БИШКЕКТИН САРКЫНДЫ СУУЛАРЫ КАЙДА БАРАТ?

Бишкектин жашоочулары колдонгондон кийинки саркынды суулардын кайда барарына, кантип кайра иштетилерине кызыктыңыз беле? Биз кызыгып көрдүк. Ар бир жумуштун кыйынчылыгы, көйгөйлөрү болот эмеспи. Жашоочулар жана баш калаанын коноктору “Бишкек суу канал” мекемесине даярдаган сюрприздер тууралуу да кеп кылабыз. Бул тууралуу мекеменин адиси Эрлан Тимуров айтып берди.

“СТАНЦИЯ КҮНҮ-ТҮНҮ ТЫНБАЙ ИШТЕП ТУРАТ”

– Күн сайын Бишкек шаары 250 миң куб метрге чейин саркынды суу чыгарат. Бирок шаар тургундарынын көпчүлүгү канализация системин аны менен катар таштандылардын кайда агып жаткандыгын билишпейт.

Ошол эле учурда канализация системинин бузулушу санитардык-эпидемиологиялык абалды кескин начарлатары турган кеп. Саркынды сууларды тазалоо көп чыгымдарды жана ресурстарды талап кылат. Бардык саркынды суулар шаардык канализацияны тазалоочу жайда, же башкача айтканда, борбордун түндүк-батышындагы Пригородное айылында жайгашкан аэрация станциясында тазаланат. Алгач 1976-жылы станцияда саркынды сууларды механикалык, ал эми 1981-жылдан тартып биологиялык тазалоо башталган. Саркынды суулар агып келген аймактын жалпы аянты 94 гектар, анын ичинен 48 гектары аэрация станциясы. Станция күнү-түнү эки нөөмөттө иштейт. Канализация кызматынын тутумунда 250гө жакын кызматкер бар. Жалпы “Бишкек суу каналдын” таза суу жана саркынды суулар боюнча кызматкерлеринин саны 1500дү түзөт.

ПРОЦЕСС КАНДАЙ ЖҮРӨТ?

– Саркынды сууларды тазалоо процесси 3 этаптан турат. 1-этап механикалык тазалоо. Бул 3 бөлүктөн, ал эми 2-этабы биологиялык тазалоо 2 бөлүктөн турат. Эң биринчи бөлүгүндө бүткүл шаардан чыккан суу келип 2 суу түтүгүнө кошулат. Алар аркылуу саркынды суулар менен кошо келген ар түрдүү таштандылар торчолорго чогулуп, суудан бөлүнүп алынат. Таштандылар алынган соң 2-бөлүгүнө агып келип атайын кум кармоочу жерде (песколовка) калган топурак, кум жана башка калдыктар тундурулат. Бул саркынды сууларды механикалык жол менен тазалоочу түзүм.

1-этаптын 3-бөлүгү тундургуч (отстойник). Мунун кызматы саркынды суудагы калкып калган майларды бөлүп алат. Майды бөлүп алгандан кийин лоток аркылуу кийинки этапка кетет. Майларды бөлүп алуу үчүн тегерек формадагы 8 тундургуч иштейт, алардын ар биринин диаметри 40 метрди түзөт.

– 2-этап биологиялык тазалоо деп аталат. Механикалык тазалоодон кийинки суулар бири-бирине туташкан каналдар аркылуу жыланча түрүндө айланып агып жүрүп отуруп, тирүү микроорганизмдердин жардамы менен калган калдыктар желип жок кылынат. Бул көзгө көрүнбөгөн тирүү жандыктардын (микроорганизмдердин) жашашы үчүн аба керектелет. Аларга жер алдындагы түтүктөр менен жетишерлик деңгээлде аба жеткирилип турат. Бул жерде аталган жандыктардын 10дон ашык түрү бар. Биздин лабораторияларда анализдерди жүргүзүп турушат.

Бул ыкма саркынды сууларды биологиялык тазалоодо колдонулат. Ыкма 1913-жылы Улуу Британияда ойлоп табылган.

– Биологиялык тазалоонун 2-бөлүгүндө да тегерек формадагы тундургучтар пайдаланылат. Кум, топурак жана башка калган майда калдыктар ылдыйга тунуп суу бир топ тазалангандан кийин 3-этап башталат. Анда сууга керектүү өлчөмдө суюк хлор кошулуп зыянсыздандырылат. Ошентип саркынды суулар толук тазаланып алынгандан кийин Чу дарыясына барып куюп, андан ары Казакстандын аймагына агып кетет. Мындан тышкары суунун тазалануу процесси дайым текшерүүдөн өтүп турат. Өзүбүз текшеребиз, буга кошумча Санитардык эпидемиологиялык станциядан, Казакстандан келип текшерип турушат.

“КОЙДУН ТЕРИСИ, ИЧЕГИСИ СЫЯКТУУ ТАШТАНДЫЛАР ЧЫГАТ”

– Бизде жекшемби күн же майрам күнү деген жок. Иш тынымсыз жүрөт. Суткасына 200 миң куб метрден 250 миң куб метрге чейин суу агып келип тазалануудан өтөт. Тазалоочу жабдыктардын күчү 380 миң метр куб. Оңдоп-түзөө иштери байма-бай болуп турат. Канализациянын суусун жеткирип берүү да өзүнчө оор иш. Бул үчүн ар кайсы участоктордо иштеген биздин кызматкерлер бар. Алардын салымы чоң, убагында сууну жеткирип бериши керек. Анткени ар кандай учурлар болуп калат. Саркынды суулар жер алдындагы түтүктөр менен лоток аркылуу агат. Мисалы, айрым бир учурларда таштандылар тыгылып калып, суу өйдөнү көздөй агып чыга албай калат. Себеби ар кандай жашоочулар бар. Кээде койдун терисин, ичеги-карынын унитазга салып ийишет. Таштанды сезонго жараша чыгат деп калабыз (күлүп). Мисалы, күзүндө баары үйдөн салат жабышат эмеспи. Бул мезгилде помидор, бадыраңдын калдыктары көп чыгат. Аябай жалкоо адамдар бар, дарбызды жеп, калдыктарын таштандыга ыргыткандын ордуна унитазга агызышат. Шаар тургундарына айта турган эң негизги нерсе – бирөөнүн эмгегин баалай билишсе. Таштандыларды, гигиеналык каражаттарды канализацияга агызбай, таштандыга ыргыткыла деп айтып, маданияттуулукка чакырып кетер элем.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jemile
2020-09-28 12:14:36
Албетте оор иш, кыйында, күндө ишке сасык таштанды көргөнү жөнөп, кечке аралашып жүрүшсө...бар болушсун!!!
Күндө өзүбүз жеп ыргыткан таштанды челекти кармагыбыз келбейт анан бул адамдарга рахмат дешибиз керек
+18
sara90
2020-09-28 13:31:13
jemile,оюңарга кошулам.... кнопка туура эмес басылып кетти
+7
aiba_00
2020-09-29 11:52:51
Унитазды агызган сайын ушнча суу кайда кетет деп ойлоно берчи элем, эми жооп алдым. Арбуз, ичеги карындарды унитазга салгандар Аман эле болгула, тышта кучукторго берип койбойбу мусордун тегенрегинде журот ко тотура.
+2
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан