Оор дартка чалдыккан эненин тагдыры: “БАЛАМДЫН ӨЛҮҮ ЖЕ ТИРҮҮСҮН БИЛБЕЙ, 6 ЖЫЛДАН БЕРИ КҮТҮП ЖҮРӨМ”

Каарманым Гүлнара Раимбаева 6 жылдан бери дайынсыз кеткен уулун издеп келет. Уулунун азабын тарткан эне залалдуу шишик дартына кабылганын айтат. Гүлнара айым буга чейин 3 операцияны башынан өткөргөн. Алардын биринде анын бир көзүн алып салууга туура келген.

“БАЛАМ МОСКВАГА КЕТКЕН БОЙДОН ДАЙЫНСЫЗ”

– Мен Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Күрпүлдөк айылында төрөлүп-өскөм. Мектепти ушул жактан бүтүрдүм. Бишкекке келип 6 айлык соода жүргүзүү курсун аяктадым. Союз тараганча Бишкекте дүкөндө сатуучу болуп иштеп жүрдүм. Кийин турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз көпкө жашаган жокпуз, уулумду төрөгөндөн кийин ажырашып кеттик. Баламды өзүм жалгыз тарбияладым. Кайыңдыда, Кара-Балтада, кийин “Ош базарында” сатуучу болуп иштеп жүрдүм. Уулум мектепти бүткөндө аскерге жөнөтөйүн десем, “жалгыз уул” деп албай коюшту. Мен ооруп калгандыктан окуу жайга тапшыра албай калды. Балам иштеп, батир акысын төлөп, дарылануума акча таап жатты. Улам-улам дарыланып, акчадан кыйналып кеткенде уулум “минтип кыйналбай, Москвага барып иштеп келейин” деп калды. Эки жолу барам дегенинен жибербей койгон элем. Кийин макул болдум.

Москвага барганда 15 күндөй ден соолугумду сурап “апа, сарсанаа болбоңуз, менде баары жакшы. Күнүнө 1000 сом таап жатам” деп тынбай телефон чалып жатты. 2014-жылдын 4-сентябрында күндүзгү саат экилерде телефон чалып “апа, дарыланууңузду токтотпоңуз, бирөөдөн карыз алып дарыларыңызды ала бериңиз. Кудай буюрса, жакшы жумушка кирдим. Кечинде байланышабыз, кененирээк айтып берем” деген. Ошондон кийин балам байланышкан жок. Быйыл жалгызымдын үнүн уга элегиме 6 жылдын жүзү болду. Эне үчүн баласынын өлүүсүн же тирүүсүн билбей акыйып жол карап отургандан өткөн азап жок экен. Башында издейбиз дегендерге тапкан акчамдын баарын бере бердим. Бирөө байланышып “издеп беребиз” десе эле айткан суммасын тыпырап таап бере калчумун. Ойлосом, туура эмес кылыптырмын. Баламды таап берет деген үмүт болчу да...

“СӨӨГҮН КӨРСӨМ КӨКСӨӨМ СУУП КАЛБАЙТ БЕЛЕ”

– Баламдын аты-жөнү Руслан Мухаметсопиев, 1992-жылы 29-декабрда төрөлгөн. Ичимдик иччү эмес, намаз окучу. Бир эле жолу телефон чалып, жок дегенде “апа, мен жакшымын, бармын” деп билдирүү жөнөтүп койсо тынч алып калат элем. Эч кимден жардам сурай албай жатат дейин десем орусчаны суудай билет. Орус классты бүткөн, тың бала. Ага эмне болгонун билбейм. Бир байланышып койгонго мүмкүнчүлүгү жок кандай жерде жүрөт деп таң калып жатам. Өлүп калса, жок дегенде сөөгүн көрсөм көксөөм сууп калбайт беле. Тирүүлөй кабарсыз жоголгон аябай жаман экен. Мындай кыйын күндү Кудай эч бир адамдын башына салбасын. Кийин менин ар кайсы жакка чуркап уулумду издеп жүргөнүм тууралуу "Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросуна" бирөө маалымат бериптир. Алар мени менен байланышты. Бир топ документ даярдап, балам тууралуу болгон маалыматты бердим. Булар менден эч кандай акча сурашкан жок. Алар жылына эки ирет байланышып турушат. Бирок баламдан кабар жок. Уулум дайыма түшүмө кирет, токойдо жүргөн болот. Кайыңга жөлөнүп алып эки жакты карап турат, жанында дагы бир кичинекей бала бар. Белгисиздик жаман экен. Оюма ар кандай нерселер келет. Азыр уулумду табуу үмүтү менен гана жашап жатам.

“ЭМИ КУЛАГЫМДА ШИШИК ПАЙДА БОЛДУ”

– Баламды ойлой берип бир көзүмдөн айрылдым. Алгач көзүмө тирсек сыяктуу бир нерсе чыккан. Улам жок болуп, кайра пайда болуп жатып эле ириңдеп баштады. Анан шишик чоңоюп кеткенде Бишкектеги Онкологиялык борборго барсам, ириңди операция жолу менен тазалашты. Моюнумдагы безди дагы алышты. Операциядан кийин оң жак бетим шишип, бир жакка кыйшайып калган. Кээде көңүлүм жай алганда шишиги тарап, түзөлө түшкөнсүп калат. Кийин дагы операция болуп, бир көзүмдү алып салышты. Алдырган көзүмдүн ичине кайра шишик пайда болуп, үчүнчү жолу операция жасатканыма бир ай болду. Азыр көзүмдүн ичине сөөмөйүмдү салсам батып кетет. Ичи аңырайып ары жагы көрүнүп турса, бирөөгө көрсөткөндөн дагы тартынам. Көзүмдүн ичин бир жууганга бир бөтөлкө суутек кычкылы кетет. Жумасына 400-500 сомго көзүмдү тазалай турган каражаттарды алам.

Аны менен эле бүтүп калса кана? Операция жасатканыма бир ай боло элек жатып кулагыма шишик чыгып, аны метастаз деп жыйынтык чыгарышты. Анализдерим да начар чыгып, залалдуу шишик деп диагноз коюшту. “Ишенбесеңиз, анализди текшертүүгө Алматыга, Москвага деле жөнөтсөңүз болот” дешти. Диагнозго ишенбейм деп ал жакка акчаны кайдан табат элем, ооруганым чындык болуп турса. Андан көрө акча таап, дарыланганым оң эмеспи. Эми химиотерапия алышым керек, дарыларымдын да баасы кымбат экен. Өлүп калсам бир жөн, тирүү турганда жалдырап бирөөнүн колун карап төшөктө жатып калгандан Кудай сактасын. Эки жыл ичинде 3 жолу операция жасалды. Наркоздон ойгонордо дайыма баламдын атын айтып, аны чакырып ойгонорумду дарыгерлер айтып калышат.

“ЖАШАГАН ҮЙҮМДҮН ҮСТҮ ТҮШӨЙҮН ДЕП АРАҢ ТУРАТ”

– Врач “сөзсүз нур терапиясын алышыңыз керек, ошол шишиктин өсүшүн токтотот” деп жатат. Алар деле болгон күч-аракетин жумшап жатышат. Үзгүлтүккө учуратпай, көрсөтмө боюнча дарыланышым керек экен. Эми мени мындай акыбал менен ким жумушка алсын? Элге ооруп жатам деп догурунгандан уялып жатам, бирок айла жок болуп жатпайбы.

2-топтогу майыптыгым бар, 2437 сом жөлөк пул алам. Мурун ошол акча айдан айга дары-дармек, тамак-ашыма жетчү. Бишкектеги мени караган врач жөлөк пулума дагы 1000 сом кошулушу керектигин айткан. Жөлөк пулга чыгаруучу комиссия документтерге мени көздүн залалдуу шишиги менен жабыркайт деп жазбай коюшуптур. Ошону жазганда жөлөк пулга дагы 1000 сом кошуп беришет экен. Врачтын айтуусу менен документимди тууралатканга аракет кылдым. Панфилов районунда көз дарыгери жок болгондуктан Кара-Балтанын ооруканасына барсам дарыгер мени кабыл албай койду. Эки жолу барып эртеден кечке чейин кезекте отурдум. Акыры тажаганда 1000 сомдун кошулушуна деле кайыл болуп отуруп калдым. Ооруганым жалган болбосо, абалымды көрүп туруп маалым катты тууралап жазып берип койсо болот эле да.

Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Туугандарым мен ооруп калгандан бери кол үзбөй дайыма колдоо көрсөтүп, операцияларымдын акчасын төлөп келе жатышат. Алардан деле улам-улам эле жардам сурай албайм да. Мага колдоо көрсөтүп, колунан келген жардамын берип келе жаткан туугандарга, классташ кыздарыма, дарыгерлерге ыраазымын.

Өзүм Кара-Балтада батирде турам. Менин абалымды көрүп, үйдүн ээси бекер жашатат. Жашаган үйүмдүн үстү түшөйүн деп араң турат. Күн да сууктап бара жатат. Кышында үстү түшүп калса кайда барам? Аны дагы жасатышым керек. Ооруп калганга чейин эч кимден эч нерсе сурабай, өзүмдү-өзүм каржылаганга кудуретим жетчү. Эми минтип оору менен алпурушуп отуруп калдым. Кайрымдуу элден жардам сурайм.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Элсом: 0707374278

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Asel69
2020-08-31 11:19:57
Жараткан Тенирим сизди колдосун. Бар болунуз. Тенирден бата тилеп жашай бериниз.
-7
Nurania
2020-09-04 22:24:11
Asel69,Ассалому аллейкум эжеке ,Тенир деген сиздерче айтканда Аллахбы же кандай?ушул суроого жооп берип койосбу
0
zamir_kgz
2020-11-29 19:23:02
Nurania,Кудайдын 99 аты бар да ар пенде Жалгыз КУДАЙга ар турдуучо кайрылат.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-08-31 11:47:27
Аллахым шыпаа берсин,эч ким балам деп боздобосун
+10
Nurbany
2020-09-03 08:30:33
Жакшы Болуп кетиниз
+1
al-abu-kinesz
2020-09-06 15:45:44
Каякта журот жанагы кен пейил, колунан жакшылык гана келген, элдин камын ойлоп ар бир кыргыз учун куйуп жанган, патриот, мекенчил, майыптарга жардам колун сунган депутат болмуштар? Билем, алардан эч майнап чыкпайт, карапайым эл эле жардам кылат мындай учурда. Аллах ыраазычылы учун жардам берели туугандар.
0
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан