Жалгыз бой эне: «БАЛДАРЫМ МЕНЕН НАНГА ЖЕТПЕЙ АЧКА ОТУРАБЫЗ»

Турмуш адам баласынын башына кандай гана сыноолорду салбайт. Кезектеги каарман бала кезинен турмуштун оор сыноосуна кабылып, чиедей эки баласын жалгыз чоңойтуп келе жаткан жалгыз бой эне. Учурда ден соолугуна байланыштуу балдарынын курсагын тойгузууга күчү жетпей жатканын айтат. Кээде батирдин акчасын төлөй албай талаада калабыз деген эне тагдырын төмөндөгүчө баяндады.

«ӨГӨЙ ЭНЕБИЗ БИЗДИ БАТЫРГАН ЖОК»

- Мен, Г.Муратова, 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылында төрөлгөм. Төрт бир туугандын улуусумун. Бир майып иним жана эки сиңдим бар. 1998-жылы апам оорудан улам каза болуп калды. Арадан беш жыл өткөн соң атам үйлөндү. Атам дудук эле. Өгөй энем бизди ар кайсы шылтоону, чын-калпты аралаштырып айтып, атабызга көп сабатты. Орто жолдо «балдарыңды балдар үйүнө өткөр, болбосо жашабайм» деп чыкты. Акыры өгөй энебиз бизди батырбай, үйдөн айдап чыгып тынды. Эки сиңдимди туугандарыбыз багып алды. Иним майып болгондуктан үйдө калган. Мен 8-классты бүтүрүп эле 2004-жылы Бишкекке келе бердим.

«КҮЙӨӨМ ТҮРМӨГӨ ТҮШҮП КАЛДЫ»
- Бишкекке келгенде ар кайсы жерде жашап жүрдүм. Нан жапканды үйрөнүп, наабайканада иштедим. Көп узабай ошол жерден балдарымдын атасы менен тааныштым. Биз 2010-жылдын ноябрь айында мыйзамдуу түрдө никеге турбай эле, молдого нике кыйдырып жашап алганбыз. Ошентип, жолдошум Токтогулга алып кетти, бирок кайын журтум «ата-энеси жок кыз экен» деп жакшы кабыл алышкан жок. Ал кезде атам тирүү болчу. Бирок эне жок болгондон кийин баары башкача болот экен. Түрткүнчүк болуп жатып, ай айланбай күйөөм экөөбүз Бишкекке келдик. Боюмда болгон учурда күйөөм түрмөгө түшүп калды.

«ЭКИНЧИ БАЛАМДЫ ТӨРӨДҮМ»
- Ичим билине элек кезде наабайканада жакшы эле иштеп жүрдүм. Курсагым чыгып калган учурда жумуштан чыгарып коюшту. Ошентип жүрүп баламды төрөдүм. Акчам жок. Батирдин акчасын төлөй албай кыйналдым. Балама дагы кошумча тамак берчүмүн, же ага акча таппайм. Төрөгөнүмө 10 күн болгондо, айла жок иштөөгө аргасыз болдум. Же ымыркайым менен эч ким жумушка албайт. Баягы наабайканага кайра барып иштедим. Балам ыйласа кожоюндар «балаң ыйлап жатат» деп жаман көрүшөт. Бир камырга чуркайм, бир балама чуркайм. Кыскасы, башымдан азаптуу күндөр өттү. Ал ортодо күйөөм түрмөдөн чыгып, бирге жашай баштадык. Кичине болсо да жардамдашып жатты. Кийин дагы боюмда болду. «Төрөй бер, багабыз» деди. Боюмдагы балага 6-7 ай болгондо күйөөм Москвага иштегени кетип, ошол бойдон байланышты үздү.

«ТЕЛЕФОНУМ ЖОК АТАМДЫН КАЗА БОЛГОНУН УКПАЙ КАЛДЫМ»
- 2015-жылы денеме сыздоок чыгып, катуу оорудум. Дарыгерге көрүнөйүн десем шартым жок. Акыры үйдөгү айрым оокаттарымды, телефонумду сатып, баламды кошуналарга таштап, ооруканага жаттым. Үйгө чыгып келгенден кийин бир ай дегенде кошуна балдардын телефонун сурап, СИМ-картамды салсам, көп билдирүүлөр келиптир, чалуулар келип түшкөн экен. Көрсө, атам каза болуптур. Кийин камынып барайын десем, атамдын эже-карындаштары «келбей эле койсун, туугандыктан кечтик. Атасы өлгөндө келбеген, эми келет беле?» деп коюшту. Мен билбей калдым. Болбосо кантип барбай коёюн? Азыр атамдын үйүндө биринчи аялынан бир кызы жашайт. Барган күндө деле ал бизди үйгө киргизбейт.

«АЯЛДАМАЛАРДА ТҮНӨДҮК»
- Экинчи баламды төрөгөндөн кийин деле ошол көрүнүш кайталанды. Мен күнү-түнү иштейм. Биринчи балам экинчисинин жалаягын алмаштырат, тамагын берет. Батирдин акчасын бирде төлөйм, бирде төлөй албай калам. Мындай учурда кожоюндар үйдөн айдап чыгышат.

Ошол мезгилде мен жардам суроо дегенди деле билчү эмес экенмин. Кайда кайрылышты билбей аялдамада эки балам менен түнөгөн күндөрүм болду. Ары өткөн, бери өткөндөр токтоп «бирөөнү күтүп жатасызбы?» деп сурап коюшат. Мен ошондо турмушумду айтып жардам сурай алчу эмесмин. Бир туугандарымдын абалын жогоруда айтып өтпөдүмбү. Кийин кайын журтума кайрылып көрдүм. Бирок жардам түгүл, ырыстуу сөз да уккан жокмун.

«ЭРКЕКТЕРДЕН КЕМ КАЛЫШПАЙ МАШИНА ЖУУДУМ»

- Жалал-Абадда да, Бишкекте да айласыздан машина жуучу жайда иштедим. Кайдан жумуш чыкса эле баш тартпай, колго тийгенин жасап жүрдүм. Жалал-Абадда иштеп жүргөндө кожоюн унаа жуучу жайдан бир бөлмө бөлүп берген. Түнкү саат 12ге чейин иштейм. Эртерээк кирип, балдарымдын кирин жууп, тамагын жасап берейин десем уруксат беришпейт. «Сен бул жерде жашап жаткандан кийин элдин аягында кетишиң керек» дешчү. Качан гана сууктан катуу ооруп, жумушка жарабай калганда батирден айдап чыгышты. Бишкекке келип кайра эле машина жуучу жайлардын биринде иштедим. Ал жактан деле кыйратып акча таппайм. Эң жакшы иштедим дегенде күнүнө 500 сом табам. Кээде эркек балдар менен жарышып, талашып, кезекке туруп иштейм. Ошентип жүрүп, акыры бөйрөгүмө суук тийди. Ден соолугумдан ажырадым. Ооруканага барып көрүнгөнгө шарт жок. Эки-үч күн ордумдан тура албай жатам да, ооруну жеңип кетем. Ооруган учурда туруп, балдарыма чай кайнатып берүүгө дарманым келбей калат. Андан сырткары буттарым ооруйт.

Кээде жегенге наныбыз дагы калбай калат. Менин эки баламдан башка эч кимим жок. Күйөөм дайынын билдирбей кеткен боюнча кабарын ала элек болчумун. Бирөөлөрдөн уксам, карантин маалында баңгизат менен кармалып, 12 жылга кесилип кетиптир. Ал чыккан күндө деле аны менен жашай турган оюм жок. Ооба, учурда аябай эле кыйналып жатам. Ооруп жатканыма бир ай болду. Иштей албай да калдым. Эми ижара акысын төлөбөсөм батирден да чыгып каларым айдан ачык. Эң негизгиси, ден соолугум жакшы болсо иштейт элем. Учурдагы оор турмушума кайдыгер карабаган кайрымдуу мекендештеримден ден соолугум оңолуп кеткенге чейин жардам сурайм. Жардамдын кандай гана түрү болбосун кабыл ала берет элем...

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом капчыгы:
0702 004 648

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
asefsa
2020-10-05 12:09:10
Атасыго болуптур, чечкинсиз экен ажаан аялынын созунон чыга албаптыр, атасынын тууган уругучу жанагы туугандыктан кечтик деп аткан эже карындаштары эмнеге ушул убака чейин сурап койбойт, таарынганды билгендер, Ошо синдисинин тагдырына жашоосуна кызыгып корду бекен
+5
asefsa
2020-10-05 12:23:10
Кудайым сага куч кубат Жана бекем Ден соолук берсин,Элден айланса болот дагы Эл берет жардамды
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-05 13:38:37
Колунда барлар жардамдашып койсо боло турган экен,жумуш менен камсыздап.Сооп болот.
+4
Isikkolumkeremet
2020-10-06 12:39:07
Корсом .билсем мен да берет элем жардамды.айылда жашаган учун билбестен калып калабызда.
+4
Paprikafm
2020-10-07 00:26:33
Балдарымдын озумдун кийилбеген кийимдеримди берет элем, жаны эле
+5
serche
2020-10-07 18:11:40
Paprikafm,номери турат аягында, чалып жардамдашып койунуз
+2
Elkin-Life
2020-10-10 12:23:33
Эл жардам берет деп дагы туу балдардын убалына калып
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан