33 ЖАШТАГЫ МАЙЫП ЖИГИТ: “ЭКИ БУТУМДУ ТЕҢ КЕСТИРҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛДУМ”

Биздин бул жолку каармандардын бири эки бутунан, экинчиси сол колунан ажыраган жуптар. Экөө тең бала кезден тагдырдын оор сыноосуна кабылышкан. Эки бакыр, бир тукур болуп жашап жаткан жубайлар ушул жылы табышып, баш кошушкан.

“МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ ДАРЫГЕРЛЕР ДЕН СООЛУГУМА ЗАЛАЛ КЕЛТИРИШКЕН”

– Мен, Рустам Иманалиев, 1987-жылы Бишкек шаарында туулгам. Кичи мекеним – Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылы. Атам да, энем да Жумгалдан болушат. Бирок экөө мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Атам менен байланышым жок. Карындашым экөөбүздү апам багып чоңойтту. Биринчи топтогу майыпмын. №4 төрөтканадан төрөлгөм. Төрөт учурунда врачтар бутумдан тарта коюп, сол бутумдун жамбаш сөөгүн чыгарып алышыптыр. Анысы аз келгенсип, тамандын сөөгүн сындырып алышкан экен. Ал убакта аны эч ким деле билген эмес, апама “балаң ушундай төрөлдү” деп карматып коюшуптур. Оң бутума болсо кийин 10 жашымда балдар менен сууга түшүп жатканда айнек кирип кетип ыйлаакча пайда болуп, ириңдеп кеткен. Өнөкөт курч остеомиелит деген диагноз коюшкан. Ал бутумду дарылайбыз деп апам экөөбүз 10 жыл жүрдүк. 1997-жылы ириңдеп башталган, 2007-жылга чейин мага жалпы наркоз менен 16 жолу операция жасалды. Мындан жыйынтык чыкпай, акыры гангрена болуп кетип, оң бутум кесилген. Андан кийин сол бутума доо кетти. Мен дарыгерлерге “бул бутум соо эмес” деп туруп алдым. Алар мага “сен тубаса ушундай төрөлгөнсүң” деп коюшту. Акыры Сабырбек Жумабеков менен сүйлөшүп, анын кеңеши менен рентген аппаратына тартылдым. Көрсө, жамбаш чыгып кетиптир. Сабырбек агай жамбаштын ичине темир салып, 2500 долларга эндопротез коюп берген. Ал протез үчүн акчаны апам айылдагы үйдү сатып, анан төлөдү. Ал эми таманыма да операция жасатып, темир шиш койдурсам организм кабыл албай, ириңдеп баштаганынан кыйналбайын деп кестирүүнү туура көрдүм. 10 жылдан бери операциядан тажап деле бүттүм. Врачтар дагы макул болушуп, экинчи бутумду биринчисине теңеп кесип салышты.

“БАЛДАК, МАЙЫПТАР АРАБАСЫ, ТАЯК...”

– Протездик-ортопедиялык борбордон эки бутума тең протез салдырдым. Азыр ушул борбордо дарыланып, протезди 2 жылда бир алмаштырып турам. Ушул жылы алмаштырмакмын, бирок пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болгондуктан, сырттан материалдар келбей жатат. Негизинен протез алмаштыруу операциясы Кыргызстанда эле жасалат. Протездик-ортопедиялык борбордон Кыргыз жарандарынан операция үчүн көп акча каражат алышпайт. Бирок протез алмаштырганда 20 күндөн 2 айга чейин ооруканада жатам. Бир протезди 20 күндө жасап бүтүшөт. Алар чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардам катары келет. Бирок менин сөөгүм ичке болуп, стандартка туура келбегендиктен, Орусиядан буюртма менен 1500 долларга алып салдыргам. Жалпы жонунан 10 жыл балдак менен басып жүрдүм, протез салынгыча бир нече убакыт майыптар арабасында отурдум. Учурда бир таяк менен басып жүрөм.

“АПАМДАН АЙРЫЛДЫМ”

– 2011-жылы апам инсульт алып каза болуп калды. Ошондон тарта айыл тарапка көп каттабай калдым. Миң-Кушта тайларым бар. Бирок бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт эмеспи. Мен өз арбайымды өзүм согоюн деп чечтим. Майып жарандар чогулуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өкмөттөн жер сурап жүрчүбүз. Ал жерге майыптар үчүн үй салуу, ишкана ачуу сыяктуу жакшы ой-тилектерибиз бар эле. 2010-жылдын апрель айында майып жарандар Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү Бакиевдерден калган, эл тарабынан талап-тонолгон үйгө көчүп келгенбиз. Бирок ал балдардын баары эле бул жерден келечегин көрө алышкан жок. Анткени майыптар үчүн шарт жок. Апрель айындагы революцияда эл бул үйдү тоноп, розеткасына чейин чечип кетишкен экен. Мен болсо барар жерим жок болгондуктан, аргасыз ушул жерде калдым.

Гаражда турабыз, өзүбүз жылуулап, ыңгайлаштырып алдык. Эгер мамлекет бул жерди майыптарга бөлүп берип калса, биздей жарандар үчүн 5 кабат үй салып, жер төлөсүнө тигүү же эмерек цехин ачып алсакпы деген оюбуз бар. Курулуш компаниялары менен сүйлөшүп койдук, жардам беребиз дегендери бар, эми мамлекеттен эле жооп күтүүдөбүз.

“ӨЗ ТЕҢИМДИ ТАПТЫМ”

– Ушул жылдын февраль айында бир колу жок майып кызга үйлөндүм. Үйлөнгөндөн кийин чогуу жашаган балдар көчүп кетишти. Азыр келинчегим экөөбүз каражат жагынан кичине кыйналып жатабыз. Кышында үйдү жылыткыч сайып жылытабыз, электр энергиясы үчүн эле 4000 сомдон ашык акча чыгып келет. Келинчегим экөөбүз тең иштебейбиз. Иштейли десек, бизге ыңгайлуу жумуш жок. Карапайым элден анча-мынча жардам келет. Андан сырткары келинчегим экөөбүз биригип 5000 сомдун тегерегинде жөлөк пул алабыз. Алдыдагы операция үчүн “Элсом” капчыгын ачтырып койгом, бирок азырынча жардам боло элек. Карантин маалында кайрымдуулук фонддордон гуманитардык жардам келип жатты.

“АПАМ МУГАЛИМ ЖАЛДАП ОКУТТУ”

– Мени кичинекей кезимде “майыпсың” деп мектепке албай коюшкан. Мындан улам апам мугалим жалдап үйдөн окутту. Кийин маалыматтык технологиялар боюнча курстарды аяктадым. Николай Лучкин деген киши майып балдарды полиграфиянын иштери боюнча окутуп, иш менен камсыз кылды. Ал кишинин колунда визитка, календарь, открытка өңдүү майда-чүйдө кагаздарды чыгарып иштеп жүрдүм. Кийин Николай Лучкиндин долбоору аяктап, үйдө отуруп калдым. Эгер техникалык жабдыктарым болсо, үйдө отуруп деле иштесем болот. Ноутбук, принтер сыяктуу жабдыктарды алууга 100 миң сомдун тегерегиндеги каражат керек. Фейсбук аркылуу эл акча чогултуп, машина алып беришкен. Аны менен такси кызматында иштеп жүрдүм. Абалы начарыраак унаа болгондуктан бузула берчү. Кийин акчадан кыйналганда сатууга аргасыз болдум.

Өкмөт майыптарды жетиштүү акча каражаты менен камсыз кыла албаса да, жумуш менен камсыз кылышса жакшы болот эле. Мисалы, технологияны билген акылдуу балдар көп. Алар “Коопсуз шаар” долбоорунун видеокамераларын көзөмөлдөө сыяктуу отуруп иштеген жумуштарда иш алып барышмак. Мисалы, мен унаага май куюучу станцияларда оператор болуп иштей алам деп ойлойм. Бирок майып деп жумушка алышпайт. Айрым таланттуу майыптар үйдө отуруп териден түрдүү сувенирлерди жасашат. Алардын колго жасаган эмгектерин чет өлкөлөргө экспорттосо болот. Бирок аларга көпүрө түзүп берчү эч ким жок.

“ИШКЕ ОРНОШУУ КЫЙЫН”

Рустам Иманалиевдин келинчеги Айзат Мамырайым кызы менен да баарлаштык.

– Мен 2001-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулгам. Жети жашымда ойноп жүрүп чалынып жыгылып кеткем. Эки күндөн кийин ооруканага барсак, кан карарып кетип, "жүрөккө таасирин бере баштаган" дешти. Врачтар залалын тийгизбесин деп сол колумду кесип салышкан. Орто мектепти аяктап, Оштогу педагогикалык колледжде 2-курста окуп жатканда турмушка чыгып кеттим. Жолдошум менен интернет аркылуу таанышып, баш коштук. Үй оокаттарына көнүп калдым. Кийимдерди кир жуучу машинага жууйм. Бирок бир колум менен камыр жууруганда, оокат кылганда кыйналам. Сулуулук салондорунда иштесем болот. Бирок азырынча үйдө отурам. Макияж кылууну билгеним менен, ишке орношуу кыйын болуп жатат.

Урматтуу окурмандар, Рустам Иманалиев менен Айзат Мамырайым кызына жардам берем дегендер болсо, төмөндөгү номерлерге каражат которсоңуздар болот:

Элсом капчыгы: 0774 402 317

РСК банкы, банктык эсеп: 1165695 RUSTAM IMANALIEV

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Baku0730
2020-09-28 23:14:47
Аллах сиздерге денсоолук берсин! Бактылуу болгула!
+7
Tymar
2020-10-01 14:51:20
Жараткан Теңирим ден соолук берсин
0
rola
2020-10-03 20:09:47
Аллахым озун шыпаа бер
+2
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан