РЕВОЛЮЦИЯДА ЖАРАКАТ АЛГАНДАР: “МЕКЕН ҮЧҮН ЖАСАЛГАН КУРМАНДЫК ТЕККЕ КЕТПЕСИН”

5-октябрда эл парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыкты. Жыйынтыгында эл менен бийликтин ортосунда чыккан тирештен улам 600дөн ашуун адам жарадар болду. Алардын арасында 19 жаштагы жигит каза болсо, колу-бутунан, көзүнөн, ден соолугунан ажыраган адамдар 100дөп саналат. Айрым жаракат алгандардын өмүрү кылдын учунда турат. Элим үчүн деп каршылык акциясына чыккан жигиттер өздөрүнүн үнүн элге жана бийликке жеткирип берүүбүздү суранышты.

“БИЗ ЖАҢЫ ЖҮЗДӨРДҮ КӨРГҮБҮЗ КЕЛЕТ”

Улуттук госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүндө жаткан жарандар денесинен алган жаракаттарын, кан болгон кийимдерин көрсөтүштү. Алар бул курмандык текке кетпесе деген пикирде:

– Менин аты-жөнүм Эрнис Табалдиев, митинг учурунда оор жаракат алып, Улуттук госпиталда дарыланып жатам. Бул жерде ошол митинг маалында жаракат алган балдар жатабыз. Бүгүн кечээкиге караганда акыбалыбыз бир аз жакшы.

Окуянын чоо-жайын айта турган болсом, 5-октябрда жумуштан кийин, саат 19:00 чамасында эл топтолгон жерге бардым. Анткени кезектеги парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолду. Биз баарыбыз бул нерсеге күбө болдук. Бирок биздин президентибиз “мыйзам бузуулар болгон жок” деп четке какты. Бул чечимге жүрөк чыдабай, эл менен кошо “Ала-Тоо” аянтына чогулдук. Биз өлкөдө акыйкаттык орун алсын, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген талап коюп, өкмөткө, бийликтегилерге убакыт бердик. Жакшы эле күттүк, бирок алар элди ойлобой, өз креслолорун ойлоп туруп алышты. Ажобуз “күч түзүмдөрү элге тийбейт” деп убада берген. Бирок баары тескери болду. Саат 20:30дарда чагымчылдар Ак үй тарапка жөнөгөндө ок чыгарышты. Көздөн жаш агызуучу газдарды коё берип, гранаталарды ыргыта башташты. Ошол маалда эл артка чегинүүгө аргасыз болду. Бирок биротоло кетип калган жокпуз. Саат түнкү 2 жарымда Чүй жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жүрсөк, менин башыма граната келип тийди. Мен ошол замат жерге отуруп калдым. Жанымдагы балдар ыктыярчыларга алып барып биринчи жардам көрсөтүштү. Андан соң “Тез жардамга” салып, Улуттук госпиталга жеткиришти. Бул жерден гранатанын чачырандыларын терип, башымдагы айрылып кеткен жерди тигишти. Айтайын деген нерсе – эл үчүн, жер үчүн деп чыкканбыз. Отуз жылдан бери өнүкпөй келебиз. Ууруларды жок кылалы деген максат менен көтөрүлдүк. Биз жасаган тобокелдиктер, жаныбызды карч урганыбыз текке кетпесин. Ушул жерде жаракат алган балдардын баары тең оор абалда жатабыз. Бийликтегилер бири-биринен кызмат талашпай, Кыргызстанга тынчтык орнотуп, тез аранын ичинде стабилдүүлүккө алып келишсе дейбиз.

“ТУУРА ЭМЕС ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛЫП, БАШЫМДЫ 2 ИРЕТ ТИГИШТИ”

Башынан оор жаракат алып, ал жерин эки ирет тиктирген К.К. аттуу жаран төмөнкүлөргө токтолду:

– Биз канча жылдан бери куру убадаларга ишенип жашап келебиз. 4-октябрда шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин үмүтүбүз үзүлдү. Мени эч ким митингге чык деп үндөгөн жок. Жашообуз жакшы болсун деп аянтка өзүм бардым. Ок атылган соң биз Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүн көздөй качтык. Артыбыздан атайын даярдыктагы аскерлер келип, “биз эл мененбиз” деп алдашты. Биз аларга ишенип, Ак үйдү көздөй басып баратканда алар гранаталарды жардырып, резина октор менен ата башташты. Биз артка качып, көп кол топтоп алып кайра аларды көздөй жабылдык. Алар Ак үйдүн ичине кире качышты. Ак үйдүн короосунун алдына келгенде мени каракуш тарапка атышты. Ошол мезгилде 4 метрге чейин ыргып кетиптирмин. Балдар мени арыктын ичинен алып чыгып, биринчи жардам көрсөтүштү. Андан соң Республикалык ооруканага алып кетип, башымдан октун чачырандыларын алып чыгып, Улуттук госпиталга жөнөтүштү.

Бизди күйдүргөнү – Бабанов, Сулайманов сыяктуу саясатчылар “биз эл менен болдук” деп айтып жатышат. Бабанов эл менен болгон жок. Ал эл Ак үйдү алгандан кийин келген экен. Мен ал жерден бир дагы партиянын лидерин көргөн жокмун. Мынчалык эки жүздүүлүктүн кереги жок болчу. Мына, бийликтегилер азыр жарадар болгондордун абалынан кабар алуунун ордуна кызмат талашып кырылып жатышат.

Бул жерден дарыгерлер башымды туура эмес тигип ташташыптыр. Ичинде чачтар калып калган экен. Экинчи ирет тиктирүүгө аргасыз болдум. Бул оорукананын томографияга тарта турган аппараты жок экен, бүгүн жеке ооруканага барып 3100 сом төлөп тартылдым. Врачтар “оорукананын кызматтарына 3200 сом төлөмөйүнчө чыкпайсыңар” деп жатышат. Эмне болгон күндө да “эски саясатчылар” бийликке келбесе экен деп үмүт кылабыз.

“АЗЫР ЧОҢДОРУБУЗ ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН ОЙЛОП ЖАТЫШАТ”

Аты-жөнүн айткысы келбеген жаран:

– Мен митингге жакшы заман орносо экен деп баргам. Кечинде бийлик тараптан ок атуу башталды. Көздөн жаш агызуучу газдарды ыргытып, элди качырышты. Биз Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине чогулуп, ошол жерде турдук. Түнкү саат үчтө эл Ак үйгө кирип бара жаткан маалда алар ок атышты. Ошол учурда кууш дарбазадан элдин баары бир маалда чыга албай, бири-бирин тебелеп салышты. Мен жерге жыгылдым. Кайра туруп бара жатканда, резина ок менен башка атышты. Алгач эч нерсени сезген жокмун. Бирок башымдан кан атып жатты. Ошол учурда ыктыярчылар биринчи жардамды көрсөтүшүп, Улуттук госпиталга алып келишти. Айтайын дегеним, азыр бийлик талашып жаткандар бизди ойлогон жок. Биз көкүрөгүбүздү окко тосуп, биринчи катарда жүрдүк. Алар азыр өз кызыкчылыгын ойлоп жатышат. Карасаңыз, башымдагы бинтти эртеден бери алмаштырта албай убарамын. Бизге жакшы көңүл бурулбай жатат.

Нейрохирургия бөлүмүнүн башкы медайымы комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми бейтаптардын жакшы каралбашынын себебин дарыгердин жетишсиздигинен деп түшүндүрдү.

“БИЗГЕ ДАРЫ-ДАРМЕКТЕН ЖАРДАМ КЕРЕК”

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков менен байланыштык. Ал жаракат алган бейтаптар тууралуу маалымат берди:

– Бизге эки күндө митингден жаракат алган 560тан ашуун адам кайрылды. Анын жарымы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Митингге чыгып, жаракат алгандардын арасында жаш балдар дагы жок эмес. Алардын арасында оор жана жеңил жаракат алгандар бар. Жеңил жаракат алгандарга убагында жардам берип, үйлөрүнө жөнөтүп жаттык. Негизинен оор жаракат алгандар дагы көп болду. Анын ичинен 10 бейтаптын абалы оор түшкөн. Бүгүнкү күндө алардын ичинен тогуз кишинин абалы турукташты. Бирок бир жарандын абалы өтө оор. Таш менен соккондо мээси жанчылып калган экен.

Бир түндүн ичинде жалпы жамаат менен 80ге жакын операция жасадык. Учурда дагы деле келишүүдө. Бардык чыгымдарды мамлекет көтөрүп жатат. Бизге элден жардам керек. Албетте, акчалай эмес. Биз эки күндүн ичинде бардык запастарыбызды пайдаланып бүтүрдүк. Учурда дары-дармекке муктажбыз.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан