КЫРГЫЗДЫН КООЗ ЖЕРЛЕРИН КЫДЫРГАН САЯКАТЧЫ

Акыркы жылдары өлкөбүздүн кооз жерлерин кыдырып саякаттаган жергиликтүү тургундардын саны өстү. Жума сайын жаңы жерлерди кыдырып, кыргыз жеринин кооздугун сүрөткө тартып социалдык тармакка жарыялагандар көп. Тоолорго чыкканды жакшы көргөн саякатчы Тынчтык Мукамбетов менен ушул жаатта сүйлөштүк.

“ЖАРАТЫЛЫШТЫ СҮРӨТ, ВИДЕОГО ТАРТКАН АБДАН ЖАГАТ”

– Мен Нарын шаарында төрөлүп-өскөм. 30 жаштамын, корей филологиясын бүтүргөм, котормочу болуп иштейм. Кореяга барып-келип турам.

Тоолорго чыгып, табият коюнунда болуудан ырахат алам. 2017-жылдан тартып туристтик фирмалар менен барып жүрчүмүн. Быйыл өз алдыбызча чыгып жатабыз. Акыркы учурда эл барбаган, мурда көрө элек жерлерге барып жатабыз. Мага жаратылышты сүрөт, видеого тарткан абдан жагат. Видеолорду монтаждагандан эч эринбейм. Чет өлкөлөрдөй эле Кыргызстандын жаратылышын жарыялоого эмнеге болбосун деп социалдык тармакта баракча ачкам. Өлкөбүзгө келип кеткен саякатчы, фотографтардын сүрөттөрүн билдирүүлөрү менен бөлүшүп турам. Саякат багытында иштөөдө өлкөдө даараткана чоң көйгөй жаратат.

САЯКАТТООНУН КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

– Тоого түнөгөнү барганда жаныбызга чатыр, уктоочу мүшөктөрдү алабыз. Эң татаалы – аба ырайы. Жамгыр жаап калса аябай жүдөтөт, жөө басабыз да, жол дагы тайгак болуп калат. Жакшы болсо от жагып, көңүлдүү отурабыз. Кээде шөмтүрөп суу болуп, эптеп чатырларды тигип уктаган учурлар болот. Тоого чыккан ары кызыктуу, ары түйшүктүү. Өтө талапчыл адамдар болот, барган жердеги конок үйдү жактырышпайт. Тоолордо Бишкектегидей шарт жок да. Санаа тартасың, гид катары алып чыгып жаткандан кийин башкалардын дагы жоопкерчилиги моюнуңда болот. Кээ биринин кан басымы көтөрүлүп, баса албай калат. Кайра алып түшкөнгө туура келет. Айрымдар кийимдерин туура эмес тандап алышат. Баарын көтөрүнүп алып канча бир чакырымды басабыз, бийикке көтөрүлөбүз, андыктан кийимдер ыңгайлуу болушу шарт.

Канчалык түйшүктүү болбосун тоого чыккандан тажабайм, тескерисинче, баргым эле келе берет. Адамга эч нерсе жетишпейт го, улам бир жерди максат кыла бересиң. Буга чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүйдүн аймагын кыдырып жатканыбыз менен, көрө элек жерлер көп. Буюрса, 2021-жылы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас аймагындагы тоолорду кыдырабыз деген планыбыз бар.

– Кочкор районунда ушундай жүрөкчө көл бар. Сүйүшкөндөр сүйүү баянын тартканга эң сонун жер.

– Көл-Төр көлү Ат-Башыдагы Эки-Бала жайлоосуна жакын жайгашкан.

– Чүйдөгү Көл-Төр Кегети капчыгайында жайгашкан. Кооз көлдөрдүн бири, киши абдан көп келет.

– Ат-Башы районундагы Көл-Тетири деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан,
узундугу 10-15 чакырым. Жанында Көл-Суу деген жайлоо бар.

– Караколдогу Ала-Көл, деңиз деңгээлинен 3560 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргызстанга келген туристтер бул көлдү сөзсүз көрүшөт. Буга жетүү эң татаал жүрүшүбүз болду. Жалпы 35 чакырымдай жол бастык. 4 күн жүрүп келдик. Жүгүбүз оор, жамгыр жаап, аябай жүдөдүк.

– Тоо коюнунда эс алганда достор чогулуп тамак, шишкебек жасап жешет го. Биздики андай эмес, ар ким өзүнө жеткидей эле тамак алат. Бир күндүк турларда 3-12 чакырымга чейин жол басабыз.

– Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан. Унаа менен 4 ашууну ашып барса болот: Калмак-Ашуу, Молдо-Ашуу, Тескей-Торпок жана Кара-Кече ашуусу.

– Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосу. Ал карагайлардын көптүгү менен өзгөчөлөнүп турат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан