Бурулбүбү Айдарова, окурман: “СУПЕР-ИНФОДОН” ҮЙ САЛАСЫҢБЫ ДЕШЕТ”

“Супер окурман” рубрикабыздын кезектеги коногу 60 жаштагы Бурулбүбү Айдарова болду. Ал 2006-жылдан бери “Супер-Инфону” үзбөй окуп келерин, гезитти чогултканды адатка айландырганын айтат. Бурулбүбү айым менен кыскача маектештик.

– Саламатсызбы, Бурулбүбү айым? Гезитибиздин туруктуу окурманы экенсиз. Качантан бери окуп келесиз?

– Саламатчылык! Мен Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жашайм. Учурда 60 жаштамын. «Супер-Инфону» 2006-жылдан бери окуп келем. Гезитти алып келгенде баарын бөлмөмдөн чыгарып салып анан окуйм. Кыз-келиндерим да көнүп калышкан, “апам гезитин окуп алсын, чыккыла” деп неберелеримди бөлмөдөн алып чыгып кетишет. Кээде гезит үчүн атайын шаарга барам. Кээде келиним, кызым алып келип беришет. Шартка байланыштуу чыккан күнү ала албай калсам, гезит сатуучу жайда көргөзмөдө туруп саргайып калган акыркы гезит болсо дагы “бергилечи, ушуну окубай калдым эле” деп сатып алам. Мурда жума күндү күтчүмүн, азыр бейшембиде чыгып калып жакшы болду. Бир күн болсо дагы эрте колго алабыз.

– Окуган гезиттерди чогултууга эмнеден улам кызыгып калдыңыз?

– Мурун окуп бүткөн гезиттерди чогулуп калганда тоодо мал баккан досторубуз сурап кетишчү. Кээде болбой эле үйгө келгендер алып кетип жүрүштү. Чогулуп көзгө көрүнүп калса эч кимге бергиң келбей калат экен. Ошондон эле чогултканга кызыгып кеттим. Гезиттин бир да санын калтырбай, чогултуп жатканыма 3 жыл болду. Эч кимге бербейм, эскирип, айрылып калбасын деп тийгизбейм. Окуп бүткөндөн кийин дароо катып коём. Улам баарын алып чыгып сан-сан кылып коюп турам. Чогултуп жатканымды көргөндөр “Супер-Инфодон” үй саласыңбы?” деп тамашалап калышат. Мен дагы “буюрса, салам” деп коём (күлүп).

– Гезитти алганда биринчи кайсы бетти окуйсуз?

– Башка гезит деле окубайм. Силердин гезит ар тармактуу, бардык маалыматты ушундан эле алам. Аларым менен бир сыйра барактап чыгам. Алгач сериалдарды, жылдыз төлгөнү окуйм. Андан соң пайдалуу кеңеш, жаңылыктарга өтөм. Сканворд толтурам, бир жылы сканворддон белек утуп алгам. “Периштенин көз жашы” сериалын абдан кызыгып окудум. Карантин маалында аябай күттүм. Үзгүлтүккө учурап калганда кеңсеңерге барайын дедим. Негизи эле сериалдарды чыдамсыздык менен жумадан жумага күтүп калам. “Сенден кийин” сериалы да жакшы бара жатат. Кийинки санды күттүрүп, дайыма кызыктуу жеринен бүтүп калат.

– Интернет булактарынан да маалымат аласызбы?

– Интернетке кызыкпайм, ал жактын маалыматтарына көңүлүм толбойт. Гезит мага ишенимдүүрөөк, маалыматтар так болот, анан да алып келип койсоң каалаган маалда окуп аласың. Гезиттен окуган ары кызыктуу, ары тоюмдуу болот.

– “Супер-Инфонун” жамаатына сиздин кандайдыр бир сунуштарыңыз барбы?

– Гезит рубрикаларга бай, арышы абдан кенен. Андыктан бул нерсе жетпейт деп айта албайм. Баары эле жазылат. Ар тараптуу маалыматты камтыйсыңар, ушунуңардан жазбагыла. Жалпы жамаатыңарга ийгилик каалайм. Жакшы пайдалуу кеңеш, сериалдарды чыгара бергиле. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Ушинтип көңүлүңөргө алып байланышып жатканыңарга рахмат. Силердин демиңер менен туруктуу окурманыңар болуп жүрө берейин.

– Биз менен бирге болгонуңуз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Ден соолукта болуңуз.

Урматтуу окурман, эгерде сиз "Супер-Инфо" гезитинин туруктуу окурманы болсоңуз жана гезитке байланыштуу кызыктуу окуяларыңыз болсо 0770 88 27 18 номерине байланышсаңыз болот.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aimani
2020-09-21 13:47:49
Бул да бир оору да. Плюшкин сыяктуу.
-1
PeRa
2020-09-22 10:25:44
Aimani,эч кандай ооруну көргөн жокмун. Ар кимдин хоббиси болот да.
+2
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан