Коронавируска каршы күрөшкөн ӨКМ кызматкери: «МАРКУМДУН ТУУГАНДАРЫНА СУУК КАБАР УГУЗУУ БААРЫНАН КЫЙЫН БОЛДУ»

Коронавирус пандемиясында каза тапкандарды ооруканадан алып чыгып, өлүкканага өткөрүп берүү иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин колунда. Бейтаптарга кам көрүүдөгү негизги иштерге да активдүү аралашып жүрүшөт. Албетте, тикелей милдети. Ошентсе да "эмгеги бааланбай жатат" деп алардын эрдигин айткандар көп. Мисалы, пандемия маалында убада кылынган кошумча эмгек акылары берилбей жатканы айтылууда. Алдыда ушул маселе жана ӨКМнын иши тууралуу сөз кылабыз.

«БИР СТАЦИОНАРДА БИР КҮНДӨ 20 АДАМ КАЗА БОЛДУ»

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, пандемия учурунда кызматтык милдетин аткарып жүрүп ӨКМнын 241 кызматкери коронавирус жуктуруп алган (ред.: 24-августка карата). Алардын ичинен 6 кызматкер каза болду. Экөөсү коронавирус инфекциясынан, 4 кызматкер пневмониядан улам көз жумган. Оор кырдаалда эпидемиянын очогунда жүрүшкөн кызматкерлердин абалын сурап кайрылдык. Алардын бири, ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов буларды айтып берди:

– Үч айга жакын «Ак-Кеме» мейманканасында ачылган обсервацияда иштедим. «Ак-Кемеге» көбүнчө Дубай, Түркия, Орусия, Корея сыяктуу чет мамлекеттерден келген жарандарыбыз обсервацияга алынды. Биздин башкы милдет – обсервацияда жаткан жарандарды бардык тараптан камсыздоо болду. Дегеним, бейтаптарга тамак-аш ташып, жуунуучу каражаттарды, жууркан-төшөктөрдөн бери жеткирип турдук. Түрдүү адамдар болот экен, ыраазы болгондор да, нааразы болгондор да болду. Мени таң калтырганы – «бизди коё бергиле» деп ызы-чуу салгандар эле. Анткени биз алардын, элдин коопсуздугу үчүн күнү-түнү иштеп жаттык да. «Бизди коё бергиле, кармаганга акыңар жок» деп кыйкырган үй-бүлө мүчөлөрү эсимде калды. Биз абалды түшүндүрүүгө аракет кылдык. Бирок түшүнүшкөн жок.

Өзгөчө абал учурунда иштеген кызматкерлерге кошумча эмгек акы төлөнүп берилет дешкен. Мен өзүмө тиешелүү акчаны алдым.

Аталган министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын инструктор суучулу Талант Тойчубек уулу иш үстүндө туш болгон окуяларды берди:

– Мен азиз жана көрүүсү начар балдар интернатынын имаратында ачылган стационарда иштедим. Башкы милдетибиз коопсуздукту сактоо жана бейтаптарды аларга керектүү каражаттар менен камсыз кылуу болду. Врачтар менен кошо "кызыл зонада" жүрдүк.

Өтө оор абалда түшкөн бейтаптарды көрдүк. Өзүмдү согушта же тозокто жүргөндөй эле сезип жаттым. Бизге министрлик тараптан коргонуучу каражаттар берилген. Алгачкы күндөрү вирус жуктуруп аламбы деп кооптонуп жүрдүм. Кийин өзүм тууралуу ойлонгонго деле убактым болгон жок. Биз иштеген жер стационар болгондуктан, ооруканадагыдай реанимация, ИВЛ-аппараттар болгон жок. Бирок дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келген аракеттерин жасап жатышты. Стационарда 50 жаштагы аялдын абалы өтө начарлап, мына-мына үзүлөт деген маалда жаш врач кыз бет кабын чече калып, оозунан үйлөп, жасалма дем алдыруу жасады. Тилекке каршы, бейтапты сактап калуу мүмкүн болгон жок. Бейтапты ажалга алдырып жиберген ошол врач кыздын буркурап ыйлаганын көрүп жаным сыздады.

Мындан тышкары биз маркумдардын сөөгүн изолациялап, аты-жөнүн тактап, өлүккананын кызматкерлерине өткөрүп берип жаттык. Мага баарынан кыйын болгону – суук кабарды маркумдун туугандарына угузуу болду. Бул суук кабарды угузардын алдында өзүмдү алардын ордуна коюп, айрым учурда алар менен бирге ыйладым. Алар жакындарынын өмүрүн тилеп, кандай кабар айтат деп сыртта томсоруп күтүп турушкан болот, же телефон менен байланышабыз. Арасында абалды түшүнбөй, атамды же апамды, агамды көрөт элем деп, "кызыл зонага" жулкунуп, ызы-чуу салгандар да болду. Айрым учурларда андайлар менен мушташканга чейин бардык.

Жагымдуусу – биздин стационар жабылган күнү бейтаптар кружка жана табакка ал жерде кызмат кылган ар бирибиздин атыбызды жазып, ыраазычылык иретинде белек беришти. Чынын айтсам, мындайды күткөн эмесмин. Бул кубаныч тартуулады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо борборунун кызматкери Андрей Кузнецов мындай дейт:

– Мен «Семетей» стационарында иш алып бардым. Ишенесизби, ушул эле стационарда бир күндө 20 адам көз жумган учурлар кездешти. Мен "кызыл зонада" жүрүп, бейтаптардын аба жетпей кыйналгандарына күбө болдум. Өлүм алдында жаткан бейтаптарга колдон келишинче жардам бергиң келет экен. Бирок медициналык билимим жок болгондуктан, эч нерсе кыла алган жокмун. Бүгүнкүгө чейин менин көз алдымда жан берген адамдардын элеси турат. Маркумдардын жакындарынын көз жашын төгүп жатканын көрүп, алар менен бирге ыйладым. Айрым кесиптештерим жумуш учурунда COVID-19 вирусун жуктуруп алышты. Мамлекет аларды обсервацияга жаткыруудан башка жардам көрсөткөн жок. Компенсация боюнча айтсам, мен эч кандай кошумча акча алган жокмун.

КОМПЕНСАЦИЯ БААРЫНА ТЕГИЗ ТӨЛӨНБӨЙБҮ?

Редакциябызга ӨКМнын белгилүү себептерден улам аты-жөнүн ачык жарыялагысы келбеген кызматкери кайрылды. Ал аталган министрликтин кызматкерлерине убадаланган компенсация төлөнбөй жаткандыгы тууралуу айтып нааразычылыгын билдирди:

– Өзгөчө абал учурунда иштеген кызматкерлерге өкмөттүн 2000-жылкы №639 токтомунун негизинде компенсация төлөнүп берилиши керек эле. Коомчулукка "25 миң сомдон берилди" деп маалымат таратып жатышат. Бирок мен 5 миң сом гана алдым. Пандемия учурунда иштеп жүрүп, мен өзүм да коронавирус жуктуруп алдым. Бизге керектүү формалар, коргонуучу каражаттар берилген. Ага карабай ооруп, менден үй-бүлөмө да жукту. Баарыбыз коронавирустун жеңил түрү менен ооруп айыктык. Биздин күзөт бүткөндөн кийин 5 күн обсервацияда жатканбыз. Бирок андан кийин бизден тест албай эле үйгө жөнөтүп жиберишкен эле. Тест алышканда, балким, үй-бүлөм оорумак эмес.

Компенсация төлөп берүү маселеси боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов жооп берди:

– Биринчиден, 25 538 сомдон ар бир кызматкерге төлөнүп берилет деген сөз болгон эмес. Мыйзамда акы төлөмү айлыгынын эсеби менен үч эсе төлөнүп берилет деп жазылган. Демек, кызмат ордуна жараша кошумча акы төлөнүп берилет. Экинчиден, баарына окшош болуп төлөнбөйт, дал ошол блок-посттордо, обсервацияларда, "кызыл зоналарда" иштеген кызматкерлерге толук кандуу төлөнүп берилет. Мыйзамда дагы, токтомдо дагы, премьер-министрдин буйругунда дагы «бүт төлөмдөрдүн баары түздөн-түз катышкан өздүк курамга төлөнүп берилсин» деп жазылган. Ошондуктан биз комиссия түзүп, ким, кайсы күнү, кайсы саатта, каякта эмне иштерди аткарды, баарын тактап алып, төлөп беребиз деп чечим кабыл алганбыз. Бишкек шаарында айрым кызматкерлер албай калышы мүмкүн, бирок алдын ала бир сыйра акча бергенбиз. Комиссия толук изилдеп чыккандан кийин калган акы төлөнүп берилет деп чечим кабыл алынган. Август айындагы маянаны төлөп берүү убактысы келип калды, ошону менен чогуу бардык төлөмдөрдү төлөп беребиз.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан