ДҮЙНӨНҮ БЕТ КАП ТАШТАНДЫСЫ КАПТООДО. КЫРГЫЗСТАНДА АБАЛ КАНДАЙ?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясынын экологияга тийгизчү таасири тууралуу да коңгуроо кагууда. Тагыраагы, жер планетасы медициналык таштандылардын полигонуна айланбашы керек деп эскертип жатат. Мисалы, бир ирет колдонулуучу бет кап жер астында чирибей бир нече жыл жатат дешет адистер. Кыргыз өлкөсүндө абал кандай? Эпидемияда колдонулган каражаттар кандай жол менен жок кылынып жатат? Кайдыгер мамиле жасалып, жаратылышка жана адам өмүрүнө коркунуч туулуп жаткан жокпу?

КОРГОНУУЧУ КАРАЖАТТАРДЫ ЖОК КЫЛУУНУН ТУУРА ЖОЛУ КАНДАЙ?

Медициналык коргонуучу каражаттар, резина кол кап, бир жолу колдонулуучу бет капты жок кылуунун атайын эрежелери бар. Өлкөдөгү медициналык мекемелер, дегеле жалпы жөнөкөй жарандар бет кап, кол каптарды колдонгондон кийин кантип жок кылышы керек? Бул боюнча эколог, биология илимдеринин кондидаты Нурзат Тотубаевага кайрылдык:

– Бишкек шаарында таштандыларды утилизация кылган бир нече фирмалар бар. Алар атайын медициналык таштандыларды утилизациялоо үчүн лицензия алышат жана келишим боюнча ооруканаларга өздөрү барып, таштандыларды алып кетишет. Азыркы күндө Бишкектеги айрым ооруканалар жана аймактардагы ооруканалар өз алдынча утилизация кылып жатышат. Бул туура эмес, анткени ооруканаларда же стационарларда тийиштүү шарт жок. Андыктан буга кош көңүл кароого болбойт, Санитардык эпидемиологиялык станция бул жагдайды тыкыр көзөмөлдөп, фирмалар менен келишим түзүшү керек деп эсептейм. Фирмалар жоопкерчилик алып, таштандыларды санитардык жана экологиялык эрежелерге ылайык утилизация кылышат.

Таштандыларды утилизациялоонун түрдүү жолдору бар. Мисалы, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарбай турган пиролиздүү утилизация учурдагы кырдаал үчүн эффективдүү. Таштандылар жогорку температурада күйгүзүлүп жок кылынат. Мындай учурда уулуу заттар абага аз бөлүнүп чыгат. Ал эми кадимки ачык жол менен өрттөгөндө зыяндуу заттар көп бөлүнүп абаны булгайт. Андан сырткары таштандылардан арылуунун химиялык жолдору да бар.

Үй шартында бет каптарды оозу жабык баштыкта 3 күн сактап, андан соң таштанды челекке таштоого болот. Ошондо таштанды ташуучу кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туулбайт.

“ЖЕКЕ КОМПАНИЯ МЕНЕН КЕЛИШИМ БАР”

Экологияны, адам өмүрүн коргоонун изи менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине барып такалдык. Аталган министрликтин маалымат кызматы кыска гана жооп узатты:

– Бул учурдагы эң актуалдуу маселе. Биз “Эко комплекс” ишканасы менен келишим түзүп, иштешип жатабыз. Бирок бул ишкана аркылуу өлкө боюнча медициналык таштандылардын баары эмес, Бишкек шаарындагы айрым гана ооруканалардагы жана стационарлардагы таштандылар ташылууда.

“КҮНҮНӨ 3-4 ТОННА МЕДИЦИНАЛЫК ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛУУДА”

Ал эми “Эко комплекс” ишканасынын жетекчиси Нурлан Жумалиев буларга токтолду:

– Учурда таштандылар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы айрым оорукана жана стационарлардан келишимдин негизинде ташылып жатат. Эки тараптуу келишим ӨКМ менен түзүлгөн. Биздин ишкана күнүнө 3-4 тонна медициналык таштанды чыгарууда. Биз медициналык таштандыларды химиялык жол менен жок кылабыз. Келишимге ылайык, колдонулуп бүткөн медициналык каражаттарды гана ташышыбыз керек эле. Бирок таштандылар сорттолбой, медицинага тиешеси жок заттар менен аралашып келүүдө. Коронавирус илдетине байланышкан таштандылар жерге көмүлүп, же полигонго ташталып, тыкыр көзөмөл жүрбөй жатканы – факт. Буга чейин Ош облусунда медициналык таштандылар жерге көмүлүп жатканы тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты. Бул экологияга өтө чоң коркунуч алып келет.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ: «ТАЗАЛЫК» ЖООПТУУ»

Коронавирус менен күрөшүүдөгү негизги орган Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык таштандыларды ташып жок кылууга "Тазалык" ишканасы жооптуу экенин билдирди:

– Стационарлардагы медициналык таштандыларды фирмалар келип алып кетишет. Айрым ооруканалар медициналык таштандыларды өз алдынча утилизация кылышууда. Бул боюнча чараларды көрүп жатабыз. Негизинен бул маселеге “Тазалык” ишканасы жооптуу.

“ТАШТАНДЫ СОРТТОЛБОЙ ЭЛЕ ПОЛИГОНГО ТӨГҮЛҮҮДӨ”

Министрлик багыттаган мекеме – Бишкек шаарынын тазалыгын камсыздоочу “Тазалык” муниципалдык ишканасына кайрылдык. Мекеме сөз болуп жаткан таштандылар боюнча буларды билдирди:

– Медициналык таштандылар тууралуу ооруканалардан жана стационарлардан маалымат алыш керек. Эгер бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу каражаттар коомдук таштанды челектерге ыргытылса, анда түз эле таштанды полигонуна алып барып төгүлөт. Биздин ишкана таштандыларды бөлүп, сорттоп, өрттөө же башка жол менен жок кылуу менен алектенбейт. Биздин ишкана таштандыны чыгарууга, ташууга гана милдеттүү. Коомдук таштанды челектерге ыргытылган таштандынын баарын түз эле Бишкектин четиндеги полигонго алып барып төгөбүз.

ООРУКАНАЛАРДЫН ИЧИНДЕ АБАЛ КАНДАЙ?

Коронавирус менен күрөшүүдө дарыгерлер кийген коргоочу кийимдер кантип жок кылынууда? Мамлекеттик ооруканалардын жообу түрдүүчө.

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кайрылганыбызда: “Коронавирус илдетине байланышкан таштандылар сыртка чыгарылбайт. Биз аларды коомдук таштанды ыргытуучу жайга таштабай, оорукананын ичинен эле утилизация кылабыз”,- деп билдиришти. Таштандылар кандай жол менен жок кылынары айтылган жок. Ал эми Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук госпиталдан: “Биз эч кандай "Тазалык" мекемелери жана фирмалар менен иштешпейбиз. Кооптуу делген таштандыларды оорукананын аймагынан утилизация кылып, өрттөп жоготобуз”,- дешти.

Ооруканалардагы абал түшүнүктүү. Ал эми убактылуу ачылган стационарлардагы абал кандай? Борбор шаардагы стационарлардын биринде иштеп жүргөн ыктыярчы Мунарбек Базаркулов төмөнкүлөргө токтолду:

– Коронавирус илдетине байланышкан бет кап, кол кап таштандыларын атайын таштанды салуучу кара мүшөккө салып, башка таштандылар менен аралаштырбай өзүнчө бөлүп жаттык. 3-4 күндө бир жолу унаалар келип, жүктөп кетип жатышты. Таштандыларды кайсы компания кайсы жакка ташып кетип жаткандыгы тууралуу маалыматым жок.

Белгилүү болгондой, Бишкектеги жеке үйлөрдөн чыгарылып, коомдук таштанды челектерге салынган медициналык таштандылар кадимки турмуш тиричиликтик таштандыга аралашып шаардын четине төгүлүүдө. Аны көзөмөлдөп, сорттоп отурууга мүмкүнчүлүк жок экени көрүнүүдө. Баары жарандардын, мекеме ишканалардын жеке жоопкерчилигине барып такалат. Ал эми Бишкектин таштанды полигонунун абалы коронавирус эпидемиясы башталгыча эле оор болчу. Эпидемиялык кырдаал көйгөйдү ого бетер оорлоторун айтышат адистер.

АЙМАКТАГЫ ООРУКАНАЛАР ӨЗ АРАБАСЫН ӨЗҮ ТАРТУУДА

Бишкектеги ооруканалардын абалы, министрликтер берген жооптордон кийин аймактардын абалы кызыктырды. Айрым ооруканаларга байланышсак, "өз арабабызды өзүбүз тартып жатабыз" деген жооп айтышты.

Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын координатору Мирбек Өмүрбеков:

– Биздин ооруканада медициналык таштандыларды утилизация кылуучу бөлүм бар. Биз ар бир медициналык таштандыны автоклавдан өткөрүп, андан соң коомдук таштанды таштоочу жайга ыргытабыз.

Өлкөдө демөөрчүлөрдү издеп, ооруканага медициналык каражаттарды утилизациялоочу атайын мештерди алып келип жаткан инсандар дагы бар. Экономикасы алсыз өлкөдө ыктыярчы топтордун ушундай салымдары чоң жардам болууда. Кыргыз өлкөсү гана эмес, дүйнө жүзү медициналык таштанды көйгөйүнө каршы чакырык жасап жатат. Мындайда ар бир жаран жоопкерчилик сезип, санитардык нормаларды туура сактоого аракет кылганы оң. Кенебес, жоопкерчиликсиз, маданиятсыз ар бир кадамыбыздын кесепети табиятка, келечекке, кийинки муундун саламаттыгына тийиши мүмкүн экенин ар дайым эстей жүрөлү демекчибиз.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан