциясына 140 миң сом беришкен, ошону менен бир да жолу басып келишкен жок. Сүзгөн жигит өзү келип абалын сурап, кечирим сурап койгонго жарабады. Бул кырсыктан канча адам жабыркап жатат? Жакшынакай жүргөн иним баспай төшөктө жатып калды. Үй-бүлөмдү экинчи планга жылдырып, инимдин үйүнө көчүп келип, аны карап жатам. Ал кароого муктаж, тамагын берип, алдын тазалап дайыма жанында болуш керек. Керек болсо качан заңдап, заара кылып жатканын да билбеген акыбалда. Мектепте окуган кызым күндүз карап, мен иштечүмүн. Бирок иним кыйналып жатканынан жумуштан чыгып алып багып жатам. 8 айдан бери тыңыраак жуундура элекмин. Төшөктөн эле ары-бери которуп тазалап коюп жатам. Төшөктөгү адамды караган чынында оор экен.

“КҮБӨЛӨР, ДАЛИЛДЕР БАР, БИРОК КҮНӨӨЛҮҮ ЭРКИНДИКТЕ”

– Мен окуя болгондо дароо укук коргоо кызматкерлерине арыз жаза алган жокмун. Себеби инимдин абалы өтө оор болчу. “Башы катуу жабыр тарткан, биринчи кезекте башына операция жасатыш керек, 18 миң сом кетет” дешти. Врачтарга сүйлөшүп, акча издеп жүгүрүп жүрдүм. Операциясы бүткөндөн кийин январдын ортолорунда араң арыз таштоого райондук милиция бөлүмүнө бардым. Алгач арыз таштасам карайбыз деп кабыл алышкан. Тынч эле болуп калганынан “иш эмне болду, каралып жатабы? Ал бала жаза алышы керек, бүгүн жаза албаса, эртең дагы бирөөнүн тагдырын ушинтип талкалайт” деп телефон чалдым. Ошондо анан мага “сиз ата-энеси эмессиз, эжеси экенсиз, сиздин арызыңыз каралбайт” деп жатышпайбы. Анан арызды нотариустан күбөлөндүрүп келдим. Анткен менен деле иштен тыянак чыга элек, “карап жатабыз, чогултуп жатабыз” эле дешет. Жол кырсыгы болгон күнү укук коргоо кызматкерлери ошол жерге барып, ишти каттоого алышыптыр. Ал жерде күбөлөр да болгон. Бул ишти созуп жүрө берүү шарт эмес болчу, күбөлөр бар, видеожазуу турат. Кийин карантинге шылташты, анан тергөөчү алмашты. Тергөөчүгө “сүзгөн бала аман-соо эркиндикте жүрөт, анын айынан менин бир тууганым өмүр бою төшөктө жата турган болуп калды. Үй-бүлө күтүп, балалуу боло албайт. Бала жаш экен, камалышынын деле кереги жок. Ошол бала иштеп, айлыгынын канча бир бөлүгүн айына дары-дармек, такма жалаягына берип турсун” деп айткам. Күнүмдүк керектөөсүнө эле бир топ каражат керек. Бир туугандарыбыз колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат.

“АКЫЛ-ЭСИ КИЧИНЕКЕЙ БАЛАНЫКЫНДАЙ БОЛУП КАЛДЫ”

– Иним башынан катуу жаракат алгандыктан акыл-эсинде да кемчилик бар. Өзүнүн учурдагы оор абалын акылы кабыл алган жок окшойт, көп нерсени билбейт. Алгачкы операциясы Бишкектеги республикалык ооруканада жасалган. Жүлүндө чучугу жок, баспай турган болуп калды, өмүр бою төшөктө жатып калат. Операциядан кийин аябай гиперактивдүү болуп кеткен. Турам, басам деп жулунуп жатты. Басып жүргөн эле адам тура албай жатып калса жаман экен. Турганга аракет кылып буттарын жерге түшүрүп жатып 2-3 жолу керебеттен кулап да кетти. Белине коюлган конструкциясын Беларусь өлкөсүнөн 140 миң сомго алдырганбыз. Ошол аппарат белге орнобой бошоп кетип, омурткасы кыйшайып калыптыр. Ал грыжага жеткирип, убакыттын өтүшү менен бел-омуртка биротоло кыйшайып бүкүр сыяктуу оору пайда болот экен.

Өмүр бою жатып калганча жок дегенде арабага отурушу үчүн операция жасатуу зарыл болуп турат. Операция Москвада жасалат жана ошол жакта реабилитациялык борбордо өздөрү карап, калыптанганча атайын көнүгүүлөрдү жасатып тыкыр иштешишет экен. Бул омурткаларга жасалып жаткан экинчи операция болгондуктан, өтө кылдаттыкты талап кыларын айтышты. Жалпы 15 миң доллар каражатты түзөт экен. Кичине болсо да кыймылда болуп, төрт дубалда камалбай эшикке чыгып аба жутуп, элге аралашып жакшы болуп калса деген тилегим. Эч кимге аралашпай төшөктө жата берип кыйналып бүттү. Адамды көргөндө ушундай сүйүнөт. Өткөндө чогуу окуган тайпалаштары келди эле, кыйкырып, күлүп аябай сүйүндү. Кичинекей эле баладай болуп калды.

“ОПЕРАЦИЯГА АКЧА ИЗДЕП ЖҮРҮП КАРЫП КЕТКЕМ...”

– Башында иним ушинтип төшөктө жатып калганда өзүмдү жашоодо жалгыз калгандай сездим. Инимди ооруканадан чыгарып келгенден кийин айылдагы жаш балдар чогулуп келип көмүр түшүрүп, азык-түлүк алып берип кетишти. Операцияга акча издеп ары-бери чуркап жүрүп карып кеткем. Эл чалып абалын сурап, жардам кылабыз дегенде кадимкидей жүрөгүм жылып, жашагым келип калды. Ошондон кийин “элде болсун, элде болсо бизде болот” деп калдым. Кудайдан элде болсун деп тилениш керек экен. Азыр балдарыма “элге колдон келген жардамды бериш керек. Өмүр узарат, адамга жашоо тартуулайсыңар” деп айтып жатам. Башыңа келмейинче оокат деп эле тырыша берет экенсиң, көрсө, адамга көп деле нерсенин кереги жок экен. Биз ушул абалга дуушар болгондон бери Эдилдин мектептеги класс жетекчиси жардам берип келе жатат.

Иним келбеттүү, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган жигит болчу. Кыздар келип, аларга бул ырдап берип, анекдот айтып күлдүрүп, мүнөзү өтө шайыр эле. Абдан тырышчаак болчу, иштеп ушул үйдү алып койгонуна Кудайга шүгүр. Болбосо азыр ушинтип төшөктө жатып калганда кайда сүйрөйт элем? Бул абалы менен батирге да эч ким алмак эмес.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элсом, Киви кошелёк, О деньги: 0704368306

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ulua
2020-08-24 15:01:57
Жатындащы бар экен, болгондо да кыз бир тууганы, шугур,кыз куйотда,э


+6
momun74
2020-08-24 23:21:27
Жардам кылалы эл журт
+3
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан